Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:39

Жек-жаатка толгон «Мекеним Кыргызстан»


«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлери.
«Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлери.

Партиянын өзөгүн бир тууган Матраимовдорго жакын адамдар түзөт. Парламенттик шайлоого алгач катышып жатканы менен курамында «эски саясатчылар» аз эмес. Тизмеде криминалга байланыштуу аты чыккандар да бар.

Курама темир курч болобу?

Бишкек жана Ош шаардык кеңештеринде өкүлдөрү бар «Мекеним Кыргызстан» парламенттик шайлоого алгач ирет катышып жатат. Республикалык деңгээлде жаңы саясий уюм болгону менен тизмесинде эки талапкер Жанарбек Алымов менен Бактыбек Каналиевден башкасы дээрлик өзгө партиялардан көчүп келгендер.

Өзгөчө бийликчил же болбосо катаал оппозицияда болбогон КСДП, «Республика», «Өнүгүү-Прогресс» жана «Кыргызстан» партияларынын мурдагы мүчөлөрү басымдуулук кылат. Шаардык жана райондук администрацияда, күч органдарында жетекчи кызматта иштегендер аз эмес. Курулуш, транспорт тармагында эмгектенген ишкерлер да тизмесинде көп.

«Мекеним Кыргызстанды» депутат Мирлан Бакиров баштап баратат. «Азаттыктын» «Эксперттер талдайт» берүүсүндө ал партиясы тууралуу буларды айтты:

«Бул 2015-жылы түптөлгөн саясий партия. Бир топ шаардык кеңештерге катышкан. Шаардык кеңеште өкүлдөрү бар. Бүгүнкү курамга ар кандай тармактан кошулган команда топтолгон».

Бакиров лидер алмашуу мыйзам чегинде болгонун билдирген.

«Мекеним Кыргызстанды» бир тууган Айбек жана Нурбек Осмоновдор негиздеген. Айбек Осмонов быйыл жазга чейин аталган партиянын атынан билдирүү таратып келди. Бирок партиялар талапкер катары Боршайкомго катталар алдында «Ыйман Нуру» саясий партиясын жетектеп калды. Ошондо коомчулукта «Мекеним Кыргызстанды» бир тууган Осмоновдордон тартып алышканы тууралуу маалымат тараган.

Бирок кийинчерээк Осмонов басым-кысымга кабылганын айтып «Ыйман Нурунан» да кетти. Партиянын айрым мүчөлөрү жетекчилигине «бажыны башкарган» адам ыдык көрсөтүп атканын билдиришкен. 16-сентябрда КТРКдагы дебат учурунда «Ыйман Нурунан» талапкер болгон Шумкарбек Адилбек уулу андан да ачык айтты:

«Куугунтук болду. Райымбек Матраимов тарабынан куугунтук болду. Ошондон кийин Айбек мырза биздин партиядан чыгып кетти».

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов бул дооматтарга жооп бере элек, жооп алыш үчүн байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок.

Атамбаев, Бабанов, эми Матраимов

Бул партиянын БШКдан каттоодон өткөн тизмесинде Жогорку Кеңештин 6-чакырылышынын 16 депутаты парламентке кайра барсак деп турушат.

Буга чейин ийгиликке чогуу жеткен командалаштарын таштап, «мекенимчи» болуп чыга келгендердин арасында президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы Алиярбек Абжалиев, эки президентти тең «журт атасына» теңеген КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бар.

2019-жылдын 1-майында Кара-Сууда Матраимовдор өткөргөн маарекеге барган аткаминер-саясатчылардын көбү - «Мекеним Кыргызстандын» талапкерлери.
2019-жылдын 1-майында Кара-Сууда Матраимовдор өткөргөн маарекеге барган аткаминер-саясатчылардын көбү - «Мекеним Кыргызстандын» талапкерлери.

Марлен Маматалиев, Жыргалбек Турускулов, Таабалды Тиллаев, Бактыбек Сыдыков, Бактыбек Райымкулов, Тариел Жоробеков аттуу «республика-атажуртчулар» эми бул партияда. Андан тышкары социал-демократ болуп келген Гүлкан Молдобекова, Жылдыз Мусабекова, Илхам Маннанов да ушул партиянын тизмесинде.

2015-жылы жаштардын квотасы менен шайланып, аз убакыт болсо да депутаттык мандаттын ээси болгон Лунара Мамытова да «Мекеним Кыргызстанда». Беш жыл мурун «Бир Болдун» ондугуна кирген тележылдыз бул ирет 112-катарда болуп калган.

Искендер Матраимов жана Алмазбек Атамбаев.
Искендер Матраимов жана Алмазбек Атамбаев.

Дагы бир социал-демократ Искендер Матраимовдун бул партияга кошулушу кокустук болгон жок. Анткени артында Райымбек Матраимов турат деп айтылып келген «Мекеним Кыргызстандын» катарында бул үй-бүлөгө дос-туугандык же ишкердик байланышы бар адамдар аз эмес.

Партиялашка айланган жек-жаат

Буга чейин «Республика», «Өнүгүү-Прогресс» партияларынан шайланып келген Мирлан Бакиров кандайча «мекенимчилердин» тизмесин баштап калганы так белгисиз. «Эксперттер талдайт» берүүсүнө чогуу катышып жаткан саясатчы Адахан Мадумаров айрым партиялардын лидерлерин жөн гана «куурчак» деп атап, Бакировго сөз тийгизди эле, депутат ага жооп кайтарган жок.

Мирлан Бакиров Финполициянын Ички иликтөө жана коопсуздук башкармалыгын жетектеп кеткен Исламбек Матраимовдун жакын досу экенин алардын той-тамаша үстүндө чогуу түшкөн көптөгөн сүрөттөрү ырастап турат.

Исламбек Матраимов жана анын достору-аяштары. Сүрөт Интернеттен алынды.
Исламбек Матраимов жана анын достору-аяштары. Сүрөт Интернеттен алынды.

Достор чөйрөсүндөгүлөрдөн партиялашка айлангандардын дагы бири - Эрлан Базарбаев. Ал 2010-2017-жылдары Мамлекеттик бажы кызматында байкоочу кеңештин төрагасынын орун басары болгон.

Райымбек Матраимовдун жубайы Уулкан Тургунованын бизнес өнөктөшү Алишер Козуев, өкүл уулу, Кара-Суунун Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов да тизмеге илинген.

Балдарына Райымбек Матраимовду өкүл ата койгондор - экс-спикер Акматбек Келдибеков менен элчи, ырчы Ибрагим Жунусов да «мекенимчилердин» туусун көтөрүп баратышат. Интернетте Матраимовдорго чаң жугузбаган дагы бир ырчы Бек Борбиев «Мекеним Кыргызстандын» гимнин жазган. БШК жарыялаган тизмеде 113-орунда турат. Атактуу ырчы арткы сапта болуп калганына ичи чыкпадыбы, же башка себеби барбы, айтор өзү «Фейсбук» барагына «эки жылдан бери эле депутаттыкка барбайм деп келем» деп жазды. Ал ошондой эле Райымбек Матраимов менен көптөн бери дос экенин ырастады.

Мындан тышкары Искендер Матраимовдун тун уулу Мирландын досу Турусбек Матиев, Кара-Суунун акими Тилекбек Матраимовдун кан кудасы, бажычы Запарбек (Зафар) Айдаров да парламентке дал «Мекеним Кыргызстан» менен талпынууда. Анын аты өткөн президенттик шайлоонун алдында ызы-чууга аралашып, талапкер Өмүрбек Бабановдун тарапташы Айдаровдон токмок жегенин айтып арызданган.

Бажы кызматынын жетекчилери, ишкерлер жана башка адамдар турган сүрөт Алайдагы дачалардын биринде 2017-жылы 3-майда тартылган. Райымбек Матраимов туруп тургандардын арасында солдон жетинчи. Канатбек Маматов туруп тургандардын арасында оңдон экинчи. Запарбек (Зафар) Айдаров туруп тургандардын арасында оңдон төртүнчү. Отургандардан оңдон үчүнчү Таалайбек Рысалиев (Моби).
Бажы кызматынын жетекчилери, ишкерлер жана башка адамдар турган сүрөт Алайдагы дачалардын биринде 2017-жылы 3-майда тартылган. Райымбек Матраимов туруп тургандардын арасында солдон жетинчи. Канатбек Маматов туруп тургандардын арасында оңдон экинчи. Запарбек (Зафар) Айдаров туруп тургандардын арасында оңдон төртүнчү. Отургандардан оңдон үчүнчү Таалайбек Рысалиев (Моби).

Партияда бажыдан Айдаров эле бар десеңиз жаңылышасыз. Талапкерлер тизмесинин ар кай бурчундагы Алишер Эрбаев, Кубанычбек Абас уулу жана Майрамбек Садабаев буга чейин кыргыз бажысында жогорку кызматтарда иштеп кетишкен.

Убагында Оштун губернатору Сооронбай Жээнбековду кодулап, эл алдында сүйлөтпөй микрофонун жулуп алган спортчу Шайлообек Атазов да ушул партиянын талапкери. Ал Матраимовдордун «ЕРЕМ» спорттук клубун башкарып, социалдык тармактарда бул үй-бүлөнүн таламын катуу талашып келет. Эми партиянын активдүү мүчөсүнө айланып, «Биримдиктин» талапкери Азамат Арапбаевге карата пикири үчүн милицияда сурак берип чыкты.

Хабибула Абдукадырдын карааны

Хабибула Абдукадыр аттуу Кытайдан чыккан уйгур ишкери 2019-жылдан бери «Азаттык», OCCRP жана «Клооп» медиасы жүргүзгөн журналисттик иликтөөлөрүнүн баш каарманы болуп келатат. Убагында анын кол алдында иштеген Айеркен Саймаити Абдукадырдын үй-бүлөсүнүн жүк ташуучу компаниясы Кыргызстан аркылуу кантип мыйзамсыз байыганын, анын эсебинен түшкөн жүз миллиондогон долларды кантип чет өлкөгө чыгарып кеткенин айтып берип, жүздөгөн документтер менен ырастаган. Абдукадыр бул үчүн кыргыз бажысына, анын ичинде кызматтын мурдагы жетекчилеринин бири Райымбек Матраимовго жүз миңдеген доллар пара берип турган деп да Саймаити ачыкка чыгарган. Журналисттик иликтөө Абдукадыр-Матраимов үй-бүлөсүнүн бир канча бизнес байланышын таап чыккан.

Абдукадырдын Кыргызстан аркылуу жүк ташыган түйүнүнүн бири - «Тарим Транс» компаниясын Нурбек Керимбеков башкарат. Керимбеков «Мекеним Кыргызстандын» талапкери катары 67-тизмеге коюлган.

Раимбек Матраимов менен Хабибула Абдукадырдын үй-бүлөсү Дубайда беш кабат имарат куруп жатышат.
Раимбек Матраимов менен Хабибула Абдукадырдын үй-бүлөсү Дубайда беш кабат имарат куруп жатышат.

Андан тышкары партиянын талапкерлеринин арасында Кыргыз Футбол федерациясын жетектеген ишкер Канатбек Маматов да бар. Ал Искендер Матраимовдун аялы Минавар Жумаева менен бирге «АвтоСТОлица» компаниясына ээлик кылган. «АвтоСТОлица» 2017-жылдын декабрына чейин Хабибула Абдукадырдын «АКА Иммобилиен» компаниясына таандык болгон.

«Азаттыктын» ишенимдүү булактары Канатбек Маматовду Райымбек Матраимовдун жакын досторунун бири катары сыпатташат.

Журналист жана адвокаттар

Абдукадырдын ишмердиги жана Матраимовдор менен байланышы тууралуу «Азаттыктын» журналисттик иликтөөсү 2019-жылдын 29-майында алгач жарыяланган. Жарым айдан кийин 5-каналда Элнура Алканова ал иликтөөнүн аныктыгынан күмөн санаган репортажын жарыялаган. Быйыл Кыргызстанда коронавирус күчөп турган айларда ал Ысмайыл Матраимов атындагы фонд менен түздөн-түз иштешип жүрдү. Учурда Алканова «Мекеним Кыргызстан» партиясынын талапкерлер тизмесинде сегизинчи орунда.

Аз мурда журналист Болот Темиров Алканованын үй-бүлөсүнүн 2019-жылы сатып алган мүлктөрү тууралуу иликтөөсүн жарыялады.

Анда «Азаттыктын» 2019-жылдын 29-майындагы иликтөөсүнө каршы репортаж чыгарардан эки күн мурда, 13-июнда Алканова Бишкектен 223,5 чарчы метр коммерциялык максаттагы кыймылсыз мүлк сатып алган. Темиров анын баасы кеминде 160 миң доллар турат деп баалаган.

Ал эми андан жарым жыл өтпөй, 2019-жылы 25-ноябрда Алканованын күйөөсү 126 чарчы метр элиталык батир сатып алат. Андан төрт күн мурда «Азаттык», OCCRP жана «Клооп» биргелешкен иликтөө жарыялаган эле. Кызыгы, батир Матраимовдордун бизнес өнөктөшү, азыр «Мекеним Кыргызстандын» талапкери Алишер Козуевдин аялынан алынган. «Авангард стиль» компаниясына таандык үйдү Темиров аз дегенде 90 миң доллар турат деп баалаган.

Элнура Алканова.
Элнура Алканова.

Алканова Козуевдин аялын тааныбай турганын айтуу менен чектелди. Экинчи батирди сыйлыктын эсебинен алганын «Фейсбугуна» жазды:

«2019-жылы Катар эмиринин «Rule of Law and Anticorruption Centre UNODC» деп аталган абройлуу эл аралык сыйлыгынын лауреаты болдум. Ал сыйлыктын ири өлчөмдө байге фондусу бар эле. Ошонун эсебинен жана жолдошум тараптын жардамы менен биз үч бөлмө батир алдык».

Чынында Катар эмиринин сыйлыгынын ири байге фонду бар. Бирок буга шайкеш келбеген бир жагдай турат. Алканова батир алгандан жарым айдан кийин гана Руандага барып, эмирдин сыйлыгына 9-декабрда ээ болгону белгилүү. Башкача айтканда Алканованын үй-бүлөсү батирди сыйлык тапшырылганга чейин, андан жарым ай мурда алган.

Болот Темиров мурдагы кесиптешти кимдир-бирөөнүн кызыкчылыгына иштеп жатат деп айыптайт.

«Партиялар жана саясатчылар өз жоруктары жана ачылып калган кылмыштары үчүн жооп беришпейт. Жөн гана иликтөөчүлөрдү өз көзөмөлүндөгү телеканалдар, ошол эле Элнура Алканова аркылуу жаманатты кылат. Бул үчүн жада калса мамлекеттик органдарды колдонот», - деп жыйынтыктайт журналист Болот Темиров.

Элнура Алканова «Политклиника» порталындагы маегинде Темировду «буюртма аткарган», «бир тараптуу маалымат тараткан» деп айыптады. Ошондой эле батир алууга ата-энеси жардам бергенин, күйөөсү да бардар адамдардын уулу экенин белгилеген.

Канатбек Азиз.
Канатбек Азиз.

Матраимовдор өткөн жылдын аягында иликтөөчү журналисттерди сотко берип, миллиондоп доо койгон. Сотто үй-бүлөнүн кызыкчылыгын коргогон адвокаттар Канатбек Азиз менен Татьяна Карыжинская эми «Мекеним Кыргызстан» аркылуу депутат болууну эңсешет.

Криминалга аты аралашкандар

Таалайбек Рысалиев (Моби)

«Мекеним Кыргызстандын» катарында аты ызы-чууга, мушташка же криминалга аралашкан талапкерлер да бир нече. Алардын бири Таалайбек Рысалиев. 2011-жылдын декабрында Акматбек Келдибеков Жогорку Кеңештин спикерлигинен кетүүгө аргасыз болгон. Анын алдында парламенттик комиссия түзүлүп, Келдибековго кеминде 11 айып койгон. Арасында спикер кылмыш дүйнөсүнүн лидерлеринин бири Камчы Көлбаев менен жолугуп турган, уюшма кылмыш тобунун өкүлдөрүн парламентке кызматка алган деген айыптоолор болгон. Ошондо төраганын орун басары Асия Сасыкбаева бул бийлик бутагында уюшма кылмыш тобунун өкүлдөрү иштеп атканын баса айткан.

«Мисалы, биерде парламенттин аппаратындагы жогорку кызматтардын биринде токмоктук Таалайбек Рысалиев иштеп атканы белгилүү болду. Аны жакында эле Ички иштер министрлиги эсептен чыгарыптыр», - деген эле вице-спикер.

Келдибеков айыптоолордун баарын четке каккан. «Камчы Көлбаевди сиздер кандай гезиттен көрсөңүздөр, мен деле ошондой көргөм», - деген ал «Азаттыкка» маегинде.

Ал эми Таалайбек Рысалиевдин өтмүшүн жана каймана аты «Моби» экенин депутаттык комиссия ИИМдин министри баш болгон жетекчилигине таянып жарыялаган. Ошондогу министр Зарылбек Рысалиев эсепке наркобарондор менен кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү коюларын белгилеген.

«Биз Таалайбек Рысалиев тууралуу сөз кылдык. Эмнеге аны эсепке койгонбуз? Ал убагында Москвада соода кылган мигранттардан миң долларга чейин акча жыйнап турган. Чогулган акчаны Камчы менен Алманбетке берчү», - деп депутаттардын алдында айтканы АкиПрессте турат.

Ал эми ошол учурда Жогорку Кеңештин иш башкармалыгынын жетекчи орун басары болгон Таалайбек Рысалиев: «Мен уюшма кылмыш тобунун мүчөсү эмесмин. Эч качан болгон да эмесмин», - деп парламенттин жыйынында жооп берип, өзүн каралагандарды сотко берерин айткан. Бирок берген-бербегени белгисиз.

Ошентип ал 2011-жылдын аягында спикер Келдибеков менен кошо кызматынан кеткен. Андан кийин бизнес менен алектенип жүрүп, 2017-жылы 25-майда «Кыргызнефтегаздын» башкармалык башчысынын орун басарлыгына дайындалган.

Урматбек Самаев (Чемпион)

Жогорку Кеңештин акыркы чакырылышынын депутаты, «Чемпион» каймана аттуу Урматбек Самаев. Анын аты 2019-жылдын январында Токмокто аткезчилик менен алектенген эки топтун атышуусу деп катталган окуяда аталган. Жабыркагандардын бири аны «Чемпион» атыккан депутаттын Дастан деген тууганы атканын билдирип чыккан. «Кыргызстан» фракциясынын лидери Канатбек Исаев Самаев тууралуу айрым маалымат каражаттары туура эмес кабар таратууда деп эсептеп, «Самаев эч убакта уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү болбогонун айта алам» деп коргогон. Депутат өзү «Чемпион» каймана аты спортко байланыштуу коюлганын айтат.

Урматбек Самаев.
Урматбек Самаев.

Кантсе да 34 жаштагы Самаев парламенттин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш комитетинде төраганын орун басары болгону менен маанилүү маселелерди көтөргөн жигердүү депутаттардын катарында эмес.

Туганбек Чолпонбаев (Тоша)

«Мекенимчилердин» дагы бир талапкери, Каракол шаардык кеңешинин депутаты, «Тоша» каймана аты бар Туганбек Чолпонбаевдин аты-жөнү да ызы-чуу менен коштолуп келет. «Азаттыктын» ИИМдеги ишенимдүү булактары ал убагында уюшма кылмыштуу топко катышы бар деп милициянын ыкчам тизмесинде болгонун билдиришкен. Анын этикага жатпаган жүрүш-турушу, депутат кесиптештерине зомбулук көрсөтүп жибермей адаты тууралуу бир нече жылдан бери эле айтылып, жазылып келатат. Быйыл февралда караколдук депутат Азамат Айтбаев аны Туганбек Чолпонбаев сабап салганын айтып, милицияга арыз жазган. Чолпонбаев бул дооматты четке каккан.

Ушул уруштан эки күн өтпөй 27-февралда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чолпонбаев кызматташын сабагандан тышкары арам акчаны адалдаган, салык жашырган деп да шек саналып жатканын билдирген. Ошондой эле атайын кызмат Чолпонбаевге 2016-жылы депутаттык мандатты мыйзамсыз алган деген негизде кылмыш иши козголгонун тактаган. Кийин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу тергөө токтотулган.

«Аллах Акбар, беш шайлоо тилкесинде жардыруу болот»

Өткөн парламенттик шайлоо учурунда, 2015-жылдын 4-октябрында Бишкек милициясынын үч бөлүмүнө белгисиз киши удаа телефон чалган. Ал Бишкекте беш шайлоо тилкесине жарылма зат коюлганын билдирген. Соттук актылар тууралуу порталдагы маалыматка караганда, териштирүү учурунда шектүү телефон чалган учурда: «Дилмурат Шахдиев, Аллах Акбар, беш шайлоо тилкесинде жардыруу болот» деп кабарлаган. УКМК айтылган даректерден жарылма зат тапкан эмес.

Мирлан Маратов.
Мирлан Маратов.

Окуядан 15 күндөн кийин «телефон террорчулугуна» шектелип Чолпон-Ата шаарын 2010-2013-жылдары башкарган Мирлан Маратов кармалган. Ал мас абалында бул жорукка барганын мойнуна алган.

2016-жылдын 18-майында Жогорку сот Маратовду күнөөлүү деп таап, 50 миң сом айыппулга жыккан.

Капчыктуу партия сүймөнчүкпү?

«Мекеним Кыргызстан» парламентке талпынган партиялардын капчыктуусу катары да каралууда. БШКнын 14-сентябрга карата маалыматында партия куржунуна 94 миллион сомдон ашуун каражат салып, дээрлик баарын короткон. Азырынча «Биримдик» партиясы гана булардан көбүрөөк каражат топтогон.

Экөө тең бийликчил болуп саналганы менен өлкө аймактарында дал «Мекеним Кыргызстан» менен «Биримдиктин» тарапташтарынын ортосунда тирешүү жана чыңалуу бар экени коомчулукта кабарланып келет. Ал түгүл Кант шаарында мугалимдер менен жолугушуу учурунда үнү Иса Өмүркуловдукуна окшош адам: «Азыр «Биримдик» биз менен талашып-тартышып жатат» деп айтканы бар. Иса Өмүркулов өзү Кантта мектепте мугалимдер менен жолукканын «Азаттыкка» ырастады. Бул айрымдар тарабынан үгүт мыйзамдарын бузуу, бюджет кызматкерлерине карата административдик басым катары да сыпатталууда. Өмүркулов өзү эч кандай мыйзам бузбаганын жана административдик ресурс колдонбогонун билдирген.

«Мекеним Кыргызстан» тууралуу «аймактарда административдик ресурс колдонууда, акча таратууда, Мамлекеттик бажы кызматынын офицерлери Кара-Суу районунда ушул партия үчүн үгүт жүргүзүүдө» деген түрдүү маалыматтар жарыяланып жатат. Партия мүчөлөрү бул маалыматтарды четке кагып жүрүшөт. Журналисттер маалыматтарды тактоо аракетинде.

«Азаттык» радиосу парламенттик шайлоого катышып жаткан башка да партиялардын талапкерлер тизмесин талдоодо. Редакция макалада аты аталган адамдарга да микрофон сунууга даяр.

XS
SM
MD
LG