Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:24

Ташиев: Райымбек Матраимовду таап, кылмышы болсо жоопко тартабыз (видео)


Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.
Камчыбек Ташиев. Архивдик сүрөт.

Мамлекеттик бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иши иликтенет. Эгер ал Кыргызстандын аймагында болсо кармалып, мыйзам чегинде жоопко тартылат. Бул тууралуу 16-октябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) жетекчи болуп жаңы дайындалган Камчыбек Ташиев алгачкы басма сөз жыйынында «Азаттык» радиосунун суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ташиев жеке өзү аны соңку бир жылдан бери көрбөгөнүн, акыркы жолу бир тууган агасы каза болгондо ал телефондон чалып көңүл айтканын билдирди:

«Аны менен эч кандай бизнес, саясий же партиялык байланышым болгон эмес жана болбойт дагы. Матраимов акыркы 5-6 жылда коомдо өтө чоң резонанс жараткан адам катары, аны, урматтуу журналисттер, көптөгөн коррупциялык иштерге байлап жүрөсүздөр, биз аны иликтейбиз. Эртең буйрук берем, Матраимовду таап, эгер кылган кылмышы болсо толук бойдон жоопко тартабыз. Эч кандай Матраимовдор, эч кандай Райымдар биздин коомду башкарбайт. Мындан ары коомубузду акыйкаттык болот. Эч кандай коррупционерлер коомубузда мындан ары жашабайт, биз аларды жашатпайбыз, мыйзам чегинде коомубуздан кууп жок кылабыз. Азырынча ал кишиге эч кандай кылмыш иши да жок экен. Бирок биз ал кишини кармап, журналисттер айткан иштерди текшерип, тиешеси болсо мыйзам чегинде жоопко тартабыз».

Премьер-министр Садыр Жапаров 14-октябрда «Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимов Кыргызстандан чыгып кеткен» деген маалымат бар экенин айткан.

2019-жылы Ташиев «Азаттык» радиосундагы маегинде: «Матраимов өтө деле чоң кызматта иштебеген, эң көп болсо бажы кызматынын төрагасынын орун басары болгон . Ал министр да, депутат да болгон эмес. Кичинекей эле бир жигит. Ал жакшынакай, карапайым, ийкемдүү жигит. Аны жөн эле мамлекеттик деңгээлге алып чыгып, каралай берген болбойт», - деп айткан.

«Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө» долбоору (OCCRP), анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу жүргүзгөн «Бажыдагы миллиондор: карактоо жана калкалоо», «Көмүскө акча ташыгандар кербени» деген иликтөөлөр жарыяланган. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо жеңгени БШКнын баштапкы маалыматында жарыяланган төрт партиянын ичинен экинчи орунга чыккан «Мекеним Кыргызстан» саясий партиясы Матраимовдордун колдоосу менен шайлоого барганы белгилүү. (RK)

XS
SM
MD
LG