Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-июль, 2020 ишемби, Бишкек убактысы 13:17

Илдет менен күрөштө илимге таянган оң


Сузактагы блокпост. 4-апрель, 2020-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргыз окумуштуулары таажы вирусу, анын кесепеттери, сактануунун жолдору тууралуу элге жөнөкөй тил менен түшүндүрүп бере алышабы? Же андай адис-окумуштуулар өлкөдө жокпу?

Азыркы дүйнөнү термелткен апаат учурунда бир кызыкты байкадым. Байдөөлөт өлкөлөрдө, ошондой эле Орусияда, Украинада коронавирус дартына байланыштуу ар кыл кесиптеги адистер менен окумуштуулар масс-медиада түшүндүрмө беришүүдө. Алардын арасында эпидемиолог, дарыгер-инфекциониcт, вирусолог, паразитолог, иммунолог, микробиолог, биолог, ал түгүл математиктер да бар.

Бизде болсо коркунучтуу оору, анын кесепеттери, андан коргонуунун жолдору тууралуу негизинен саламаттык сактоо тармагын жетектеген министр, анын орун басарлары гана билдирүү таратышууда.

Илимпоздор жана жогоруда аталган адистер кайда? Өлкөдө андай адистер жок чыгар дейин десең Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында эпидемиологдор менен вирусологдорду даярдачу эки жылдык курс иштейт.

Ал арада эл арасында «коронавирус жок. Бул элди коркутуп, акча кылууну көздөгөн эл аралык шылуундардын эле ойлоп тапкан амалы» дегендей кеп-сөздөр айтылып, медициналык беткап кийбей жүргөн кенебестер таранчыдай көп. Андай кенебестер Бишкектин ичиндеги жана шаарга каттаган маршруттук таксилерде арбын кездешкенин айтышат.

Ушундан улам министрликтердин, республикалык мекемелердин башчылыгына чындыкты тайманбай бетке айткан, принципиалдуу кесипкөйлөр эмес, өлкө жетекчилигинин купулуна ылайыктуу тили кыска адамдарды дайындоо качан токтотулат деген суроо жаралат.

Баса, Кыргызстандын соңку 30 жылдагы тарыхына кайрылсаңыз, андай фактыларды кокодон табасыз.

Оозунда сөзү, көкүрөгүндө оту бар адистер

Принципиалдуу, өз пикирин тайманбай түз айткан дегенимдин олуттуу жүйөсү бар. Мисалы, 11 миллион калкы бар Грекияда пандемия каптагандан бери таажы вирусу жуккан үч миңге жуук (4-июнга карай - 2937) киши катталып, 179 киши жайран болгон. Бул Европадагы эң төмөнкү көрсөткүч. Бул - медицина тармагында 10 миң кызматкер жетишпеген өлкөнүн көрсөткүчү.

Грек өкмөтү коркунучтуу илдеттин алдын-алуу иштерин 26-февралда Италиядан келген аялга таажы вирусу жукканы аныкталганда баскыч-баскычы менен жүргүзө баштаган. Ага чейин Сотирис Цодрастын (Sotiris Tsodras) демилгеси менен курамына 26 окумуштуу кирген ыкчам топ түзүлүп, медициналык 13 борбор даярдалган. (Ал учурда Италияда COVID-19 жуккан 330 киши катталып, андан 11 киши өлгөн).

Сотирис Цодрас ким? Премьер-министрби же министрби? Жок! Саламаттык сактоо министрлигинин COVID-19 боюнча башкы илимий кеңешчиси, эпидемиолог.

5-мартта Иерусалимден кайткан зыяратчылардын теңине - 21 адамга балакет оору жукканы аныкталган соң катаал чараны баскыч-баскыч менен эмес, жапырт киргизүүнү Аттика университетинин ооруканасынын дарыгерлери талап кылышкан. Алар «эгер бул талап аткарылбаса, ишти токтотобуз» деп эскертишкен.

Бүгүн гректер Сотирис Цодрасты «улуттук сактоочусу» деп атап, илимпоз-эпидемиолог поп-музыка менен кино жылдыздарынан да популярдуу болуп чыкты.

Экинчи мисал. Швециянын башкы эпидемиологу Андерс Тегнелл (Anders Tegnell) пандемияга каршы күрөштө жаңылыш стратегияны тандап алганын моюнга алып, 3-июнда мекендештеринен кечирим сурады. Мурдараак швед өкмөтү да чечкиндүү чара көрбөй, жарандарды эркин коюп, анын азабын көпчүлүк тартканы үчүн жамы журттан кечирим сураган.

10.2 миллион эли бар Швецияда коронавирус 40803 кишиге жугуп, анын кесепетинен 4542 киши көз жумган. Бул киши башына алганда дүйнөдөгү эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири.

Бир ай илгери Жаңы Зеландиянын саламаттык сактоо министри Дэвид Кларк (David Clark) өкмөттүн коронавируска байланыштуу сунушун бузганы үчүн жарандардан кечирим сурап, премьер-министр Жасинда Ардернден (Jacinda Ardern) айыбы үчүн кызматтан кетирүүнү суранган.

Министрдин болгон айыбы - дем алыш күнү үй-бүлөсү менен жашаган жеринен 20 чакырым жердеги жээкке барып, эс алган. Ошондой эле үйдөн алыс чыкпоо тууралуу талапты этибар албай, үйүнөн эки чакырым алыс кетип, велосипед тепкен.

«Кадыресе жагдайда министрди кызматтан бошотмокмун. Анын жасаганы туура эмес, актап да болбойт. Бирок азыр мен үчүн башкы максат - COVID-19га каршы биздин жамаат менен бирге күрөшүү. Ошон үчүн саламаттык сактоо тармагында же тийиштүү чара көрүүдө массалык тартип бузууга жол бере албайбыз. Ушул себептүү гана доктор Кларк өз ордунда калды», - деп түшүндүрдү Ж. Ардерн айым. Бирок Дэвид Кларк экинчи кызматы - финансы министринин орун басарлыгынан бошотулду.

Жогорудагы мисалдар коом алдындагы моралдык жоопкерчилик түшүнүгү азырынча биздин жетекчилер үчүн чоочун нерсе экенин айгинелейт.

Кыргызстанда илимий божомолду ким жасайт?

Таажы вирусунун пандемиясы алып келген алааматтан улам дагы бир маселеге коомчулуктун көңүлүн бурууну туура көрдүм.

Таажы вирусу азыркы ырааты менен бара берсе, жарандар этияттыкты тегиз сактабаса, өлкөбүз, демек букаралар, кандай кыйынчылыктарга кабылат? Анын кесепети өлкө калкынын саламаттыгына кандай таасир этет? Казына кандай чыгым тартат? Эгер өкмөт Грекия, Вьетнам, Тайвань, Чехия сыяктуу алдын-ала чара көрсө, оору канчалык масштабда аз болмок? Мунун баарын өкмөт изилдеп, эсептеп чыгып, элге масс-медиа, өзгөчө улуттук телеканалдар аркылуу түшүндүрүшү зарыл деп эсептейм. Бул көпчүлүктүн пандемияга олуттуу жана аң-сезимдүү мамиле кылышына өбөлгө түзмөк.

Өйдөдө тизмектелген суроолордун баарына жоопту математикалык моделдөө жолу менен толук тапса болот. Антип ишенимдүү айтууга Англиянын Саутгемптон университетинин окумуштуулары баштаган эл аралык илимий топтун изилдөөсү айкын далил. (Караңыз: Ghe Guardian, 11/03/2020, Medrxiv.org Medical Research Publications 3/03/2020).

Математикалык моделде 29-февралда Кытайда COVID-19 дартына чалдыккан 119 325 оорукчан катталган деп алынган. (АКШнын Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, 29-февралда Кытайда 79400 оорукчан катталган). Эсептөө боюнча, эгер массалык тестирлөө жүргүзүлбөй, оорулар карантинге алынбай, элдин көчөдө жүрүшүнө тыюу салынбаса, эпидемия жуккандар 67 эсе көп болмок же 7,66 миллион адам COVID-19 менен оорумак экен. Эгер берегидей чаралар бир жума мурда киргизилсе, таажы вирусу жуккандар 66% аз; эки жума мурда киргизилсе, оорулардын саны 80% аз; үч жума мурда киргизилсе, 95% аз болмок экен. «Биздин изилдөө жооптуу адамдардын тез чара көрүшү канчалык маанилүү экенин айкын көрсөттү», - дейт профессор Энди Татем Саутгемптон.

Окумуштуулар февраль айында түзгөн математикалык модел көрсөткөндөй, Кытайдын бийлиги пандемияга чалдыккандар боюнча расмий жарыялаган маалыматтар абалды толук чагылдырбаганына ошондо эле адистер көңүл бурушкан.

Маалыматтарды цензуралап тескөө дагы эле улантылып, коронавирус боюнча маалыматтарды расмий Бээжин кечеңдетип жатканы «Associated Press» агенттиги 2-июнда жарыялаган изилдөөдө да белгиленет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (8)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG