Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

Кытай - Борбор Азия: 50 млрд. доллардын канчасы Бишкекке тийди?


Алты өлкөнүн лидерлери "Кытай – Борбор Азия" саммитинде. Сиань, Кытай. 19-май, 2023-жыл.
Алты өлкөнүн лидерлери "Кытай – Борбор Азия" саммитинде. Сиань, Кытай. 19-май, 2023-жыл.

Ошентип, биринчи жолу жүзмө-жүз форматта өткөн "Кытай – Борбор Азия" саммити аяктап, конокко барган беш президент үйүнө кайтты. Алардын администрациялары Бээжинден алган жардамды жана инвестицияны санап бүтө албай убара.

Бээжин жыйын алкагында чөлкөмдөгү мамлекеттердин өкүлдөрү менен жалпы көлөмү 50 миллиард долларлык келишим түздү. Анын көбү Казакстан менен Өзбекстанга туура келет, азыраак бөлүгү Тажикстанга, Түркмөнстанга жана Кыргызстанга тиешелүү.

Насыя, грант жана инвестиция

“Той болот, тойдун эртеси да болот” демекчи, Сианда өткөн саммиттин жыйынтыктары бир нече күндөн бери талданууда.

19-майда Кытайдын мамлекет башчысы Си Цзинпин Бээжин Борбор Азияга жалпысынан 26 миллиард юань же 4 миллиард долларга жакын каржылык колдоо жана кайтарымсыз насыя бере турганын билдирди.

Аталган чөлкөмдөгү беш өлкөнүн президенттеринин администрациялары да алгач ушул жардам тууралуу кеп кылып, маалымат таратып турду. Андан бери түз инвестициялар жана башка каржылар тууралуу тынымсыз жарыялап жатат.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сайтында кабарлангандай, анын Кытайга сапарынын алкагында 25 миллиард доллардан ашуун сумманы камтыган 41 документке кол коюлду.

Анын ичинде гидроэлектр станцияларды, көмөк чордондорду, темир жолдорду куруу, электромобил заводдорун салуу жана башка өндүрүштүк, соода багыттарындагы инвестициялык долбоорлор бар.


Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев анын сапары маалында жалпы суммасы 22 миллиард долларлык 23 макулдашууга кол коюлганын маалымдады. Мунун ичинде мунай, авто жана башка заводдорду куруу сыяктуу документтер кирген.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун сайтында Кытай менен 25 документке кол коюлганы баяндалат. Анда каражат тууралуу Цзинпин жалпы Борбор Азияга бөлгөн 4 миллиард доллар жөнүндө гана кеп болот. Башка медиалардагы кабарлардан белгилүү болгондой, Бээжин көзөмөлдөгөн Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы Тажикстанда ГЭС курууга 500 миллион доллар карыз бере турганы көрсөтүлөт.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов баштаган аткаминерлер тобу Бээжинде 23 документке кол койгон. Бирок эки тарапта тең түз инвестициялар тууралуу кеп болгон жок. Эки өлкөнүн лидерлери Түркмөнстандан Кытайга тартылып жаткан газ куурун салууну улантууну сөз кылышты.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Кытайга болгон сапарынын алкагында 26 документке кол коюлду. Алгач Кытай тарап Кыргызстанга 300 миллион юань же 43 миллион долларлык грант бере турганы маалымдалды. Кийин президенттик администрация кенен билдирүү таратып, коюлган келишимдер жалпы 1 миллиард долларлык сумманы камтый турганын кабарлады.

Президенттик администрациянын Фейсбуктагы баракчасындагы видеодо тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев буларды билдирди:

Жээнбек Кулубаев
Жээнбек Кулубаев

“Эки мамлекет ортосунда, эки лидердин деңгээлинде атайын документке – эки тараптуу саясий декларацияга кол коюлду. Бул бардык багыттарды камтыган, ымалабыз стратегиялык өнөктөштүк деңгээлге жеттик дегенди түшүндүргөн декларация. Муну отуз бир жылдан берки эки мамлекеттин ортосундагы саясий байланыштын жана бири-бирине ишеничтин өнүгүшү катары кабыл алуу керек. Бул кадам менен эми соода-сатык, маданий жана башка башка багыттагы карым-катнаштарыбызды өнүктүрүүгө жол ачылып жатат. Андан тышкары кабыл алынган 20дан ашык документке кол коюлду. Анын ичинде инвестициялык долбоорлор да бар”.

Инвестициялык долбоор демекчи, China Power International Development Limited компаниясы менен Ысык-Көл облусунда 1000 мегаваттык күн электр станциясын куруу жөнүндө инвестициялык макулдашуу — 800 млн. евро деп бааланды.

Башка документтерге ылайык, Кытайдын “Хэбэй Бай Доу Цзя” ишканасы Кыргызстанда 260 млн. долларга жер семирткич чыгаруучу завод курганы жатат. Universal Energy Co. Ltd компаниясы энергетикалык долбоорлорго 100 млн. доллар инвестиция салууну мерчемдөөдө.

Shaanxi Tianhan Shengdian Film Company Ltd. “Жибек жолунун алыскы шамалы” деп аталган биргелешкен сериалын тартууга 38 млн. доллар саларын пландаса, Beijing Zhongyi Boyue Culture Media Co. “Бишкек сүйүүсү” сериалына 25 млн. доллар жумшайт экен.

Булардан сырткары Кытайга электр энергиясын экспорттоо, Кыргызстанда таштандыларды өрттөөчү завод куруу, оор жүк ташуучу жана атайын багыттагы автоунааларды өндүрүү боюнча чогултуучу завод түзүү, жер семирткичтерди чыгаруучу завод салуу жана башка багыттар боюнча пландар бар.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев президент Садыр Жапаровдун Кытайга жасаган мамлекеттик сапарынын жыйынтыктары боюнча "Биринчи радиого" курган маегинде мына буларга токтолду:

Данияр Амангелдиев
Данияр Амангелдиев

“Бул жана башка келишимдерден сырткары "Эркечтам" жана "Торугарт" багыттарындагы жолду оңдоп, өткөрүү пункттарынын мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча келишимдерге жетиштик. Алардын иштөө мүмкүнчүлүгүн 24/7 ыкмасына жеткирүүнү пландап жатабыз. Башкача айтканда, пункттар күнү-түнү, эс алуусуз иштейт. Биз тараптан президент буга Кыргызстандын даярдыгын айтты, Кытай Эл Республикасынын лидери да ага макулдук берди. Муну модернизациялоого коңшу өлкө инвестиция салууга даяр экенин билдирди. Менимче биз жакын арада аларды кеңейтүү менен эки өлкө ортосундагы жүк ташуу агымын көбөйтө алабыз. Мындан сырткары Ысык-Көлдөгү Бедел ашуусу аркылуу үчүнчү – жаңы өткөрүү пунктун ачуу боюнча сүйлөшүү болду. Бул дагы товар айлантууну көбөйтүү үчүн чоң импульс берет деп ойлойбуз. Буларга кошумча авиакаттамдарды көбөйтүү максаты да коюлду. Учурдагы Үрүмчү-Бишкек, Сиань-Бишкек аба байланышынан сырткары Бээжин-Бишкек каттамы ачылышы ыктымал”.

Амангелдиевдин айтымында, бүгүнкү күнгө карата Кытай менен соода алаканын көлөмү 4,5 млрд. долларды түздү. Анын сөзүнө караганда, Кытай азырынча соода-экономикалык жактан Кыргызстандын негизги өнөктөшү. Ал эми Кытай тараптын расмий маалыматында 2022-жылы эки өлкөнүн соода алакасынын көлөмү 15,5 млрд. долларга жетти. Бул мурдагы жылга салыштырмалуу 2,7 эсеге өстү дегенди түшүндүрөт.

Долбоор жана масштаб

Президент Садыр Жапаров Кытайга 17-майда барган. Анын мамлекеттик сапары 18-20-майда болду. Сапардын алкагында ал Сианда “Кытай – Борбор Азия” саммитине катышып, мамлекеттик жетекчилер, бизнес өкүлдөрү менен жолукту. Чөлкөмдөгү калган төрт өлкөнүн лидерлери деле саммитке катышкандан сырткары ири инвесторлор менен кездешти.

Экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров бул жолугушуулардын жыйынтыгын мындайча баалады:

Гурас Жапаро
Гурас Жапаро

“Кытай мамлекети биздин эң чоң кошунабыз. 1990-жылдары жаңы эгемендик алгандан бери Кытай менен тыгыз байланышып иштеп келатабыз. Биздин чоң компаниялар да ушул коңшу менен көп иштешет. Кытай тараптан бизге түз инвестиция көп келет. Кытайларда “байыгың келсе, жол сал” деген сөз бар. Ошол принциптен алып, Кытай бизге жол курууда, кошумча өткөрүү бекеттерин ачууда жардам бергени турат. “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу бизге чоң стратегиялык пайда алып келчү долбоор. Бизге эле эмес, бүтүндөй Борбор Азия үчүн стратегиялык мааниге ээ. Ага башка өлкөлөр каршы чыгып келатканын да билебиз, бирок биз ага карабай алдыга жыла беришибиз керек”.

Айткандай эле, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө "лидерлер “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл буруп, аны ишке ашырууну тездетүүнү баса белгилешкени" кабарланды.

Жапаров саммиттеги сөзүндө, долбоорду ишке ашыруу аймакты транспорттук туңгуюктан алып чыгып, 4 миллиардга жакын адамды бириктирип, Азиядан Түркия аркылуу Европага, Жакынкы Чыгышка, Иран аймактарына, Перс булуңундагы өлкөлөргө жана Түндүк Африкага жүк ташуу географиясын кеңейте турганын билдирди.

Былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Андан кийин президент Садыр Жапаров менен жолуккан маалда Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин вице-премьери Ху Чунхуа темир жолго байланыштуу талаа иштери аяктаганын, техникалык-экономикалык негиздеме даяр болгон маалда Кыргызстан менен Өзбекстанга берилерин тактаган.

Ушул күндөрү Бишкекте долбоорунун курулушун тескей турган кеңсе ачылганы белгилүү болду, бирок курулуш качан башталары так эмес.


Макулдашууларга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш. 300-500 чакырымга созулган темир жолдун наркы болжол менен 5-6 млрд. долларга бааланган. Азырынча эч бир тарап мындай ири көлөмдөгү каражатты чыгарууга даяр экенин билдире элек.

Иш жүзүндө бул келерки жылдары Кыргызстан Кытайдан алчу эң чоң долбоор болуп калчудай. Калгандары жогоруда айтылгандай, майдараак иштер.

Талдоочу Эдил Марлис уулу “Кыргызстандын бийлик өкүлдөрү Борбор Азиянын башка өлкөлөрүнө салыштырмалуу Кытайга даярдыксыз барды” деп эсептейт.

Эдил Марлис уулу
Эдил Марлис уулу

“Кошуналырыбыз бизге караганда жакшы даярданып барыптыр. Айталы Казакстанга бөлүнө турган 22 миллиард доллар беш жыл ичинде бөлүнөбү же он жыл ичинде бөлүнөбү, так айтылган жок. Бирок башкысы ошончо инвестиция келери айтылды. Ал карыз эмес, Кытайдын банкы, ишкерлери буга катышып, акчасын салат. Өзбекстанга 25 миллиардга кол коюлду. Аларга да ГЭС, заводдор, андан башка нерселер да болуп жатат. Аларда чындап өнүгүү планы бар экен, биз мына ушундан көрүп жатабыз. Тажикстан болсо так бир долбоорго – Рогун ГЭСине инвестиция тартып жатат. Кыргызстандыкын 1 млрд. доллар дешти, анын ичинде негизги сумма күн энергиясы боюнча долбоор экен. Ал дагы жеке менчик компания болуп жатат. 40 миллион доллардан ашык грантты белек катары алыптырбыз. Аны да Экономика министрлиги кайсы жакка иштете турганын так айта элек. Биздикилер да жакшы даярданып, “беш-он жылда мындай өнүгүшүбүз керек, мындай пландарыбыз, долбоорлорубуз бар” десе болмок. Эгер ошондой план болсо, ошого жараша долбоорлор папкаларда даяр турушу керек болчу. Мамлекеттик сапар дегенден кийин ага кокустан эле бара калган жокпуз да, бир-эки жыл даярдансак керек, акыры. Казакстан менен Өзбекстан мындай жумушту ошо бир-эки жылдан бери Кытай тарап менен чогуу алып барган сыяктуу. Биздин бийликтин аракеттеринин чабалдыгын ошо долбоорлордун жоктугунан көрүп жатпайбызбы?!”.

Ушул күндөрү интернетте, анын ичинде социалдык тармактарда аталган өңүттө талаш-тартыш чыккан. Айрымдар Казакстан менен Өзбекстан Кытайдан алган ири суммаларды атап, Кыргызстан болсо аз эле жардам алып калганын жазып жатат.

Кыргызстандын президенттик администрациясына жакын журналисттер болсо “жогорудагы эки өлкө кеп болгон суммаларды карызга алып жатканын белгилеп, Кыргызстан грант алганы үчүн азыраак каражат алып калганын” келтиришти. 1 млрд. долларлык инвестиция тууралуу маалымат да ошондон кийин чыкты.

Арийне, негизи эле Кытай Кыргызстанга түз инвестиция салууда башкы орундарда турат. Коңшу өлкөнүн инвесторлору айрым жылдары Ала-Тоого жарым миллиард доллардай тикелей салым кылган учурлар болгон. 2022-жылы Кыргызстанга 1 млрд. доллардай түз инвестиция келсе, анын 274,9 миллион доллары Кытайга туура келет.

Борбор Азия жана таасир талаш

СССР тарагандан эгемендик алган Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан жалпы жонунан көз карандысыз болгону менен Орусия экономикалык жактан да, саясий жактан да байланып турат. Ошол себептүү ар кайсы интеграциялык уюмдардын ичинде алар Москва менен жакындыгын көрсөтүүгө аргасыз.

Соңку жылдары Орусия бул чөлкөмдөгү мамлекеттерди өз-өзүнчө эмес, чогуу карай баштаган. 2022-жылдын октябрында "Борбор Азия – Орусия" отуруму өткөн. Анда Орусиянын президенти Владимир Путин аталган аймактагы беш мамлекеттин лидери менен жолуккан.

Кызыгы, ушуга удаа эле аталган форматка окшош – "Борбор Азия – Европа Биримдиги" жана "Борбор Азия – АКШ" аттуу жыйындар ар кайсы деңгээлде уюштурулду.

Адистердин баамында, муну менен Кытай адатта Орусиянын таасиринде турган аймактын лидерлигин өзүнө алгандай болду. Саммитте президенттердин бири дагы Шинжаңдагы мусулмандардын маселесин көтөргөн жок. Бээжин да “Кытай – Борбор Азия” форматтагы жыйынды былтыр онлайн уюштурган. Кытайдын лидери бул ирет биринчи жолу жүзмө-жүз саммит өткөрдү.

Мына ушул жагдайлардан улам эл аралык жана жергиликтүү медиаларда “Борбор Азия үчүн таасир талаш жүрүп жатат” деген жоромолдор байма-бай жазылып, айтыла баштады.

Сингапурдагы Раджаратнам эл аралык изилдөөлөр мектебинин (RSIS) улук илимий кызматкери жана Лондондогу Коргоо жана коопсуздук боюнча Королдук изилдөө институтунун (RUSI) улук илимий кызматкери Рафаэлло Пантуччи “Азаттыкка” курган маегинде, Борбор Азия Москва үчүн канчалык маанилүү болсо, Бээжин үчүн ошончолук маанилүү экенин белгиледи. Бирок ал чөлкөмдө Орусиянын деле, Кытайдын деле таасири сакталып кала берерин кошумчалады:

Раффаэлло Пантуччи.
Раффаэлло Пантуччи.

“Москванын чөлкөмдү тескөө мүмкүнчүлүгү дагы эле бар экени анык. Орусия менен сооданын көрсөткүчтөрүн карасаңыз, алар жыл сайын өсүп жатат. Мунун айрымдары санкциялардан качууга байланыштуу болушу мүмкүн. Бирок кандайдыр бир деңгээлде бекем экономикалык байланыш бар экени чын. Мисалы, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга акча которуулардын агымы жылдан-жылга өсүп бараткандай. Эмгек мигранттарынын саны улам өсүүдө. Орусиянын таасири дагы эле күчтүү. Менимче, Орусия Кытайдын чөлкөмдөгү таасири күчөрүн эчак эле түшүнгөн жана буга салыштырмалуу тынч көз карашта. Москваны капа кылып, кыжырданта турган кээ бир нерселер, ар кандай көйгөйлөр бар. Бирок эки тараптын бири дагы Борбор Азиядагы кырдаалдын курчушун каалабайт жана Кытай менен Орусия үчүн биргелешип Батышка каршы туруу болуп эсептелген кеңири геостратегиялык өнөктөштүккө доо кетиргиси келбей турганы ачык эле көрүнүп турат. Бул мааниде алар Борбор Азия үчүн чырдашууга кызыкдар эмес”.

Ооба, Борбор Азиядагы таасир талаш маселе өзгөчө Орусия Украинада согуш башталгандан кийин актуалдашканы чын. Себеби, Москва Батыштын санкцияларына кабылганы үчүн чөлкөмдөгү беш мамлекет андан башка да альтернатива издей баштаган.

Башка маселе, Борбор Азиядагы беш мамлекет өздөрү да толук ынтымакка келип, “бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара элек”. Кыргызстан менен Тажикстан акыркы жылдары эле ири чек ара жаңжалдарынан башынан кечирсе, мурдатан нейтралдуу саясат жүргүзгөн Түркмөнстан дале бул топто да салкын аралашып жатат. Казакстан менен Өзбекстан ортосунда чөлкөмдөгү лидерлик үчүн билинип-билинбеген атаандаштык бар.

Талдоочу Эдил Марлис уулу “Азаттыкка” берген интервьюсунда мына ушул маселелерге да кайрылды:

“Дүйнө чыгыш-батыш болуп бөлүнүп, өзгөрүп жаткан учурда турабыз. Ал дүйнөнүн ар бири Орто Азияны өзүнө тартканга тырышып жатат. Борбор Азия деген термин географиялык жактан кенен алкак, мен Орто Азиядагы төрт өлкөнү жана Казакстанды өзүнчө айтып жатам. Кытай, Орусия, Европа Биримдиги, АКШ дагы дагы ошого кызыгып жатат. Алардын өкүлдөрү биздин өлкөлөрдүн лидерлери менен улам жолугуп, улам ар кайсы форматта жыйын өткөрүп жатканы ошондон. 9-майда Орусия беш мамлекеттин лидерлерин чогуу чакырса, Кытай дагы беш лидерди атайын чогуу чакырды. Алар бизди өз-өзүнчө эмес, бизди чогуу карап жатат. Биздин утушубуз ушул. Чолпон-Атада биздин лидерлер чогулуп, биригүүгө аракет жасашкан. Мунун өзү да биз бир күч экенин түшүнүп баштаганын билдирет. Эгер беш өлкө чындап бириксе, саясий жана экономикалык таламдарын талашып, эл аралык саясий оюндарга өз кызыкчылыктарын сүрөмөк. Бирок биз буга өз алдынча регион катары буга бир аз даяр болбой турабыз. Анткени ички талаш-тартыштар бүтө элек. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара жаңжалдары токтогонуна аз эле убакыт болду, Кыргызстан менен Тажикстан ортосундагы чатактарга алигиче чекит коюлбай жатат”.

Падышалык Орусия учурунда жана СССР мезгилинде Орто Азия деген географиялык чөлкөм катары Кыргызстандын, Өзбекстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын аймактары аталчу. Постсоветтик доордо саясий терминологияда бул төрт өлкөгө Казакстан кошулуп, Борбор Азия деп карала баштаган.

Ошол эле маалда географиялык илимде Борбор Азия чөлкөмүнө бул беш өлкөдөн сырткары Орусиянын Алтай аймагы, Монголия, Кытайдын батыш аймагы, Тибет, Ооганстан, Индиянын, Ирандын жана Пакистандын бир бөлүктөрү кошулуп эсептелет.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG