Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Улут саламаттыгы мансаптан кымбат


Нарындагы оорукана.
Нарындагы оорукана.

Каргыш тийгир апааттан күн санап отуз-кырктан киши набыт болуп, ансыз да карайлап турган калктын үшүн алууда. Бүткүл адамзаттын эсин эсеңгиреткен тилсиз жоо биздин медицинабыздын канчалык реформага муктаж экендигин, өзгөчө абалда ыкчам, чечкиндүү, мобилдүү аракеттерге бара албаган жетекчилерибиздин канчалык компетентсиз, ыкшоо, жөндөмсүз экенин ачык көрсөттү.

Айрыкча эл ишенип шайлаган депуттаттардын ушундай калаймандуу саатта өз калкын арасат абалга таштап качып кеткени (чындыгында күзгү шайлоого даярдык көрө баштаганы), укумдан-тукумга токонаалатка кала тургандай осол иш болду.

Эл боо түшүп кырылып жатса, азыр шайлоо жөнүндө сөз кыла турган учурбу? Же президентке, өкмөткө, депутат болмуштарга адам өмүрүнөн депутаттык мандат артыкпы? Күнүгө канчалаган балдар жетим калып жатканы, канчалаган апалар, аталар түгөйүнөн ажырап жатканы анчалык маанилүү эмеспи?! Азыр бүт күч-аракетти, бүт каражатты, колдогу бар мүмкүнчүлүктү күндө ондогон киши өмүрүн жалмап жаткан алааматты ооздуктоого жумшоо керектигин ар бирибиз качан түшүнөр экенбиз!

Мындан бир топ күн мурда пневмониядан 42 киши үйүндө жатып жарык дүйнө менен кош айтышканын укканда төбө чачым тик турду. Эгер иш башынан ойдогудай уюштурулганда, башынан элге туура маалымат берилип келгенде, абал мынчалык оорлоп кетпейт эле. Күндүзгү стационарлар мурдараак ачылганда, өлүм оозунда жаткан бейтаптар бир ооруканадан экинчисине куулбай, дароо кабыл алынганда, мынчалык оор жоготууга учурабайт болчубуз.

Бүгүн мени таң калтырган, менин башымды маң кылган дагы бир нерсе, эмне үчүн бийлик өкүлдөрү «пневмониядан баланча адам, COVID-19дан түкүнчө адам өлдү» деп эки бөлүп маалымат берип жатат? Өзүбүздүн адистер, айрыкча медицина жаатындагы орус илимпоздору жай мезгилинде өпкө кагыны менен ооругандар сейрек учурай тургандыгын, ал эми учурдагы адам өмүрүн алып жаткан илдет вирус экендигин күн кур эмес какшап сайрап жатса да, биздикилер муну неге ачык айтпайт? Муну менен алар кимди алдагысы, кандай утушка ээ болгусу келет? Же бул жерде биз билбеген бир мандем, бир жашыруун көз боёмочулук барбы?!

Пневмония башталып (иш жүзүндө вирус жуктуруп), бирок анализинен COVID-19дун инфекциясы аныкталбай («таза чыгып»), өз убагында жардам ала албай ондогон адамдардан айрылып калгандыгыбыз үчүн кимдир бирөө жооп бериш керекпи?

Азыр мени бир парадоксалдуу суроо кыйнап жатат: эгер COVID-19га караганда «пневмония» дегендеринен адамдар күнүнө он эсе көп өлүп жатса, ал вируска салыштырмалуу алда канча коркунучтуу, алда канча опурталдуу болсо (Улуттук хирургия борборунун дарыгери Сыргак Турдалиевдин айтымында, ал бир сутканын ичинде эле өпкөнүн 75% жарактан чыгарат экен) анда эмне үчүн ушул тууралуу коңгуроо кагышпайт?

Эмне үчүн аталган илдеттин белгилери так, анык көрсөтүлүп, жалпы элге түшүнүктүү тилде (мисалы, кандай болгондо сасык тумоо, кайсы белгилер байкалганда COVID-19 же вирустуу пневмония экени айтылып), үналгыдан, сыналгыдан, социалдык желелерден күнү-түнү жарыя кылынбайт? Бу жарыкчылыктан кеткендердин көпчүлүгү өз кеселдерин кадимки сасык тумоо деп жүрүп өтүштүрүп жибергени же жалганбы?

Адистердин пикири боюнча дээрлик 95% таажы вирус козгоп жаткан мындай ашкере коркунучтуу кеселди өтүштүрүп жибербеш үчүн (бүгүн өзүбүз көрүп жаткандай) эмне кылышы керек, андай илдетке чалдыккандар ооруканага же тийиштүү догдурлар бар жерге жеткенче (эгер алыскы айылдарда жашаса) ага кандай алгачкы медициналык жардам көрсөтсө болот? Кандай жолдор менен адам өмүрүн сактап кала алабыз? Ушул суроолорго жооп берилбей жатканы мени катуу тынчымды алууда.

Дегеле дүйнөдөгү бүгүнкү кейиштүү абал, таажы вирусуна каршы дабанын табылбай жатышы адамзаттын кас душмандары мунун баарын атайын ойлоп таап, бир кездеги мизантроп Ницшенин адам баласын «аксагынан» тазалагысы келген кыялын ишке ашырып жатабы деген ойго да түртпөй койбойт.

Президентке, өкмөткө менин бере турган сунушум:

  1. Карантин киргизилбесе да коомчулукту согуш маалындагыдай катуу тартипке чакыруу.
  2. Тартипти бузгандарды аёосуз жазалоо.
  3. Элге так, туура маалымат жеткирүү.
  4. ЖМКлар, социалдык желелер аркылуу вирустуу пневмониянын алгачкы белгилери, өрчүшү, алдын алуу, дарылоо жолдору тууралуу калайыкка үзгүлтүксүз маалымат берип туруу.
  5. Борборлордон алыс ар бир айылда (кварталда, махаляда) COVID-19 менен вирустуу пневмонияны так аныктай алган бир-экиден адистерди даярдап, күнү-түнү кызмат көрсөтө турган медициналык лагерлерди уюштуруу. Алардын коопсуздугун камсыз кылуу.
  6. Ооруканаларга оор абалда келгендердин баарына бир мүнөт да кечиктирбей жардам бере турган шарттарды түзүү.
  7. Пандемиянын эң кыйын участогунда күрөшүп жаткан дабагерлерге тез-тез тыныгуу берип туруу.
  8. Жеке менчик кичи автобустарды жалдап, тийиштүү медициналык жабдыктар менен камдоо аркылуу «Тез жардам» кызматынын санын көбөйтүү.
  9. Донорлордон, элден таажы вируска каршы күрөшүү үчүн түшүп жаткан каражаттардын кайда жана кантип сарпталып жатышы жөнүндө коомчулукка байма-бай ачык отчет берип туруу.

Учурда өпкө кагыны менен ооругандар көп болуп жаткандыктан, флюорографиядан өтүү үчүн кезекке тургандардын саны күн санап өсүүдө. Жакында бир таанышым экөөбүз мамлекеттик эки мекемеге барып (№7 эмкана менен Улуттук госпиталь) рентгенге түшө албадык.

Үй-бүлөлүк дабагерлерден атайын жолдомо болбосо кабыл алышпайт экен. Анда башка аймактардан келгендердин тагдыры кандай болот? Эгер адам катуу ооруп, шашылыш жардам керек болуп калсачы? Азыркыдай каат кырдаалда ушундай формалдуулуктардын кереги барбы? Качан биз адам өмүрүн биринчи планга коёбуз?

Ал эми акысы бир нече эсе кымбат жеке менчик лабораторияларда да абал чеке жылытарлык эмес. Саламаттыгың кандай болгонуна карабай, эки-үч күн кийинкиге кезекке жазылат экенсиң. Андай жерлерде кезекке тургандардын ийиндери бири-бирине тийип калчудай болуп, санитариялык эрежелер такыр сакталбай тургандыгын өз көзүм менен көрдүм. Демек, мына ушундай алешем жагдайлар да илдеттин таралышына түрткү болуп жатат.

Өкмөт текшерилүү үчүн келгендер бир-эки сааттан ашык кезекке турбагандай кошумча рентген жайларды ачып, аталган маселени тез арада жөнгө салышы керек. Антпесе вирус жугузуп алган бейтап үч күнгө чейин айланасындагыларга жугузуп жибербейт деп ким кепилдик бере алат! Үч күндү өзү күтө албай калсачы? Балким, бүгүнкү жоготуулардын бир себеби ушундан болуп жүрбөсүн?

Дагы бир талуу маселе, бүгүн бөлөк оорулар менен ооруп каза болгондорду көмүү үчүн да таажы тумооду аныктай турган медициналык эксперттердин корутундусу сөзсүз талап кылынат экен. Ар бир райондо мындай эксперттик бирден эле топ болгондуктан, сөөк өз убагында жерге берилбей жаткандыгына күбө болдум. Азыркыдай эпидемия күч алып жаткан учурда каза болгондор тез арада жерге берилиши абзел, антпесе маркумдун жакындары эртеден кечке аралашып жүрүп, ал жерде илдеттин кооптуу очогу жаралышы анык.

Тилекке каршы, учурдагы оорчулуктун баары дабагерлердин мойнуна түшүп жатат. Бүгүнкү алардын көрсөтүп жаткан каармандыгы, кайраты үчүн чылк алтындан эстелик тургузсак да аздык кылат. Төмөндөгү ыр заманыбыздын чыныгы баатырлары – ак халатчандарга арналат.

Биздин замандын баатырларына

Дүрбөлөңгө салып бүткүл ааламды,

Чакчелекей түшүрдүң го, заманды.

Таажы тумоо, каргыш тийгир кесепет

Кайдан чыктың, эсин алып адамдын!

Уйку качат – оор ойлор чырмаган,

Айласыздык тузагында кыйналам.

Элүү адам жерге түшсө бир күндө,

Кантип уктайм, кантип анан тынч алам!

Көңүл чаппайт, окуганга, жазганга,

Демейкидей сыртка чыгып басканга.

Денем муздап, үшүп барат жүрөгүм,

Чыкпачудай эртең күнкү ак таңга.

Баары кыйрап, баары үзүлүп түшкөндөй,

Дүйнө түгөп, соңку саатын күткөндөй,

Тирүүлүгүм мени менен коштошуп,

Аласабыз, бересебиз бүткөндөй…

Жашоомдун байып түркүн боёгу,

Айтылгансып эң акыркы жомогу.

Турган кезде жамандыкка бел байлап,

Капилет ой менин жолум тороду.

Төрт ай бою үйүн-жайын көрбөгөн,

Төрт ай бою сүйгөн жарын өппөгөн.

Төрт ай бою өлүм менен арбашып,

Бирөөлөрдүн өмүрү үчүн

Жанын сайып,

Өз өмүрүн төшөгөн

Эске түштү ак халатчан баатырлар.

Эске түштү мүнөт сайын

Тобокелге барганы.

Кан кечкендей согуштагы

Азап чегип жатканы.

Эске түштү айырбаштап өмүрүн,

Жүз адамды, миң адамды

Аман алып калганы!

Алтын колдуу асыл адам, жан адам

Сен бар үчүн түгөл турат заманам.

Чырак болуп сен жагылып жатасың,

Кирер кезде өмүрлөргө намашам.

Эстегенде мен өзүңдү чыйралдым,

Өлүмдү жектеп,

өмүр-көчкө байралдым.

Кайратыңдан касиеттүү улуу журт,

Катаал күнү сен сыяктуу,

Түбөлүккө

сынбас болуп кайралдым.

Аким Кожоев, жазуучу

(Автордун пикири «Азаттыктын» көз карашын билдирбейт)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG