Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:41

"Реформа" партиясы жемкорлукка каршы күрөштө Жапаровго сунуш жолдоду


Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

"Реформа" партиясы бийликти эски күчтөрдөн тазалап, коррупцияга каршы күрөш жүргүзүү жаатында мамлекетке колдоо көрсөтүүгө даяр.

Партиянын төрайымы Клара Сооронкулова өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго жазган кайрылуусун 17-октябрда "Фейсбукка" жана жалпыга маалымат каражаттарына жарыялады.

Партия натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн мүлктүк люстрацияга багыт алып, декларациядагы маалыматтар менен мүлктөрдүн дал келүүсүн аныктаган көз карандысыз комиссия түзүүнү сунуш кылууда.

Партия Жапаровго Комиссия тууралуу жобонун долбоорун сунуш кылып, анын курамына жарандык коомдун өкүлдөрү да кошулууга тийиш экенин билдирди.

Негизинен жарандык коомдун өкүлдөрүнөн куралган "Реформа" партиясы 4-октябрда өткөн, жыйынтыгы жокко чыгарылган парламенттик шайлоого катышкан. Бирок жети пайыздык чектен өтө алган эмес. (SE)

XS
SM
MD
LG