Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:25

Өкмөт оору басаңдайт деп үмүттөнөт


Кыргызстандагы лабораторияда иштеген адам.
Кыргызстандагы лабораторияда иштеген адам.

Саламаттык сактоо министрлиги «Кыргызстанда коронавирустун басаңдашына негиз бар» деген астейдил билдирүү таратты. Ушундан улам карантиндин шарттарын жеңилдетүү маселеси да каралууда.

Республикалык штабдын 24-апрелдеги жыйынында башкы санитардык дарыгер, саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өлкөдө коронавирустун толкуну туу чокусуна жеткенин, мындан ары басаңдашына негиз бар экенин айтты:

Нурболот Үсөнбаев.
Нурболот Үсөнбаев.

«Азыркы тапта оору бир калыпта сакталып турат. Ушул иш- аракеттерибиз жакшы жыйынтык берсе, вирус улам ылдыйлашы керек. Анткени, биз оору жуккандар менен байланышта болгон 8 500дөй кишинин баарын текшерип чыгып, үй шартында көзөмөлдү улантуудабыз. Ооруп калгандарын таап чыгуудабыз. Ушундан улам вирустун деңгээли бизде ылдыйлайт дегенге негиз бар».

Азыркы тапта Кыргызстандагы вирустун анализ-божомолун Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу, профилактикалык медицина борборунун вирусологу Зуридин Нурматов баштаган топ иликтеп жатат. Алар оору Кыргызстанда алгач катталган 18-марттан берки ар жумалык көрсөткүчтөрдү эсептеп чыгып, министрликке болжолдуу анализди тапшырууда.

«Вирус катталгандан берки акыркы 6-жумада аны жугузгандар 0,9% болуп калды, - деди Зуридин Нурматов. - Мурдагы 5-жумага салыштырмалуу азыраак катталды. Мисалы, 5-жумада 168 адамда вирус аныкталса, 6-жумада 146 болду. Мындан жыйынтык чыгара турган болсок, соңку үч жумада вирустун өсүш темпи азайды дегенге жатат. Ушундан улам 1-майдан тартып өзгөчө кырдаалды калтырып, өзгөчө абалды алып салса болот деп ойлоп жатабыз. Бирок баары бир карантиндеги режимдерди сактап, адамдар топтолбой, бири-биринен оолак турушу керек. Сырткы, эл аралык каттамдарды да токтото туруу зарыл».

«Вирус кантип азайсын?»

Бирок Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү элди жубаткан мындай божомолдорун четке каккан адистер да бар. Алар муну коронавирус башка оорулардан айырмаланып белгилери байкалбагандыктан, ага чалдыккандарды дароо аныктоо мүмкүн эмес деп түшүндүрүшөт.

Кардиохирург, профессор Калдарбек Абдраманов өлкөдө жапырт тест алынбагандыктан, карантиндин шарттарын жумшартууга али эрте ойдо.

«Мен деле вирустун аз болушун каалайт элем. 100 миң кишиге карай пайызын эсептеп туруп, «азайып кетти» деп жатышат. Министрликтин мындай божомолу туура эмес да. Муну өздөрү деле билет. Маселен, адам жүрөгү ооруса келип текшерилет да. Коронавируста андай эмес, ага чалдыккандарды издеп табыш керек. Алар көпчүлүгү жугузса деле билинбей, өздөрү оорубай жүрө берет. Ооруган адамдардын ондон биринде, бештен биринде гана клиникалык белгилер пайда болот. Вирус азайып калды деп айтуу такыр эле туура эмес. Балким аныкталып, ооруканага жатып, анан кайра айыгып чыккандардын пайыздарын салыштырып айтып жатышкандыр. Мындай маалыматка таянууга болбойт. Эгерде оорулууларды так аныктай албасак, баарын тестирлебесек, көчөдө жүрүшөт да».

Эл аралык адистер да божомолду так кыла албайт

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлигине Польша, Кытайдан келген адистер Кыргызстанда карантин шарттары толук сакталбай жатканын, бул кооптуу экенин айтышканы маалым болгон.

Ушул эле ойду айрым эркин эксперттер да кубаттоодо. Эл аралык медицина боюнча адис Бактыгүл Бозгөрпөева коронавирусту изилдөө, аны карантиндик жол менен токтотуу чаралары жеке эле Кыргызстанда эмес, дүйнөлүк илим чөйрөсүндө талашка түшкөнүн айтууда:

«Медициналык кызматкерлердин айтымында, азыр бардык адамдар тестирлөөдөн өтө элек. COVID-19ду тестирлөө жапырт ишке ашса, анда ооругандар алда канча көп болушу ыктымал. Ал эми эпидемиологдор адамдардын жүрүм-турумуна карай талдап жатышат. Биздеги элдин жүрүм-турумун карасаңар, көрүнүп эле турбайбы, карантин деп коюп, көчөлөрдө ээн-эркин эле басып жүрүшөт. Эч кандай обочолонуу, вирустан коргонуу деген түшүнүк жок. Эгерде оору басаңдады деп карантинди алып салышса, 1-майдан тартып баары жайылып көчөгө чыгат. Ошондо вирустун экинчи толкуну башталабы деген кооптонуу бар. Себеби, ооругандар менен канча адам байланыш болгонун, алар кимдер экенин билбейбиз да. Абал азыркыдан да курчуп кетиши мүмкүн деген ойду эпидемиологдор да айтууда».

Кыргызстандык вирусологдор ооруну көзөмөлдөө, талдоо жана алдын ала болжоо үчүн «Сорос Кыргызстан» фонду Британиядагы Оксфорд университети менен чогуу иштеп чыккан атайын шаблонду 24-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги менен Республикалык штабга тапшырышты. Фонддун координатору Айбек Мукамбетов:

«Биз бул үлгүлөрдү азыр министрлик жана өкмөттөгү төрт топко тааныштырдык. Кечээ акыркы болуп Республикалык штабга көрсөттү. Негизги чечимди алар кабыл алышат. Эми алардын жообун күтөбүз», - деди.

Жээнбеков: иш чараларды күчөтүү керек

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөнүн бардык аймактарында санитардык-эпидемиологиялык иштерди күчөтүлгөн тартипте улантуу зарыл деп эсептейт.

Ошону менен катар мамлекет башчы экономикалык ишмердүүлүктү этап-этабы менен кайра улантууга, жазгы талаа иштерин талаптагыдай жыйынтыктоону камсыз кылууга көңүл бурган.

Бул тууралуу президент 24-апрелде вице-премьер-министр, Коронавируска каршы республикалык штабдын жетекчиси Кубатбек Бороновду кабыл алганда айтты.

Жолугушууда Боронов коронавирусту аныкташ үчүн өлкөдө үймө-үй кыдырып текшерүү жүрөрүн билдирди. Ал оорунун жайылышынын алдын алуу иштеринин кийинки этабында илдет жуккандар менен билбей байланышта болгондорду же алар менен байланышта болгонун билип туруп жашыргандарды аныктоо жүрө турганын айтты. Бирок бул аныктоо качан башталып, кандай тартипте өтөрү азырынча белгисиз.

Кыргызстанда коронавирус жуккандар менен байланышта болгондуктан дарыгерлердин көзөмөлүндө тургандардын саны азыр 2,5 миңге жакын адам. Обсервацияда 914 киши жатат. 18-марттан 24-апрелге чейин Кыргызстанда коронавирус 656 адамдан табылды, алардын сегизи кайтыш болуп, 322 бейтап айыгып кетти.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG