Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Июнь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:41

"Постсоветтик өлкөлөрдүн эгемендиги күмөндүү". Кытай элчисинин сөзү нааразылык жаратты


Лу Шай.
Лу Шай.

Кытайдын Париждеги элчиси Лу Шайдын мурдагы СССРдин ордунда пайда болгон мамлекеттердин эгемендигинен күмөн санаган сөздөрү дипломатиялык жаңжалга алып келди. Франция, Украина, Балтия өлкөлөрү нааразылыгын билдиришсе, расмий Бээжин мурдагы советтик өлкөлөрдүн суверендүүлүгүн урматтарына ишендирди.

Айрым талдоочулар элчинин сөздөрүн дипломатиялык этикага сыйбайт деп сыпаттаса, башкалары анын айткандарында кооптондурган белгилер жок эмес дешет.

Элчинин чуулгандуу сөздөрү

Дүйшөмбү, 24-апрелде Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нин Бээжин Советтер Союзу ыдырагандан кийин пайда болгон суверендүү мамлекеттердин статусун сыйларын билдирди:

"Советтер Союзу тарагандан кийин Кытай биринчилерден болуп жаңы пайда болгон өлкөлөр менен дипломатиялык мамиле түзгөн. Ошондон бери Кытай эки тараптуу достук жана кызматташтык алакаларды өнүктүрүү үчүн ар дайым өз ара урматтоо жана бирдей мамиле кылуу принциптерин карманып келген. Кытай Советтер Союзу ыдырагандан кийинки мурдагы советтик өлкөлөрдүн суверендүү мамлекет деген статусун урматтайт".

Өткөн жума күнү, 21-апрелде франциялык LCI (La Chaine info) каналына берген маегинде Париждеги элчи Лу Шай мурдагы советтик өлкөлөрдүн эгемен мамлекеттер экенинен шек санаган оюн ортого салган:

"Эл аралык укукта мурдагы советтик өлкөлөр натыйжалуу макамга ээ эмес. Анткени алардын суверендүү мамлекет деген макамына конкреттүү форма берген эл аралык келишим жок".

"Крым Украинага таандыкпы?" деген суроого элчи, "Жарым арал эң башынан эле Орусияга таандык болчу, аны Никита Хрущев Украинага белекке берген" деп жооп берди.

Bloomberg жазгандай, Кытайдын Франциядагы элчилиги ал маектин стенограммасын жарыялагандан көп өтпөй WeChat социалдык тармагындагы расмий аккаунтунан алып салды.

Эл аралык укук боюнча Крым Украинанын аймагы. 1954-жылы ал кездеги эки советтик жумурият өз Конституцияларына өзгөртүү киргизип, жарым арал мыйзам жүзүндө Украинанын бөлүгү деп бекиген. СССР кулагандан кийин Украина менен Орусия бири-биринин 1991-жылы чек араларда белгиленген аймактарын таануу тууралуу жаңы келишимдерге кол койгон.

2014-жылы Орусия жарым аралды мыйзамсыз өзүнө кошуп алган. БУУнун бир катар резолюциялары айыптаган аннексияны Венесуэла, Никарагуа, Сирия, Ооганстан, Түндүк Корея жана Куба гана тааныган.

Украинанын жана Европанын реакциясы

Франциянын Тышкы иштер министрлиги Лу Шайдын айткандарын “тынчсыздануу менен кабыл алганын”, Кытайдын өкүлүн түшүндүрмө берүү үчүн чакырганын дүйшөмбүдө билдирди.

Латвия, Литва, Эстония жана Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү кытайлык элчинин сөздөрүн катуу айыпташты.

Литванын башкы дипломаты Габриелюс Ландсбергис Балтия өлкөлөрү “Бээжин Украинада тынчтык орнотууда ортомчу боло алат деп дал ушундай билдирүүлөрдөн улам ишенбесин айтты:

"Биринчиден, бул кабыл алынгыс сөздөр. Балтия мамлекеттери Кытайдын элчилеринен түшүндүрмө талап кылганы жатат. Биздин эгемендигибизге байланыштуу Кытайдын позициясы өзгөрдүбү деген суроо коебуз. Биз мурдагы советтик өлкө эмес, Советтер Союзу мыйзамсыз оккупациялаган өлкөлөр экенибизди эске салабыз".

Михаил Подоляк. Архивдик сүрөт
Михаил Подоляк. Архивдик сүрөт

Украин президентинин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк "бардык мурдагы советтик өлкөлөрдүн суверендүү макамы эл аралык укукта бекитилгенин" белгиледи.

"Өзүнүн миң жылдык тарыхына кылдат мамиле кылган өлкөдөн Крымдын өткөн-кеткени жөнүндө абсурд версияны угуу абдан таң калычтуу", - деп жазды жана "чоң саясий оюнчу болууну каалагандарды Орусиянын пропагандасын кайталабоого" чакырды.

Бээжин Украинадагы согушту токтотууга канчалык дилгир?

Франциянын маалымат каражаттары бул окуяны ар тараптан чагылдырып атышат. Le Monde гезити элчи буга чейин эле талаштуу билдирүүлөрү менен таанылганын жазды. Басылма аны коммунисттик режимдин кызматындагы “карт бөрү”, кээде “дипломатиялык чеберчиликтен” өтө алыстаган адам деп сыпаттады. Макалада элчинин сөздөрү “Бээжин Украинадагы согушту токтотууга канчалык дилгир?” деген суроо жаратары белгиленет.

La Liberation Лу Шай европалык мамлекеттердин эгемендүүлүгүнөн жана аймактык бүтүндүгүнөн баштап, Улуттар Уюмунун уставында бекитилген бир нече принциптерди жокко чыгарганына көңүл бурат. Муну менен ал 1991-жылы түзүлгөн чек аралар боюнча Бээжиндин расмий позициясына карама-каршы келген ойду айтканын белгилейт гезит.

Орусия Украинага басып кирген күндүн бир жылдыгын утурлай, быйыл февралда Кытайдын Тышкы иштер министрлиги урушту басуунун "тынчтык планын" сунуш кылган. Бирок Бээжин Украинадагы кандуу кармашты “согуш” деп ачык атаган эмес.

Бээжиндин Украинадагы согушту токтотууга чакырган документине бир катар эксперттер жана Батыш ишенбөөчүлүк менен кабыл алган. Алар Кытайдын Орусияга жан тартканы байкалып турганын билдирип келишти. Быйыл 20-21-мартта Кытайдын лидери Си Цзинпин Москвада орус президенти Владимир Путин менен жолуккан. Көп узабай, европалык лидерлер, анын ичинде Франциянын мамлекет башчысы Бээжинге барып кетти. Алар негизинен Кытайдын бийлигин Москвага курал-жарак бербөөгө чакырды.

"Борбор Азия аймактык коопсуздукту камсыздоого тийиш

Борбор Азия өлкөлөрүнүн арасынан азырынча Казакстан гана кытайлык элчинин олдоксон сөздөрүн комментарийледи:

“1992-жылдын 2-мартында Казакстан БУУга мүчө болгон. Уюмга кабыл алуу жөнүндө чечим Кытай Элдик Республикасы туруктуу мүчө болгон Коопсуздук Кеңешинин сунушунун негизинде Башкы Ассамблея тарабынан кабыл алынат. 1991-жылдын 16-декабрында Казакстан эгемендүүлүгүн жарыялагандан кийин Кытай биринчилерден болуп өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн тааныган. 1992-жылдын 3-январында Казакстан менен Кытай дипломатиялык мамилелер түзүлгөнүн расмий жарыялаган. Эл аралык укукта дипломатиялык мамилелерди орнотуу мамлекетти эл аралык укуктун субъектиси катары таанууну билдирет", - деп айтты казак тышкы саясий мекемесинин расмий өкүлү Айбек Смадияров.

Ал ошондой эле Кытай дипломатынын сөзүнө эч кандай реакция кылуунун кажети жоктугун кошумчалады.

Кыргызстандык политолог, саясий илимдердин кандидаты Чынара Эсенгулдун пикиринде, кытайлык элчи балким оозунан жаңылды, бирок көңүл бурчу жагдайлар жок эмес:

Чынара Эсенгул
Чынара Эсенгул

“Мындай ой жүгүртүү абдан кооптуу. Глобалдык деңгээлден алып караганда, дүйнөлүк тартип өзгөрүп атканынан кабар берип атат. Украинада согуш башталгандан бери дүйнөлүк системанын өзгөргөнүнө күбө болуп келатабыз. Бир жагынан “саясий Батыш”, экинчи жагынан Орусия менен Кытай биргелешип тартипти өзгөртүү, көп уюлдук дүйнөнү куруш керек деп айтып жатышат. Аймактык деңгээлден алганда, Борбор Азия үчүн бул абдан кооптуу. Анткени биз Евразиянын чордонунда турабыз. 19-кылымдагы оюн кайра башталганы турат окшойт. Ошол кезде Ооганстанды, уйгурлар да жашаган кеңири Борбор Азияны алганда, үч империя - Британия, Орусия жана Кытай салгылашкан. Азыр деле кайра Орусия, Батыш жана Кытай аймактарды бөлүүгө аракет көргөнү жөнүндө кабар болууда деп ойлойм. Борбор Азия өлкөлөрү биригип, жеке кызыкчылыктарын да ойлоп, ошол эле маалда аймактык деңгээлдеги коопсуздукту камсыздабаса, келечегибиз кооптуу болушу мүмкүн”.

Ал эми тажикстандык юрист, Социал-демократиялык партиянын төрагасынын орун басары Шокиржон Хакимов Кытай элчисинин сөздөрүн эл аралык укуктан кароо зарыл деп эсептейт:

“СССР ойрон болгондон кийин жаңы мамлекеттердин пайда болушу чек аралардын бүтүндүгүн жана мамлекеттердин эгемендүүлүгүн таанууну билдирет. Жалпы эрежелерге ылайык, мурдагы ар бир советтик жумурияттардын парламенттери жактыргандан кийин БУУнун Коопсуздук Кеңешине жана БУУнун Башкы Ассамблеясына бул өлкөлөрдүн көз карандысыздыгын жана алардын статусун таануу өтүнүчү менен кайрылуулар жөнөтүлгөн. Ошол себептен же элчинин билим деңгээли так ошондой, же ал тапшырма аткаргандай”.

Хакимовдун айтымында, Кытай элчисинин айткандары дипломатиялык этикага таптакыр сыйбайт.

"Ал компетенттүү эместигин, эл аралык мыйзамдарды билбегендигин көрсөттү", - деди Хакимов.

Айрым байкоочулар адатта Кытай тышкы саясатта жана дипломатияда тигил же бул мамлекеттин суверендүүлүгү жана аймактык бүтүндүгү биринчи орунда турат деген позицияны карманып келгенин, Бээжин Тайван маселесинде дал ушул принципке таянарын белгилешет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG