Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:12

Грузиянын президенти “чет элдик агент” тууралуу мыйзамга вето койду


Саломе Зурабишвили
Саломе Зурабишвили

Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили парламент кабыл алган “чет элдик агент” тууралуу мыйзамга вето койгонун билдирди. Анын айтымында бул документ Конституцияга жана Европа стандарттарына карама-каршы келерин, Орусиядан көчүрүлгөндүктөн, артка кайтарылышы керектигин белгиледи.

Башкаруучу "Грузин кыялы" партиясы жана парламенттеги ага өнөктөш фракциялардын депутаттары президенттин ветосун жеңип өтүүгө добушу жетиштүү экенин билдиришкен.

АКШ, Европа Биримдиги жана эл аралык укук коргоо уюмдары "чет элдик өкүл" мыйзамын Орусия президенти Владимир Путин эркин ойлонгон жарандарды жана көз каранды эмес институттарды басуу үчүн колдонуп жатат деп сындап, айыптаган. Дал ушул мыйзамдын көчүрмөсү делген долбоор Грузияда 14-майда парламентте көпчүлүк добуш менен кабыл алынган.

Мыйзам парламентте 84 "макул" жана 30 "каршы" добуш менен кабыл алынгандан кийин полиция коопсуздук чараларын күчөтүп, бир нече аптадан бери митинг уюштуруп келе жаткан демонстранттарды топтолуп турган жеринен сүрүп чыгарган.

Грузин парламентиндеги 150 орундун 84үн кремлчил олигарх Бидзина Иванишвили негиздеген "Грузин кыялы" партиясынын өкүлдөрү ээлеп турушат. Былтыр декабрда Тбилисиде Европаны жактаган он миңдеген адам жүрүшкө чыкканда ага аталган партия катышкан эмес. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG