Линктер

дүйшөмбү, 16-сентябрь, 2019 Бишкек убактысы 18:57

Болушту аязда жылаңайлак алып чыгып атышкан


Иллюстрациялык сүрөт.

Сарманбет Кыдырбай уулунун өмүр жолу, ишмердиги Көл кылаасындагы даанышмандардын бири Кыдыр Аке менен байланышып кетет.

Ошол кишинин кеңеши менен саясий иштерге аралашып, жаш кезинде болуш болуп, кийин совет бийлигинин тушунда эки ирет камакка алынып, 1938-жылы атылып кеткен. «Куугунтук курмандыктарынын» кезектеги берүүсү Аксуу-Түргөн болушу Сарманбет Кыдырбай уулун эскерүүгө арналат.

Кыдыр акенин купулуна толгон болуш

Замандаштарынын айтуусунда, Сарманбет Кыдырбай уулу Көл башындагы Аксуу-Түргөн болушу болуп калышына Кыдыр аке себепкер болгон экен. Аймактагы ар кыл маселени акыл менен жайгарып, элдин кызыкчылыгын баарынан жогору койгон бул даанышман адамдын көңүлүнө толуп, эчен жыл кармап келген башкаруу тизгинин канынан чыккан урпактарынын бирөөнө эмес, «эл намысына жарайт» деп ишеним арткан кишиге бердирип жатканы ал кишинин көрөгөчтүгү болуптур. Болуштукка көрсөтүлгөндө Сарманбет деле акыл токтотуп, кыркка чыгып калган киши экен. Кыдыр аке кыйла жыл сындан өткөрүп, анан жооптуу ишти Сарманбет Кыдырбай уулуна ыраа көргөн болуш керек. Орус колониялык бийлиги менен карапайым элдин ортосундагы байланыш көпүрөсү болуп, орток маселелерди мыйзам негизинде чечип турчу жооптуу кызматка жергиликтүү элдин арасынан кадыр-барктуу, билимдүү адамдар тартылган. Сарманбет Кыдырбай уулуна ишеним арткан Кыдыр аке Көл кылаасындагы айтылуу акелердин бири, кыргыз эли тарыхый кысталыш чакта жашап, жарыгы бир боор элине көп тийген даанышман адам болчу.

Кыдыр Байсоорун 1843-жылы айтылуу Сары-Жаз өрөөнүндө жарыкка келген. Чоң атасы Олжобай бий арык тукумунун башчысы, акылгөйү болгон. Анын уулу Акымбек кезинде кыргыз өкүлдөрүнүн арасында Батыш Сибирь генерал-губернаторунун Омбудагы ордосунда болуп, бугулардын атынан жарым пашанын сыйын көрүп келген. Кыдыр акенин атасы Байсоорун Кытайга чектеш Кызыл-Сөөктө, Эңилчекте, Кайыңдыда, Кан-Теңир тоосунун этегинде жашаган. Анын небереси Кыдыр аке жашынан тың чыгып, өз мезгилиндеги саясий татаал иштердин бир тобуна катышып, чиеленген маселелерди чечип келген тарыхый инсан. Орус колониялык бийлигинин тилин таап, кадыр-барк күтүп, уруулук коомдо жашаган элинин намысына жараган улуу адамдын купулуна толгондугу эле Сарманбет Кыдырбай уулунун ким экенин, кандай киши болгонун ырастап бере алат. Дүйнөлүк цивилизациядан четте калып, уруулук коомдо жашаган калктын калпыс замандагы оор абалы Кыдыр акени аябай ойлонткон. Колониялык бийликтин кысымы күчөп, дыйканчылыкка жарамдуу, табияты кооз, карагай-арчасы жыш токойлор, андагы жапайы жан-жаныбарлардын бары-жогу ак падышанын энчиси деп эсептелип, жергиликтүү калк кылымдап жашап келген жеринен акырын сүрүлө баштаган. Жашы өйдөлөгөн сайын санаасы арбыган даанышман жооптуу орунду Сарманбет Кыдырбай уулуна табыштап, калк жоопкерчилигин жүктөгөн.

Сарманбет Кыдырбай уулу 1874-жылы төрөлгөн. Кадыресе тажрыйба топтоп, жооптуу маселени калыс чечүүгө жарап калган кезинде ага болуштук кызмат тийген. Кыдыр аке ал кезде сексенден ашып, жалган дүйнөнүн кызыкчылыгынан өзүн оолак тутуп, тынч жашоону көксөп калган кези экен. Сарманбет Кыдырбай уулу кандай жоопкерчиликти өзүнө алганын жакшы билчү, андай жоопкерчиликке даяр болуп калган. Орусча сүйлөөгө жарап, жетиштүү дегидей билим алып, кыскасы, жергиликтүү элге гана энчиленген жооптуу кызматка даяр болуп калган. Колониялык орус бийлигинин жер-жерлердеги иш кагаздары ал кезде жалаң орус тилинде гана жүргүзүлчү. Ал тилде сүйлөп, жаза алган кишилер сейрек, орусча билимдүүлөр кеңсе кызматтарына, тилмечтикке жарап, жергиликтүү адамдар арасынан чоң кызматка жеткени болуштук болчу. Саясий жагдай чынында да кыйын болчу. Колониялык бийлик кыргыздарды кысып, берекелүү, жакшы жерлерден ажыратып, бара-бара тоо арасындагы туюкка камап, бөлүп коюу саясаты ишке ашырылып жаткан. Анын натыйжасы күчөп отуруп кийин Үркүнгө алып келди.

Аттын кашкасындай калк

Сарманбет Кыдырбай уулунун болуштугу саясий тиреш жетер чегине жетип, нааразылык күчөп кеткен жылдарга туш келген. 1916-жылдын көтөрүлүшү бир күндө же бир жылда эле чыга калган эмес. Нааразылык жылдап чогулган. Болбосо мыкты куралданган орус аскерлерине ким эле кылыч-найзасын көтөрүп каршы чыксын! Жамы журттун чыдамы түгөнүп, айласы куруп калган кезде гана тажаалданган калк окко каршы жылаңач барган. Сарманбет болуш абалдын кандай экендигин мыкты билген. Колониялык бийлик өкүлдөрү менен жакшы мамиледе болгонуна карабастан, капсалаң чакта калкын сактоо маанилүү экенин эсепке алып, элин Кытайга алып кеткен. Арттан куугун келгенче эртелеп көчүп, ошондон улам аларда киши чыгымы аз болгонун айылдаштары ушул кезге чейин айтып келатышат. Татаал жолдо сууга аккан балдар, аскадан учкан адамдар буларда деле болгон. Үркүн азабын түргөндүктөр деле тартышкан. Антсе да киши чыгымы аз болуп, эки жылдан кийин аман-эсен жерине кайтып келишкен.

Элдик-боштондук көтөрүлүш, орус падыша бийлиги кулатылып анын ордун баскан большевиктердин жүргүзгөн саясаты, «тап күрөшү» деген табышмактуу уруш канчалардын тагдырын мертинтип, канчаларды жок кылды?

Сарманбет Кыдырбай уулунун ата-бабалары башынан эл бийлеп, өз учурундагы татаал маселелерди чечип келген адамдардан болгон. Жаңы бийлик келгенде анын мурдагы кубат-күчү жок, чабылгандан калган эл менен Кытайга барып, ал жерден келгенден кийин мурдагыдай күтүрөтө мал айдабай, байлыгынан ажырап, тынч турмушту каалап калышкан. Бай менен кедейдин айырмасы жоголуп, кечээки бай бүгүн кедей, ал эми кедейи эл башкарчу актив, жаңы бийликтин ишенген адамы болуп чыга келген. Анын айылдаштар арасында бийик кадыр-барк күтүшүнө болуштугу, башкаруучулугу эмес, эки бөлмө үйүн мектеп кылып бергени, Караколдон татар молдолорду алып келип, мугалимдердин акысын төлөп балдарды окутканы себепкер болгон. А бирок анысына карабай, Сарманбет болуш жаңы бийлик тушунда «тап душманы» болуп калды. Ошон үчүн эки ирет камалып, 1938-жылы Каракол түрмөсүндө атылып кеткен.

Сарманбет Кыдырбай уулунун небереси, белгилүү жазуучу Айдарбек Сарманбетов чоң атасы тууралуу маалыматтарды чогултуп, жыйнап келатат. Аны билген адамдардын текши баарынын көзү өтүп кетти. А бирок урпактары эсинен чыгара элек.

«Биздин чоң атабыз Сармамбет Кыдырбай, орус маалымат булактарында Сарманбет Жүзбаев. Чон атасы Жүзбай экен. Ушу кырктарга чыгып калганда ага Кыдыр акенин жигиттери келип, чакырып жатканын айтышат. Кыдыр аке Кереге-Ташта, биз андан ылдый Кара-Чий деген айылда экенбиз. Барса тиги киши айтыптыр: «Сарманбет иним, заман оорлошуп келатат. Орус бийлиги ашып баратат. Орус уккан, өз эли тилин алган болуштукка кимди көрсөтөлү?» Чоң атабыз башка аттуу-баштуу улуу кишилерди айтканда, Кыдыр аке айтыптыр. «Сен жалакайлык кылбагын. Тойлордон, эл топтолгон жерлерден сени көрдүм. Сени ылайык көрүп токтодум. Мына, даяр болуп калды, шайлагыла!» - деп жигиттерине айткан экен.

Мен эс тартып калганда атам «Актал» деп бир кагазды көрсөткөн эле. Чоң атамдын кагаздары экен. 1912-жылы биринчи жолу болуш болгон экен. Илгери ушул Аксуудан Түргөнгө чейин бир болуштук болуп, ошого Кыдыр аке алты жолу катары менен болуш болуптур. Чоң атабыз орусча билген, бийликтегилерден теңтуш күткөн, ал тургай орустун гармонун мыкты ойногон, ырдаган киши экен.

Кийин Үркүн башталарда Кыдыр аке: «Кыргыздар аттын кашкасындай болсо, орустар аттын түгүндөй калк. Аларга каршы чыгып теңеле албайбыз. Алардын беш атар, замбиректери бар. Көп аскери бар. Эли көп, аны менен тил табышып, тынчтык жолу менен кеп келишип жашап калалы», - десе башка болуштар, көпчүлүгү укпай, «кубалап чыгабыз» деп көтөрүлүш чыгарып, кан төгүп жиберишкен экен.

Совет бийлигинин маалында эки ирет болуштукка шайланган экен, үч жылдан. «Жаңы заман келди» деп айылдагы эки бөлмө үйүн мектепке берип, «балдар окусун, билимдүүнүн заманы» деген экен. Кулакка тартарда мал-мүлкүн да өз эрки менен өткөрүп бериптир. «Бу заман болбой калды» дептир. Ошого карабай 1932-жылы биринчи ирет камалып отурбайбы. Ошо эл арасынан бирөөлөр «болуш болгон, бай-манаптын тукуму» деп каматкан экен. Ага эл болбой арызданып атып куткарып чыгыптыр. Анан кайра эле болбой дагы кат жазышып 1937-жылдын аягында каматышат. Анан 1938-жылы Караколдун түрмөсүндө атылып кеткен. Аны менен камерада чогуу жаткан болуштун старшинасы Молдогазы деген киши мага айтып берди эле. Караколдун тоосуна кышында жылаңайлак айдап барып, өзүнө каздыртып атышыптыр».

Пейили тар адамдардын арызы менен абакка түшүп, биринчисинен бошонуп, экинчисинен жок кылынышы ошол кездеги саясий жагдайдын кандай болгонун көрсөтүп турат. Мурдагы болушка коюлчу айып деле жок эле. Малы көп дейин десе колунда калган азыноолак мал-мүлкүн биринчилерден болуп ортолукка кошуп берген. Үркүн азабынан кийин жашоо-тирдиги башкалардан айырмаланбай, жөн-жай тиричиликке өткөн болчу. Ал кезде Аксуу-Түргөндүк элинин эсинен Сарманбет болуштун Кытайга качкан элди сактап калуудагы көрөгөчтүгү жадынан чыга элек болчу.

Имангазы атанын табышмактуу өлүмү

Тоо-ташты пааналап жашаган калктын орус колониялык бийлигине нааразылыгы кандуу кагылышка, аёосуз урушка, аягы кызыл кыргынга айланганы белгилүү. Ошентип чабылып-чачылып, биротоло жүүнү бошогон калктын үшүн 1930-жылдардын ортосунан тартып аябай күчөп кеткен репрессия алган. Репрессия Сарманбет болушту акыры алып тынды. Анын балдарынын улуусу Имангазы 41 жашында киши колдуу болуп кетти. Болуштун баласы, тап душманынын тукуму бала кезинде кандай кысым-басымдарга туш келгенин айтып отурса узун сөз. Тек Имангазы ата кыска мөөнөттүк курсту аяктап, бухгалтер болуп иштеп жүргөндө табышмактуу өлүмгө туш келген. Ал киши баласы Айдарбекке атасы тууралуу билгенин айтып берип, аны кичинесинен Кыдыр аке менен Сарманбет болуштун таржымалына кызыктырып койгон экен. Кийин жазуучу Айдарбек Сарманбетов Карга аке тууралуу кызыктуу китеп жазып, ушу тапта чоң атасы, ага жол көрсөткөн Кыдыр аке тууралуу китеп жазууда. Кыргыз тарыхынын мындан бир кылым илгерки карама-каршылыктуу тарыхы аз-аздан унутулуп, элдин эсинен чыгып баратат. «Кызыл кыргын», «опсуз канабайрам» катары тарыхка кирген 1937-1938-жылдары атылып кеткендерди эскерүү, репрессия курмандыктарын эстей жүрүү тирүүлөр үчүн керек.

Окумуштуулардын маалыматы боюнча, мурдагы совет өлкөсүндө 1200дөн ашуун эстелик коюлган. Алардын эң көбү Орусияда – 714, андан кийинки арбын эстеликтер Латвияда – 219, Украинада 181, Казакстанда 30 эстелик коюлган. Кыргызстанда азырынча жалгыз «Ата-Бейиттен» башка эстелик деле жок. Каракол шаарында Улуу Ата Мекендик согуштан кайтпай калган кайрандардын «Жеңиш» аянтында «Үркүн» мемориалдык комплекси коюлган. Анын катарында репрессия курмандыктарынын эстелиги турса жаман болбос эле. Репрессияда өзгөчө Көл кылаасынан чыккан мыктылардын көбү жок кылынган. Сарманбет болуш өзү түптөгөн Аксуу айылында эстелиги коюлуп, кандуу калабанын курмандыгы болуп кеткен азаматтын музейи ачылып, репрессияда жок кылынган ошол аймактын азаматтары эскерилип, тарыхка калыс баа берилип, адилет сөз айтылса жакшы эле болмок.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Пикирлерди көрүңүз (3)

XS
SM
MD
LG