Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:24

Путиндин жикчилдерди таанышы Борбор Азияга эскертүүбү?


Украина. Орусиянын Киевдеги элчилигинин жанында импералисттик коркунучка каршы митинг, 22-февраль, 2022-жыл.
Украина. Орусиянын Киевдеги элчилигинин жанында импералисттик коркунучка каршы митинг, 22-февраль, 2022-жыл.

Орус президенти Владимир Путин Украина менен конфликтти биротоло чечүү үчүн Батыш өлкөлөрү жана Киев өзү Крымды “Орусиянын бир бөлүгү” катары таанышы керектигин айтты. Бул тууралуу пикирин ал 22-февралдын кечинде Москвадагы басма сөз жыйынында билдирди.

Ал буга кошумча коңшу өлкө НАТОго кошулуудан баш тартышы керектигин, толук куралсызданышы зарылдыгын белгиледи.

Донбасстагы жикчилдерге байланыштуу сөзүндө Владимир Путин алардын азыр ээлеп турган жерин эмес, Луганск жана Донецк облустарынын Украинанын курамында турган учурундагы аймактарын көз карандысыз мамлекет катары тааныганын маалымдады.

Кремл 21-февралда Украинанын Луганск жана Донецк облустарынын бүтүндөй аймагын көз карандысыз республикалар катары тааныган.

2014-жылы бул эки облустун үчтөн бирин жикчилдер ээлеп, калганын украин армиясы көзөмөлдөп турган. Ок атышууну токтотуу боюнча Минск келишимине ылайык, эки ортону ажыраткан чектөө сызыгы аныкталган.

Бирок Москва жикчил тилкени эле эмес, эми Украинанын бул эки облусунун бүтүндөй аймагын “көз карандысыз республикалар” катары таанып, аскерин киргизерин жарыялады.

Жикчилдерди таануу: Ленинди айыптаган Путиндин жүйөсү

Путин мындан тышкары 1917-жылдагы большевиктердин революциясынан кийин Орусиянын Донбасс сыяктуу жерлери Украинага берилип, жасалма мамлекет түзүлгөн деген ойду айтты.

Владимир Путин буга негиз катары кезинде украин мамлекетин түзүүгө мүмкүнчүлүк берген Лениндин улут саясатын сынга алды:

"Большевиктик саясаттын натыйжасында советтик Украина пайда болду. Аны азыр дагы Владимир Ильич Ленин атындагы Украина деп атаганга толук негиз бар. Ал анын автору жана архитектору. Бул толук архивдик документтер, анын ичинде Лениндин Донбассты Украинага киргизген директивалары менен толук ырасталып турат", - деди Путин.

Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский видео кайрылуу жасап, өлкө чыгышындагы Донецк менен Луганск облустарын Орусиянын өз алдынча аймак катары таануусун кескин айыптаган.

"Украина сөзсүз түрдө Орусиянын соңку аракеттерин биздин өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн жана эгемендигин бузуу катары карайт. Жогоруда айтылган чечимдин бардык кесепеттери үчүн түз жоопкерчилик эми Орусиянын саясий жетекчилигинде болот. Луганск жана Донецк облустарындагы оккупацияланган аймактардын көз карандысыздыгын таануу Орусиянын Минск келишиминен бир тараптуу чыгып кетишин туюнтушу мүмкүн", - дейт Зеленский.

"Лениндик улут саясаты - империяларга урулган сокку"

Большевиктик улут саясаты орус империясынын курамындагы аз элдердин мамлекет түзүү укугун тааныган. Анын шарапаты менен империяга караган Польша, Финляндия өлкөлөрү азаттык алып, ал эми украин, беларус, молдаван, Балтика, Кавказ жана Борбор Азия элдери алгач автономиялык, анан СССРдин курамында улуттук мамлекеттик түзүлүшүн аныктоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгону тарыхта көрсөтүлгөн.

Бирок бүгүн мына ошол улут саясатын Путиндин жокко чыгарышы падышалык Орусиянын баштапкы чек араларына чыгып, империялык үстөмдүккө кайтуу аракетиби деген суроолорду жаратты.

Бирок коммунисттердин бардыгы эле Путиндин көз карашына макул эмес. Алардын айтымында, Лениндин улут саясаты орус империясынын эле эмес, дүйнөлүк оторчулуктун кыйроосуна салымын кошкон.

Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев бир кылым мурда майда элдердин азаттыгын камсыздаган лениндик улут саясатын азыркы геосаясий кызыкчылык үчүн жокко чыгарууга болбой турганын белгиледи:

Исхак Масалиев, Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери.
Исхак Масалиев, Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидери.

“Биз дагы учурунда империалисттик, падышалык Орусиянын бир чекеси болгонбуз. 1916-жылдагы “Үркүн” окуясы мына ошонун далили. Ошондо калкыбыздын бир бөлүгү Кытайга качууга аргасыз болгон. Ошондо Ак падышанын аскерлери келип, кырылып кете жаздабадык беле... Ошондой октябрь революциясы чыгып кетип, анан качкындар артына кайтарылган. Бул нерсе биздин улуттун, бизге окшогон майда элдердин сакталып калышына чоң өбөлгө түзгөн. Лениндик улут саясатын азыр эми үзүп-булкуп караган болбойт. Чыныгы тарых андай эмес да. Ошол кезде Улуу Британия өзү чакан бир аралдагы мамлекет болуп туруп, дүйнөнүн жарымына ээлик кылып турбады беле. Октябрь социалисттик революциясы жана Лениндик улут саясаты бир эле орус империясында эмес, дүйнө жүзүндө оторчулуктун кыйрашына өбөлгө түзгөн. Аны эч ким талаша албайт. Орусиянын мамлекет башчысынын "Украинаны большевиктер түзүп салган" деп айтканы бул анын жеке пикири. Коммунисттерди жөн эле жерден айыптоо бул аша чабуу. 73 жыл жашаган бул мамлекетте ал киши дагып окуп, тарбия алып, ант берип, Компартиянын мүчөсү болгон. Менимче, Украинага жерлер кошулганы боюнча маселе көп. 19939-жылдагы Мүнхен келишими боюнча Польшанын айрым аймактарын бөлүп алышып, кайсы бир аймагы Украинага кошулган. Кёнинсберг деген шаар Калининград облусу болуп калган. Геосаясатта бир топ жетекчилер өзүнө ыңгайлуу чечимдерге барышы мүмкүн. Бирок СССРдин жалпы тарыхы боюнча мен мындай баа берүүгө макул эмесмин. Ошол мезгилде кандай саясат болгонун эске алуу зарыл. Анан жүз жыл мурдагы окуяларга азыр башкача баа берген туура эмес. Эгерде ушундай көз караш менен кете берсек, анда Казакстандын түндүк аймактары кимге караштуу деген маселе чыгат. Кокон хандыгынын аймагы кайда деген дагы. Ошондуктан коммунисттердин эркиндик, теңдик жана аз улуттарга мүмкүнчүлүк берүү урааны ишке ашкан. Ак падыша аны кабыл алган эмес. Ал эми орус, беларус жана украин элдеринин жакындыгы бар. Биз тарых факультетинде Орусия мамлекет катары Киев русунан түптөлгөн деп окуганбыз”.

Борбор Азия боюнча эксперттер Путиндин бул сөзүн мурдагы советтик өлкөлөргө коркунуч катары кабыл алышты. Казакстандык саясат талдоочу Мухтар Бектурганов Орусиянын Украинанын аймагына көз артуусу Борбор Азия чөлкөмү үчүн, анын ичинде Казакстанга карата да абдан кооптуу экенин чечмеледи:

“Бүткүл мамлекеттер, цивилизациялуу дүйнө, бирөө дагы колдогон жок. Жанагы “ДНР” жана “ЛНР” дегендерин. Экинчиден, бул жерлер эгемендүү өлкөнүн жери. Бул көрүнүш биз үчүн дагы кооптуу. Алар биздин чыгыштагы же түндүктөгү аймактарга дагы “биздин жерибиз” деп көз артышы мүмкүн. Ошондуктан мындай кооптуу чечимди колдобойбуз”.

Башка бир казакстандык талдоочу Бейбит Муртазин Украинаны өзөктүк куралдан ажыратып, кезинде бул үчүн анын аймактык бүтүндүгү менен эгемендигинин коопсуздугуна кепилдик берип, азыр эми бир нече жыл өткөндөн кийин ага кол салуу коркунучун туудуруп жаткан жагдайды мындайча айыптады.

“Башында булар өзөктүк куралдан баш тартсаңар, силердин мамлекеттик коопсуздугуңарга тийишпейбиз, башка жактан коркунуч болсо, коргонууга жардам беребиз” деген кепилдик берилген. Кана эми аткарылганы? Азыр эми кайра ал жактан коркунуч болуп, тийишип жатат. Ушул нерсе дурус эмес. Путин Орусияда бийликти кармап отуруу үчүн бардыгына даяр экенин көргөзүп койду. Мындай шартта тынчтык болушу кыйын.

Орусия, Украина, Беларус жана Казакстанда СССРден мураска калган өзөктүк куралдар болгон. Кытай, Орусия, АКШ, Франция баш болгон ядролук державалар аталган үч мамлекетке коопсуздук кепилдигин берип, алар 1994-жылы өзөктүк куралды сактоодон баш тартышкан.

2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер “Референдум” делген добуш берүү өткөрүп, өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген. Эки аймакты тең Орусиядан башка эч ким мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG