Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:11

Кыргызстан COVID-19ду изилдей элек


Бишкек.
Бишкек.

Республикалык штаб Кыргызстанда коронавирустун эпидемиясы 20-24-апрелде туу чокусуна жетерин айтып жатат.

Өлкөдө оорунун санын айткандан башка изилдөө, вирустун жайылышын анализдеп, аныктоо ишине кандай жүрүп жатат? Чет элдик дарыгерлерди алып келүү демилгеси ишке ашабы?

Кыргызстандын башкы санитардык дарыгери, cаламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев 16-апрелде оору жайылып, туу чокусуна жеткенден кийин басаңдай баштарын билдирди:

"Эпидемиянын туу чокусу 20-апрелден 24-апрелге чейин болот деп жатышат. Туу чокусуна жеткенден кийин оору сөзсүз басаңдай баштайт. Инкубациялык мөөнөт аяктагандан кийин вирустун алдын-алуу иштерине өтмөкпүз".

Үсөнбаев бул божомолду Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын-алуу жана профилактикалык медицина илимий борборунун вирусологдорунун бүтүмүнө таянып, айтып жатканы маалым болду.

Вирусолог Зуридин Нурматов башында турган беш кишилик топ азыр дүйнөлүк тажрыйбага таянуу менен Кыргызстандагы COVID-19дун мындан аркы жайылуу схемасын изилдеп жатышат. Топтун курамында Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынан, Кыргыз-орус Славян университетинин медицина факультетинен бирден илимпоз, эки кенже илимий кызматкер кирген.

"Вирустун жайылуу ылдамдыгы бардык жакта төмөндөй баштады. Жогору кеткен динамиканы байкаган жокпуз. Оору аныкталган аптада, 18-марттан 23үнө чейин ылдамдык 2,7% болгон, 24-29-мартта 1,9%, 29-марттан 4-апрелге чейин 1,3%, 5-10-апрелде 1,4%, 11-16-апрелде 1,2% болду. 17-22-апрелде ылдамдык 1% түшөт. Жөнөкөй тил менен айтканда, ооругандардын саны мурдагы жумаларга салыштырмалуу жогору кетпейт. Менин прогнозум боюнча, вирусту жуктуруунун ылдамдыгы 22-апрелден тарта төмөндөйт. Бул эми прогноз гана, так маалымат катары айта албайм".

Кыргызстанда Зуридин Нурматовдон тышкары ооругандарды жана коронавирустун жугуу коркунучун анализдеген, болжолдуу маалыматты берген азырынча башка альтернативдүү илимий изилдөөлөр жок. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү бул багытта иш алып бара электигин билдирди.

Оксфорд университети жардам берүүдө

“Сорос Кыргызстан” фонду оору башталгандан тарта Британиядагы Оксфорд университети менен бирге Кыргызстандагы коронавирусту анализдөөнүн үлгүсүн чыгаруунун үстүндө иштеп жатат.

Фонддун коомдук саламаттык боюнча координатору Айбек Муканбетов 20-апрелде эл аралык илимпоздор менен чогуу чыгарган бул эсептөө жана анализ үлгүсүн мамлекетке сунуштаганы жатканын кабарлады:

"Оксфорд университетинде математик, IT-адистер, эпидемиолог, вирусологдор, дата-аналитиктер, коомдук саламаттык боюнча адистерден турган жыйырмадай киши ушул изилдөөнүн үстүндө иштеп жатат. Бул жактан “Сорос Кыргызстан” фонду, жергиликтүү вирусолог илимпоздор да кошулду. Алар 20 өлкөнүн мисалында коронавирустун өнүгүү, токтоо динамикасын изилдей турган бирдиктүү шаблон иштеп чыгышты. Бул шаблонго Кыргызстандагы маалыматтарды да киргизсе болот. Канча кишиге жукту, карантиндин таасири менен оору токтоп жатабы, Кыргызстанда эпидемиянын туу чокусу качан болот, качан басаңдайт, кыргыз медицинасынын аны менен күрөшүүгө кудурети жетеби, айтор ушул суроолордун баарына жооп алгыдай математикалык так сандарды чыгарчу үлгү даяр болгону калды".

Бирок айрым окумуштуулар СOVID-19 вирусу Кыргызстанда изилденмек тургай, аны дарылоо, аныктоодогу илимий протокол азырынча даяр эмес экенин белгилешүүдө. Ушундан улам оорунун жайылышы качан токтоп, кантип анын алдын алса болот деген суроолорго жооп табыла элек.

Саламаттык сактоо министрлигинин башкы кардиологу, профессор Акбай Сарыбаев вирусту жуктургандар, обсервациядагылардын жалпы ден соолугу, өнөкөт оорулары тууралуу ар тараптуу илимий жактан негизделген маалымат жоктугун айтууда:

"Азыр чет өлкөдөгүлөр дароо эле мындай маалыматты чогултуп, илимий анализдерди тынымсыз жүргүзүп жатат. Алардын илимий, практикалык бирдиктүү протоколдору бар. Бизде да ушунун баарын ишке ашыруу керек. Илимий чөйрөдө талкуулаганыбыз менен азырынча мындай иш- чаралар баштала элек. Кечээ ушул суроону көтөрөм деп жетишпей калгам, бүгүн, 17-апрелде саламаттык сактоо министрине кирип, сунуштаганы жатам.".

Изилдөөгө убакыт тартыш

1-апрелде Саламаттык сактоо министрлиги 25тен ашуун илимпоздордун башын бириктирген Илимий консультативдик кеңеш түзгөн. Бирок бул кеңеш азырынча Кыргызстанда оору жуккан адамдарды дарылоого көрсөтмө берүү менен гана алек. Фундаменталдык негиздеги илимий божомолдор, оорунун качан күчөп, качан токтору тууралуу анализ жасап, же чет элден дарыгерлерди алып келе элек.

Кеңештин төрагасы Талант Сооронбаев бул багытта төмөндөгүдөй түшүндүрмө берди:

"Азырынча биздин милдетибиз - ооруларды дарылоо, аларды сакайтып үйүнө чыгаруу. Ушул тапта Венгриянын дарыгерлери менен байланышып жатабыз. Америка Кошмо Штаттарындагы кесиптештерибизден да көрсөтмөлөрдү алып жатабыз. Жакын арада дүйнөдөгү белдүү профессор-адистер менен байланышканы турабыз. Кытайдан да бир топ дарыгерди күтүп жатабыз. Бул маселе эми президенттин деңгээлинде макулдашылды да".

Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев өлкөдө коронавируска күмөн саналгандардын анализдерин чыгаруу кечеңдеп, лабораториялар аз болуп жаткандан улам ооругандардын саны кем берилип жатат деген пикирде. Ушундан улам COVID-19дун жайылышы жана анын качан токторун божомолдоо да кыйын экенин айтты:

"Бизде болгону Ош менен Бишкекте эле эки лаборатория болгону үчүн, албетте жетишсиз. Менимче, азыр айтылып жаткан бейтаптардын саны мындан алда канча көп болушу мүмкүн. Кытай, Италия же Түркияны алып карасак, илимпоздор бир киши 16 кишиге жугузат деп божомолдоп жатат. Ошондуктан, мындай реалдуу божомолдорго карай иш-аракеттерди аткарып, медициналык тармагын даярдоодо. Албетте, адам болгондон кийин, цифралар аз айтылса сүйүнүп, тынчтанып каласың. Бирок бул пандемия, вирус экенин унутпайлы".

18-апрелдеги маалыматка таянсак, Кыргызстанда СOVID-19га чалдыккандардын саны 506 адамга жетти. Анын ичинен Алардын 116сы медкызматкерлер.

Чикагодо иштеген кыргыз дарыгери: Коронавирустун ачыла элек жагы көп

Чикагодогу дарыгер Абдыраков: "Коронавирустун ачыла элек жактары көп"
please wait

No media source currently available

0:00 0:13:26 0:00

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG