Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

"Борбор Азия санкция салынган өлкөлөрдүн курчоосунда калды"  


Купуя маалыматтын ачыкка чыгышы

Пентагон Украинанын контрчабуулга өтүү планы камтылган документтердин ачыкка чыгып кетишин иликтеп жатат. The New York Times гезити 6-апрелдеги санында жазганына караганда, АКШнын жана НАТОнун украин армиясын күчтөндүрүү аракеттери сүрөттөлгөн купуя маалыматтар, карталар жарым миллиарддай киши пайдаланган Твиттер жана Телеграм сыяктуу социалдык тармактарга чыгып кетти.

HIMARS Запорожьеде
HIMARS Запорожьеде

Ошол эле маалда аскердик талдоочулар документтер бир аз бурмаланганын, атап айтканда, орус тараптын курмандыктары азайтылып, украиндердики көбөйтүлүп көрсөтүлгөнүн белгилешет.

Макала авторлору жазгандай, андай өзгөртүүлөр Москванын жалган маалымат таратуу аракетинен кабар берет, бирок жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгып кетиши америкалык чалгын кызматынын олуттуу алешемдиги болуп калды. Документтерге украин аскердик бөлүктөрүнүн жана батальондорунун саны, курал-жарак менен камсыздоо жадыбалы жана башка маанилүү маалымат камтылган.

Ошол эле маалда “өтө жашыруун” деген гриф коюлган документте 1-мартка карай кырдаал сүрөттөлгөн жана анда чабуулду качан жана кайсы жерде коет деген конкреттүү согуштук пландар жок.

Буга карабай, тажрыйбалуу командачылар, майдандагы генералдар же чалгынчы талдоочулар көптөгөн кызыктуу ишараттарды, жандырмактарды көрө алат. Алсак, америкалык HIMARS системасы керектеген дүрмөттөрдүн саны айтылган. Мурда бул маалымат ачыкка чыккан эмес. Дагы бир документте украиналык аскерлердин январь-апрель айындагы машыгуу жадыбалы жазылган жана жабдуулары сүрөттөлгөн.

Талдоочулардын айтымында, жашыруун маалыматтын жарыяланып кетиши майдандагы кармашка кандай кесепет алып келерин баамдоо азыр кыйын.

Купуя документ социалдык медиага кандайча чыгып кеткени белгисиз. Талдоочулар кремлчил булактар жана каналдар аны байма-бай таратып жатканын белгилешет.

The New York Times жазганына караганда, муну менен согуш башталгандан бери орусиялык чалгынчылардын алгачкы жетишкендиги тууралуу маалым болду. АКШ Украина менен орусиялыктардын маанилүү командалык пункттары, курал-жарак кампалары орун алган жерлер жана башка маанилүү маалымат менен бөлүшүп келди. Бул украин аскерлерине жардам бергени менен америкалык расмий адамдар соккуларды пландоо жана ишке ашырууда чечүүчү ролду Украина өзү ойногонун белгилешет.

Макалада айтылгандай, Киев маалыматтардын ачыкка чыгып кетишинен чочулап, адегенде Вашингтон менен өзүнүн согуштук пландарын бөлүшкүсү келген эмес. Аягында авторлор бул жолку окуя эки тараптын чалгын маалыматтары менен алмашуу иштерине залакасын тийгизет деген оюн айтышат.

Казакстандын украин согушундагы позициясы

Al Jazeera телеканалы 6-апрелде Казакстандын украин согушундагы позициясы тууралуу сөз кылып, ал өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Роман Василенко менен маекти басып чыгарды. Материалдын башында автор Астана Москваны сындабаса да, БУУдагы добуш берүүлөрдө калыс калып жүрсө да, президент Касым-Жомарт Токаев украин мамлекет башчысы Владимир Зеленский, Батыштагы өнөктөштөр менен да байланышып жүргөнүн эске салат. Ошондой эле казактар Украинада орноткон “урагыс боз үйлөр” гуманитардык жардамдын күчтүү символуна айланганын белгилейт. Ал жерлерде казак тамак-ашынан даам татып, электрондук шаймандарды заряддаган жабдыктарды бекер алса болот.

Казактардын боз үйү Бучада. 8-январь, 2023-жыл
Казактардын боз үйү Бучада. 8-январь, 2023-жыл

Роман Василенко кабарчынын суроолоруна жооп берип жатып, бул жаңжал Казакстанга жакын эки мамлекет ортосунда болуп жатканы кейиштүү экенин айтты жана согушту «трагедия» деп атады. Дипломат Астана уруш башталгандан тартып арачы болуу аракетин көргөнүн кошумчалады. Ал белгилегендей, Казакстан Украинанын аймактык бүтүндүгүн жактайт, былтыр сентябрда Москва аннексиялап алган төрт облусту украин жери деп эсептейт.

“Украинага басып кирүүгө негиз бар беле?” – деген суроого Василенко Астана бул тууралуу билдирүү жасабаганын, уруштун тезирээк аякташын каалайт деген жооп кайтарды. Ошондой эле казактар украин элине берип жаткан гуманитардык жардамга токтолду.

Кабарчы Казакстан согуштун башталышы менен Москванын таасир чөйрөсүнөн оолактоо аракетин көрүүдө деген талдоочулардын айткандарын келтирип, ушул маселеге кызыкты.

Дипломат Евразиянын тоомунда орун алган өлкө Орусия, Кытай жана Батыш менен жакшы мамилелерди куруп келгенин, көп тармактуу тышкы саясатты карманарын айтты.

Маекте дагы бир маанилүү маселе – Орусияга салынган санкциялар козголду. Василенконун айтымында, Евразия экономикалык биримдигине мүчө Казакстан менен Орусиянын ортосунда 51 чек ара өткөөлү бар, бул - алака-катнаштын интенсивдүүлүгүнөн кабар берет.

“Бирок биринчи күндөн тарта биз Орусияга каршы санкция салбайбыз, ошол эле маалда аймагыбызды санкцияларды буйтап өтүү үчүн пайдаланууга жол бербейбиз деп эскерткенбиз”, - деп айтты казак дипломаты.

Анын маалыматына караганда, биримдиктен экспорттолгон товарларды көзөмөдөп туруу үчүн 1-апрелден тарта электрондук мониторинг системасы киргизилди.

Василенко Батышта Борбор Азия чөлкөмү боюнча кандайдыр бир түшүнбөстүктөр барбы? - деген суроого да жооп берди. Анын пикиринде, Батыш регионду, ал өлкөлөр кандай сезимтал абалда калганын жакшы түшүнөт.

“Регион дүйнөдөгү эң көп санкция салынган өлкөлөрдүн курчоосунда калып, тилекке каршы бизге жана соода үчүн жагымсыз кырдаал түзүлдү. Экономикалык өнүгүү үчүн бизге колдоо зарыл. Биз демократияны курууга умтулабыз. Бизге бул жолдо колдоо керек”, - деп айтты дипломат.

Аркадагдын Аркадаг сапары

Eurasianet Түркмөнстандагы окуяларга арналган апталык бюллетенинде бир адамдын керт башына сыйынуу көрүнүшүн талдап чыккан.

“Жакында Аркадаг Аркадаг шаарына барат. “Аркадаг” гезитинин акыркы санын окуп, “Аракадаг” каналын бир нече мүнөт көрүп, жергиликтүу стадионго барат. Ал дагы сыягы “Аркадаг” деп аталат. Ал жерден “Аркадаг” клубу атаандашын жеңгенин карап отурат. Күйөрмандар "Аркадаг" деп ураан чакырышат”

Гурбангулы Бердимухаммедов. Архивдик сүрөт
Гурбангулы Бердимухаммедов. Архивдик сүрөт

Макала дал ушундай күлкүлүү сөздөр менен башталат.

Түркмөнстандын мурдагы президенти Гурбангулы Бердымухамедовго “Аркадаг” деген макам берилгени жеке адамга сыйынуу күчөп баратат, - деп айтылат макалада. Автор мунун себебин талдап чыгып, авторитардык режим саясий стабилдүүлүктү мамлекетке эмес конкреттүү бир адамга берилүү камсыздай алат деп санарын жазат. Жыл башынан бери азыркы президенттин атасы “улут лидери” деген, ал үчүн ойлоп чыгарылган атайын кызматты аркалап калды.

Басылманын маалыматына караганда, "Аркадаг" деген аталыш бир катар мекеме, түзүмдөргө берилген. Эң чоңу – башкалаанын сыртында курулуп жаткан шаар. АФП агенттиги 29-мартта курулушту тескеген аткаминерге иштелме берип кабарлагандай, долбоордун биринчи баскычына 3,3 миллиард доллар, экинчисинде 1,5 миллиард доллар жумшалат.

Андан ары айтылгандай, 1-апрелде Бердымухамедов шаар салынып жаткан жерге барып кетти. “Аркадагдын” мэри шаардын “Аркадаг” деп аталган өзүнүн футбол командасы болорун айтты.

Мындан тышкары "Аркадаг" деген апталык гезити чыгып турары, сентябрдан тарта түркмөндөр "Аркадаг"телеканалын көрө алары маалымдалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG