Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:25

Райымбек Матраимов кармалды


Райымбек Матраимов кармалган учур.
Райымбек Матраимов кармалган учур.

20-октябрда бажы органдарындагы коррупцияга байланыштуу сотко чейинки териштирүүнүн алкагында Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жеткирилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Райымбек Матраимов кармалган учур.
Райымбек Матраимов кармалган учур.

Атайын кызмат Матраимов жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, мамлекетке өзгөчө чоң өлчөмдө зыян келтирген бул схема азыркыга чейин иштеп турганын белгиледи. УКМК билдиргендей, азыркы тапта тийиштүү тергөө иштери жүрүп жатат.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Райымбек Матраимов кармалган учур.
Райымбек Матраимов кармалган учур.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңгени БШКнын баштапкы маалыматында жарыяланган төрт партиянын ичинен экинчи орунга чыккан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы Матраимовдордун колдоосу менен шайлоого барганы белгилүү.

УКМК бажыны кемиргендердин кыркын тапты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун аты аталган коррупциялык иштерди иликтей баштады.

Атайын кызмат бажыдагы коррупцияга аралашкан 40 адамдын тек-жайы жана жүргөн жери аныкталганын, бул тизме дагы узарышы мүмкүн экенин билдирүүдө.

Бул Садыр Жапаров баштаган жаңы бийликтин коррупция менен күрөшүүгө болгон аракети катары мүнөздөлүп жатат. Ошол эле кезде ар бир жаңы бийлик коррупцияга каршы күрөштү жүйө кылып, саясий упай топтоого аракет кыларын айткандар да бар.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов мындай деди:

«2016-жылдан баштап Мамлекеттик бажы кызматынын системасында төраганын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, башка кызмат адамдары жана ошондой эле сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн көзөмөлдөгү катышуучулар тарабынан, бажылык башкарууда көмүскө киреше табуу максатындагы коррупциялык схема жолго коюлган. Анын натыйжасында мамлекеттик бюджет ири өлчөмдө зыян тарткан. Мыйзамсыз схемага аралашкан 40 адамдын жүргөн жери так аныкталган. Ошол эле учурда алардын коррупциялык схемага канчалык деңгээлде катышы бар экенин тактоо боюнча жигердүү иш-аракеттер жүрүп жатат».

Атайын кызмат айтылып жаткан 40 кишинин канчасы кармалганын же кармалбаганын, анын ичинде Райымбек Матраимовдун жеке өзү туурасында үн каткан жок.

Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаров 14-октябрда «Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов өлкөдөн чыгып кеткен» деген маалымат бар экенин айткан.

Ал эми Мамлекеттик чек ара кызматы адамдын чек арадан өткөнү боюнча маалыматты тиешелүү органдарга гана бере турганын билдирип, комментарий берүүдөн баш тартты.

Матраимовдун иши иликтене турганын 16-октябрда УКМКга төрага болуп дайындалган күнү Камчыбек Ташиев да жарыялаган:

Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

«Аны менен эч кандай бизнес, саясий же партиялык байланышым болгон эмес жана болбойт дагы. Матраимов акыркы беш-алты жылда коомдо өтө чоң резонанс жараткан адам катары таанымал. Аны урматтуу журналисттер, көптөгөн коррупциялык иштерге байлап жүрөсүздөр, биз аны иликтейбиз. Эртең буйрук берем, Матраимовду таап, эгер кылган кылмышы болсо толук бойдон жоопко тартабыз. Эч кандай Матраимовдор, эч кандай Райымдар биздин коомду башкарбайт. Мындан ары коомубузда акыйкат болот».

Матраимовдор же алардын өкүлдөрү УКМКнын билдирүүсү боюнча жооп бере элек. Алар менен байланышуу мүмкүн болбой жатат. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов алардын үй-бүлөсүнүн дарегине коюлуп жаткан айыптарды четке кагып келген.

Сөз эркиндиги: коррупция менен кол тийбестиктин чеги
please wait

No media source currently available

0:00 1:11:44 0:00

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, коомдук ишмер Азимбек Бекназаров атайын кызматка жаңы дайындалган Камчыбек Ташиевдин Матраимовдорго байланыштуу аракеттери тууралуу буларды айтты:

Азимбек Бекназаров.
Азимбек Бекназаров.

«Камчы иним, сен «Райымбек Матраимов дегенди камайм» деп айттың. Эгерде сен калыс түрдө камайм десең, анда Алмазбек Атамбаев менен Кубанычбек Кулматовду кошо кама. Бул эл аралык масштабдагы коррупциялык схема. Матраимов болсо анын бир солдаты. Анын атамандары Орусияда жана анын базарларында жатат. Жети жыл бою аны коргоп келген Атамбаев отурат. Кулматов эки жолу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчиси болду. Райымбек Матраимов анын төрт орун басарынын бирөөсү болчу. Эмнеге бажынын төрагасы, өлкөнүн президенти жооп бербейт?».

6-октябрда Өзбекстандын тиешелүү кызматтары чек арадан мыйзамсыз өткөн Кыргызстандын үч жаранын кармаган. Алардын бири Ош облусундагы Кара-Суу районун сегиз жыл башкарган Тилек Матраимов эле. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимовдун жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси болот. Эки өлкөнүн чек арасынан өтүүгө аракет кылган Тилек Матраимов 9-октябрда Ош шаардык сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Бирок 13-октябрда облустук соттун чечими менен үй камагына чыгып кеткен.

Конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова бажыдагы былык иштерди жок кылыш үчүн Райымбек Матраимовду камоо аздык кыларын билдирди:

Клара Сооронкулова.
Клара Сооронкулова.

«УКМК айтып жаткан 40 кишиден турган коррупциялык схема көп жылдан бери иштеп келет. Райымбек ал схемада жалгыз эмес, болгону негизги ролдордун бирин ойнойт. Анын камалышына мен ишене албай турам. Ал кишинин акчасы көп. Кыргызстандан оңой эле чыгып кетип чет өлкөдөн эле бул жактагы иштерин көзөмөлдөй берет. Керек болсо шайлоого кийлигише алат. Эгер азыркы бийликте Матраимовдун таасирин биротоло жоготуу максаты болсо, анда системалык түрдө күрөшүп, бажыдагы системаны түп-тамыры менен өзгөртүү зарыл».

Коомдук ишмер Өмүрбек Абдрахманов коррупцияга каршы күрөш, күмөндүү иштерде аты аталган Райымбек Матраимов жана жаңы келген бийликтин дымагы боюнча буларды айтты:

«Райымбек Матраимов жөнүндө кандай гана сөз болгон жок! Башкасын айтпай эле кой, жанагы атасынын атынан түзгөн фондго чет мамлекеттен миллиондогон акча келет экен. Андай каражат жөндөн-жөн эле бериле бербейт. Бирок ошол маалдагы бийлик көрмөксөнгө салып туруп алды. Ал эми жаңы келген бийлик аябай катуу билдирүүлөрдү жасап, «коррупцияны, бандиттерди жок кылабыз, бажыны тазалайбыз» деди. Бул убадалары жакшы. Бирок пландарынын ишке ашар-ашпасын убакыт көрсөтөт. Буга чейин тактыда отурган Акаев, Бакиев , Атамбаев жана Жээнбеков да ушундай эле ураандарды чакырган. Бирок жемкорлукту жоймок турсун өзүлөрү аралашып кетти. Бул бийликтин коррупция менен болгон күрөшүнүн дарамети ылдам эле билинет».

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Эски бийлик жоюп, жаңысы жан киргизген кызмат

Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетер алдында 14-октябрдагы жарлыгы менен коррупцияга каршы күрөштө негизги функция аткара турганы айтылып келген, УКМКга караштуу Коррупцияга каршы күрөш кызматын жоюп салган.

Бул маалымат адаттагыдай президенттин расмий сайтына жайгаштырылган эмес. Тиешелүү жарлык Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүү боюнча арызын жазып берген күндүн эртеси, 16-октябрда өкмөттүк «Эркин-Тоо» гезитине жарыяланган.

Садыр Жапаров менен Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында.
Садыр Жапаров менен Сооронбай Жээнбеков «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында.

Мыйзам боюнча, президенттин жарлыгы расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кире баштайт. Бирок президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров буга чейин Коррупцияга каршы күрөш кызматын жетектеп келген Сагынбек Исмаиловду ээлеген кызматынан бошоткону маалым болду. УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов макамы түшүнүксүз болуп жаткан кызмат боюнча мындай деди:

«Президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Садыр Жапаровдун жарлыгы менен Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси болуп Бекбосун Апсатаров дайындалды. Бул кызмат бүгүнкү күндө штаттык режимде иш алып барып, коррупцияга каршы багытталган бардык иш-аракеттерди жүргүзүп жатат. Ал эми анын жоюлгандыгы тууралуу өкмөттүн аппараты кенен түшүндүрмө берсе керек».

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөш кызматы 2011-жылы ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен түзүлгөн. Юристтер, жарандык коом өкүлдөрү бул кызматтын дарегине сын айтып, аны бийликтин саясий атаандаштар менен күрөшүүдөгү колдоно турган куралы катары сыпаттап келишкен.

УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары Артур Медетбеков Сооронбай Жээнбековдун бийликтеги соңку чечимине мындайча түшүндүрмө берди:

Артур Медетбеков.
Артур Медетбеков.

«Сооронбай Жээнбеков Коррупцияга каршы күрөш кызматын УКМКдан убагында бөлүп, бажыдагы, мамлекеттик мекемелердеги коррупция менен күрөшкөндө 5-6-октябрдагы окуялар болбойт эле. Бул бир. Экинчиден, ал кызматты жоюп салышы абдан кечиккен жарлык болуп калды. Негизи бара-бара Коррупцияга каршы күрөш кызматын УКМКнын карамагынан алып чыгып, Жогорку Кеңештин курамына өткөрүп берүү зарыл. Себеби атайын кызматтын негизги милдети мамлекеттин коопсуздугун камсыз кылуу, чалгын иштерин жүргүзүү болуп саналат».

Мындан тышкары Сооронбай Жээнбеков президент катары соңку кадамдары менен Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкуловду кызматтан алып, президенттик аппараттын ошол кездеги башчысы Досалы Эсеналиевди Мамлекеттик кадр кызматына жетекчи кылып дайындап кеткен.

Жээнбековдун жарлыгы менен ички иштер министринин эки орун басары Алмазбек Орозалиев менен Мирлан Каниметовго, Ош облустук ичти иштер башкармалыгынын башчысы Малик Нурдиновго жана 16-октябрда кызматтан алынган УКМКнын төрагасынын орун басары Талант Салиевге генерал наамы ыйгарылган.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG