Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Б.Асанов: Азыркы бийлик Матраимов менен Көлбаевдин өнөктөшү


Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

Саясатчы Бектур Асанов жаңы бийликти "Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов менен кримтөбөл атыккан Камчы Көлбаевдин өнөктөштөрү" деп атады.

Мындай пикирин ал 17-октябрда Бишкекте шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү боюнча талкууда айтты.

«Райым азыр деле бийликте. Муну эске алышыбыз керек. Мен бул бийликке «Силер менен кызматташпайм, себеби, силер Райым менен Көлбаевдин өнөктөшүсүңөр» дедим. Райым качып кеткен болсо анын схемасын ишке ашырып жаткан 10-15 кишини камабаса, Көлбаевге, уюшкан кылмыштуу топторго каршы мыйзамды алып келишпесе анда бул бийлик да ошолордун бийлиги болуп калат. Бул бийликтин коркунучтуу жери - мурдагы бийлик кылмыштуу топтор менен өнөктөш болсо, азыркылар «уюшкан кылмыштуу топторду жанчып туруп бийлик да, ОПГ да өзүбүз болобуз» деп жатат». Азыркы бийликтин жарымы өздөрү ОПГ да», - деди Б.Асанов.

Премьер-министр, өлкө президентинин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров уюшкан кылмыштуу топтор менен катуу күрөшөрүн убада кылып жатат. 16-октябрда ал кыргызстандыктарга кайрылып: «Кылмыш дүйнөсү өзүнүкүн диктовка кылганды токтотот деп кепилдик берем. Буга чейин айрым аймактарда бизнес ошол жерде иштеши үчүн криминалдын уруксаты керек болчу. Бул мезгил артта калды!» - деген.

С.Жапаров Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун ишмердиги иликтенерин да айтты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) төрага болуп жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев да 16-октябрда: «Бандиттер, силерге өтө кыска мөөнөт берилет! Силер же мыйзам боюнча жашагыла, же өзүңөр мыйзам негизинде камерага баргыла, же биздин коомдон, мамлекеттен кетип калгыла» деп эскертти. Ал эми Райымбек Матраимов Кыргызстандын аймагында болсо кармалып, мыйзамсыз иштери аныкталса, жоопко тартыларын К.Ташиев билдирди. (BTo)

XS
SM
MD
LG