Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Башкы штаб БТР катышкан жол кырсыгы тууралуу маалымат берди


Жол кырсыгы тартылган видеодон алынган кадр.
Жол кырсыгы тартылган видеодон алынган кадр.

Кыргызстандын Куралдуу Күчтөрүнүн Башкы штабы БТР катышкан жол кырсыгы тууралуу маалымат берди. Ага ылайык, 16-октябрда Бишкек шаарында өзгөчө абал режиминде блок-посттордо турган аскер техникалары Патрулдук милициянын кызматкерлеринин коштоосунда кетип бараткан.

Профсоюзный көчөсүндө «Лексус-470» автоунаасынын айдоочусу жол эржесин бузуп, аскер техникалары бараткан колоннаны ашып өтүүгө аракет кылган учурда БТР-70 М менен сүзүшкөн.

Кырсыктан жараат алгандар жок. БТР эч нерсе болгон эмес, ал эми автоунаа жабыркап айдоочусу Патрулдук милицияга өткөрүп берилген. Машиненин ээси комментарий бере элек.

БТР менен «Лексус-470» автоунаасы катышкан жол кырсыгы тартылган видеолор социалдык тармактарга тарап ал шакабага алынып жатат. Жакында эле аскер техникасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынын №5 өткөрмө жайында дубалды сүзүп кулаткан.

Бишкекте 12-октябрдан 19-октябрга чейин Бишкекте өзгөчө абал режими киргизилген. Парламент 16-октябрда өзгөчө абал киргизүү тууралуу токтомду жокко чыгарды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG