Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:17

Садыр Жапаров Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери менен жолукту


Лю Гочжун менен Садыр Жапаров. 18-май, 2024-жыл.
Лю Гочжун менен Садыр Жапаров. 18-май, 2024-жыл.

Президент Садыр Жапаров 18-майда Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжунду кабыл алды. Бул тууралуу маалымат президенттин сайтына чыкты.

Жолугушууда соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, инвестициялык тармактарда өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланды. Мындан сырткары кыргыз-кытай чек арасында кошумча өткөрүү пункттарын ачуу, авиакаттамдарды жакшыртуу жана биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Президент Садыр Жапаров азыркы учурда Кыргызстандын Кытай менен мамилелери өз ара пайдалуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү боюнча активдүү динамика менен мүнөздөлөрүн белгиледи. Мамлекет башчы Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты.

Жапаров Бишкек Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин "Бир алкак – бир жол" демилгесин биринчилерден болуп колдогонун, аны жүзөгө ашыруу Кыргызстандын аймагында биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн негизги булак жана импульс катары каралып жатканын эске салды. Ал “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушу “эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык өз ара аракеттешүүнү сапаттык жаңы деңгээлге көтөрө турган эң ири транспорттук долбоор болуп калышы керектигин” белгиледи.

Өз кезегинде Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун жылуу кабыл алгандыгы үчүн Жапаровго ыраазычылык билдирди. Ал белгилегендей, өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы соода көлөмү дээрлик 20 миллиард долларды түзүп, тарыхый көрсөткүчкө жеткен. Мамлекеттик кеңештин вице-премьери “мындан ары да Кытай ири кытай ишканаларын Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга үндөй турганын” билдирди.

Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Лю Гочжун Кыргызстанга 17-майда келди. 18-майда ал Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен да жолугушту. Лю Гочжундун сапарынын алкагында көзөмөл-өткөрүү жайлары, соода жүгүртүү, транспорт, курулуш, тоо-кен, билим берүү тармактарындагы маселелер боюнча кеңири сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, маданий программалар уюштурулары маалымдалган.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 2023-жылдын май айында Бээжинге барып, "Кытай – Борбор Азия" саммитинин алкагында Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзинпин менен Кытайдын өкмөт башчысы Ли Цян менен кездешкен. Кийин, октябрда Ли Цян Бишкекке расмий сапар менен келип кеткен. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG