Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:16

Жапаров: Саясий иштер боюнча күнөөсүз экенин далилдөө мүмкүнчүлүгү түзүлдү


Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров
Премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров

Кыргызстандын премьер-министри, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жалпы кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Анда ал башкы максаты “өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу, коррупция менен реалдуу күрөшүү” экенин белгилеген.

“Мындан ары коррупция менен күрөшүү – саясий оппоненттердин көзүн тазалоонун инструменти болуудан калат. Саясий куугунтук дегенди менден ашык жон тери менен сезген саясатчы жоктур! Азыр да, көпчүлүк саясатчылар саясий мотивдерменен соттолгон. Бирок бүгүн аларга өздөрүнүн күнөөсүз экендигин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Анткени сотторго жана прокурорлорго эч ким кысым көрсөтпөйт. Мунун баары адилеттүү, акыйкат, жаңы сот өндүрүшүнүн башталышы болуп калат. Дал ушул күндөр соттук өзүм билемдикке жана мыйзамсыздыкка чекит коёт”, деп айтылат Садыр Жапаровдун кайрылуусунда.

Ошол эле кезде ал "кандай гана саясий фигура болбосун, коррупцияга аралашса мыйзам чегинде жоопко тартыла" турганын белгилеп, кыргызстандыктарды жемкорлукка каршы күрөштө жардам берүүгө чакырган.

Жапаров кайрылуусунда "соттук реформалар мындан ары президенттик аппарат тарабынан эмес, коомчулуктун көзөмөлүндө жүргүзүлөт”, деп белгилеген.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Анын жыйынтыгына нааразы болгон саясий партиялар эртеси күнү Бишкекте митинг өткөрүп, башаламандык башталган.

Шайлоодон кийинки нааразылыктардан соң тарапташтары тарабынан абактан бошоп, кийин өкмөт башына шайланган Садыр Жапаров Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматтан кеткенине жана спикер Канатбек Исаев мамлекет башчынынын ыйгарым-укуктарынан баш тартканына байланыштуу 16-октябрдан тарта президенттин милдетин да аткарууга киришти.

XS
SM
MD
LG