Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:53

Бийлик талаш жана Матраимовдордун карааны


Тилек Матраимов. 7-октябрь, 2020-жыл.
Тилек Матраимов. 7-октябрь, 2020-жыл.

Кара-Суу районунун акими Тилек Матраимов Өзбекстандын аймагында кармалды. Мындай маалыматты Кыргызстанда күч органдарын координациялап жаткан Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Өмүрбек Суваналиев бышыктады.

Анын айтымында, учурда Матраимов Өзбекстанда жана жакын арада Кыргызстанга өткөрүлөт. Аны менен кошо бир нече жакын тууганы болгону кабарланууда. Маалыматтарга ылайык алар кыргыз-өзбек чек арасын мыйзамсыз өткөндө колго түшкөн.

Тилек Матраимов сегиз жылдан бери өлкөдөгү ири райондордун бири болгон Кара-Суунун акимдигин аркалап келген. Ал парламенттик шайлоонун алдында ден соолугуна байланыштуу убактылуу эс алууга кеткенин жарыялаган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов жана Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун иниси.

Ушу тапта Райымбек Матраимов өзү каякта экени айтыла элек. Бирок ага жана анын жакындарына байланышкан жагдай бир эсе саясатчылардын билдирүүлөрүнө себеп болуп, бир чети айрым окуялардын башкача өңүттө өнүгүшүнө жем таштады.

Матраимовдор менен сүйлөшкөнүн тастыктаган саясатчылардын бири Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов болду. Басма сөз өкүлдөрү менен жолугуп жатып, ал журналисттердин «Матраимовдор менен жолуктуңузбу? Тилек Матраимовдун камалышына кандай карайсыз?» деген суроосуна:

Мелис Мырзакматов.
Мелис Мырзакматов.

«Ооба, мен Искендер Матраимов менен жолуктум, аны менен азыркы түзүлгөн кырдаалды чыр-чатаксыз, тынчтык жолу менен чечүүнү сүйлөштүк. Алардан мыйзамсыздыкка барбоону сурандык. Бардык иш-аракеттер мыйзам талаасында болушу керек», - деди.

Журналисттердин «Райымбек Матраимов менен сүйлөштүңүзбү?», - деген суроосуна:

«Мен ал киши менен сүйлөшпөйм, жети жылдан бери көрө элекмин», - деген жооп узатты.

Шайлоодо алдыга чыгып, 24% добуш алган «Мекеним Кыргызстан» партиясын Матраимовдор алып чыкканы айтылып жүргөн. Добуш берүүдөгү олуттуу мыйзам бузууга байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Мурдагы бажы аткаминерине болгон мамиле азыр саясий аренага чыккан фигуралардын да позициясына таасир этип жатканы байкалат.

6-октябрда «Достук» мейманканасында чогулган Жогорку Кеңештин бир нече депутаты өкмөт башчылыкка Садыр Жапаровдун талапкерлиги көрсөтүлгөнүн жарыялаган. Ага чейин бир катар активисттер, ошондой эле «Реформа» партиясынын лидери Клара Сооронкулова ал жыйынга «Мекеним Кыргызстан» жана «Биримдик» партияларынан Жогорку Кеңештин VII чакырылышына талапкер болгон депутаттар экенин айтып, «Жапаровдун артында Жээнбеков - Матраимов кланы турат» деп билдиришкен.

Ушундан улам өзүн "мыйзамдуу өкмөт башчы" деп эсептеген Садыр Жапаров айрым маалымат каражаттары аны «Матраимовдор жана Жээнбековдор менен байланышта» деп жазып жатышканын айтып, эч кимиси менен сүйлөшпөгөнүн билдирди.

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

«"Раим-Миллион" камалат. Мен азыр толук ишке кирише элекмин. Киришкенден кийин камалат», - деди Жапаров 8-октябрдын кечинде Өкмөт Үйүнүн алдында тарапташтарынын алдына чыкканда.

"Азаттыктын" журналисттик иликтөөлөрү Кыргызстандын Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы аткаминери Райымбек Матраимов түзгөн коррупциялык схеманы ашкерелеген.

«Абу-Сахийдеги» нааразылык

Ал арада Оштогу 100дөн ашуун жүк ташуучу айдоочулар 8-октябрь күнү Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылындагы «Абу-Сахий» аттуу кытайлык ишкананын жүк ташуучу терминалында чогулушту.

Жүк ташуучулардын «Айдоочу» коомунун төрагасы Надир Токторов чогулганынын себебин «Абу-Сахий» ишканасына нааразылык менен байланыштырды. Анын айтымында, бул компания өзүнүн Кыргызстанда катталган автоунаалары аркылуу жергиликтүү айдоочулардын нанын тартып алган.

«Он жылдан бери булар биздин ишибизди тартып алып, жүк ташуу тармагын монополия кылып алышты, - деди ал. - Буга каршылык кылып, канча жолу кайрылганбыз. Бул компаниянын машинелери мамлекетке өткөрүлсүн. Кыргызстандын жүгүн ташуу менен миллиондогон акча уурдап келди. Акыркы жети-сегиз жылда буларды Матраимовдор башкарып келди. Сырттан жүк алып кирүү, транзит жүк ташуунун баарын ушулар жүргүзүп турган. Эми баары ачык болушун талап кылабыз. «Айдоочу» коому эми бул ишкананы дагы башка бирөө келип, башкарып алышын каалабайбыз. Ошондуктан ишкананын кароолчусу менен ар бир машинаны белгилеп атабыз. Бул автоунааларга эми биз кароолчулук кылабыз да, аларды мамлекетке өткөрүп беребиз».

Айдоочулар мындан ары жүк ташуу тармагына бир үй-бүлө же бир адам ээлик кылбай, аны мамлекет колуна алууга тийиш деп эсептешет. Кабарчыбыздын маалыматы боюнча учурда ишканада кароолчудан башка эч ким жок, жетекчилери, кызматкерлери кайда экени белгисиз.

«Абу-Сахий» ишканасы Кытайдан Өзбекстанга товар ташыйт. «Абу-Сахий» фирмасынын товарларын мамлекеттик чек арадан тоскоолдуксуз өтүшүнө Райымбек Матраимов кепилдик берип турганы, ишкананын ээси Хабибулла Абдукадыр аттуу кытайлык жаран экени, анын карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарылып турганы «Азаттыктын» иликтөө макалаларында көрсөтүлгөн. Иликтөөлөр ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар экенин ашкерелеген.

«Абу-Сахий» фирмасынын Кыргызстандын өкүлү «Тарим-Транс» ишканасынын жетекчиси Нурбек Керимбеков менен байланышууга мүмкүн боло элек.

XS
SM
MD
LG