Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 19:55

Донбасстагы жаңжалдын Кыргызстанга таасири


Орусиянын президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу
Орусиянын президенти Владимир Путин жана коргоо министри Сергей Шойгу

Учурда дүйнөнүн көңүл чордонунда болуп жаткан Орусия менен Украинанын ортосунда чатак чыгып кетсе Кыргызстанга кандай таасир этиши мүмкүн?

Орусиянын бийлиги Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялады.

Мындан кийин орус президенти Владимир Путин облустарга орус аскерлерин киргизүүгө буйрук берди. Кремлдин мындай аракетин Батыш кескин сынга алды.

Вашингтон тараткан билдирүүдө АКШ Орусиядан мындай кадамды күткөнүн белгилеп, Москванын жикчил эки республиканы таануу аракетин "эл аралык милдеттенмелерди бузуу" деп баалады.

Президент Жо Байден жакын арада америкалык компанияларга жана жарандарга “ЛЭР”, “ДЭР” деп аталган жикчил аймактар менен мамиле түзүүгө тыюу салган жарлык чыгара турганы маалым болду. Буга кошумча Орусияга жаңы санкцияларды киргизүү боюнча талкуулар башталды.

Батыш Москва Украинанын аймактык бүтүндүгүнө шек келтирсе, катаал санкциялык саясат болорун эскертип келген.

Кыргызстанга таасири кандай?

Бир канча аптадан бери дүйнө назарында болуп жаткан окуя чукул өнүгүүдө. Мындай кырдаалдын Кыргызстанга таасири кандай болот деген суроо коомчулуктун көңүл чордонунда.

Эл аралык Moody’s рейтингдик агенттиги орус-украин чек арасындагы кырдаалдан улам Орусияга санкциялар күчөтүлсө, көбүрөөк жабыр тартчу өлкөлөрдүн катарына Кыргызстанды да кошууда.

Мындай жыйынтыкка агенттик атайын изилдөөнүн негизинде келген. Бул документ менен таанышып чыккан Forbes басылмасынын жазышынча, соңку жагдайда КМШга кирген Беларус, Кыргызстан, Тажикстан, Молдова жана Арменияга санкциялардын кесепети сезилиши мүмкүн. Ириде Орусияда иштеп жүргөн эмгек мигранттарынын акча которуулары кескин азаят.

Эл аралык агенттик бул өз кезегинде экономикасынын бир топ бөлүгүн мигранттар которгон каражаттан толтурган бул мамлекеттерге түздөн-түз сокку болорун эскерткен.

"Эгер санкциялар кирсе, Орусия менен экономикалык, финансылык жана энергетикалык тыгыз байланышта болгон КМШ өлкөлөрүнө ар кыл каналдар аркылуу таасири тиет. Мындан сырткары алардын сырткы позицияларына да терс салымы болот", - деп белгилеген өз изилдөөсүндө Moody’s.

Агенттик жазгандай, Кыргызстан сыртта эмгектенген мекендештердин акча которууларына көз каранды өлкөлөрдүн бири.

Кыргызстандын Улуттук банкынын маалыматы боюнча, 2021-жылы 2 миллиард 756 миллион доллардан ашык каражат сырттан которулган.

Бул соңку жылдардагы рекорддук көрсөткүч, мурдагы жылдарга караганда акча 379 миллион долларга көп жөнөтүлгөн.

Кырдаал курчуп, Батыш өлкөлөрү Орусияга санкцияларды катаалдаштырса дал ушул каражат азайарын эл аралык эксперттер эскертти.

Акыркы статистика боюнча, ушу тапта расмий түрдө бир миллиондон ашык мигрант Орусияда эмгектенип жүрөт.

Кыргызстандык саясатчы Равшан Жээнбеков Орусия жана Украина ортосунда куралдуу жаңжал башталса, Кыргызстанга түздөн-түз таасири тиерин айтууда. Анын белгилешинче, ириде экономикалык кесепети оор болушу мүмкүн.

Равшан Жээнбеков.
Равшан Жээнбеков.

"Алгач мунай жана газдын баасы көтөрүлөт. Бул базарда Орусиянын мааниси абдан чоң экенинин баарыбыз билебиз. Экинчиден, Орусия дүйнөдөгү эң ири буудай экспортерлорунун бири. Согуш болсо буудай, дан азыктары, ун, нан кымбаттап, бизге да таасир этиши мүмкүн. Үчүнчүдөн, эл аралык каржы уюмдары Орусияны жаап, өлкөдө экономикалык-каржылык кырдаал начарлашы мүмкүн. Сөзсүз түрдө биздин мигранттардын абалы, жашоо-турмушуна таасир этет. Мындан башка да толгон-токой таасири болот. Бирок эң маанилүүлөрү мен санаган жагдайлар".

Чынында эле Кыргызстан күйүүчү май жана газга дээрлик Орусиядан көз каранды. Өлкө бир жылда керектөөчү 1 миллион тоннадан ашык күйүүчү майды Орусиядан алса, көгүлтүр отту калкка "Газпром" ишканасы жеткирет.

Украина менен алакада эмне өзгөрөт?

Мындан сырткары Украина менен экономикалык кызматташтыкка да таасири тийиши мүмкүн. Украина КМШ өлкөлөрүнүн ичинде Кыргызстанга экспорттун көлөмү боюнча бешинчи орунду ээлеп, эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 100 миллион долларга жакын.

Кыргызстан бул өлкөдөн дары-дармек, ун, эт, кондитердик азыктар баш болгон бир нече товарды сатып алат.

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын Киевдеги өкүлү, ишкер Азамат Исмаиловдун айтымында, соңку жылдары бир катар ишкерлер бул өлкө менен алаканы жолго койгон.

"Жаңжал локалдык мүнөздө болгондо деле соода алакасына таасирин тийгизиши мүмкүн. Мунун залакасын 2014-жылы Донбасстагы жаңжал күчөп турганда көргөнбүз. Учурда эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 100 миллион долларга чамалайт. 2014-жылы бул 30 миллионго чейин төмөндөгөн. Кырдаал кайрадан кайталанышы мүмкүн".

"Кыргызстан оор тандоо жасоого мажбур болот"

Экономикалык таасирден сырткары жаңжалдын Кыргызстанга саясий кесепети тууралуу сөз болууда. Орусия Кыргызстандын ири экономикалык өнөктөшү болуудан мурда эң башкы саясий жана аскердик өнөктөшү. Эки өлкөнү ШКУ, ЖККУ, ЕАЭБ сыяктуу бир нече аймактык уюмдар бириктирип турат.

Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Болот Жунусовдун айтымында, кырдаал курчуп кетсе расмий Бишкекке эки тараптын бирин тандоо шарты коюлат.

Болот Жунусов.
Болот Жунусов.

"Кыргызстандан Москва эл аралык колдоо күтүшү мүмкүн. Азыркы шартта Орусия жалгыз калды деген баа берилип жатпайбы. Батышта болсо НАТОдон сырткары 30-40 өлкө колдоп турат. Ушундай учурда биздин позицияны колдогула деген сураныч болушу мүмкүн. Кыргызстанга чечим кабыл алууга туура келет. Тандоо жасаш керек. Ал оңойго турбайт".

Дал ушундай кырдаалда кыргыз бийлиги канчалык бейтарап болуп, өлкөгө кесепети азыраак чечим кабыл алат деген суроо турганын эксперттер белгилешүүдө.

Бул маселеде эң башкысы ЖККУнун курамында Кыргызстан Донбасстагы чатакка аралашпайбы, расмий Бишкектин алдына жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүнүн эгемендигин таануу шарты коюлбайбы деген суроо турат.

Бирок буга чейин ЖККУнун баш катчысы Станислав Зась бул аскердик тынчтык орнотуучу күчтөрүн Донбасска киргизүү үчүн БУУнун мандаты керек экенин билдирген.

  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттык Медианын" директору. "Эксперттер талдайт" программасынын алып баруучусу. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG