Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:23

“Кытай-Борбор Азия” саммити. Таасир талаш талаасы


Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин Сиань шаарында жолукту. 2023-жылдын 18-майы.
Садыр Жапаров менен Си Цзиньпин Сиань шаарында жолукту. 2023-жылдын 18-майы.

Кытайдын Сиань шаарында "Кытай - Борбор Азия" саммити өтөт. Ага Борбор Азиядагы беш мамлекеттин президенттери жана Кытайдын лидери катышмакчы. Дүйнө саясатындагы бул маанилүү окуяга көпчүлүктүн көңүлү бурулуп турган чак.

Борбор Азияга АКШ, Орусия жана Кытай дайыма өз таасирин арттырууга кызыгып келген. Бул саммит бир эсе Орусия Украинага кол салган маалга да туш келип тургандыктан маанилүү экени айтылууда.

Жапаров менен Си Цзинпиндин жолугушуусу

18-майда Кытайга мамлекеттик сапарынын алкагында Сиань шаарында президент Садыр Жапаров төрага Си Цзинпин менен жолукту.

Мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлагандай, Си Цзинпин чакырууну кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, Садыр Жапаровдун Кытайга болгон мамлекеттик сапары эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин тастыктай турганын белгилеген. Ошондой эле ал "ишке ашырылып жаткан долбоорлор кытай-кыргыз өз ара байланыштарынын бүтүндөй комплексине кубаттуу импульс берет деген ишенимин" билдирди.

Төрага “Кытай – Борбор Азия” саммити мамиленин "маанилүү этабы болуп каларына жана аны менен кызматташтыктын жаңы доору ачыларына басым жасаган". Ошондой эле айыл чарба, транспорт, билим берүү, көзөмөл-өткөрүү пункттарын модернизациялоо, глобалдык жана аймактык коопсуздук жаатында кызматташууга даяр экенин айткан.

Өз кезегинде Садыр Жапаров "кыргыз-кытай мамилелери эң жогорку деңгээлде экенин канааттануу менен белгилеп", "эки мамлекет ортосунда эч кандай саясий пикир келишпестиктер, чечилбеген маселелер жоктугун" айткан.

"Саясий өз ара ишенимдин жогорку деңгээли өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана өркүндөтүүгө эң сонун мүмкүнчүлүк берет", - деп белгилеген Жапаров.

"Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин зор канааттануу менен баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.

Садыр Жапаров Кытайдын лидери Си Цзинпинди мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга келип-кетүүгө чакырган.

Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө "лидерлер “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбооруна өзгөчө көңүл буруп, аны ишке ашырууну тездетүүнү баса белгилешкени" кабарланды.

Кыргызстандын улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кытайдан ташылган товарлардын импорту быйыл биринчи кварталда 35,8 пайызга өсүп, кошумча 253 млн. долларга көбөйгөн.

Ишенимдин чокусу - визасыз режимдер

"Кытай менен Борбор Азия мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтык башка үчүнчү тарапка каршы багытталган эмес", - деп билдирди шейшембиде Кытай Эл Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Чыгыш Европа жана Борбор Азия департаментинин директорунун орун басары Юй Цзюнь.

"Синхуа" маалымат агенттигинин жазганына караганда, Юй Цзюнь “Кытай чөлкөмдүн туруктуулугуна, өнүгүшүнө жана жалпы гүлдөп-өнүгүшүнө өбөлгө түзүүчү бардык чараларды колдоого даяр”, - деп кошумчалады.

Кытай Борбор Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен “Кытай-Борбор Азия” механизмин мындан ары бекемдөө үстүндө иштешүүгө даяр экенин билдирүүдө.

18-19-майда Сианда өтө турган "Кытай - Борбор Азия" саммитине Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышууда.

Кечээ, 17-майда президент Садыр Жапаров саммитке катышуу максатында мамлекеттик сапар менен Кытайга барган. Ал Си Цзинпинден тышкары Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян баштаган расмий өкүлдөр жана ишкерлер менен жолугушуусу пландалган.

Кыргызстан делегациясынын курамында министрлер, чиновниктер, Бишкек, Ош шаарларынын мэрлери жана Кыргызстандын Кытайдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Актилек Мусаева бар.

17-майда мамлекеттик сапар менен Кытайга келген президент Садыр Жапаровдун учагы Сиань шаарындагы “Сяньян” эл аралык аэропортуна конду
17-майда мамлекеттик сапар менен Кытайга келген президент Садыр Жапаровдун учагы Сиань шаарындагы “Сяньян” эл аралык аэропортуна конду

Кытайдын төрагасы Си Цзинпин 17-майда Казакстандын лидери Касым-Жомарт Токаевди кабыл алып, анын мамлекеттик сапары алкагындагы жогорку жолугушуу өткөрдү. Кечээ 70 жашка толгон казак кесиптешин куттуктаган Кытайдын лидери эки мамлекеттин ортосундагы кызматташуу мындан ары дагы тереңдей турганына токтолду. “Кызматташуунун алтын 30 жылдыгы келди”, - деди Си.

Кечээ ошентип Касым-Жомарт Токаев менен Си Цзинпин 23 документке кол коюшту. Алардын арасында эки мамлекет ортосунда визасыз режим киргизүү боюнча макулдашуу да бар. Бул тууралуу Казакстандын президентинин маалымат кызматы билдирди. Эми ал документке ылайык казакстандыктар Кытайда, ал эми кытайлыктар Казакстанда чек арадан кирген күндөн тартып 30 күндөн ашпаган мөөнөттө визасыз жүрө алат.

Касым-Жомарт Токаев менен Си Цзиньпин 23 келишимге кол коюшту. 2023-жылдын 17-майы.
Касым-Жомарт Токаев менен Си Цзиньпин 23 келишимге кол коюшту. 2023-жылдын 17-майы.

Кытайдын лидери Си Цзинпин менен Токаев Сиань шаарында документке кол коюп жаткан маалда Алматыда визасыз режимге каршылык билдирип чыккан "Атажурт" партиясынын төрагасы Бекзат Максатханулын полиция кармап кетти. Социалдык тармактарда анын тарапташтары "мунун артында Кытайга жагынуу аракети жатат" деген пикири менен бөлүштү.

Буга чейин Казакстанда Кытайдын жарандары үчүн коңшу Өзбекстандагыдай эле 14 күндүк визасыз режим иштеп келген. Кошумчалай турган нерсе - Казакстанда коңшу мамлекеттин Шинжаң аймагында мусулмандарга каршы көрсөтүлүп жаткан кысым кызуу талкууланып, нааразылык акциялары өтүп келатат. Кытайдагы "эмгек лагерлери" деп аталган жабык мекемелерде айлап-жылдап камалып келаткан казак, кыргыз, уйгурлардын укуктары тебеленип жатканы эл аралык уюмдар тарабынан бир нече ирет көтөрүлгөн жайы бар.

Кыргызстан дагы Бээжин менен визасыз каттам боюнча сүйлөшүүлөрдү баштады. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 3-майда Жогорку Кеңеште билдирген. Ал кытайлык кесиптеши Цинь Ган менен “жолугушууда жарандарыбызга, анын ичинде айдоочуларга виза берүү, визасыз каттам режимин талкууладык. Эми ишти аткарышыбыз керек, бирок Кытай жалпысынан талкууга даяр жана диалогго ачык", - деген болчу.

Саясат таануучу Кубанычбек Таабалдиев Кытай менен визасыз каттам кайсы мамлекетке пайдалуу болушу ыктымал деген маселе ой жоруй турган тема экенин жашырбайт:

“Казакстан сыяктуу жарандардын визасыз каттамы Кыргызстан менен Кытайдын кимисине көбүрөөк пайда алып келет деген суроого жооп бериш керек биринчи кезекте. Мүмкүн "Кыргызстандан Кытайга баргандарга караганда, Кытайдан бул жакка келип жашап калгандардын саны көбөйүп, алардын көпчүлүгү бул жерде иштеп, анын аркасы менен Кыргызстанда жумушсуздардын саны көбөйүп кетиши ыктымал" деген чочулоорлор бар. Менимче, Кыргызстандын миграция кызматы менен укук коргоо органдары көзөмөлдү коррупцияга алдырбай өз деңгээлинде кармап турса, визасыз каттам эки мамлекетке тең пайда алып келмек”.

Ал тапта барган сайын Кытайдын Борбор Азиянын экономикасындагы ролу жана орду өсүүдө. Эгер 2020-жылдын аягында Кытайдын аймакка салган инвестициясынын жалпы көлөмү 40 миллиард доллар болсо, 2022-жылдын аягында бул көрсөткүч 70 миллиард долларга жетти.

Кытай капиталынын аймактагы негизги үлүшүн Казакстан ээлейт. Буга сандар да күбө - 2022-жылы кытай-казак соодасы 33 пайызга өсүп, жаңы рекорддук чекти - 24 млрд. долларды түздү, эки тарап аны андан дагы ары көбөйтүүнү мелжеп турган чагы.

Кечээ ошондой эле Бээжинде Кытай Элдик саясий консультативдик кеңешинин бүткүл Кытай комитетинин төрагасы Ван Хунин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолукту. Ван Хуниндин айтымында, эки тарап тең саясий ишенимди тереңдетип, коопсуздук кызматташтыгын кеңейтип, өнүгүү стратегияларын бириктирип, эки өлкөнүн өнүгүшүнө жана өсүшүнө түрткү берчү өз ара тажрыйба алмашууларды күчөтүүсү зарыл.

Айта кете турган нерсе Тажикстандын экономикасы үчүн дагы Кытай маанилүү ролду ойнойт жана инвестициялык бир катар долбоорлордо расмий Дүйшөмбү коңшусунун акчасына көз каранды. Мындан тышкары Кытай менен Тажикстанды коңшу Ооганстандагы саясий туруктуулук маселеси бириктирип турат. Ошол себептен Рахмон менен Хуниндин жолугушуусунда террорчулукка, экстремизмге каршы күрөш тууралуу бекеринен сөз козголбоду.

Кытайдын расмий өкүлдөрү бул саммит Бээжин менен беш мамлекет ортосундагы соода-сатыктын өсүшүн тездетет дешет. Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Вэньбин 8-майда журналисттерге саммит "кызматташтыктын жаңы доорун" белгилеген маанилүү окуя болорун айткан. Ал "Кытай менен Борбор Азия ортосундагы мамилелердин жаңы планын иштеп чыгуучу маанилүү саясий документке" кол коюу күтүлүп жатканын кошумчалады.

Айрым эксперттердин пикиринде расмий Бээжин менен түзүлүп жаткан визасыз келишим Бээжиндин таасиринин өсүшүнүн белгиси. Орусия Украинага кол салгандан кийин Кытай Москва менен байланышын бекемдеген. Ошол эле маалда Борбор Азия салттуу түрдө Орусиянын таасири астында делгени менен бул жерде Кытайдын кызыкчылыктары аз деп айтууга болбойт. Анан калса АКШ менен Европа мамлекеттеринин көз кырынан бул аймак биротоло чыгып кетти деп айтуу да эртелик кылмак.

Жыл сайын дүйнө картасында бекемделип бараткан Кытайдын орду тууралуу абалды саясат таануучу Кубанычбек Таабалдиев мындай чечмеледи:

“Акыркы 20 жыл ичинде Кытай бир эле Борбор Азия же КМШ мамлекеттерине эмес, бүтүн дүйнөгө күчтүү таасир тийгизе турган мамлекетке айланды. Андыктан Кыргызстан эле эмес, Борбор Азиядагы бардык мамлекеттердеги ири-ири долбоорлор Кытайдын каражаты менен ишке ашууда. Андан тышкары аймактагы жалпы коопсуздук дагы Кытай менен биргеликте корголуп жатканы талашсыз. Кытайдын таасири, Ооганстанга да, Иранга да жетти, Пакистанды болсо өзүнө жакын шериктеши катары колго алганын көрүп жатабыз. Түштүк Чыгыш Азиядагы Вьетнам, Лаос, Малайзияга таасири күч. Ал гана турсун буга чейин салкын мамиледе келаткан Түштүк Корея менен Жапония дагы Кытайга болгон кызыгуусун жашырбай, дүйнөлүк чоң мамлекеттердин каршылыгына карабай аны менен иштеше баштады. Демек, Кытайдын азыр дүйнөгө таасири чоң. Ошол эле маалда Украинада жаңжал башталгандан кийин Орусиянын Кытайга кандай ыктап жатканын көрүп жатабыз”.

Кытай тышкы күчтөрдүн Борбор Азияны геосаясаттын оюн талаасына айлантуусуна каршы

“Кытай Борбордук Азия өлкөлөрү менен ар тараптуу кызматташтыкты ар дайым кеңейтүүгө жана өз ара мамилелерди жаңы баскычка чыгарууга көмөктөшүүгө даяр”, - деп билдирди 16-майда Кытайдын Бириккен Улуттар Уюмундагы туруктуу өкүлүнүн орун басары Дай Бин бул уюмдагы жыйында Борбор Азиядагы тынчтык, ишеним жана кызматташтык маселеси каралган учурда.

Дай Бин белгилегендей, Кытай жана Борбор Азия өлкөлөрү өз ара урматтоо, жакшы коңшулук, өз ара жардам жана өз ара пайда көрүү принциптерин кармануу менен стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүп жатат. Саммит "биргелешкен келечекке көңүл буруу жана бирдиктүү тагдырда Кытай-Борбор Азия коомчулугун түзүүгө жасалган маанилүү кадам" деп белгиленди Дай Бин тарабынан.

Ошондой эле ал "Кытай жакшы коңшулук жана достук принцибин карманат, Борбор Азия өлкөлөрүнүн эгемендигин, көз карандысыздыгын, коопсуздугун жана аймактык бүтүндүгүн бекем колдойт, региондогу өлкөлөрдүн ортосундагы саясий өз ара ишенимдин бекемделишин... кубаттайт" , - деди Дай Бин. Ал ошондой эле "Кытай тарап кандайдыр бир шылтоо менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн ички ишине тышкы күчтөрдүн кийлигишип, башаламандык жаратуусуна, Борбор Азияны геосаясаттын оюн талаасына айлантууга каршы" деп билдирди.

Эл аралык мамилелер боюнча талдоочу Марс Сариев буга чейин "Азаттыкка" курган маегинде Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын лидеринин Кытайга сапары геосаясий уюлдардын таасиринин кубатын кульминациялык чекке көтөрөт деген болчу:

“Менимче, азыр Борбор Азия Кытай менен аябай жакын мамиле түзүп жатат. Себеби Украинадагы кризистен кийин, Си Цзинпиндин визитинде Кытай менен Орусия сөз табышып, учурда эки уюлдуу дүйнө курулууда. Дэн Сяопиндин “тең салмакты кармап, акырын иштөө” деген позициясы бар болчу. Азыр Кытай ошол позициядан четтеп, ачык позициясын көргөздү. Ошондуктан Борбор Азия өлкөлөрү азыр өз позицияларын аныктап алыш керек. Азыр эми эки уюлдуу дүйнөнүн карааны көрүнүп калды. Садыр Жапаровдун сапары жана Кытай-Борбор Азия жолугушуусу аябай динамикалуу өтөт. Анткени “Бир алкак – бир жол” платформасындагы Кытай-Кыргызстан жана Европага чейин курула турган темир жол Борбор Азияны Кытай менен аябай жакындатат”.

Саясат таануучу Кубанычбек Таабалдиев Кытайдын аймактын өнүгүүсүндө ойноп жаткан ролун белгилеп, экономика аркылуу расмий Бээжин таасирин барган сайын арттырып келатканын айтты:

“Бир алкак- бир жол” демилгеси аркылуу Кытай өз товарларын байыркы Жибек жолунун нугу менен Борбор Азия мамлекеттерине жана ал өлкөлөр аркылуу башка жактарга жеткирүүнү максат кылып келатат. Анын эң жакынкы чеги болсо Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан болуп жатат. Эң эле маанилүүсү бизде салынып жаткан “түндүк-түштүк” альтернативдүү жолу. Андан тышкары эл аралык мааниге ээ болуп жаткан Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу салынууга жакындап калды. Бул эми инфратүзүмдүк өңүттөгү бир гана көрүнүштөр. Ошол эле маалда акыркы беш жылда Борбор Азия өлкөлөрү Кытай менен экспорт-импорт соодасын эки эсеге көбөйттү”.

Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы долбоорлор

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу

Кытай менен көп жылдардан бери айтылып, бирок отуз жылдап ишке ашпай келаткан долбоорлордун бири бул – “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу.

Бишкекте быйыл 18-январда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу долбоорунун курулушун тескей турган кеңсе ачылган. Аны ачуунун максаты долбоордун ишке ашуусун тездетүү.

"Темир жолду куруу долбоорунун техникалык, экономикалык негиздемеси быйыл 1-июнга чейин даярдалат. Тараптар азыркы учурда долбоорду башкаруу тартиби, эл аралык финансы уюмдарынан каражат тартып келүүнүн үстүндө иштеп жатат", - деген маалымат тараткан эле "Өзбекстан темир жолдору" компаниясы.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу бул үч өлкөнүн Жакынкы Чыгыш, Түштүк Европага барчу жолун дээрлик 900 чакырымга кыскартат.

2022-жылы ноябрь айында Кытайдын илим изилдөө институту тарабынан темир жол курулушунун алгачкы талаа изилдөөлөрү жүргүзүлгөн.

Былтыр Өзбекстандын Самарканд шаарында 14-сентябрда өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган. Долбоорго ылайык жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш.

Торугарт - Арпа - Макмал- Жалал-Абад темир жолунун узундугу 280 чакырымды түзөт. Ички долбоордун болжолдуу баасы 5 млрд. долларга барабар экени буга чейин кабарланган.

Сиандагы бул жолку саммитте бул темир жолду каржылоонун деталдары жана булактары үч мамлекеттин лидерлери ортосунда талкуулана турган темалардын бири экени талашсыз.

Электромобиль чыгаруучу завод

Жакында Экономика жана коммерция министрлиги менен "Евразия Индастри" (Ляонин) компаниясы өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандумга кол койду. Ага ылайык Кыргызстандын аймагында электромобилдерди чогултуучу завод куруу каралган. Долбоор ошондой эле өлкөдө электромобилдерди тейлөөчү инфраструктура түзүүнү камтыйт. Электромобилдерди тейлөө борборлору, машинаны кубаттоочу станцияларды жана электромобилдердин аккумуляторлорун алмаштыруучу жайларды салуу пландалууда.

Меморандумдун алкагында "Евразия Индастри" (Ляонин) компаниясы Бишкекте электромобилдерди чогултуучу заводдун курулушуна 150 млн. доллар инвестиция салууну көздөөдө, 500 жаңы жумуш оруну түзүлөт делет. Өндүрүштүн кубаттуулугу жылына 5 миң электромобил чыгаруу каралган.

“Түндүк-түштүк” альтернативдүү жолу

Альтернативдүү жол Кочкор, Жумгал аркылуу Жалал-Абадга кошулат.

Долбоордун баштапкы баасы 850 млн. доллар болчу. Кийин баш-аягы 937 млн. 500 миң доллар деп эсептелген. Анын ичинен 857 млн. 400 миң доллары насыя, 46 миллион 200 миң доллары грант. Бул каражат Кытайдын "Эксимбанкы", Азия өнүктүрүү, Ислам өнүктүрүү банкы жана Сауд өнүктүрүү банктарынан алынган. Кыргызстан өз жанынан 33,7 млн. доллар чыгарган.

Транспорт министрлигинин мониторинг боюнча адиси Тагай Алимбаевдин маалыматында, жолдун ар кайсы бөлүктөрүн Кытайдын China Road & Bridge Corporation корпорациясы, China Railway-5 жана Sinohydro Corporation LTD компаниялары куруп жатат.

Кыргызстандын Кытайга карызы

Кыргызстандын мамлекеттик карызы азыркы тапта 5 млрд. 623 млн. доллар. Азыркы бийликтин тушунда ал дээрлик 700 миллион долларга көбөйгөн.

Жалпы ички жана тышкы карыздан тышкы карыз 4 млрд. 511,09 млн. доллар болсо анын эң көбү – 1 млрд. 758,32 миллиону Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына төлөм. Кыргызстан ал акчаны жолдорду курууга, Бишкек ЖЭБди жаңылоого, Датка-Кемин жогорку чыңалуудагы энергетика долбооруна - жалпысынан тогуз долбоорго жумшаган.

Кыргызстандын карызы азыр анын улуттук дүң өнүмүнүн 53,03 пайызына туура келет. Тышкы карызды төлөөдө азыр маселе жоктугун 16-майда “Кабар” агенттигине берген интервьюсунда президент Садыр Жапаров билдирди:

“Учурда алынып жаткан насыялардын көпчүлүгү, мурда коюлган келишимдердин негизинде бүгүнкү күнгө чейин түшүп жатат. Алынган насыяларды экономиканы өнүктүрүүгө багытталган приоритеттүү долбоорлорго жумшайбыз. Жөнөкөй тил менен айтканда, мурда карызы көп, бюджети аз өлкө болсок, азыр мамлекеттин бюджети эки эсе көбөйдү. Ачыгын айтыш керек, гранттарды, алынган кредиттерди максаттуу жумшабай, жарымын иштетип, жарымы уурдалып кеткен учурларды билебиз. Азыр алынып жаткан насыялар, келген гранттар максаттуу жумшалып, бир тыйыны текке кетпей көзөмөлүмдө турат. Мурда алынган кредиттерге завод-фабрикалар, ири киреше алып келе турган ишканалар курулганда, азыр анын кирешесин алып, жемишин көрмөкпүз. Тилекке каршы, миллиарддап алынган кредиттердин көпчүлүгүнүн дайыны жок, карыздын үстүнө карыз болуп үйүлүп келе берген”.

Президент 2022-жылдын 25-июнунда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган маегинде тышкы карыздын чоң бөлүгүн үстөк кошуп төлөө учуру анын башкаруусуна туура келгенин билдирген жана “30 жылда алынган акчанын жарымы уурдалып кеткенин, анысы аз келгенсип, үстөк пайызы жогору” экенин айткан.

“Өзгөчө сырткы карызды төлөө убактысы менин учурума туш келди. Быйыл 23 миллиард сом сырткы карызды жабууга беришибиз керек. Эмдиги жылы 25 миллиард сомдук карызды жабабыз. Ушинтип алдыдагы 10 жыл бою 30 жылдан бери алган сырткы карыздарды төлөйбүз. Төлөй албасак, мамлекеттүүлүгүбүздү жоготобуз. Тилекке каршы, карыздарды жабуу менин маңдайыма туш келиптир”.

Финансы министрлигинин Мамлекеттик карызды башкаруу башкармалыгынын жетекчиси Умутжан Аманбаевдин пикиринде, азыркы тапта өлкө тыштан акыркы 30 жылда алынган карыздарды төлөөнүн туу чокусуна чыгып баратат. Ошол эле маалда алынган акчанын көбү Кытайдын карызы:

“Карызды тейлөө үчүн 2019-жылы 28 млрд. сом, 2020-жылы 30,7 млрд. сом, 2021-жылы 29,5 млрд. сом, 2022-жылы 33,6 млрд. сом жумшалды. 2023-жылкыга болжол менен 48,6 млрд. каралган. 2024-жылы карызды төлөөгө 67,7 млрд. сом жумшалат деп болжолдонуп жатса, 2025-жылга 75 млрд. сом каралган. Мына көрүп атасызбы, өсүп баратат. Биз, отуз жылдык карызды тейлөөнүн эң жогорку чокусуна чыгып баратабыз. 2025-жылкы сумма эң жогору болот, долларга чакканда 540 млн. доллар. 2026-2027-жылдары 400-500 млн. доллар болуп турат да, 2032-жылдарга барганда жылдык төлөм 300 млн. долларга ылдыйлайт. Азыр сумма эмнеге көбөйүп жатат? Себеби негизинен Кытайдын карызын төлөөнүн учуру келип жатат, ошого өсүп жатат”.

Кытайдын “Эксимбанкы” 2021-жылы төлөнө турган 88 млн. доллар насыянын кайтаруу убактысын дагы алты жылга кийинкиге жылдырган. Каржы министринин орун басары Руслан Татиков ал үчүн Кыргызстан кошумча үстөк төлөй турганын билдирген.

Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров былтыр 2022-жылы 22-июнда Кытайга 280 млн. доллар насыяны үстөгү менен төлөө максатында кошумча булактар изделип жатканын парламентте билдирген.

Ошентип Кыргызстандын Кытайга карызы расмий Бишкек үчүн жана Министрлер кабинети үчүн күн тартибиндеги негизги маселелердин бири. Бул боюнча саясат таануучу Кубанычбек Таабалдиев пикирин айтып, Кытай берген карызын кечпесин, ал үчүн ордуна сөзсүз бир нерсе ала турганын билдирди:

“Кытай менен иштөөдө, албетте, биринчи кезекте келишимдерди так аткарышыбыз керек. Экинчиден, кредиттерди жаап жатканда кайсы график болсо ошону менен жаппаса, Кытайдын инвесторлору бир катар утуштарга ээ болгон мисалдар бар. Алсак, эми Африканын айрым мамлекеттерин эске албаганда да коңшу Тажикстан бир кредитин өз убагында жаба албай калып, анын ордуна алтын чыгарган комбинатын Кытайдын башкаруусуна өткөрүп бергени бар. Эл арасында чочулоорлор бар, бирок, биздин Кыргызстандын кредит менен иштеген бийлик төбөлдөрү карызга тың мамиле жасап, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө өз позициясы ачык-айкын көргөзүп турса, чочулай турган эч нерсе жок деп ойлойм”.

Кошумчалай кете турган нерсе соңку учурда Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда соода-экономикалык мамилелер өнүгүү жолуна түштү. Ага себеп – 2020-жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган Торугарт жана Эркечтам бекеттери ачылып, жүк ташуучу машиналар Кытайга чейин кирип, соода кызыды. Анын аркасында акыркы жылда Кыргызстандын Бажы кызматы чогулткан алымдардын көлөмү көбөйүп, план ашыгы менен аткарылууда.

Кыргызстандын улуттук статистика комитетинин маалыматында, Кытайдан ташылган товарлардын импорту быйыл биринчи кварталда 35,8 пайызга өскөн, башкача айтканда, кошумча 253 млн. долларга көбөйгөн. Январь-мартта Кытайдан кирген товарлардын көлөмү 959,4 млн. долларга жетти.

Ошол эле маалда Кытайга кирген товардын көлөмү 11,1% көбөйүп, 8,9 млн. долларга жетти. Акыркы үч айда ошентип Кытай жалпы товар жүгүртүүдө 35,5% үлүшү менен Кыргызстандын эң ири соода өнөктөшү болду (экспортто коңшу мамлекеттин үлүшү 2%, импортто — 41,9% түздү).

Сиань - байыркы Кытай борбору

Сиань шаары - Кытайдын түндүк-батышындагы Шэньси провинциясында жайгашкан. Ал байыркы Кытай мезгилинде Чаньань деп аталган. Шаардын 3100 жылдан ашуун тарыхы бар. Учурунда 13- Кытай династиясынын борбору болгон. 1100 жылдан ашуун убакыт бою Улуу Жибек жолунун башталышы катары саналган. Бүгүнкү Сиань Кытайдын түндүк-батышындагы каражаты бир триллион юандан ашкан шаарлардын башында. Акыркы жылдары Сиань Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты бекемдеп келатат.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG