Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:15

Зеленский менен Эрдоган кызматташуу боюнча жаңы макулдашуу түзүштү


Зеленский жана Эрдоган, 16-октябрь, 2020-жыл. Анкара.
Зеленский жана Эрдоган, 16-октябрь, 2020-жыл. Анкара.

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 16-октябрда Анкарада Украинанын президенти Владимир Зеленскийди кабыл алды.

Түрк басылмалары кабарлагандай, алар коопсуздук, соода, эки тараптуу мамиле, аймактык жана эл аралык көйгөйлөрдү, анын арасында Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тирешке себеп болгон Тоолуу Карабак маселесин талкуулашты.

Экономикалык кызматташуунун алкагында "Ан-178" үлгүсүндөгү учакты биргелешип чыгаруу жаатында да сүйлөштү.

Украинага аскердик керектөөлөр үчүн 26 миллион доллар жардам бөлүү боюнча макулдашты. Андан тышкары, өз ара соода жүргүзүүнүн көлөмүн 10 миллиард доллардан 20 миллиард долларга жеткирүүнү көздөшүүдө.

2019-жылы Украина Түркиядан учкучсуз алты аскердик "Bayraktar TB" жабдуусун жана аны жерден башкара турган үч жабдууну сатып алган.

XS
SM
MD
LG