Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:55

Чыгыш элдеринин Бакы курултайына кыргыздар да катышкан


Чыгыш элдеринин I курултайынын катышуучулары. Бакы шаары, Азербайжан. 1-8-сентябрь, 1920-ж.
Чыгыш элдеринин I курултайынын катышуучулары. Бакы шаары, Азербайжан. 1-8-сентябрь, 1920-ж.

Кыргыз саясатчылары XX кылымдын башындагы ар кыл чөлкөмдүк саясий жүрүмдөргө, анын ичинде Бакы шаарында өткөн Чыгыш элдеринин курултайына да жандуу катышкан. Тарыхчынын блогу.

Адатта, кыргыз тарыхнаамасында таанымал тарыхый инсандардын Кыргызстандын ичиндеги саясий, коомдук жана башка ишмердиги тууралуу көбүрөөк сөз болот да, Борбордук Азия, Кавказ, Эдил бою, Орол тоолору да камтылган ири чөлкөмдүк саясий жүрүмдөргө жандуу катышкан кыргыз саясатчылары жөнүндө учкай гана айтылып келет.

Постсоветтик доордо, асыресе ушул кылымдын башынан тартып, Алаш Ордого, Түркстан (Кокон) автономиясына жана басмачылык кыймылына байланыштуу саясий окуяларга катышкан кыргыздар жана кыргызстандыктар тууралуу жаңы муундагы тарыхчылар тарабынан алгылыктуу иликтөөлөр жүргүзүлө баштады.

Бакы курултайы

Ири чөлкөм үчүн өзгөчө мааниге ээ болгон ошондой демократиячыл иш-аракеттердин бири, албетте, 1920-жылдын 1–8-сентябрында Азербайжандын борбору Бакы (Баку) шаарында өткөрүлгөн Чыгыш элдеринин Биринчи курултайы эле.

Албетте, “чыгыш элдери” деген сөз курултайга жалаң гана Евразиянын ири аймагындагы чыгыш этносторунун гана өкүлдөрү чогулган, деген маанини туюнтпашы керек.

Бул курултайга ар кыл этностордун, анын ичинде европалык элдердин өкүлдөрү деле катышкан. Түркиядан айтылуу Энвер-паша келген.

Түркстан да көп этностуу топту жөнөткөн. Маселен, Түркстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин катчысы Назыр Төрөкуловдун тапшырмасы менен бул курултайга Түркстан АССРинин атынан жөнөтүлгөн топтун жетекчилиги Т.М.Геллерге тапшырылган.

Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган илимий жыйындын коногу - анжыяндык профессор Рустамбек Шамсутдинов. 21.10.2016.
Кыргызстандагы 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүштүн жана Улуу Үркүндүн 100 жылдыгына арналган илимий жыйындын коногу - анжыяндык профессор Рустамбек Шамсутдинов. 21.10.2016.

Анжыяндык тарыхчы, профессор Рустамбек Шамсутдиновдун иликтөөсүнө караганда, Бакы курултайына катышкан 2000дей делегаттын ичинен 293ү – түркстандык болгон. Алардын ичинен Анжыяндан шайланып барган өкүлдөр да көп этностуу мүнөзү менен айырмаланышкан: Алехин, Камбарали Алиев, Хамид Беккулов, Петр Левченко, Мухаммаджан Орозалиев, Абдугафур Рахматуллаев, Балтабай Сарымсаков, Александра Солдатова, Жаңыбай (Йангибой) Тапибалдиев, Йакуб Чанишев, ж.б.

Жалпысынан, Чыгыш элдеринин бул уникалдуу курултайы көз каранды эмес өкүлдөрдүн (делегаттарын) эркин жыйыны болууга тийиш болчу. Бирок болшевиктер башынан эле Бакыдагы курултайды тыкыр көзөмөлдөөгө умтулушкан.

Курултай – саясий күрөш аянты

III Коммунистик Интернационал менен Лениндин болшевиктик өкмөтү Бакыдагы бул курултайды жалпы чыгыш элдеринин дүйнөлүк империализмге каршы күрөшүн жантантуу үчүн идеологиялык үгүт жайына айлантууга умтулушса, ал эми мурдагы падышалык Орусиянын аймагынан келген чыгыш элдеринин бир катар өкүлдөрү орусиялык саясатчылардын (анын ичинде орус болшевиктеринин) чакан элдердин өз тагдырын өзү чечүү укугун жана эгеменчил кыймылдарын басмырлаган шовинисттик саясатын ачык айыптоого далаалат кылышкан.

Түрк элдеринен чыкан айрыкча эгеменчил ишмерлер жана, ал түгүл, чыныгы автономиячыл саясатчылар да, бул курултайга ээн-эркин катыша алышкан эмес.

Маселен, бул курултайдын алгачкы күндөрдөгү отурумуна күбө болгон башкыр көсөмү Ахмет Заки Валиди Тоган башка кишинин ысымына жамынып, курултай ишине күбө катары жашыруун катышууга аргасыз болгондугу жана болшевиктер тарабынан камакка алынып калбоо үчүн Бакыдан тымызын түрдө эртерээк чыгып кетүүгө мажбурлангандыгы анын эскерүүлөрүнөн улам бизге белгилүү.

Эгеменчилер менен автономиячыларды ойрондоо

Лениндин өкмөтү, элдердин өз тагдырын өзү аныктоо укугун тааный тургандыгын 1917-жылы эле шардана кылгандыгына карабастан, Башкыр автономиясы, Алаш Ордо, Түркстан автономиясы, Азербайжан сыяктуу болшевиктик эмес мамлекеттик түзүлүштөрдү ойрон кылгандыгы маалым.

Борбордук Азиядагы болшевиктик идеологияны тааныбаган эгемен мамлекеттерди жоюу аракеттери 1920-жылы да улантылган. Маселен, ошол жылы 2-февралда Хорезмдин (Хиванын) акыркы өкүмдары Саид Абдулла хан (1871–1933) чекисттер тарабынан камакка алынып, тактыдан баш тартууга аргасыз болгон жана Украинанын Кривой Рог жергесиндеги Гвардия кыштагына өмүр бою сүргүнгө айдалып, 1933-жылы ачарчылык (Голодомор) маалында бул жерде жугуштуу ич өткөк оорусунун айынан дүйнөдөн кайткан.

1920-жылы 26-апрелде болшевиктер мурдагы Хорезм хандыгынын ордуна Хорезм Элдик Советтик Жумуриятын негиздешкен.

Бакыдагы курултай өз ишин жаңы гана баштаган кезде, 1920-жылы 2-сентябрда Михаил Фрунзе жетектеген Кызыл аскерлер эгемен Бухара эмирлигине чабуул коюшуп, тез арада аны каратып алышкан. (Бул окуя тууралуу болшевиктер 7-сентябрда Бакы курултайындагы делегаттарга сүйүнчүлөп шардана кылышкан).

14-сентябрда Бүткүл Бухара ыңкылапчыл комитети жана Файзулла Хожаев жетектеген өкмөт түзүлгөн. Ошол жылы 6–8-октябрда Бүткүл Бухара эл өкүлдөрүнүн Биринчи курултайы чакырылып, мурдагы эмирликтин ордуна Бухара Элдик Советтик Жумурияты түзүлдү деп жарыяланган.

Кийинчерээк Хорезм Элдик Советтик Жумурияты менен Бухара Элдик Советтик Жумурияты дагы сөз жүзүндөгү эгемендигинен айрылып, Түркстан АССРи сыяктуу эле советтик империяга биротоло жутулган.

Булардын бардыгын учкай эскерип жаткан себебибиз – Бакы курултайынын ишмердигин ар тараптуу жана калыс баалоо зарылдыгын баса белгилегибиз келгендигинде.

Төрөкул Жанузаков

Болшевик боло туруп, орус шовинист болшевиктеринин жиктөө саясатынан көңүлү калып, дал ушул Бакы курултайынан кийин эгеменчил басмачылар кыймылына ооп кеткендердин арасында кыргыз элинен чыккан таланттуу мамлекеттик ишмер Төрөкул Жанузаков (1893–1921) болгон.

Ал Таластын Талды-Булак жергесинде манаптын үй-бүлөсүндө туулган. Меркедеги орус-тузем мектебинде мыкты окуп, орус тилин дурус өздөштүргөн.

Ал оболу солчул социалист-революционер (эсер) болгон жана кийинчерээк болшевиктерге өткөн. Ал Түркстан АССРинде жогорку кызмат ордуна жетишип, Түркстан Компартиясынын катчысы, Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасынын орун басары болгон. 1916-жылкы улуттук боштондук көтөрүлүш кандуу жеңилген соң орун алган Улуу Үркүн маалында Батыш Кытайга качкан бозгундарды кайтаруу жаатында да ал жигердүү иш алып барган.

Т.Жанузаков өзүнүн досу, үзөңгүлөшү, теги казак Турар Рыскулов (1894–1938) сыяктуу эле Бакы курултайында баяндама менен чыгып сүйлөгөн. Бул курултай маалында ал үстөмдүк кылып жаткан борборчул болшевиктерден кагуу жегендиги Заки Валиди Тогандын эскерүүлөрүндө учкай айтылат.

1920-жылдын сентябрында Түркстан Компартиясынын V курултайы өтүп, анда Түркстандан Бакыга барган Турар Рыскулов, Төрөкул Жанузаков, Ташполотбек Нарботобеков (Нарбутабеков) жана башка айрым “улутчул” саясатчылар Чыгыш элдеринин Биринчи курултайындагы өз баяндамаларында чөлкөмдөгү “улутчул буржуазиялык чөйрөлөрдүн көз караштары менен таламдарын чагылдырган” ой-пикирлерди билдиришкен, “оңчул агымга ооп кетишкен” деген сыяктуу бир тараптуу сынга кабылышкан.

Кийинки айда – 1920-жылдын октябрында, болшевиктер тарабынан жалган жалаа менен Ташкент шаарында камалаарында, Т.Жанузаков тоо таянып качып чыгып, андан соң басмачылар кыймылы тарабына өтүп кеткен.

Ал 1920-жылы ноябрдын башында кызылдар тарабынан колго түшүрүлүп, бирок аларга кол салган басмачылар менен атышуулар маалында ок жаңылып өлгөн.

Бакы курултайына башка да кыргыздар катышкан

1920-жылдын 1–8-сентябрындагы Бакыдагы Чыгыш элдеринин Биринчи курултайына катышкан борбордук азиялыктар т ууралуу иликтөөлөр улантылууда.

Анжыяндык жаш тарыхчы Жасурбек Иминов (илимий жетекчиси – профессор Рустамбек Шамсутдинов) жакында соңуна чыккан докторлук диссертациясында 1920-жылдардагы архивдик маалыматтарды иликтеп, Бакы курултайына катышкан айрым делегаттар өз жеке анкетасында тегин да көрсөткөнүнө назар бурган. (Изилдөөчү бул маалыматтардын булагы катары төмөнкү дарекке шилтеме берген: Орусиянын социалдык-саясий тарых боюнча мамлекеттик архиви. 544-кор, 2-сыпаттам, 8–40-иш дептерлери).

Албетте, Ж.Иминов айрым делегаттар өздөрүн “кыргыз” деп көрсөтүшкөнүн да белгилейт. Дароо баса белгилөө керек: бул “кыргыз” этноними аркылуу жалаң гана кыргыздар эмес, казактар да эске алынгандыгы маалым (ал түгүл Казакстандын алгачкы советтик автономиясы 1920–1925-жылдаы Кыргыз АССРи деп аталган эмеспи).

Демек, “кыргыз” деп катталган делегаттардын байырлаган жайы да мааниге ээ.

Мисалы, казак элинин чыгаан мамлекеттик ишмери Турар Рыскулов да өз анкетасында “кыргыз” деп катталган экен. Ал 1894-жылы 26-декабрда Баш-Агач капчыгайында казактын дуулат уруусуна таандык чымыр (шымыр) уругуна кирген казактын үй-бүлөсүндө туулгандыгы, улутчул жана пантүркчү казак катары сталиндик репрессиянын курмандыгы болгондугу анык.

Бакы курултайынын “кыргыз” деп катталган делегаттарынын арасында Ош шаарынан Атабий Абдужабборов (Абдыжапаров), Азизбек Алиев (жери көрсөтүлбөгөн) ж.б. бар. Бир катар түркстандык делегаттардын этностук теги эч көрсөтүлгөн эмес.

Бакы курултайынын стенографиялык ж.б. маалыматтарында ага катышкандардын ичинен 47 делегат өзүн “кыргыз” деп аташкандыгы илим чөйрөсүнө белгилүү.

Айрым делегаттар Бакы курултайындагы алгачкы отурумга катышкан эмес, демек, алардан анкета да чогултулуп алынган эмес. Изилдөөчү Григорий Захарович Соркиндин маалымдашынча, курултайга жалпысынан 77 кыргыз (демек, кыргыздар жана казактар. – Т.Ч.) катышкан. (Караңыз: Соркин, Григорий Захарович. Первый съезд народов Востока: [1-8 сентября 1920 г.] / Отв. ред. И.С.Брагинский. – М.: Изд-во вост. лит., 1961. – 78, [2] с.)

Биз профессор Рустамбек Шамсутдиновдун постсоветтик илимий мектебинин өкүлдөрүнө чыгармачыл ийгиликтер каалайбыз жана кыргызстандык жаш тарыхчыларды да тарыхыбыздагы белгисиз дың жерлерди казууга, анын ичинде Бакы курултайына катышкан кыргыздардын, казактардын жана башка чөлкөмдөгү саясатчылардын ар биринин тагдырын жана тарыхый салымдарын кылдат иликтөөгө чакырабыз.

Редакциядан. Автордун пикирин сөзсүз эле редакциялык турум катары кабылдоого болбойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG