Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:36

УКМК Матраимовдун аты аталган коррупциялык иштерди иликтей баштады


Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Коррупцияга каршы кызматынын материалдарынын негизинде Бажы органдарындагы жемкорлук фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

Бул тууралуу 17-октябрда УКМКнын басма сөз катчысы Рахат Сулайманов “Азаттык” радиосу билдирди.

“2016-жылдан баштап Мамлекеттик бажы кызматынын системасында төраганын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, башка кызматтык адамдар жана ошондой эле сырткы экономикалык ишмердүүлүк жүргүзгөн көзөмөлдөгү катышуучулар тарабынан, бажылык башкарууда көмүскө киреше табуу максатындагы коррупциялык схема жолго коюлган. Анын натыйжасында Мамлекеттик бюджетке ири көлөмдөгү чыгым келтирилген”,- деди Сулайманов.

Учурда Бажы кызматынын 2016-жылдан берки ишмердигин текшерип, мамлекетке келтирилген чыгымды эсептөө жана схемага тиешеси бар адамдарды аныктап, жоопкерчиликке тартуу багытында ыкчам-тергөө иш чаралары жүргүзүлүүдө.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңгени БШКнын баштапкы маалыматында жарыяланган төрт партиянын ичинен экинчи орунга чыккан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы Матраимовдордун колдоосу менен шайлоого барганы белгилүү. (SE)

XS
SM
MD
LG