Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Украинанын чыгышында кырдаал курчуду


Машыгуудан өтүп жаткан орусиялык аскерлер.
Машыгуудан өтүп жаткан орусиялык аскерлер.

Украинанын чыгышында соңку күндөрү атышуу кескин көбөйдү. Айрым тургундар Орусиянын аймагына эвакуацияланууда. Ал ортодо АКШнын президенти Жо Байден менен Орусиянын президенти Владимир Путин бетме-бет жолугууга алдын ала макул болушту. Эки лидер кайда жана качан кезигери азырынча белгисиз.

Украинанын чыгышында соңку күндөрү атышуулар кескин көбөйдү. Жергиликтүү тургундарды жикчил аймактын бийлиги Орусиянын Ростов, Волгоград, Пенза жана Саратов облустарына көчүрүп жатат. Аталган аймактардын баарында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Көчүрүлгөндөрүн айрымдары алар үчүн эч кандай шарттар даярдалбаганын билдирип, кайра артка кетүүнү каалаганын чагылдырган видеолор тарады.

Германиянын тышкы иштер министри Анналена Бербок Орусияны "Украинанын чыгышындагы тургундар менен жоопкерчиликсиз оюн жүргүзүп, алардын өмүрүн коркунучка кептеп жатат " деп айыптады.

"Мен орус өкмөтүн, Орусиянын президентин адам өмүрү менен ойнобоого чакырам. Соңку 72 саатта болуп жаткан ок атышуулар тынчсыздантат. Ал жакта улам-улам ок атышпоо макулдашуусу бузулуп жатат",-деди Бербок Брюсселде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Ок атышуунун күч алганы боюнча Киев жикчилдерди күнөөлөсө, Путин украин армиясынан көрүп жатат.

Байден менен Путин жолугушу мүмкүн

Ал арада АКШ президенти Жо Байден Орусиянын лидери Владимир Путин менен жакынкы күндөрү жолугушууга алдын ала макул болду. Баары тынч болсо, алгач Американын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен 24-февралда жолугат.

Бул тууралуу Ак үйдүн маалымат катчысы Жен Псаки 20-февралда билдирди.

Эки тараптуу жолугушуу өткөрүү демилгесин Франция президенти Эммануэл Макрон сунуштады. Ушул эле күнү ал эки лидердин ар бири менен телефондон өз алдынча сүйлөштү.

Жолугушуу качан жана кайсы жерде болору азырынча белгисиз. Путин менен Байден президент катары алгачкы ирет былтыр июнда Женевада жолугушкан.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков журналисттерге билдиргендей, азырынча эч кандай так план жок, бирок эки лидер кааласа, алар кайсы гана убакта болбосун жолугушууну же телефондук сүйлөшүүнү уюштурууга даяр.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба 21-февралдын таңында жасаган билдирүүсүндө Макрондун демилгесин кубаттап, мунун жыйынтыгында орустар аскерлерин чек аралаш аймактардан чыгарып кетерине үмүттөнөрүн билдирди.

"Биз бул демилгени кубаттайбыз. Дипломатиялык чечимге багытталган бардык аракеттер көңүл бурууга татыктуу деп эсептейбиз. Эки президент Украина жактан Орусия өз аскерлерин алып чыгып кетет деген макулдашуу менен чыгат деген үмүттөбүз",-деди Кулеба Брюсселде Евробиримдиктеги кызматташтары менен жолугушуунун алдында.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба. 21-февраль, 2022-жыл. Брюссель.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба. 21-февраль, 2022-жыл. Брюссель.

Анын алдында Байден "Чоң жетиге" кирген мамлекеттердин лидерлери менен виртуалдуу жыйын өткөрүп, Украинанын айланасындагы кырдаалды талкуулайт. "Чоң жетиге" АКШ, Британия, Франция, Германия, Канада, Италия жана Жапония кирет.

Байден 18-февралда жасаган кайрылуусунда Путин Украинага бастырып кирүү чечимин кабыл алганын жана бул жакын арада болушу ыктымал экенин айткан. АКШ президенти эгер Путин мындайга жол берсе Батыш мамлекеттери Орусияга катаал санкцияларды киргизерин эскерткен.

Орусия Беларуста аскердик машыгуулардын мөөнөтүн узартты

Ушул тапта Украинанын айланасында 150 миңдей орусиялык аскер топтолуп турат. Москва Беларустагы аскердик машыгуу 20-февралда бүткөндөн кийин аскерлерди чыгарып кетүү убадасына турбай, машыгуулардын мөөнөтүн узартуу менен Батыш жана Киевдин кыжырына дагы тийди.

Минск НАТОнун күчтөрү Беларус менен Орусиянын чек арасына жакын жерден алыстаганда гана өз аскерлерин базаларына кайтарарын билдирди.

Орусия Украинага кол салуу ниети жок экенин бир нече жолу билдирип, атургай айрым аскерлерин кайтарып жатканын айткан. НАТО менен АКШ буга көп деле ишенишкен жок.

20-февралда жасаган билдирүүсүндө Жен Псаки "Орусия Украинага кол салууга камданып жаткандай" деген пикирин кайталады.

Соңку жумаларда Кошмо Штаттар Орусия кандайдыр бир шылтоо таап, Украинага бастырып кириши мүмкүн экенин эскертип келишкен. Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер өкмөттүк аскерлер менен сегиз жылдан бери кармашып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG