Кыргызстанда таза суу маселеси ондогон жылдардан бери чечилбеген көйгөй бойдон калууда. Ушу тапта өлкөдөгү төрт жүздөн ашык калктуу конушта бул курч маселе. Ал эми 700дөй айылда суу тартуу аракети жүрүүдө.
“Куугунтук курмандыктары” подкастында XIX кылымда жашап өткөн тарыхый инсан Алымкул Асан уулу (1831–1865) тууралуу белгилүү тарыхчы Кыяс Молдокасымов менен талкуулайбыз.
Өзбекстандык белгилүү тарыхчы Кахроман Ражабов “Куугунтук курмандыктары” подкастында XX кылымдын башындагы Борбор Азиядагы улуттук боштондук кыймылдар, репрессия, деколонизация тууралуу маек курду.
Өзбекстандык белгилүү тарыхчы Кахроман Ражабов “Куугунтук курмандыктары” подкастында XX кылымдын башындагы Борбор Азиядагы улуттук боштондук кыймылдар, репрессия темасы боюнча, ошондой эле деколонизация тууралуу маек курду.
ХХ кылымдын башында кыргыздардын мамлекеттүүлүк жөнүндө түшүнүктөрү кандай болгон? Ошол доордун каармандарынын бири, совет мезгилинде басмачы катары ысымы эскерилбей келген Төрөкул Жанузаков тууралуу эмне билебиз? Тарыхчы Элебай Турганбаев менен талкуулайбыз.
Орусиянын Мамлекеттик думасынын депутаттары Кыргызстанда жер аталыштарын кыргызчалоо демилгеси көтөрүлүп жатканын сындашты. 7-апрелде Бишкек шаардык кеңешинин чечими менен борбор калаадагы 18 көчөнүн аталышы алмашты.
Токойчулар Чүйдүн Кегети капчыгайында кызыл карагайларды курт каптап, кууратып жатканы үчүн четинен кыйууда. Бул токойдун калган бөлүгүн сактап калуунун аргасыз чарасы.
Кыргызстан быйыл эгемендигинин 35 жылдыгын белгилейт. "Куугунтук курмандыктары" подкастында тарых илимдеринин доктору Аалыбек Акунов менен коммунисттен демократка айланган муун, андан кийинки жылдардагы советтик менталитеттин таасири, эгемендик жылдардан кийинки тарых тууралуу кеп кылабыз.
Маркум эл жазуучусу Мурза Гапаровдун көөнөргүс чыгармачылыгына сереп салуу.
Дагы жүктөңүз