Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Кадр саясатындагы инсандын орду: медицина реформаланабы же?..


Бишкектеги травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунун алдындагы акция. 4-февраль, 2022-жыл.
Бишкектеги травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунун алдындагы акция. 4-февраль, 2022-жыл.

Бишкектеги травмотология жана ортопедия илим изилдөө борборунун деректири академик Сабырбек Жумабековдун кызматтан алынып, аталган борбордун Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы кылып кайра түзүлүүсү коомдо карама-каршы пикирлердин кагылышуусуна себеп болду. Эки жаатты мынчалык катуу тирешүүгө жеткирбей койсо болот беле? Эми бул чатактан кандай сабак алабыз? Улуттук медицина мындан ары өнүгүү жолуна түшөбү же?..

"Башты бийик көтөрүш керек!"

Таанымал журналист Абдывахаб Мониев "Фейсбуктагы" барагында Сабырбек Жумабековду бул чырга көп чырмалбай эле койсо болмок деп жазды.

"Эгер мен чет өлкөлөргө да таанылган чыгаан ортопед, көптөгөн майыптарды бутуна тургузган, колунда жокторду бекер эле айыктырып, элдин алкышын алган, мамлекеттен бир тыйын кымтыбай, тааныш-тунуштук кылбай таптаза иштеп, өзүм башкарган борборду өнүктүрүп жаткан Сабырбек ЖУМАБЕКОВ болсом…Анда министрдин чечимин адилетсиз деп эсептесем да, ага теңелбей, кызматты токтоосуз тапшырып берип, башты бийик көтөрүп чыгып кетишим керек да, туурабы? Акыйлашып, жаман-жакшы айтыша бергенден кадырым артып, беделим көтөрүлүп кетмек беле?

Андан көрө мамлекеттик ооруканага эле байланбай, өзүнчө жеке менчик борбор же институт ачып алганым оң эмеспи?.." (Бул тексттин мазмунун гана кыскача келтирдим).

Суроо белгини илептей түздөш оңой эмес...

Ага карата менин пикирим:

Абдывахап, жөндүү сөз айттың. Бирок, тилекке каршы, баардык талашсыз “плюстары” менен кошо алганда деле академик Сабырбек Жумабеков азыркы арабөк доордун уулу экен. Анткени эгер сен айткандай принципти бекем карманса, ал докторлук диссертациясын коргоп, УИАга шайлана алат беле? Бишкектеги ушундай бир борборду жетектей алат беле?

Ийилбеген кишини Акаевден, ага чейинки партократиядан бери терең тамырлап келген бүгүнкү башкаруу системасы сындырып же четке сүрүп салат. Депутат эмес, президент болом дегендер Матраимовго жүгүнүп келбеди беле? Азыр ийилбей калдыбы?

Көпкө чейин ийилип, эңкейген абалда жүрүп, рухий тулкусу суроо белгидей болуп калган адамдан илептей какайгын деп талап кылса болобу? Ал бир заматта ошондой түзөлө алабы?..

Мен Сабырбек Жумабековдун дегеле актабайм. Бирок аны такыр эле тебелеп салгандарга да кошулгум келбейт. Ал мыкты догдур, биздин улуттук медицинаны эл аралык мейкиндикте тааныткан таланттуу ортопед. Эгер “кечтим байдын кызынан” деп кол шилтеп басып кетсе, тээ Акаевдин доорунда эле Европага барып, балким, кесипкөй адис катары азыркыдан да жакшы таанылмак. Бирок биздеги ортопедия өнүгөт беле?

Ал эми жетекчи катары Жумабеков – бүгүнкүгө чейин түптөлүп, тамырлаган системанын адамы...

Азыр эң орчундуу маселе мындай: эми система буга чейинкиден бетер болуп кетпейби – адамдарды ийилткенден ары үч бүктөп, саждага жыгып салбайбы бийлик алдында?..

Мындан ары улуттук (бүткүл өлкөлүк) медицина жаңылануу, өнүгүү жолуна түшөбү же туманда адашып, туюкка кептелеби?.. Азыркы кадр саясаты каякка баштап баратат?..

Балким, С. Жумабеков селт этип ойгонор, чындап намыска келер. Жакын арада азыркы нес абалдан чыгып, жаңы муундагы лидерлерге өрнөк болгудай, аларга дем бергидей кадамдарды жасаар?..

А жаш лидерлер ортоңку муундагы үлкөндөрдүн каталарынан сабак алып, алысыраак, кененирээк ойлонуп, бийигирээк мүдөө менен жашап калабы?..

Карсылдаштын учкуну жолго жарык чачабы?

Кадр саясатына тууганчылык, жек-жаатчылык, жердештик, жеке достук сыяктуу мамилелер аралашпаса, ар бир жооптуу кызматка чыныгы кесипкөй, таза адистер дайындалса…

Тилекке каршы, бул азырынча кыялдагы гана көрүнүш. Болгондо да көпчүлүктүн эмес, кыйла аз жарандардын кыялындагы, каалоосундагы иш. Анткени азырынча ошол кызматтарга дайындай турган "биринчилерди" жана талапкерлердин бекитилишине азыраак болсо таасири тийе турган депутаттарды ШАЙЛАП, б.а. ТАНДАП жаткан көпчүлүк шайлоочулардын түшүнүгү кандай экени баарыбызга белгилүү…

Бирок… Улам бир келген бийликти жактырбай, көңүлүбүз калып бүткөндөй кезде акыл калчап, алыс, калыс ойлонууга ыктаган замандаштарыбыз көбөйөр? Ар бирибиз туугандарыбызга, жердештерибизге, досторубузга, кошуналарыбызга көкүрөк өйүгөн санаабызды айтып, катуураак талашып-тартышып көрбөйлүбү? Оюбузду ачык-айкын айтпайлыбы, өң көргөндө жүз таят болбой?..

Балким, бүгүнкү таарынычтан, карсылдаша кармашуудан кийин сергегирээк ойлонорбуз?..

Жолдош Турдубаев

P.S. Автордун пикири "Азаттыктын" көз карашын чагылдырбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG