Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:55

ИИМ Бишкектеги тополоңдун себептерин атады


18-майга караган түнү Бишкекте чогулган адамдар. Бишкек, Кыргызстан.
18-майга караган түнү Бишкекте чогулган адамдар. Бишкек, Кыргызстан.

Кыргызстандын Ички иштер министрлиги (ИИМ) 18-майга караган түнү Бишкекте катталган тополоңдун жана анын чыгышына себеп болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, иштин деталдары тууралуу расмий маалымат таратты. Билдирүү мекеменин сайтына жана социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланды.

Анда айтылгандай, 13-майга караган түнү, саат 02.00дө Бишкек шаарынын Чыгыш-5 кичирайонунда жайгашкан пиццериянын жанында азият түспөлүндөгү белгисиз адамдар тобу чет элдик студенттерге тийишип, тамеки сурап, коркута баштаган. Бирөөсү кол көтөргөндө чет өлкөлүк жарандар качып кеткен.

Чет элдиктер андан ары Атай Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатаканага жетүүгө үлгүрүшкөн. Белгисиз адамдардын тобу аларды артынан кубалап, жатаканага кирип, ал жакта жашаган чет элдик жарандарга күч колдонуп, акчасын жана буюмдарын тартып алышкан.

Имаратка кирген адамдар бөлмөлөрдүн эшиктерин тээп, кыздар жашаган бөлмөлөргө киргенде жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, ортодо мушташ чыккан. Мушташ жатакананын короосунда болуп, келгендер бир шеригин таштап качып кеткен. Таяк жеген жергиликтүү жаран тез жардам менен ооруканага жеткирилип, ооруканага келгенде аты-жөнүн башкача атап, окуянын жагдайлары боюнча түшүндүрмө берген эмес. Ал керектүү медициналык жардамды алып, ооруканадан кетип калган жана милицияга арыз жазган эмес.

“2024-жылдын 17-майында Инстаграм тиркемесинин “Ньюс Кейжи” баракчасында, Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда жапырт уруш болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген. 13-май күнү болгон окуяларга нааразы жаштар 17-май күнү кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине жыйнала баштап, чогулгандардын саны 500дөн 700гө чейин жеткен. Чогулгандар укук коргоо органдарынан жатакананын короосундагы мушташуу фактысы боюнча күнөөлүү адамдарга чара көрүүнү талап кылышкан. Милиция кызматкерлери жеринде түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн соң чогулгандар тарап кетишкен”, – деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Жатаканадагы мушташка байланыштуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон. Анын алкагында төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Чет элдиктерди тоноо фактысы боюнча үч адам арыз менен кайрылган. Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталды. Алар Чүй облусунун Кемин районунун тургундары экени такталган. Милиция жогорудагы эки адамдын турган жерин жана башка адамдардын тек-жайын аныктоо боюнча иштерди алып барууда.

Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, 18-майга караган түнү борбордо катталган окуяларда 29 адам жараат алды. 15 адам Бишкек шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн. (ErN)

XS
SM
MD
LG