Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:41

Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов үй камагына чыкты


Тилек Матраимов.
Тилек Матраимов.

Кара-Суу районунун мурдагы акими Тилек Матраимов үй камагына чыкты. Бул тууралуу маалыматты Ош облустук сотунун басма сөз катчысы Назгүл Исманова «Азаттыкка» ырастады.

«Ош облустук сотунун жазык иштери жана жоруктар боюнча соттук коллегиясынын аныктамасы менен шектүү Матраимов Тилек Исмаиловичтин бөгөт чарасы катары үй камагы бир айлык мөөнөткө, тагыраак айтканда 2020-жылдын 9-ноябрына чейин тандалган. Ош шаардык сотунун 9-октябрдагы Матраимов боюнча токтому жокко чыгарылып, жаңы аныктама кабыл алынган. Апелляциялык тартиптеги жеке даттануу канааттандырылган. Шектүү токтоосуз камактан бошотулган. Аныктама даттанууга жатпайт», - деди Исманова.

Маалыматка караганда, Ош облустук соту Тилек Матраимовду үй камагына бошотуу боюнча чечимди 13-октябрда чыгарган.

9-октябрда Ош шаардык сотунун чечими менен Тилек Матраимов бир айга камакка алынган болчу.

Шаардык сот Тилек Матраимовду 9-ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ош облустук башкармалыгынын тергөө абагына камоо боюнча чечим чыгарган.

Тилек Матраимов жана анын туугандары, жансакчысы 6-октябрда Өзбекстандын чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен кармалганы мурда кабарланган.

9-октябрда Өзбекстандын Чек ара кызматы эки өлкөнүн чек арасынан өтүүгө аракет кылган Тилек Матраимовду, Зиябиддинбек Кочкорбаевди, Махсуд Ахмедовду Кыргызстандын күч түзүмдөрүнө өткөрүп бергени маалым болгон.

Тилек Матраимов сегиз жылдан бери Кара-Суу районун башкарып келген. Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгү өткөн аптада Матраимов кызматтан кеткенин билдирген.

Ал өзү парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. Тилек Матраимов - Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун бир тууганы. (DU/NT)

XS
SM
MD
LG