Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:26

“Синостан”. Кытайдын Борбор Азиядагы “аргасыз империясы”


Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин (ортодо) менен Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу болгон мамлекеттердин жетекчилери, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү 2019-жылы июнда жолугушуу убагында чогуу сүрөткө түшүү үчүн баратышат.
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин (ортодо) менен Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана байкоочу болгон мамлекеттердин жетекчилери, ошондой эле аймактык жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү 2019-жылы июнда жолугушуу убагында чогуу сүрөткө түшүү үчүн баратышат.

Рафаэлло Пантуччи менен Александрос Петерсендин “Синостан” аттуу жаңы китебинде Кытайдын Борбор Азияга таасири жана анын мындан кийинки тарыхый өзгөрүүлөрдөгү мааниси изилденген.

Кытайдын Борбор Азиядагы күчөп бараткан таасири жөнүндө “Синостан” аттуу жаңы китебин авторлор он жылдан ашуун жазышкан.

2008-жылы Рафаэлло Пантуччи жана Александрос Петерсен бул аймакка Бээжиндин таасири өтө күчөп баратканын изилдөөгө киришкен. Китеп ал кезде анча байкалбаганы менен кийин дүйнө жүзүнө жайылган Кытайдын таасиринин эң таасын ачып берген.

2001-жылы Бээжин Шанхай кызматташтык уюмун (ШКУ) түзүү менен аймактагы өзүнүн биринчи кадамын ашыкча уу-дуусуз эле жасаган. Ага Орусия жана Борбор Азиянын Түркмөнстандан башка мурдагы бардык советтик республикалары кирген.

Рафаэлло Пантуччи жана Александрос Петерсен жазып, 2022-жылы 14-апрелде жарыкка чыгарган жаңы Sinostan китебинин мукабасы.
Рафаэлло Пантуччи жана Александрос Петерсен жазып, 2022-жылы 14-апрелде жарыкка чыгарган жаңы Sinostan китебинин мукабасы.

Андан кийин Кытайдын экономикалык кадыр-баркы өстү. Борбор Азиядагы эң ири соода өнөгүнө, бүтүндөй аймактагы бутак-шактай тарамдалган мунай жана газ түтүктөрүн курган инвесторго айланып, Евразияга көбүрөөк көңүл бура баштады.

2013-жылы Кытайдын президенти жылы Си Цзинпин кийинчерээк "Бир алкак – бир жол" аттуу демилге катары Синин тышкы саясатындагы көрүнүктүү кадамы болуп калган көп миллиарддык инфратүзүм долбоорунун бөлүгү катары “Экономикалык жибек жолун” ачуу үчүн Казакстандын борбор шаары Астананы (азыркы Нур-Султанды) тандаган.

Британиялык жана америкалык эки талдоочунун Борбор Азиядагы жана Кытайдагы көп жыл жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыктарын бул өзгөрүүлөр дагы бир ирет ырастады.

Эки адис дүйнө жүзүндөгү доктордук программаларга катышып, талдоо борборлорунда иштешип жүргөн. Кийинчерээк Бээжиндин Борбор Азияда “аргасыздан эле империяны” кантип түзгөнүн түшүнүүгө жана чечмелөөгө мүмкүндүк бергидей китеп болуп чыккан долбоор менен алектенип келишкен болчу.

Бээжиндин борборлошкон башкаруусу же айкын планысыз эле бул аймактын экономикалык жана саясий жактан Кытай менен байланышы барган сайын бекемдеп жатканын, бул жагдайдан кандайча пайдаланууга болорун авторлор жакшы түшүндү.

"Окуялардын жүрүшүнөн биз Кытайдын таасири өтө олуттуу күчөп баратканын, ошол эле учурда Бээжинде эч кимдин бул жагынан стратегиялык мүдөөсү жок экенин көргөндө, аргасыздан түзүлгөн империя жөнүндөгү идеябыз жаралды", - дейт Пантуччи “Эркин Европа/Азаттык” үналгысына курган маегинде.

Бирок алардын долбоору жанданган кезде китепти жазуу иши токтоду. Буга 2014-жылдагы трагедия себеп болду.

Ооганстандагы Америка университетинде жаңы кызматка киришкен Петерсен Кабулдагы ресторанда “Талибан” жоочулары жардырган бомбадан каза болду. Жардыруу анда 20 кишинин жанын алган эле.

Ошол кол салуудан кийин Пантуччи китеп жазууну токтотуп турду. Ал жылдары тиричиликтеги башка түйшүктөрдөн колу бошободу: үйлөндү, балалуу болду, жаңы жумушта башка изилдөөлөрдү жүргүздү. Пантуччи бул китепти пандемия убагында аяктап, маркум досунун арбагына багыштады.

"Китептин жарык көргөнү жакшы болду, анткени досум үчүн да, мен үчүн да бул тема өмүрүбүздүн бир бөлүгү эле. Жашоодогу бир доорум аягына чыкты окшойт", - деди Пантуччи.

Рафаэлло Пантуччи (солдо), Сью Энн Тай жана Александрос Петерсен (оӊдо) Самаркандда сүрөткө түшүп жатышат. Өзбекстан, 2011-жыл.
Рафаэлло Пантуччи (солдо), Сью Энн Тай жана Александрос Петерсен (оӊдо) Самаркандда сүрөткө түшүп жатышат. Өзбекстан, 2011-жыл.

Таасир жана кайдыгерлик

2014-жылдан тарта Борбор Азияда көп окуялар болду. Ошондон бери ШКУ кулачын жайып, кытай бизнеси бул аймакка багыт алды, Бээжин Тажикстандагы коопсуздукка этияттык менен көзөмөл орнотту.

Ал эми “Бир алкак – бир жол” демилгесинин күрдөөлдүү жүрүшү бул аймактагы кытай таасиринин арта беришине алып келди.

Кытайдын саясаты да аймактын калыптануусуна таасир этүүдө.

2017-жылы Кытайдын батыш чөлкөмүндөгү Шинжаңда башталган катаал репрессия миллиондон ашуун уйгур, казак жана башка мусулман азчылыктарды кысымга алды, алардын кыйласын “эмгекке кайра тарбиялоо” лагерлерине жана түрмөлөргө камады.

2021-жылы Ооганстанды талибдер басып алганда да Кытайдын бул аймактагы таасиринин артышына жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылды.

Бээжиндин Москва менен мамилеси да ушундайча өзгөрдү – февралда Си Цзинпин менен Орусиянын президенти Владимир Путин “чек арасыз” өнөктөш болуунун жаңы доору келди деп жар салган стратегиялык маанидеги ири документти шардана кылышты.

Бирок бардык өзгөрүүлөргө карабастан, Пантуччи менен Петерсендин Борбор Азияга Кытайдын акылга сыйгыс таасири жөнүндөгү баштапкы ойлору азыр деле туура чыгууда.

"Экономикалык алакалары эбегейсиз кең, географиялык жактан жакын, ички маселелери тутумдаш болгондуктан, Кытайдын орду өзгөчө. Бирок Бээжин аймактын орчундуу маселелерин чечүүгө кызыкпайт, өзүнө тикелей тиешелүү нерселерге гана көңүл бурат", - деп белгиледи Пантуччи.

Илгери Борбор Азиянын бөлүгү болгон Шинжаң Кытайдын курамына 1949-жылы расмий түрдө киргизилген.

Ислам террорчулугуна тынчсызданган Бээжин ушу күндө бул чөлкөмгө өзгөчө көңүл буруп, өзүнүн дүйнө коомчулугу айыптаган жазалоо тутумун актоого аракет кылууда.

Кытай саясатчылары Борбор Азияны өздөрү үчүн стратегиялык коопсуздугуна тиешелүү аймак катары карашат. Бээжиндин Шинжаңдын шартын жакшыртуу жана экономикасын өнүктүрүү үчүн иштелип чыккан “Батышты өнүктүрүү” стратегиясында да бул жерге чектеш кошуналардын туруктуулугун камсыздоо зарылдыгы каралган.

Бул улуттук бюджет Кытайдын айрым чөлкөмдөрүнө да караандабаган Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери үчүн абдан маанилүү каржы булагы болуп калды.

Ушул айырмачылыкты чечмелөө Синостандын өздөштүрүп жаткан “аргасыз империянын” өзөгүн түзөт.

Бир жагынан, Пантуччи менен Петерсен Борбор Азия бул өлкө үчүн “Кытайдын келечектеги саясатын аныктоо жана азыр кездешип жаткан кээ бир маселелерин чечүүгө даремети жетерин көрсөтүүгө мүмкүндүк бергидей лаборатория” болуп калды дешет.

Ошол эле учурда, Пантуччи айткандай, Кытай Борбор Азиядагы жагдайды бүт бойдон көзөмөлдөөгө кызыкпайт, аймактын экономикалык же саясий маселелерин чечүүгө дегеле кийлигишкиси келбейт.

"Кытай – дүйнөдөгү эӊ ири экономикасы бар өлкөлөрдүн бири. Анын кошуна экендиги Борбор Азияга өтө зор таасир этери бышык. Бирок бул кытай жетекчилери үчүн эч кандай артыкчылыктуу багыт эмес экени да чын".

Кытай менен Тажикстандын чек ара аскерлери эки өлкөнүн чек арасында кайгуулга чогуу чыгышты. 2017-жыл.
Кытай менен Тажикстандын чек ара аскерлери эки өлкөнүн чек арасында кайгуулга чогуу чыгышты. 2017-жыл.

Жаңы бийлик, окшош кызыкчылыктар

Бул өзгөрүүлөр, айрыкча 24-февралда Украинага Орусия бастырып киргенден кийин аймактын келечегине байланыштуу көптөгөн суроолорду жаратты.

Орусиянын январда Казакстанга аскердик интервенция жасаганынан көрүнүп тургандай, Москва мурдагыдай эле бул аймактын коопсуздугун тышкарыдан камсыздай алат, Кытай болсо анын ордун ээлешке умтулбайт. Бирок Украинадагы согуш Кытайдын таасирин дагы арттырып, Орусиянын таасирин чектеши ыктымал.

Москва Украинага бастырып кирип, эгемендигине шек келтиргенде, Борбор Азиянын Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу өлкөлөрүнүн өкмөттөрү тынчсыздануусун билдиришти. Ошол эле учурда Батыштын экономикалык санкцияларынын соккусуна кабылган Орусиянын жоготуулары жана куралдуу күчтөрү жол берген стратегиялык каталар да анын өнөктөш катары баркына доо кетирет.

Бир жагынан, бул Кытайдын экономикалык жана саясий таасирин күчөтүүгө өбөлгө түзөт, бирок Борбор Азияда дагы эле туруксуздук өкүм сүрүүдө. Дагы бир маселе Украинанын Орусияны башка аймактардан алаксытууга, анын мурдагыдай кийлигишүү мүмкүнчүлүгүн азайтууга даремети канчалык экендиги менен байланышкан.

"Кытайдын таасири барган сайын күчөй берет. Бирок оор каатчылык качан болот деген чоӊ суроо бар. Кырдаалды жөнгө салуу үчүн Кытай алдыга кадам шилтегиси келеби же жокпу – билбейм", - деди Пантуччи.

Рид СТЭНДИШтин макаласын англис тилинен орусчага Алиса Вальсамаки которгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG