Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
жекшемби, 17-ноябрь, 2019 Бишкек убактысы 14:23

Катаал мезгилдин кажыбас азаматы


Төрөкул Жанузаков.

Төрөкул Жанузаков түрк калктарынын орток мамлекетин түзүү идеясын жактырып, ошону ишке ашыруу аракетинде 28 жашында душмандарынын колунан курман болгон.

Совет бийлиги келгенге чейин саясий иштерге жигердүү катышып, Орусиянын Мамлекеттик Думасына талапкерлигин койгон. 1916-жылы Кытайга качкан кыргыздарды жерине кайтаруу, жайгаштыруу иштерин уюштурууга катышкан. Түркстан АССРинин Борбордук аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары бүтүндөй бир чөлкөмдүн келечегин аныктачу тарыхый иштерге катышкан.

Билим алуу түйшүгү

Төрөкул Жанузаков эл бийлеген манаптын уулу, кыргыздын дагы бир азаматы Абдыкерим Сыдыков менен туугандык жайы бар, эртелеп билим алып, жаш кезинен саясий иштерге аралашкан улуу инсан болгон. 1893-жылы Таластын Талды-Булак айылында төрөлгөн. Айылында сабатын ачып, орус мектептен окуп, 1904-жылы Меркедеги орус-тузем мектебине келип кирген. Атасы анын Чолпонкул болуштун Абжалбегиндей билимдүү бала болушун каалаган. Меркедеги орус-тузем мектебинде беш жыл билим алып, 1909-жылы окуусун улантыш үчүн Ташкентке келген. Ташкентте мугалимдик кылып жүргөнүн угуп калган ошол кездеги Түркстан генерал-губернатору А. В. Самсонов аны өзүнө жардамчы, тилмеч кылып алган. Чөлкөмдүн башкаруучусу Меркедеги орус-тузем мектебинде болуп, ал жердеги мыкты окуучулар арасынан Төрөкул Жанузаковду жактырып, өзүнө кызматка чакырган экен. Айтса, 1912-жылга карата Түркстан чөлкөмүндө 90го жакын орус-тузем мектептери ачылып, ал жерде жергиликтүү калктын өкүлдөрүнөн да балдар окуп, сабаттуу адамдар аз-аздан арбый баштаган.

Ташкенттеги генерал-губернатордун кеңсесинде иштеген жалгыз кыргыз 1912-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасына талапкерлигин койгон. Жашы 20га жете элек, билимдүү, орус тилинде эркин сүйлөп жаза алган, үч жылдан бери чөлкөм башкаруучунун жардамчысы болуп иштеген жаш уландын максат-мүдөөсү айланасына идиректүү жаштарды топтоо болчу. Анын купулуна толгон тың жаштардын бири Меркедеги мектепте чогуу окуган Турар Рыскулов эле. Ташкенттеги көпчүлүктүн сынына тартынбай чыккан жаш жигит, ал жолкуда орус парламентине өкүл болуп шайланбай калган. Бирок идиректүү кыргыз улан шаардагы саясий элитанын баамына илинип, алдыдагы саясий ишине жол ачылган. Ал кездеги бийлик тизгинине илинип калган жергиликтүү калк өкүлдөрүн толгонткон суроо Орусиядан келген мужуктар менен жергиликтүү калктын ортосундагы жер талаш, андан чыккан нааразылык болчу. Орус бийлиги ичкериден келген дыйкандарга суулуу, дыйканчылыкка ыңгайлуу, отун-суусу кенен жерлерди берип, жергиликтүү эл тоо тарапка сүрүлүп, ачыктан-ачык эле опуза күчөй баштаган. Маселен, Пржевальск үйөзүндөгү айдоо жерлердин 67,3% келгин орустарга берилген. Ушундай эле жагдай Кыргызстандын түштүгүндөгү Көгарт, Куршаб, борбор Пишпек, Олуя-Ата, Чымкент, Токмок жана башка жерлерде да түзүлүп жергиликтүү элдин нааразылыгы күчөп кеткен. Аймактагы калктын 94 пайызын түзгөн жергиликтүү калк айдоо жерлердин 42,4% гана ээ болушкан.

Кушубек Качибековдун Төрөкул Жанузаков тууралуу китебиндеги сүрөт.
Кушубек Качибековдун Төрөкул Жанузаков тууралуу китебиндеги сүрөт.

1916-жылы Түркстан чөлкөмүндөгү жергиликтүү элден аскердик жумуштарга алуу тууралуу орус падышасынын жарлыгына каршы чыккан калктарды тынчытуу, баш ийбегендерин катуу жазалоого ичкериден аскер чакыртылып, жагдай оорлошуп калган. Генерал-губернатор Төрөкул Жанузаковду нааразы болгон кыргыз-казактарды ийге келтирүүгө, ак падышанын амирине каршы чыкпоого үндөгөнү жиберет. Сары-Өзөн Чүйдө толкуган эл генерал-губернатордун жардамчысын укпай, каршылык күчөп кеткен чакта Төрөкул Жанузаков чоң атасы Медет датканын каза болгонун угуп, Таласка келүүгө мажбур болот. Төрөкул сөзү өткөн жердин баарына орус падышалыгына каршы чыкпоо зарыл экенин, үлкөн империя аз элди кырып коюшу мүмкүн экенин эскертип, колунан келген аракетин кылат. Тарыхчы окумуштуу Кушбек Үсөнбаев ырастагандай, 1916-жылкы апаатта түндүк кыргыздардын 119 миң адамы же калктын жалпы саны 41% азайган.

Бир боор калкынын башына түшкөн апаатты Төрөкул Жанузаков 1917-жылдын башында Ташкенттеги казак тилинде чыккан гезитте жарыяланган «Кыргыз боорума» деген ырында сүрөттөгөн. Ага улай орус тилинде «Письмо крестьянину» аттуу ырын орустарга арнап чыгарган. Кыргыздарды өз жеринен кууп, артынан куугун кылган падышалык бийликтен көңүлү калган саясий ишмер Убактылуу Өкмөт бийлигине илгери үмүт менен карап, анын идеяларын колдоого алган. Ал кезде большевиктер партиясы бийликке келе элек, дымактуу саясий кыймылдын жетекчилеринин бири Владимир Ульянов-Ленин менен жолугушуп, анын өнөктөштөрү Григорий Зиновьев, Лев Троцкий, Сергей Кировдор менен жаңы коомду кантип куруу маселелерин талкуулап, биртоп талаш-тартыштарына катышкан. Орус падышалыгынын бийлиги токтотулуп, Убактылуу Өкмөттүн бийлиги Түркстан чөлкөмүнө кенен жайыла элек учур эле.

Жаңы бийликке жан тартуу

Ар кыл саясий кыймылдар, жамыраган партиялар арасынан ошо кезде мусулман ишмерлеринин активдүүлүгү күчөп, «Шуро-Исламия» кыймылы 1917-жылы 16-21-апрелде биринчи курултайын өткөргөн. Жаңы бийлик тушундагы ири саясий иш-чараны уюштурууга Заки Валиди, Мустафа Чокаев, Төрөкул Жанузаковдор катышкан. Жаңы кыймылдын чечимдери Убактылуу Өкмөткө жөнөтүлгөнү менен ортодо улут маселеси боюнча талаш-тартыш токтолмок тургай күчөгөн. Уюштуруу курултайында Мустафа Чокаев жаңы кыймылдын башчысы, Ахмед Валиди Заки анын орун басары болуп шайланып, Төрөкул Жанузаков шайланбай калат. Жаңы кыймылга кирип алгандарда «кыргыздар кайдан мамлекет болмок эле, көтөрүлүштөн кырылгандан калганын өзбек менен казак мамлекеттерине кошуп салыш керек» деген кутумчулар ошол кезде деле арбын болгон.

Кушубек Качибековдун Төрөкул Жанузаков тууралуу китебинен.
Кушубек Качибековдун Төрөкул Жанузаков тууралуу китебинен.

1917-жылдын ноябрында Кокондо мусулмандардын төртүнчү курултайы чакыртылып, анда Кокон автономиясы жарыяланган. Кокон бийлигин Ташкент шаардык кеңеши тааныбай, ал арада чөлкөмдө кош бийлик өкүм сүрүп калган. Орто Азияны колдон чыгаргысы келбеген большевиктер бийлиги Кокон автономиясына кол салып, 30 өкмөт мүчөсүн камакка алып, Кокон ордосун өрттөп жиберишкен. Ортодон чыга калган утурумдук бийлик жок кылынгандан кийин бийлик толугу менен Ташкенттеги Түркстан автономиясына өтүп, Кытайга качкан кыргыздарды жерине кайтаруу, аларды жайгаштыруу аракетине Олуя-Атадагы жаңы бийлик жетекчилери Турар Рыскулов Төрөкул Жанузаков менен кошо киришкен. Качкындарды жерине кайтарганда аларды өз жеринде жайгаштыруу милдети турган. Төрөкул Жанузаков кыргыздарга жерин кайтарып берүү боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуш кылган.

1920-жылы большевиктер жетекчилиги Түркстан крайлык мусулмандар бюросунун качкындарды кайтаруу, жайгаштыруу жаатындагы ишин жактырып Түркстан Борбордук аткаруу комитетинин төрагалыгына Турар Рыскуловду, орун басарына Төрөкул Жанузаковду шайлашкан. Жаңы бийликтин жергиликтүү элдин кызыгуусун арттырган үлкөн иш-чарасы 1916-жылга чейин күч же бийликтин уруксаты менен тартылып алынган жерлерди ээсине кайтаруу болду. Жеринен куулуп, мусапырчылыктын азабын тарткандарга мурдагы жери кайтарылып, отурукташы үчүн курулуш, каржылык жагынан көмөк көрсөтүү маселеси чечилген. Жаңы бийликтин тапшырмасы боюнча бул маселени чечүү Төрөкул Жанузаковго тапшырылган. Жергиликтүү элге жерин кайтаруу ачык-тымызын тоскоолдуктарга кабылып, ага каршы чыккандар, комиссиянын ишине жолтоо кылгандар көп болду. Төрөкул Жанузаков үчүн бул өзгөчө маанилүү маселе эле.

Фурмановдун кастыгы

Түркстан генерал-губернаторунун жардамчысы, тилмечи болуп иштеген кезинде ал келгиндер кыргыздардын жерин тартып алып, жергиликтүү калкты тоо жакалай көчүүгө аргасыз кылышканын, кийин 1916-жылы Кытайга качкандарды кайтарбай, кайтып келгендер болсо аларды бийик тоолуу Нарын аймагында гана жашоого мажбур кылуу саясатын жакшы билчү. Анын үстүнө колониялык бийликтин, келгиндердин жергиликтүү элге карата жасаган аёосуз мамилесин өзү көрүп, колунан келишинче зордук-зомбулуктун мизин кайтарууга аракет кылчу. Башынан опсуз оор азап-тозокторду кечирип, кыргындан калган кыргыздарды өз жерине жайгаштырган анын аракетин айрым бузукулар «Жанузаков кыргыздарды куралдуу көтөрүлүшкө даярдап жатат» деп ушак таратышып, айыпташат. Төрөкул Жанузаков жетектеген комиссиянын ишине ичи чыкпагандардын башында Дмитрий Фурманов турчу. Ташкентте комиссиянын иши тууралуу туура эмес маалыматтарды Түркстан БАКынын жетекчилигине Зиновьев жеткирчү. Дмитрий Фурманов кийин «Козголоң» деген романында Төрөкул Жанузаковдун ишин атайылап бурмалап, аны каралап жазган. Шовинисттик маанайдагы совет жазуучусу мекенчил Төрөкул Жанузаковдун кылган иштерин жактырчу эмес.

Жазуучунун совет заманында окуу китептеринен түшпөгөн «Козголоң» романында кыргыздарга өз жерин кайтарып берүү маселеси тууралуу мындай кеп болот:

«Облустун бүткүл калкынын 70%, мындайча айтканда, миллиондон ашуун кишини түзгөн жергиликтүү улуттар, көбүнесе кыргыздар, - жер айдай алабы же жокпу? Жок! Эч качан айдашкан эмес. Ага ыңгайлашкан эмес, анын үстүнө билишпейт, алардын курал-шаймандары да жок - алар мал менен оокат кылып жүргөн. Баарыдан мурда мына бул фактыны көз алдыңарга туткула: кыргыз эгин эккен эл эмес, али да болсо мал чарбачылыгын кесип кылууда…»

Чыгармада дагы бир маселенин башы кылтыйып чыгат:

Дагы он жылдарча күтө турганда – балким, Кытайдан кайта турган эч ким болбой калат беле?


«Дагы он жылдарча күтө турганда – балким, Кытайдан кайта турган эч ким болбой калат беле? 50 миңдеген көчмөндүү элдин кошуун журтунан күңгүрөнгөн куру мүрзөлөрдү жана Кытайдын ээн талааларындагы жалгыз аяк бардык жолдордон ач карышкырлар мүлжүгөн куу сөөктөрдү гана табар белек».

Түркстан аскер кеңешинин Жети-Суудагы ыйгарым укуктуу өкүлү Дмитрий Фурманов облустук революциялык комитеттин жыйындарына катышып, анда кабыл алынган чечимдер менен токтомдордун аткарылышына көзөмөл кылышы керек эле. Бирок анын орусчул шовинисттиги кыйын жагдайга кабылган жергиликтүү элдин абалын түшүнүүгө тоскоолдук кылып, жасалып жаткан иштерди жактырбай жатканын чыгармасында жашырбай ачык жазган. Качкындар маселесин ыкчам чечип, оор абалга кабылган жергиликтүү элдин абалын жакшыртуунун ордуна жогортон түшкөн чечим, буйруктардын аткарылышына тоскоолдук кылган учурлар кездешерин Жети-Суу облустук революциялык комитети да белгилеп, жагдайды оңдоого багытталган бир топ иш-чараларды иштеп чыккан. Төрөкул Жанузаковдун аракети менен жасалып жаткан аракеттерге кандай да болсо каршылык кылуу аргасын издеген Фурманов романында дагы бир саясий айыпты алдыга жайган:

Төрөкул манаптар менен кат алышып, кат беришип турат. Кишичилигин алганда – ал өтө жагымсыз, күнүчүл, ачуулуу, чыр-чатактуу жана кыжынган киши.


«Төрөкул Жанузаков деп айтышты. Кыргыздын солто уруусунан чыккан. Ал көрүнүктүү манаптардын бири. Анын атасынын ушул убакытта да малы көп. Төрөкул манаптар менен кат алышып, кат беришип турат. Кишичилигин алганда – ал өтө жагымсыз, күнүчүл, ачуулуу, чыр-чатактуу жана кыжынган киши. Аябаган шовинист. Анын кылган ар түрдүү «күнөөлөрү» бар. Бирок, ал жоопкерчиликтен эптеп амалын таап, буйтактап кутулуп кетти. Азыр качып келген кыргыздарга жардам көрсөтүп, ал бул жерде бардык нерсе анын өзүнүн керт башынын ырайымдуу эрки менен болуп жатат дегендей түшүнүктү берет: «Кааласам – берем, кааласам – бербейм».

Дмитрий Фурманов Төрөкул Жанузаковдун ишин жаңылыш, кылмыштуу иш катары эсептеген. Чапаевдин отрядында саясий өкүл болуп, кийин Фрунзе жетектеген Түркстан фронтуна ишке которулган Фурманов колунан келишинче Турар Рыскулов менен Төрөкул Жанузаковду жамандап, аны кызыл аскерлер козголоңунун чыгышынын себепкери дегенге чейин барган. Анын жогору жакка жөнөткөн билдирүүлөрү кыргыздын эң билимдүү, калкынын камын ойлогон азаматын кандай да болсо жаманатты кылып, аны саясий аренадан алып түшүүнү көздөгөн. Бирок андай тымызын каршылыктарга карабай, Төрөкул Жанузаков Кытайдан арып-ачып кайтып келген улутташтарын сактап калууда колдон келишинче аракет кылган.

Эркин Түркстан

1920-жылы Төрөкул Жанузаков Турар Рыскулов экөө тең Түркстан Борбордук аткаруу комитетиндеги кызматынан кетип, жумушсуз жүрүшкөн кезинде Бакудагы Чыгыш элдеринин биринчи курултайына катышып, ал жерде Жанузаков сөз сүйлөгөн. Ал жыйында ар бир улут өз тагдырын өзү аныктоо укугуна ээ экендиги, жаңыдан куралып бараткан союздук курамдан чыга алышары ырасталган. Бакудагы жыйын башаламан өткөнүнө ичи чыкпаган Төрөкул Жанузаков Ташкентке келип ошол жыйынга катышып келген түркстандык 40 өкүлдүн кеңешмесине кирет. Кеңешме катышуучулары совет өкмөтүнүн жасап жаткан иштерине каршы экенин, аларды большевиктердин саясаты канааттандырбасын ачык айтышат. Аны менен эле тим болбой ал басмачылардын катарына кошулуп кетет дагы, мурдагы падышалык колониялык бийликтин саясатын улантып жаткан большевиктердин жергиликтүү шарт-жагдайга көңүл бурбай, жогортон түшкөн буйрук, жарлыктарды аткарууга мажбурлаганы жакпастыгын ачык билдирген. 1921-жылы Төрөкул Жанузаков жакын досу Заки Валиди менен бирге «Түркстан улуттук биримдигин» түзүп, анын программасын иштеп чыгууга киришет. Ал документ кийин Самарканда өткөн 6-конгрессте кабыл алынып, совет бийлигине көз каранды эмес эркин Түркстан мамлекетин куруу аракетине киришкен. 1921-жылдын аягында басмачыларга каршы жүргүзүлгөн аскердик операцияда курман болуп, кийинки жылы Түркстан Борбордук аткаруу комитети тарабынан Төрөкул Жанузаков курман болгонуна жарым жыл өтпөй акталган.

«Өткөн жылдын 15-октябрында Чыгыш элдеринин Бакуда өткөн конференциясында күтүүсүз жерден жолдош Петерстин, Шарафуддиновдун жана башкалардын авантюристтик жана жалган көрсөтмөлөрү боюнча жалаа жапкан Карабай Адилбековдон жана башкалардын тукуруусу менен мени камакка алышарын же сүргүнгө айдашарынан сактануу ниетинде Кашкар тарапка сапар улап, убактылуу жашынууга туура келди. Жолдо мен ферганалык басмачылардын колуна түшүп, Көршерматтын өзүнө туткун болуп жеткирилдим», - деп жазган ал өзү соңку катында.

(Төрөкул Жанузаков тууралу материалды даярдоодо Кушубек Качибековдун «Төрөкул Жанузаков… Түркстан жаңырыгы» деп аталган Бишкекте 2019-жылы жарык көргөн китеби пайдаланылды).

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (1)

XS
SM
MD
LG