Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:53

Пакистандын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет


Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар
Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар

19-майда Пакистандын тышкы иштер министри Исхак Дар жана Кашмир маселелери боюнча министр Амир Мукам Кыргызстанга келет. Бул тууралуу пакистандык медиа каражаттары кабарлады. Маалыматка караганда, аларды жиберүү чечимин өкмөт башчы Шехбаз Шариф Кыргызстандагы кырдаалга байкоо салгандан кийин кабыл алды.

“Кырдаал канааттандырарлык экенине карабастан, пакистандык студенттерге зарыл жардам көрсөтүү үчүн делегация жиберүү чечими кабыл алынды”, - деп жазылат билдирүүдө.

Маалым болгондой, Исхак Дар Бишкекте Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, жабыркаган пакистандык студенттерге тийиштүү медициналык жардам көрсөтүү маселесин караштырат. Ошондой эле пакистандык студенттерди репатриациялоо жолдорун талкуулашы мүмкүн.

Өкмөт башчы Шехбаз Шариф 18-майдагы билдирүүсүндө “Пакистан өз уул-кыздарын оор учурда жалгыз калтырбай турганын” билдирип, мекенине кайтууну көздөгөндөрдү өкмөттүн эсебинен алып келүүнү тапшырган.

Ушул эле кечинде Бишкектен 180 пакистандыкты салган атайын учак Лахор шаарына конду. Алардын ичинде 140 студент, калганы Кыргызстанда жашап, иштеп жүргөн пакистандыктар. Аларды Пакистандын ички иштер министри Мохсин Накви тосуп алды.

18-майга караган түнү Бишкекте болгон окуяда жалпысынан 29 киши жабыркаганын кыргыз өкмөтү билдирди. Маалыматка караганда, кайрылгандардын көбү ооруканага жаткан эмес, азыр үч чет элдик дарыланууда. Пакистандын элчилиги 14 жараны жабыркаганын ырастады.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, үч адам ооруканага жаткырылды. Жаагынан жараат алган пакистандык жаранга операция жасалары айтылды.

17-майда интернетте "чет элдиктер аралашкан" деген бир нече адамдын мушташы тартылган видео тараган. Социалдык тармактын колдонуучулары сабалгандар Кыргызстандын жарандары экенин жазышты. Мындан кийин Бишкектин көчөлөрүндө ондогон киши топтолуп, башаламандыктар менен коштолгон.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкектеги тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин чоо-жайы тууралуу расмий маалымат тараткан. Мекеме түнкүсүн калаада чогулгандар 700гө чейин жеткенин, таңга жуук тарап кетишкенин билдирген.

Бишкек шаардык милициясы Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандык) жана 330-беренеси (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу) менен иш козголуп, иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Төрт чет элдик жаран кармалганы маалымдалды. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган жергиликтүү төрт тургун экөө аныкталды. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG