Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:59

Ошто Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен аялдын сөөгү табылды


Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы жаан-чачындан улам ылайланган маалы. Архивдик сүрөт.
Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясы жаан-чачындан улам ылайланган маалы. Архивдик сүрөт.

18-май күнү Ош шаарындагы Ак-Буура дарыясында киши агып баратканы тууралуу маалымат түшүп, куткаруучулар 35-40 жаштардагы аялдын сөөгүн алып чыгышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кабарлады.

Окуя болгон жерде төрт куткаруучу иштеген. Азиат улутундагы аял кишинин сөөгү иликтөө үчүн Ички иштер министрлигинин жергиликтүү бөлүмдөрүнө өткөрүлүп берилди.

18-майда катуу жааган жаан-чачындын кесепетинен Ош шаарында сел жүрүп, жолдорду жана үйлөрдүн жертөлөсүн каптады. Окуя болгон жерге ӨКМдин Ош шаардык башкармалыгынын куткаруучулары тартылды.

Мындан сырткары ушул эле күнү Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу, Өзгөн, Кара-Кулжа райондорунун айрым жерлеринде сел жүрдү. Ош-Папан-Кожо-Келең жолунда, Садырбай-Каратай жолунда жана Мырзаке-Кара-Шоро ички чарбалык унаа жолунда сел жүрүп, кум, шагылга толтуруп салды. Алар кайра тазаланды.

Кыргызстанда сел коркунучу июнь айынын ортосуна чейин сактала турганын өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев 15-майда Жогорку Кеңеште өлкө аймагында болуп жаткан табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар жөнүндө маалымат берип жатып билдирген.

Министр алдыңкы күндөрү дагы бир аптадай жаан-чачындуу аба ырайы болорун эскерткен(ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG