Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:43

Борбор Азиядагы Баш мыйзам өзгөртүү адаты


Садыр Жапаров (Кыргызстан), Касым-Жоомарт Токаев (Казакстан), Шавкат Мирзиёев (Өзбекстан), Гурбангулы Бердымухаммедов (Түркмөнстан) жана Эмомали Рахмон (Тажикстан) Аваз шаарындагы саммитте. Түркмөнстан, 2021-август, 5-август.
Садыр Жапаров (Кыргызстан), Касым-Жоомарт Токаев (Казакстан), Шавкат Мирзиёев (Өзбекстан), Гурбангулы Бердымухаммедов (Түркмөнстан) жана Эмомали Рахмон (Тажикстан) Аваз шаарындагы саммитте. Түркмөнстан, 2021-август, 5-август.

Баш мыйзамды өзгөртүү – Борбор Азия өлкөлөрү үчүн көнүмүш адат. Бул жакта Конституциялар президенттер картайган же алмашкан сайын өзгөртүлүп турат, зарылдыгы “элдин талабы” менен деп түшүндүрүлөт. Конституциялар саясий кырдаалга карай кантип ыңгайлаштырыларын талдап көрөлү.

Казакстанда быйыл 5-июнда Конституцияга өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча референдум болот. Бул тууралуу жарлыкка президент Касым-Жоомарт Токаев 5-майда кол койду. Ошол күнү жарыяланган видео кайрылуусунда ал конституциялык реформанын максаты “суперпрезиденттик” башкаруудан таасири жетиштүү жана жоопкерчиликтүү парламенти бар президенттик республикага өтүү деди.

Экинчи президенттин экинчи түзөтүүсү

Казакстандын Конституциясына өзгөртүүлөр менен толуктоолорду киргизүү боюнча жумушчу топ адегенде Баш мыйзамдын 91-беренесинде белгиленген “Казакстандын негиздөөчүсү” макамы өзгөрүүсүз калат деген эле. Топтун мүчөлөрү биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин “тарыхый ролун” ушундайча эске алышкан болчу. Кийинчерээк жумушчу топтогулар Конституциялык кеңешке мурунку президенттин “тарыхый ролун” белгилебей эле коюш керек деп сунуш кылышты. Алар “Назарбаевдин тарыхый ролу жалпыга белгилүү, муну Конституцияда бекемдештин кажети жок” деп түшүндүрүштү.

Баш мыйзамга өзгөртүүлөр жөнүндө сөз Казакстанда 230 кишинин өлүмүнө себеп болгон Январь окуяларынан кийин башталды. Баш прокуратуранын 3-майга карата маалыматтары боюнча 721 киши Январь окуяларынан кийин козголгон иштер боюнча шектүү деп табылып, 281 киши камакка алынган. Азыркыга чейин саясий баасын ала элек ошол окуялардын убагында президент Токаев эскертүүсүз атууга буйрук берген болчу. Тергөө процессине шылтоологон күч органдары бул буйрук жөнүндө жана анын айынан окко учкан жайкын тургундар жөнүндө суроолорго даана жооп бербей келет. Ар кайсы органдардын жооптору дал келбейт. Казакстандын бийлик башындагылар өзүбүз териштирип алабыз деп, бул окуяларды эл аралык деңгээлде тергөө сунушуна каршы чыгышты.

Январь окуяларында адамдардын курман болушу ачык-айкын жүргүзүлбөй, кыйноолор жөнүндөгү иштер создуктурулуп, материалдар бир инстанциядан экинчисине берилип жатат деп билдирди Human Rights Watch уюмунун өкүлдөрү. 5-майда таркатылган билдирүүдө, бул уюмдун укук коргоочулары бийликтегилерди тергөө үчүн көз карандысыз орган түзүп, эл аралык эксперттерди катыштырууга чакырышты.

Казакстандын Конституциясындагы 33 беренеге 56 өзгөртүү киргизилмекчи. Аларга ылайык 20 мыйзам да өзгөртүлөт. Жумушчу топ даярдаган түзөтүүлөр боюнча 1995-жылы жоюлган Конституциялык сот кайра түзүлүп, президенттин саясий партияга мүчө болушуна, анын туугандарынын жогорку даражадагы саясий жана мамлекеттик кызматтарды ээлешине тыюу салынат, парламенттин курамы жана иштөө жоболору, шайлоо тутуму, саясий партияларды каттоо эрежелери өзгөртүлөт, өлүм жазасына жана жерди менчиктөө укугуна тыюу салынат.

Бул Касым-Жоомарт Токаевдин президенттик кызматта турган кезиндеги Конституцияга киргизилген экинчи өзгөртүүлөр болмокчу. 2019-жылы мартта Нурсултан Назарбаев мөөнөтү бүтө электе кызматтан кеткенде, Токаевдин сунушу боюнча өлкөнүн борбору Астананын аталышы Нур-Султан болуп алмашылып, тийиштүү өзгөртүү Конституцияга да киргизилген эле.

Казакстан эгемендикке жеткенден кийин биринчи Конституциясын 1993-жылы 28-январда кабыл алган. Эксперттердин пикири боюнча, бул эӊ демократиялуу Баш мыйзам болгон. Бирок 1995-жылы экинчи Конституция кабыл алынды да, ошондон бери ага беш ирет (1998, 2007, 2011, 2017 жана 2019-жылдары) түзөтүү киргизилди.

Казакстанда конституциялык реформалар боюнча соӊку референдумдан 27 жыл өткөндөн кийин эми дагы болмокчу.

Мамлекеттик башкаруу тутумун өзгөрткөн Конституция

Борбор Азиядагы конституциялык реформа боюнча акыркы референдум Кыргызстанда былтыр болуп өттү. Анын расмий жыйынтыгына ылайык, Кыргызстан парламенттик башкаруудан президенттик тутумга өттү.

Буга чейин мындай референдум Тажикстанда 2016-жылы майда жана Кыргызстанда ошол жылы декабрда болгон эле.

Тажикстандагы референдумда президенттикке талапкер үчүн жаш курак чеги 30 жашка чейин төмөндөтүлдү да, азыркы президент Эмомали Рахмон бул кызматка эч кандай чектөөсүз эле шайлана берүү укугун алды. Анын уулу, кийин Душанбенин мэри жана Сенаттын төрагасы болуп калган Рустам Эмомали 2017-жылы 30га толду. Ошондо эксперттер Эмомали Рахмон референдумду өз мураскерине жол ачуу үчүн өткөрдү дешкен эле.

Өзбекстанда бийликке Шавкат Мирзиёв келгенден кийин да өлкөнүн Конституциясына өзгөртүүлөр киргизилди. 2017-жылы Баш мыйзамга сот тутумун жаӊылоо боюнча, ал эми 2019-жылы “өкмөттү демократиялаштыруу жана анын жоопкерчилигин бекемдөө” боюнча түзөтүүлөр жасалды.

2021-жылы экинчи мөөнөткө шайлангандан кийин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев өлкө конституциялык реформага муктаж деп жар салды. Постсоветтик бул аймактагы эӊ калкы жыш мамлекетте Конституция боюнча азыркы президент беш жылдык эки мөөнөттөн ашыкча шайлана албайт.

Шавкат Мирзиёев бийликке келгенден кийин Конституциянын тексти Өзбекстандын президентинин расмий сайтынан алып салынганын айта кетели.

5-майда Кыргызстан Конституция күнүн белгиледи. Дал ушул күнү 1993-жылы көз карандысыз Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынган эле. Жаңы конституция кабыл алынгандан бир жыл өткөндө 12-апрелде президент Садыр Жапаров Конституциялык сотко кайрылды.

Президенттин ыйгарым укуктарын кеңейтүүгө багытталган Конституциянын жаңы долбоору коомчулукта кызуу талаш-тартыштарды жаратты. Эл арасында аны “ханституция” деп атагандар болду. Ошондо эксперттер Баш мыйзамда президенттин ыйгарым укуктарынын күчөтүлүшү бийликти ээлеп алууга алып келиши ыктымал дешкен.

Кыргызстанда жаӊы Конституция кабыл алынгандан кийин саясий процесс аягына чыкпай кала берди, ал эми сөз эркиндигине жана оппозицияга кысым күчөдү деп айтылууда.

“Даңазалуу аркадаг” үй-бүлөсүнүн Конституциясы

Түркмөнстан Конституция күнүн 18-майда өткөрөт. 2020-жылы Конституцияга киргизилген өзгөртүүлөр боюнча иштеп жаткан президенттин эмес, экс-президенттин ролу аныкталды. Түзөтүүлөргө ылайык, 2021-жылдан тартып Түркмөнстандын парламенти кош палаталуу болуп калды. Мурдагы “эң жогорку өкүлчүлүк органы” – Халк маслахаты эми парламенттин жогорку палатасына айланды. Түркмөнстанда экс-президенттер өмүр бою маслахаттын депутаты боло алышат.

Конституцияга өзгөртүүлөр киргизилгенден эки жылдан соң быйылкы президенттик шайлоодо бийликке мурунку президент Гурбангулы Бердымухамедовдун уулу Сердар Бердымухамедов келди.

Г. Бердымухамедов өзү Халк маслахатынын төрагасы болуп алды. “Аркадаг” (колдоочу) макамы бар – өлкөдө аны “даӊазалуу колдоочу” деп атап жүрүү талап кылынат.

“Президенттик шайлоого камдануу”

Казакстандагы парламентаризмди өнүктүрүү фондунун башчысы, Сенаттын мурдагы мүчөсү жана коомдук ишмер Зауреш Батталова Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү азыркы баш мыйзамдын кадыры жок экенин, ал эми коомдогу кеӊири талкууларсыз эле өзгөртүү шашмалык болот дейт.

"2017-жылы Конституцияга 17 мүнөттө эле өзгөртүүлөр киргизилген болчу. Кийинчерээк ошол өзгөртүүлөргө ылайык парламенттик шайлоо болуп өттү да, бир гана партия мандаттарды алды. Башкалары өтүү босогосунан аттай албай калды. Бул шашылыш түзөтүүлөр Конституцияга кийинки өзгөртүүлөрдү киргизүүгө себеп болду. Мен билген парламентте беш партия бар эле. Азыр эми партиялык тизмелер менен катар бир мандаттуу округдардан да шайлоо уюштурулмакчы. Кайра эле шашкалактап жатышат. Реформа жөнүндө март айында айтылды, а июнда реформа болот. Ошентип, элдин бийликке болгон ишеними начарлайт", – деди Батталова.

Ал айткандай, Конституцияга бир гана киши – президент сунуштаган өзгөртүүлөрдүн киргизилиши коомчулук үчүн оор келет.

"Жыртык жуурканды кандай жамасаң да, жыртык бойдон калат. Ошондуктан ырааттуу реформаларды жүргүзүү үчүн жаңы Конституцияны кабыл алуу зарыл болчу. Азыр шашылуунун бир гана себеби бар – бул эки жылдан кийин боло турган президенттик шайлоого камдануу".

Азыркы Конституцияга ылайык, Казакстанда эч ким беш жылдык мөөнөткө экиден ашуун ирет президент болуп шайлана албайт.

“Бир кишинин бийлиги узартылат”

Казакстандагы Адам укуктары жана мыйзамдуулуктун сакталышы боюнча эл аралык бюронун башчысы Евгений Жовтис мындай дейт:

“Депутаттардын мыйзам долбоорун бир сааттан ашык талкуулаганын көрө элекмин. Бизде мыйзамдарга өзгөртүүлөр бат киргизилет. Жалпы улуттук талкуу болгонун да көргөн жокмун”.

Ал айткандай, Казакстандын Конституциясы саясий жагдайга карай өзгөртүлө берет. Казакстандагы кырдаал Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндөгүдөй эле дейт Зауреш Батталова.

"Президент алмаштыбы – Конституция да алмашат. Борбор Азиядагы реформалар бир кишинин бийлигин узартуу үчүн жасалат. Парламенттин ыйгарым укуктарын кеӊейтип, аны шайлоочулардын пикирин үмүт-тилегин актаган органга айлантуу зарыл болчу. Иш жүзүндө монархияга жол чабылып жатат. Мисалы, Түркмөнстанда ушундай. Атүгүл региондогу бирден бир демократиялуу өлкө деп эсептелип келген Кыргызстанда деле былтыр бир кишиге ылайыкталган конституция кабыл алынды".

“Өтө орчундуу өзгөрүү” жана болбой калган институттар

Орусиялык саясат таануучу жана Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов Казакстандын Конституциясындагы жерге ээлик кылуу укугуна тиешелүү өзгөртүүлөрдү маанилүү деп эсептейт.

"Эми жер элдин менчигинде болот. Азыркы Конституцияда жер мамлекеттин ээлигинде деп жазылган. Казакстанда мамлекет дайым бийликтин, президенттин жана анын үй-бүлөсүнүн башкы тиреги болуп келген. Бийликке эл эмес, аны басып алган бир ууч адамдар ээлик кылып келди. Бул түзөтүү азыркы шартта өсүүгө өбөлгө түзөт. Азыр Казакстанда болуп жаткан бул өтө орчундуу өзгөрүү", – дейт ал.

Дубнов “Борбор Азияда конституцияга киргизилүүчү өзгөртүүлөр бийликте турган режимдин учурдагы өзгөчөлүктөрүнө, башкаруучу топтун бийлигин сактап турууга же анын ордуна келгендердин бийлигин мыйзамдаштырууга ылайыкталат” дейт.

"Бийликке келген топтор ар дайым мыйзамдарды өздөрүнө ыӊгайлаштырып алууга умтулат. Алар өздөрүнүн бийлигин Конституция аркылуу түбөлүктүү кылып алгысы келет. Кээде демократиялуу көрүнүш үчүн бийлик референдумду бетке кармайт. Эң эле жакшы дегенде ушундай болот. Жаман болгондо муну парламент аркылуу эле жасап коюшат".

Саясат таануучунун пикиринче, Борбор Азиядагы парламенттер шайланбайт, кадыр-баркы да төмөн.

"Демократиялуу өлкөлөрдө институттар түзүлөт. Сот адилеттиги, саясий партиялар, токтотуу ана каршы салмак институттары, шайлоочулар менен өкмөттүн, парламент менен аткаруу бийлигинин ортосундагы мамилелерди жөнгө салуучу институттар болот. Тилекке каршы, Борбор Азиядагы бир да өлкөдө бул институттар толугу менен бекитилген жок. Айрым өлкөлөрдө бул конституциялык процесс демократиялык стандарттарга бир аз жакындатылган, ал эми Түркмөнстан сыяктуу өлкөлөрдө “феодалдык-букаралык” тутумдун эле институттары болуп калды"

Советтер Союзунун болочок курамы жөнүндөгү 1991-жылы 17-мартта ​СССР кыйраганга бир нече ай калганда өткөрүлгөн референдумду айтпаганда, Борбор Азиядагы биричи референдум 1994-жылы январда Түркмөнстанда болгон эле. Ошондо шайлоочулар Сапармурат Ниязовдун президенттик мөөнөтүн 2002-жылга чейин узартуу үчүн добуш беришкен. Ошондон бери Борбор Азияда 17 референдум өткөрүлдү.

"Азаттыктын" казак кызматынын сайтына жарыяланган Куанышбек Каринин макаласын орус тилинде бул жерден окуңуз.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG