Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Чет жактагы мигранттардын расмий эсеби 1 миллион 118 миңге жетти


Орусиядагы кыргызстандык мигранттар.
Орусиядагы кыргызстандык мигранттар.

Соңку расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстандын 1 миллион 118 миң жараны өлкөдөн сырткары жактарда иштеп жүрөт.

Бул тууралуу "Азаттыкка" Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директору Кубандык Акматбеков билдирди.

"Орусияда 1 миллион 63, Казакстанда 30 миңге чукул, Түркияда 20 миң, АКШ менен Араб өлкөлөрүндө 10 миң, Германия, Канада жана Италияда алты миң, Түштүк Кореяда беш миңден ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Мындан тышкары Орусиянын аймагына кире албай, кара тизмеге түшкөн кыргызстандыктардын саны 76 миң экени эсептелди".

Орусияда иштеген Кыргызстандын жарандарына талаш-тартыштарды, иш берүүчүлөр менен чыр-чатактарды чечүү боюнча эмгек укугу жаатында кеңеш бере турган онлайн ресурс иштей баштады. Жеке тараптар ачкан бул акысыз укуктук жардам берген ресурстун интернеттеги дареги www.prava-kirgizov.ru деп аталат.

Буга чейин расмий органдар Орусияда 700 миңге чукул кыргызстандык иштеп жүргөнүн билдирип келген.

Дүйнөлүк демографияны эсептеген worldpopulationreview порталында 9-февралга карата Кыргызстандын жалпы калкынын саны 6 млн. 687 миң 445 деп көрсөтүлүп, бир саатта бирден жаран өлкөдөн сыртка миграцияга кетип жатканы эсептелген. (SA/BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG