Алардын арасында бир тууган Жанузаковдор да бар. Исак жана Израил Жанузаковдор үч жолу жазаланган репрессия курмандыгы. Алардын бир тууганы 28 жашында атылып кеткен Төрөкул Жанузаков да тагдыры оор болгон. Аларды урпактары эскерет.
“Херсонго Жанузактын төрт уулу айдалган”
88 жаштагы Мухитжамал Исакова Украинанын азыркы Херсон аймагынан сүргүндөн мекенине кантип кайтып келишкенин элес-булас эстеп калган. Бирок ата-энеси сүргүнгө айдалган учурду апасынын эскерүүлөрү аркылуу гана билет. Атасы Исак Жанузаков (1906 - 1938) үч бир тууганы, үй-бүлөсү менен чогуу, апасы дагы алар менен сүргүнгө айдалган.
“Апамдын эскерүүлөрүнө караганда алар үйдө жайбаракат олтурган учурда эле капыл-тапыл бастырып кирип, вагондорго салышкан. “Үй кийимдерибиз менен буюм-тайымдарды алганга дагы уруксат беришкен эмес” деп айтып калчу. Ошентип алар саман төшөлгөн вагондор менен узак жол жүрүптүр. “Жеткенде баарыбызды бир үйгө камады, анан орусча билгендерди терип-терип алып кетишти” дечү. Ошондо менин атам Исак, анын бир тууганы Израилди котормочу кылып алышыптыр. Ошо менен аларды жайгаштырып, апам санитар, атам болсо бригадир болуп иштептир. Иниси Израил 16 жашта экен. Андан кичүүлөрү Жандарбек, Мөндүрбек байкемдер чоң энем чогуу барышкан да”.
Тарыхчы Зухра Алтымышова Украинага айдалган кыргыздар 1931-жылдын август айында барышкан деп тактаган. Алар адегенде Одесса облусундагы Харлов районуна караштуу Хлебодаровка, Морозовка, Карл Маркс, Старая Хохловка өңдүү кыштактарга жайгаштырылган. Кийин 1933-жылы кат тааныган кыргыздардын кайрылуусу менен алардын баарын чогуу менен Скадовск районундагы Чалбасы кыштагына (азыркы Херсон облусунун Скадовск районундагы Виноградов кыштагы) көчүрүп, отурукташтырат.
Журналист жана публицист Амирбек Азам уулу Чалбасыдагы кыргызстандыктар жашаган алты кварталда 1944-жылы каттоо боюнча 122 кожолук же үй-бүлө турганын, алардагы адамдардын 360тан ашууну кыргыздар болгонун тактаган.
“Херсон облусунда сүргүндө болгондордун көпчүлүгүнүн эскерүүлөрүнө караганда, аларды алгач Аскания-Нова деген жерге алып барышкан. Бул жер жалпы союздук маанидеги корук, курорттук аймак болгон. Аларды 1932-жылы Скадовск районундагы Чалбасы кыштагына көчүрүп, отурукташып калышат. Мунун алдында украин жергесиндеги ачарчылыкка (“Голодомор”) байланыштуу көтөрүлүш болуп, Чалбасыдагы жергиликтүүлөрдүн баарын жазага тартып, бир түндө көчүрүп жиберишкен экен. Ошолордун ээн калган үйлөрүнө кыргыздарды киргизип коюшат”, -деп белгилейт изилдөөчү.
Мухитжамал Исакова “биздин үйүбүз чоң кызыл там болчу” деп эстеп калган. Украинага айдалгандардын ичинен бир тууган Жанузаковдордун тагдыры оор болгон. Алар сүргүнгө айдалып бир жазаланса, экинчи ирет 1938-жылы репрессияга кабылышкан.
1938-жылы 3-апрелде "тройканын" чечими менен "антисоветтик ишмердиги" үчүн деген жалган жалаа менен атууга кеткен тогуз кишинин катарында Исак Жанузаков дагы атылып кетет. Ошондо ал 32 жашта болгон. Алардын айрымдарына "басмачыларга азык-түлүктөн жардамдашкан", "Төрөкул Жанузаков менен байланышта болгон" деген дагы кинелерди коюшкан. Аларды Херсон шаардык түрмөсүндө атып, сөөгүн жашыруун көмүшкөн.
Мухитжамал Исакова атасы репрессияланган жылы жарык дүйнөгө келиптир.
“Атамды атууга алып кеткенде мен апамдын боюнда калыпмын. Атамды атылып кеткенин кечээ кийин эле билдим. Абам “ атаң тирүү, Ооганстанда” дейт. Анан студент кезде Ооганстанга кат жазганым бар, атамдын дарегин сурап... Көрсө, мурда эле атып салышкан тура”.
Израил Жанузаковдун тагдыры: Сибиргүл апанын эскерүүсү
Исактын бир тууганы Израил Жанузаков (1911-жылы туулган) да 1938-жылы агасы менен чогуу камакка алынып, 10 жыл эмгек түзөтүү лагерине кесилген.
1948-жылы лагерден бошоп Кыргызстанга кайтып келип, үйлөнүп-жайланган. Бирок кайра эле 1951-жылы камакка алышып, Орусиянын Сибир аймагына сүргүнгө айдашкан. Жубайы артынан издеп барып, ошол жакта эки жыл чогуу жашайт. Ошол убакта төрөлгөн кызына Сибиргүл деген ысым беришкен.
“Атам Израил Украинада лагерде жазасын өтөп жатканда туугандары бүт мекенине кайтып келишкен экен. Ал дагы жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин кайтып келет. Туугандарына келип, үйлөнүп жайланат. Сары-Булактагы мектепте завхоз болуп ишке кирет. Бирок 1950-жылдары кайра эле суракка алышып, Сибирге айдап жиберишет. Дарегин билип алып апам эки баласын ээрчитип, кийим тиккен машинесин көтөрүп алып, артынан издеп жөнөптүр. Апам акчаны бир жыл чогулттум деп эскерчү. Кийим-кечелерди тигиптир. Териден чоң тондорду тикчү эле. Ошентип атамдын артынан барыптыр. Себеби атамды өмүр бою деп айдашкан экен. Кыргыз аялдарынын ичинен минтип күйөөсүнүн артынан издеп сүргүнгө кошо кеткендери жок. Апам кийин кантип барганын эскерип айтып берер эле. “Новосибирск шаарына жеткенде акчабыз түгөнүп калып, темир жол бекетинде туруп калдык” дейт. Бир аптадай ошол жерде жүрүп, кыргыз көрүнөбү деп издептир. Анан казак кишини жолуктуруп калып, жагдайын айтат. Анын жардамы менен машина таап, атам айдалган кыштакка жетиптир. Орусиянын Новосибирск облусундагы Усть-Тарский району, Победа деген колхоз болчу. Мен ошол жакта төрөлгөм. Ошон үчүн ысымымды Сибиргүл коюптур. Ошол жерде ушундай аталыштагы көл бар экен. Атам ошол көлдүн атынан койгонун айтчу. Ал жерде апам менен атам үч жыл тургандан кийин 1953-жылы Сталин өлүп, бир жылдан кийин атам акталат. 1954-жылы мекенине кайтууга уруксат беришет. Апам артка кайткым келген эмес деп айтып калар эле. Кайра жазалайт деп корксо керек. Атам болсо мекениме кетишим керек деп, болбой жолго чыгыптыр. Чүйгө, туугандарына келишет. Атам асыл тукум жылкы заводунда (конезавод) иштеп калат. Алгач кайтып келишкенде туугандары чочулап, үйүнө киргизбей коюшат. Анан Кавказдан сүргүнгө айдалып келген чеченби же башка улуттанбы, ошолордун бири сарайын берип, кыштан чыгышыптыр”, - деп эскерди Сибиргүл апа.
Видеосун бул жерден көрүңүз:
“Херсондо немис оккупациясында жашадык”
Исак Жанузаков атылып, иниси Израил он жылга лагерге кесилип кеткенден кийин калган туугандары кыйла жыл Украинада кала беришкен. Мухитжамал эненин айтымында, аларга 1944-жылы гана Херсондон өз мекенине кайтууга уруксат берилет. Экинчи дүйнөлүк согуш башталган мезгилде алар жашап жүргөн аймак толугу менен немис оккупациясында калат. Демек, советтик аскерлер Херсонду бошоткондон кийин анан кыргыздарга мекенине кайтууга уруксат берилген экен.
“Биздин үйүбүз чоң кызыл там болчу деп айтпадымбы. Согуш башталганда немистер кыштакты ээлеп алып, биздин үйдө толтура немис офицерлери жүргөнү эсимде калган. Офицер экенин кайдан билем, зыңкыйып кийинишип, кычыраган өтүктөрү менен кирип-чыгып жүрүшчү. Анан сыртта аскерлерин тизип, буйрук беришчү. Кийин билсем, биздин үйүбүз офицерлердин штабы болгон экен. Согуш тууралуу тасмаларда түтүгүнөн түтүн булап турган тамак жасаган чоң сүйрөмө ашканалары бар эмеспи. Сыртта түтүнү булап ошондой ашкана турчу. Мен алты жаштардамын, чоң энем жана апам үчөөбүз турабыз. Немистер апама тийишчү эмес. Мен болсо баламын да, кечке ойноп жүрөм. Сирена болгондо эле баарыбыз жашырынабыз. Бомбадан сактанган жайга чоң энем мени жетелеп чуркачу. Ошол жакка алып барып, кучактап отурчу. Бомба түшкөндө биз секирип, башыбыз шыпка тийчү. Ошол көрүнүштөр эсимде бекем сакталып калыптыр. Кеч киргенде эч жылчык чыгарбай бардык жерди бекитип, жарык сыртка түшпөсүн дешчү. Жарык чыккан жерге эле бомба таштачу тура. Анан ошентип жашадык немистер кыштакты ээлеп турганда”, - дейт Мухитжамал апа.
Советтик аскерлер 1944-жылдын мартында Херсон аймагын немис оккупациясынан бошоткон. Ошондон кийин сүргүндө жүргөн кыргыздарга мекенине кайтууга уруксат берилген.
“1944-жылбы же 1948-жылбы, айтор так эсимде жок. Бизди вагонго салып, Москвага алып келди. Андан ары вагондор бошобой, Москвада кыйла убакыт туруп калганыбыз эсимде. Негедир бала-чака көп болчу, аялдар бар эле. Анын бир күнү бизди чогуу вагонго салып, узак жол жүргөнбүз. Анан бир станциядан түшүрүштү. Азыр ойлосом Кайыңды станциясы экен. Чоң энем, апам үчөөбүз турсак, араба келди. Көрсө, апамдын төркүндөрү, менен таякелерим тосуп алган экен. Бизди Кум-Арыкка алып барышты. Бир аптадай тургандан кийин атамдын иниси Мөндүрбек байкем алып кетти. Ал Украинага айдалган кезде окуучу бала экен. Андан кийин студент болуп, Украинада жүргөндө эле мугалим болуп иштептир. Кыргызстанга бизден мурда келишкен экен, мектепте мугалим болуп иштеп жатыптыр. Атамдын эң кичүү иниси эле. Адеп Кыргызстанга келгенде украин тилинде сүйлөгөнүм үчүн мектепте шылдың болгом. Орус, кыргыз тилин билбейм да”.
Мухитжамал апа атасы тууралуу даректүү маалыматтарды жашы 80ден өткөндөн кийин гана билген. 70 жылдан ашык убакыт атасы тууралуу эч кабар болгон эмес. Ал өзү медициналык билим алып, балдар дарыгери кесибине окуп, узак жылдар иштеген. Комсомолдун катарына албай койгонун эске албаганда, кулактын тукуму деп кодулашкан деле учурлар болгон эмес деди ал.
Төрөкул Жанузаков
Эки бир туугандын кыздары аталарынын сүрөттөрүн карап, “бири-бирине окшош экен” деп өз ара сүйлөшүп жатышты. Жанузактын балдары совет өкмөтү тарабынан кайра-кайра жазаланышына Төрөкул Жанузаковго (1904-1921) карата катаал мамиле себеп болушу мүмкүн.
Төрөкул Жанузаков ХХ кылымдын башындагы окуяларга активдүү аралашкан. Анын атасы колунда бар киши болуп, Төрөкулду Меркедеги окуу жайда (Мерке орус-тузем окуу жайы) окуткан. Төрөкул 1903-1907-жылдары Меркеде окуйт. Казактын мамлекеттик жана саясий ишмери Турар Рыскулов менен чогуу билим алган. Орусиянын оторчулук доорунда жергиликтүү канцелярияда иштеп баштаган. 1912-жылы 19 жашында кыргыздардын ичинен биринчи болуп ак падышанын Орусия Думасына депутаттыкка талапкер болгону айтылып жүрөт.
1917-жылы Февраль төңкөрүшүнөн кийин падыша тагынан кулап, Убактылуу өкмөт башкара баштаганда Төрөкул Жанузаков жаңы мамлекет түзүү боюнча кыймылдарга аралашкан. Ошол кезде чыгып турган гезиттерге макала жазган. Большевиктер бийликке келгенден кийин Түркстан АССРи түзүлүп, анын Аткаруу комитетинин төрагасына Турар Рыскулов (1894–1938), орун басары болуп Төрөкул Жанузаков дайындалган. Түркстан Аткомунун 1916-жылкы көтөрүлүштөгү качкындардын иши боюнча комиссиясына төрагалык кылган. Комиссияга качкын кыргыздарды мекенине кайтаруу, жерлерин кайтарып берүү, аларга зомбулук көрсөтүүнү токтотуу кулчулукка сатылып кеткендерин куткаруу, материалдык жардам берүү жана орустар менен кыргыздардын касташуусун токтотуу милдеттери жүктөлгөн.
Көтөрүлүш маалындагы кыргыздар кыргынга учураган бир окуянын чоо-жайын аныктаган Төрөкул Жанузаков иликтөөнүн жыйынтыгын Түркстан комитетинин мүчөлөрү М.Тынышпаев менен О.Шкапскийге жиберет. Кийин ошонун арты менен 1919-1920-жылдары Түркстан аскер кеңешинин Жети-Суудагы ыйгарым укуктуу өкүлү, саясий бөлүмдүн жетекчиси болгон Д.Фурманов менен каршылашып калган. Фурманов тескерисинче Төрөкул Жанузаковго терс мүнөздөмө берип, аны ашынган шовинист катары сүрөттөгөн. 1920-жылы 1-8-сентябрда Баку шаарында өткөн Чыгыш элдеринин курултайына Жанузаков делегат болуп катышкан.
Ага карата куугунтук башталганда совет бийлиги “басмачы” атаган эгеменчил кыймылдарга кошулуп кеткен. Төрөкул Жанузаков өзүнүн кттарында “Кытайдан кайра мекенине келген кыргыздарды жайгаштыруу боюнча иштеп жүргөндө мага куугунтук башталды" деп жазган. Ар кандай жалган фактыларды таап чыгышып, Жанузаковду жок кылуу аракети көрүлгөн экен. Ал ошол мезгилде жыйындарда сүйлөп, артынан элди ээрчите алган лидерлердин бири болуптур. Чүйдө, Ысык-Көлдө көп жолугушууларды өткөргөнүн тарыхчылар белгилеп жүрүшөт.
1921-жылы басмачылардын катарында болуп калышын колго түшкөнү менен түшүндүрүп, совет бийлигинин органдарына мунапыс сурап кайрылган. Бирок анын үстүнөн “басмачылардын арасында жүрөт” деген көп билдирүүлөрдү жөнөтүп турушкан. Ошол эле жылы ал атууга кеткен. Анын бир туугандары дагы куугунтук көрүштү.
Кыргызстандык изилдөөчүлөр Херсонго айдалган кыргыздар тууралуу архивдик материалдарды изилдей башташканда бир тууган Жанузаковдор тууралуу документтер табылган. “Эсимде” изилдөө аянтчасы алардын архивдеги маалыматтарын алып келип жарыялады.
Төрөкул Жанузаков 28 жашында атып өлтүрүлсө, бир туугандары Украинага сүргүнгө айдалып, Исак 1938-жылдагы репрессияда 32 жашында атылып кеткен. Израил үч мерте жазаланып, бирок мекенине кайтып келген.
“Мектеп интернатта завхоз жана 1960-жылдары Фрунзе (Бишкек) - Ош жолу салына баштаганда ошол жакта комендант болуп иштеди. Ошол жолду салган ишкананын директору дагы Украинада сүргүндө болуптур. Анын аялы украин кызы болчу. Ошол атамды жумушка чакырган. Комендант болуп, жумушчуларга кийим-кече, зарыл нерселерди бөлүп берип, көзөмөл кылган. Ошондо дагы бир күнү суракка алышканын айтып берген эле. Азыр эмне үчүн алардын тагдыры ушундай болду деп ойлоном. Кандай сонун адамдар репрессияланып кеткен. Акылдуу, билимдүү кишилер. Ошолор тирүү болсо тарыхтын нугу кандай болмок?” - дейт Израилдин кызы Сибиргүл.
Сибиргүл жана Мухитжамал апалар аталарынын тагдыры тууралуу анык маалыматтарды жарым кылымдан ашык убакыттан кийин гана билген. Алар эски сүрөттөрүн таберик кылып, өз заманынын алдыңкы кишилери болгон үчүн жазганган аталарын эскерүүдө. Бирок аталары тууралуу такыр эчтеке билбей, бул дүйнөдөн канча урпактары өтүп кетти.
Шерине