Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-декабрь, 2020 жума, Бишкек убактысы 01:13

«Жапаров бийликти бекемдегиси келсе өзүнө ор казат»


Феликс Кулов.

Жогорку Кеңеш Баш мыйзамга өзгөртүү киргизиш үчүн парламенттик шайлоону артка жылдырууну талкуулап жатат. «Ар-Намыс» партиясынын лидери, саясий ишмер Феликс Кулов парламенттик шайлоону жайга чейин калтырып, конституциялык өзгөрүүгө барууда кандай коркунучтар бар экенине токтолду.

- Бүгүн Жогорку Кеңеште Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү, парламенттик кайра шайлоону июнь айына чейин токтото туруу жөнүндө долбоорлор иштелип чыгып, каралмай болду. Ага ылайык, «Президент жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамдын айрым нормаларын токтото туруп, ошол учурда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталып жатыптыр. Акыркы өзгөрүүлөр эмнеден кабар берет жана өлкөдөгү абалды жөнгө салуунун натыйжалуу жолу деп атасак болобу?

- Биринчиден, Конституцияга өзгөртүү киргизүү - ойлонулган эле кадам. Бирок Баш мыйзамдын мазмуну кандай болот деген суроону тактап алыш керек.

Албетте, көп нерсени айта берсе болот, бирок алар сунуш кылган долбоордун текстине көз жүгүртмөйүнчө жыйынтык чыгаруу кыйын. Эгер алар депутаттардын санын азайтуу, бир мандаттуу (мажоритардык система) парламент түзүү же башка деген сунуштарды берсе, келечекте көптөгөн суроолорду жаратышы мүмкүн. Ошондуктан бир мандаттуу парламент кылабыз деп жаңы вариантты кабыл алуу туура эмес. Баары сунушталган варианттын мазмунуна көз каранды.

Эгер прогрессивдүү идеялар камтылып, азыркыдай кош бийликти жокко чыгарып, парламенттин жоопкерчилигин аныктап, чектесе анда башка кеп. Бирок бир адамдын бийлигин бекемдеп, диктатураны орноткусу келсе таптакыр туура эмес болот.

- Шайлоону жылдырып, Баш мыйзамды өзгөртүүнү сунуш кылуу менен премьер-министр Садыр Жапаров жана анын командасы парламенттин бир бөлүгүнүн тилин таптыбы? Себеби, 21-октябрда Жогорку Кеңештин көпчүлүк депутаттары шайлоо мыйзамын тез арада өзгөртүп, кайра шайлоону жарыялоону колдоп жатышкан.

- Эгер Садыр Жапаров кандай гана болбосун өз бийлигин бекемдөөнү көздөп жатса, анын ишке ашырыш кыйын. Анткени, азыр башка заман. Буга чейин биздин эл мындайдан далай жолу күйгөн. Ошондуктан Жапаров тобокелге салбайт деген пикирдемин. Мен ага ишенбейм. Эгер ушундай кадамга барса, бул саясий жактан өзүн курмандыкка чалганга барабар.

Кыргызстанда үчүнчү мамлекеттик төңкөрүш болду. Эми 2005-жылдагы жана 2010-жылдагы окуяларды ыңкылап деп айтса болот, бирок 6-октябрдагы окуяларды азырынча ыңкылап катары баалай албайбыз. Кичинекей бир төңкөрүш деп атайт элем.

Ушул окуяларды эске алуу менен Садыр Жапаров кескин кадамдарга барат деп ойлобойм. Аны акыл-эстүү эле адам деп билем. Эгер бийликти азыркыдай жол менен бекемдөөнү кааласа, эмне менен бүтөрүн түшүнүшү керек.

Дегеле Кыргызстанда диктатураны бекемдөө аракетинен майнап чыкпайт деп ойлойм. Анткени учурдагы экономикалык абал бир адамдын диктатор болушуна жол бербейт. Диктатор болуш үчүн өлкөңдө экономика мыкты болуш керек. Азыркыдай жумушсуздук деңгээли күчөп, ишканалар биринин артынан бири банкрот болуп жабылып турган чакта өзүнө-өзү ор казган адам гана диктатура түзөм деп ниеттениши мүмкүн.

Ансыз деле эл көп нерсени күтүп турат. Мисалы, буга чейин Садыр Жапаров «Кумтөрдү мамлекеттештирем» деп убада берген соң аянтка чыккан адамдар «эми биз алтынга чөмүлөбүз» деп ойлоп, бири-бирин ишендиришкен. Бул нерсенин баары эле олуттуу эмес болчу.

Негизи эле карапайым адамдар көп нерсени абдан эле жөнөкөй түшүнүшөт. Ал эми мындай кырдаал эртең эле эл арасында «бизди алдап кетиптир» деген көз карашты жаратышы мүмкүн.

- Ошентсе да Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча демилге Садыр Жапаровдун командасынан чыгып жаткандай. Муну менен учурдагы премьер-министр эмнени көздөп жатат? Убакыттан утуубу же буга чейинки берип келген убадаларын ушул жол менен аткарууну пландап жатабы?

- Албетте, бул демилгелер Садыр Жапаров тараптан чыгып атат. Анын айланасындагы кеңешчилери сунуш кылып жатышат. Бирок мен жогоруда айткандай, Баш мыйзамда эмнени өзгөртүүнү каалап жатканы, кандай мазмундагы өзгөрүүлөр болот - ошолор менен адегенде таанышып чыгуу маанилүү. Алар эмнени көздөп жатат?

Дагы бир жолу кайталайм, эгер ушундай жол менен бийлигин бекемдөөнү көздөп жатса, ал ишке ашпайт. Садыр Жапаров андайга барбайт деп ишенем. Анткени ушундай Баш мыйзамды кабыл алган күндө да аны көпчүлүк тааныбай коюшу мүмкүн. Элдин кайра эле көтөрүлүп чыгышына негиз түзүлүп калат. Тескерисинче, бийликтеги жоопкерчиликти күчөтүп, кош бийликти жокко чыгарып, ырааттуу жолго салуу деген жакшы ниет менен демилге көтөрүп жатат десе ишенгим келет.

Сот системасын бекемдеп, анын өз алдынчалыгын камсыз кылуу, жергиликтүү бийлик органдарын реформалоо, децентрализациялоо сыяктуу ниеттер болсо анда колдошубуз керек.

Ошондуктан азыр Баш мыйзамды өзгөртүүнүн жок дегенде концепциясы менен таанышмайынча бир нерсе деп айтыш кыйын. Таанышкандан кийин тагыраак баа бере алабыз, менин да абдан көп сунуштарым бар.

- Бирок азыртадан эле айрым сунуштар боюнча саясий чөйрөдө сөз боло баштады. Мисалы, айрымдар Баш мыйзамды өзгөртүү менен премьер-министрдин институтун жоюп, аткаруу бийлигин президент өзү башкарат деп айтып жатышат...

- Эгер «америкалык моделдеги» мындай вариант сунушталса, анда көп нерсени өзгөртүш керек экенин унутпашыбыз керек. Мисалы, президент анда 5-6 жылга шайланбайт. Төрт жылга гана шайлоо зарыл. Экинчиден, бийлик узурпацияланбашы үчүн бир киши бир гана жолу шайлана алат. Эгер ушундай моделди тандап алсак, парламентти эки палаталуу кылып өзгөртүү зарыл. Болбосо премьер-министр баарын колуна алгандан кийин бир палаталуу парламент болсо диктатурага жол ачылат.

Буга кошумча сот бийлиги реалдуу түрдө көз каранды болбостон иш алып барышы керек. Прокурорлорду дайындоо ыкмасы өзгөрүшү керек. Алар бир адамга көз каранды болбогондой иштеши зарыл. Биздикилер ушундай өзгөртүүлөргө бара алабы? Менин күмөнүм чоң. Эки палаталуу парламент, көз каранды эмес сот, көз каранды эмес прокуратура жок туруп, мындай бийлик системасын түзүүгө таптакыр болбойт.

- Сиз акыркы өзгөртүүлөр Садыр Жапаровдун командасы сунуш кылып жатат дегенден күмөнүм жок деп айттыңыз. Эгер андай болсо учурда бийлик шайлоону артка жылдыруу менен саясий абалды өз ыңгайына колдонууну көздөгөн жокпу? Кийин бийликти узурпациялоого аракет кылган деген кинелерге негиз болуп калбайбы?

- Ошондуктан мен Жапаров андай жолго барбайт деп жатам. Анткени анын президент болуп шайлануу ыктымалдыгы деле учурда 50% гана тете деп баалайт элем.

Жазга чейин көп нерсе белгилүү болот. Саясий күчтөр бири-бирине кошулуп, күчтөнөт. Ал убакытка чейин экономиканы көтөрүш керек, ишинин жыйынтыгын көрсөтүш деген милдет турат. Аны аткара алабы? Ал өзүнүн адамдарын кызматка дайындашы мүмкүн. Бирок буга чейинки Акаевдин, Бакиевдин, Атамбаевдин мисалынын негизинде эл нааразы болсо дайындаган адамдар сактай албай турганын көрбөдүкпү. Ошондуктан бийликти узурпациялоо аракети болот жана андан майнап чыгат дегенге мен ишенбейм. Жапаров деле муну түшүнүп турат.

- Демек шайлоону жайга чейин жылдыруу аракети тескери жыйынтык берип калышы мүмкүнбү?

- Албетте, убакыт Жапаровдун өзүнө каршы иштеши мүмкүн. Ошондуктан ал мунун баарын түшүнүп жатат деп ойлойм жана жакшы ниет менен Баш мыйзамды өзгөртүүнү каалап жатат деп ишенгим келет. Антпесе, убакыт ага каршы иштейт. Азыр эле ишин сындагандар пайда болду жана убакыттын өтүшү менен алар көбөйөт.

Пикирлерди көрүңүз (33)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG