Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Райымбек Матраимов камакка алынган жок


Райымбек Матраимов, 20-октябрь, 2020-жыл.
Райымбек Матраимов, 20-октябрь, 2020-жыл.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов тергөө менен кызматташканы үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен камакка алынган жок. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алды. УКМКнын ыкчам кызматкерлеринин курчоосунда чыккан Райымбек Матраимов журналисттердин суроолоруна жооп берген жок. Матраимовдун адвокаты ал тергөө менен кызматташууга макул болгон үчүн эч жакка кетпөө жөнүндө тилкат менен камалбаганын билдирди.​

20-октябрда бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилген.

Атайын кызмат Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча айыпталып жаткан Райымбек Матраимовдун кылмыштуу аракеттеринин натыйжасында бюджет алдын ала маалымат боюнча эки миллиард сомго жакын зыян тартканын билдирди.

Матраимов аталган сумманы толугу менен 2020-жылдын ноябрь айынын аягына чейин төлөп берүүгө даяр экенин билдирип, алгачкы 80 миллион сом өлчөмүндөгү акча каражатын УКМКнын депозиттик эсебине которгону белгилүү болду.

Жарандык активисттер күмөндүү иштерде аты аталган адамдын кармалышында шек жарата турган жагдайлар бар экенин айтышууда.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Матраимовдун кармалышы боюнча кыскача маалымат берди:

«УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы жүргүзгөн издөө иштеринин алкагында Райымбек Матраимов кармалды. Тиешелүү тергөө иштерин жүргүзүү максатында Матраимов УКМКнын имаратына жеткирилди».

Матраимов Биринчи май райондук сотуна жеткирилди
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:20 0:00


Атайын кызмат Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын белгиледи. 16-октябрда УКМКга төрага болуп дайындалган Камчыбек Ташиев Райымбек Матраимовду камоого убада берген эле.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тишеси бар экени айтылган «Мекеним Кыргызстан» партиясы менен 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышкан Элнура Алканова Райымбек Матраимов УКМКга өзү келгенин билдирүүдө:

Элнура Алканова.
Элнура Алканова.

«Буга чейин Райымбек Матраимовду УКМК оозеки түрдө эле суракка чакырган. Эч кандай чакыруу берген эмес. Матраимов атайын кызматтын имаратына 20-октябрь күнү эртең менен өз ыктыяры менен барган. Бир нече сааттан кийин эле «Матраимов кармалып, УКМКга жеткирилди» деген маалымат тарай баштады. Бул чындыкка дал келбейт. Негизи мамлекеттик кызматта иштегендердин көпчүлүгү чет өлкөгө качып кетет. Райымбек Матраимовдо өлкөдөн чыгып кетүү мүмкүнчүлүгү болгон. Бирок ал мыйзамды сыйлай турганын көргөздү».

Атайын кызмат Райымбек Матраимовдун каяктан кармалганын ачык айткан жок. Бирок Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басарына кишен тагып жаткандагы сүрөттөр УКМКнын имаратынын бет маңдайында жайгашкан май куюучу жайдан тартылганын көрүүгө болот.

Ал арада социалдык тармактардын колдонуучулары колуна кишен салынган Райымбек Матраимовду УКМКнын имаратына киргизип бараткан адам Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы спикер Дастан Жумабековдун иниси, атайын кызматтын Коррупцияга каршы күрөш кызматынын бөлүм башчысы Салмоор Жумабековго окшош экенин жазып жатышат.

Салмоор Жумабеков - Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабековдун уулу.

«Азаттыктын» ишенимдүү булактары Жумабековдор менен Матраимовдор жакын достор, үй-бүлөлүк катышы бар адамдар экенин билдиришти. Мындан тышкары Интернет колдонуучулар Салмоор Жумабековдун Матраимовдордун ишеничтүү адамы деген Ош шаарынын спорт комитетинин башчысы Кылыч Саркарбаев менен түшкөн сүрөтүн жарыялап жатышат.

Жарандык активист Азият Жекшеев мындай дейт:

Азият Жекшеев.
Азият Жекшеев.

«Райымбек Матраимовдун кармалышы шоу сыяктуу сезилип жатат. Ага кишен такканынан, жетелеп баратканынан өйдө тартышыптыр. Аны Сабыр Жумабековдун баласы Салмоор Жумабековдун кармап жатканы да шек жаратууда. Социалдык тармактардын колдонуучулары Сабыр Жумабеков менен Райымбек Матраимовдун мамилеси жакшы экенин айтышууда. Биз билгендей Матраимов буга чейин деле суракка чакыртылган да. Бул жолу элди алдоо аракети болуп жаткан жокпу?».

Салмоор Жумабековдун атасы, белгилүү дарыгер Сабыр Жумабеков буга чейин Матраимовдорду 10-15 жылдан бери тааный турганын, Райымбек Матраимов акчасы жок адамдардын операциясына каражат бөлгөн кайрымдуу киши экенин айткан.

Ал эми анын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Дастанбек Жумабеков спикерлик милдетти аткарып турган учурда Алмазбек Атамбаевдин парламентти сындаган сөзүнө жооп берип жатып, кебинин арасында Матраимовдорду «элге кызмат кылган үй-бүлө» деп мүнөздөгөн:

«Сиз «Төрага баш болуп бүжүңдөп Матраимовдун тоюна барат» дейсиз. Алмазбек Шаршенович, ал той быйыл эле өткөн жок. Ал тойго быйыл эле төрага же депутаттардын тобу барып калган жок. Сиз архивди карап коюңуз, сиздин убагыңызда жаныңыздагы эң жакын адамыңыз, кеңешчиңиз ошол тойдо жүргөн. Сиздин убакта премьер-министр, сизге жакын депутаттар ошол тойдо жүргөн. Мен ойлойм, алар да элди сыйлап, элге кызмат кылган үй-бүлөнү сыйлап, ошол тойдон жакшы сөздөрүн айтты. Бүгүн биз барып койсок, «чимкирик депутаттар, бөжөңдөп төрага жүрөт» дейт. Кара-Суу элинин, Матраимовдордун артынан сиз партияңыз үчүн 40-50, 100 миңдеген добуш албадыңызбы, өзүңүздүн президенттик шайлоого добуш албадыңызбы? Эмнеге ошону айтпайсыз, Алмазбек Шаршенович?».

Ал арада социалдык тармактарга Райымбек Матраимовго таандык экени айтылган эки паспорттун сүрөтү жарыяланды. 15-октябрда даярдалган документте Райымбек Матраимов аты-жөнүн өзгөртүп, Ысмайылов Райым деп катталганын көрүүгө болот.

Мамлекетти каттоо кызматы бул окуя боюнча түшүндүрмө берди. Алардын маалыматы боюнча, Райымбек Матраимов атын алмаштыруу максатында Ош шаарындагы калкты тейлөө борборуна кайрылган, бирок аталган жаранга документ берүүгө тыюу салуу боюнча чечим бар болгондуктан, ага документ берүүдөн баш тартышкан.

Саясат талдоочу Руслан Акматбек бир нече жылдан бери күмөндүү иштерге катышы бар деп айтылып жүргөн Райымбек Матраимовдун кармалышына мындай баа берүүдө:

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

«Райымбек Матраимовдун камалышын талап кылган адам катары анын кармалышы мени деле сүйүнттү. Бирок анын толук түрдө жазаланышына ишене албай турам. Качан гана журналисттер айтып келген фактылар УКМК тарабынан ачык көрсөтүлүп, аны буга чейин колдоп, жардам көрсөтүп келген кызмат адамдары кармалып, Матраимовдун соту онлайн өткөндө гана ишенем. Азырынча Матраимовдун камалышын эл көзүнө жасалган популисттик кадамдардын бири катары баалайм. Аны камап коюу менен эле иш бүтпөйт, Матраимовдун бажыдагы схемасын жоюш керек».

«Райымбектин бажы империясы»

Ал арада иликтөөчү журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темиров Райымбек Матраимовдун бажы тармагындагы таасирин талдап, ага дос-туугандык катышы бар деген 30дан ашык адамды санап берген.

Ал жерде Матраимовдун бажыдагы байланыштары Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун убагында болуп көрбөгөндөй тамырлаганы айтылат. Журналисттер Райымбек Матраимов 2017-жылы кызматтан кеткени менен ага-ини, таяке-жээн, куда-сөөктөрү аркылуу бажыны мурдагыдай эле көзөмөлдөп келе жатканын коомчулукка жеткиргиси келген.

Иликтөөнүн авторлорунун бири Али Токтакунов Райымбек Матраимовдун бажы системасындагы байланышы эл ойлогондон да терең экенин билдирди:

«Биз өзүбүздүн иликтөөдө Райымбек Матраимовдун бажыдагы эң жакын деген туугандарын гана көргөздүк. Мындан тышкары бир кездери Матраимовдун командасында жүргөн, анын айткандарынан такыр чыкпаган бажынын эң жогорку кызматтарында отурган адамдар бар. Ошол эле Ош бажысын жетектеп кеткен Алтынбек Торутаев, анын биринчи орун басары Султан Мамасадыков, мындан тышкары Нурлан Ражабалиев, Абдывахап Боромбаев, Замир Карашев жана башка бажыдагы салмактуу адамдар да Райымбек Матраимовдун айтканын эки кылбайт. Алар керек болсо шайлоо маалында Кара-Суудан Матраимовдорго добуш чогултуп жүргөн адамдар».

Эки журналисттин «Райымбектин бажы империясы» деп аталган материалында Кытайдан келген товарларды бажыдан өткөргөн «ЮниЛаб» жана «Авто Экспресс Инвест» компаниялары да Матраимовдордун үй-бүлөсүнө тиешеси бар экени айтылат.

Аталган терминалдар мамлекет менен жеке сектордун өнөктөштүгүнүн негизинде иш алып барып, товар ташыган ишкерлер үчүн автоунаа токтотуучу жай, кампа, тараза сыяктуу инфратүзүм куруп берген. Ал жерде Мамлекеттик бажы кызматынын испекторлору да эмгектенет. Журналисттер бул эки компаниянын мисалы менен Матраимовдордун командасы бажыдагы кээ бир түзүмдөрдү да ээлеп алганына басым жасашкан.

Матраимовдор же анын өкүлдөрү 20-октябрда жарык көргөн иликтөө боюнча үн ката элек. Бирок буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты, бир тууган Матраимовдордун эң улуусу Искендер Матраимов бажыга жумушка орношкон туугандары боюнча мындай деген эле:

«Менин туугандарым, куда-сөөгүм же жердештерим бажыда иштебесин деген мыйзам каякта бар? Экинчиден, бажы кызматынын өзүнүн эрежелери бар. Ага ылайык бажыга түз жумушка кире албайсың, конкурстук негизде гана ишке орношсоң болот».

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG