Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

Орус-украин тирешинде күчөгөн соода


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Согуштук абалда турган Украина менен Орусиянын соодасы солгундабай, кайра тескерисинче бир кыйла өскөнү белгилүү болду.

Украинанын бажы кызматы Орусия менен өткөн жылдагы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү 10 миллиард доллардан ашканын билдирди. Бирок экономисттер экспортко караганда импорт жогору экенин белгилеп, бул Украинага пайдасыз экенин айтышууда.

Кооптуу кошуна менен болгон сооданын өсүшү

Украинанын бажы кызматынын маалыматы боюнча эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү 2021-жылы андан мурунку жылга салыштырмалуу 38% өсүп, 10 млрд. доллардан ашты. Украинанын Орусияга экспорту 3,4 млрд. долларды түзсө, Украинага Орусиядан кирген импорттун көлөмү былтыр 46%га өсүп, 6,6 млрд. долларга жетти. Украина Орусияга товар сатканга караганда үч миллиард долларга көп сатып алганы белгилүү болду.

Украинанын экономикалык реформалар борборунун башчысы Николай Швирид муну соода балансындагы өтө чоң тескери сальдо дейт:

"Бул абдан уят. Мындай болбошу керек. Бизге ушунчалык көп көйгөй жараткан өлкө менен сооданы көбөйтүп жатабыз. Анан калса, ал соода жүгүртүү биздин Украинанын пайдасына эмес. Мен муну абдан терс кабыл алдым. Бул жаман нерсе. Албетте, бул маселелер көптөн бери топтолуп калган. Алар бир күндө чечилбейт. Бирок, биз башынан эле экономикалык саясатты туура жүргүзгөндө, импорту жок эле өлкөнүн ички керектөөсүн өзүбүз камсыз кылмакпыз. Бизде сырттан сатып албай, өзүбүздү өзүбүз 70-80%га чейин камсыздай турган ресурс бар".

Экономикалык "сыйыртмакты" сыноонун учуру

Украиналык экономисттер муну орус агрессиясынын фонунда өзгөчө коркунучтуу көрүнүш экенин айтышууда. Айрыкча энергетикалык көз карандылыктын күчөшү кооптондурат. Анткени Украина көмүр жана мунайзат өндүрүмүнүн көбүн Орусиядан импорттойт.

Украинанын мурдагы вице-премьер-министри Владимир Лановой бул көрүнүштү эң коркунучтуу экономикалык “сыйыртмак” деп атады:

"Биз өзүбүз сыйыртмакты моюнубузга салып берип жатабыз. Негизи, биз мурдатан, эртерээк эле бутубузга туруп кетүүгө мүмкүнчүлүктөр толук жетиштүү болчу. Биз энергетикалык көз карандылыктан чыгып кетсек болмок. Себеби бизде кезинде эң алдыңкы технология менен жабдылган мунайды кайра иштетүүчү алты заводубуз бар болчу. Анан эмне болду? Жок болду. Азыр биз бензинди, дизелди, мазутту жана башка карамайды жалпы керектөөгө жана армия үчүн дагы тыштан алууга мажбурбуз. Ошентип, өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кыла алган эмеспиз".

Көмүр менен күйүүчү майга көз карандылык

Орусиядан кирген импорттун көлөмү өткөн жылы кескин өсүп, экспорттон 3,21 млрд. долларга ашып кетти. Баарынан да Украина Орусиянын энергия булактарын 4 млрд. долларга көп импорттогон. Ал Орусиядан келген жалпы импорттун үчтөн экисин түзөт. Былтыр Украина орус көмүрүн импорттоону 1,5 эсеге көбөйтүп, көлөмү 1,5 млрд. доллардан ашты.

“Импорттун үчтөн экисин көмүр, мазут жана башка мунайзат өндүрүмдөрү түзүп жатканы кооптуу. Мисалы жетиштүүдөй көрүнгөн менен Украина азыр көмүр менен өзүн жарым-жартылай гана камсыздайт. Тилекке каршы, калганын бүт сырттан сатып алат. Мунайзат өндүрүмдөрүн толугу менен тыштан ташыйт. Украина ошондуктан импорттон көз каранды бойдон калууда. Муну дароо чечүү оңой эмес. Башкысы анын бардыгын бир эле жактан жана алда канча кымбат баада сатып албоо. Мындан чыгуунун жолу – көмүр сыяктуу энергетикалык ресурстарды натыйжалуу жана зыяны азыраак башка энергия булактарына алмаштыруу. Ошондуктан Украина “Жашыл” келишимге кошулду”, - деди Киевдеги экономикалык изилдөөлөр институтунун илимий иштер боюнча директору Вероника Мовчан.

Украинадагы көмүр менен иштеген ЖЭБ.
Украинадагы көмүр менен иштеген ЖЭБ.

Украина сырттан ташыган дизел, суюлтулган газ сыяктуу мунайзат өндүрүмү импорт боюнча экинчи позицияда. Мында эксперттер көйгөйдү бир кездеги кубаттуу мунайды кайра иштетүү тармагы кыйрап калгандан көрүшөт. Азыр СССРден мураска калган алты ири мунай иштетүүчү заводдун бирөө гана иштейт.

Ошондуктан эксперттер Орусиянын кол салуу коркунучунун алдында Украинанын армиясын күйүүчү май менен камсыздоодо импортко көз карандылыгы кооптуу экенин айтышууда. Кырдаал курчуп кетсе, Киев күйүүчү майды Румыния, Польша аркылуу араб өлкөлөрүнөн же Азербайжандан ташуу жолдорун издеп жатканы кабарланды.

Белгилей кетсек, жылдан жылга Орусиянын агрессивдүү саясатынын натыйжасында украин өкмөтү Орусиядан айрым товарларды алып кирүүгө тыюу салууну улантууда.

Ошол эле кезде анын Евробиримдик менен соода жүгүртүүсү Орусияга караганда алты эсеге өстү. Былтыр Украинанын Евробиримдик менен соодасы 44 млрд. долларга чыкты.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG