Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-декабрь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

"COVID-19 апыртмаларды да мутация кылды"


Испаниянын Саламанкасындагы SARS-CoV-2 вирусун чагылдырган дубал сүрөт.

Жугуштуу COVID-19 оорусун жайылткан SARS-Cov-2 таажы вирусу ар тараптан кенен-кесир изилдене элек, эмнеликтен дегенде айры буттуу адам баласы анын бардыгын бир нече ай илгери эле билди.

Адамзат анын эпидемиологиялык “жүрүм-турумун” деле жакшы билбейт – андан канча адам набыт болору, билинбей ооруп жүргөндөр канча, мезгил ыраатына жараша жайылышы кандайлыгы белгисиз. Ошол эле мезгилде биз андан таптакыр кабарсызбыз деп айтуу да кыйын: SARS-CoV-2 вирусунун генетикалык паспорту кандай экени эпидемия жаңыдан жайыла баштаганда эле аныкталган. Жугуштуу оору менен илим айдыңында күрөшчүлөр: керектүү дарылар менен вакцина жасачулар иштеп аткан кези.

Вирустун генин изилдөө фундаменталдуу илим өкүлдөрүнүн энчисиндеги иш – таажы вирусунун тез таралышын билиш үчүн биомаалыматка өзгөчө көңүл бурулууда, тынч жаткан адамдарды үрпөйткөн коркунучтуу патоген кайда келгенин башка окумуштуулар изилдөөдө, алар убактысы келгенде коркунучтуу дарттын пайда болуш, таралышын так айтып беришер.

Орусиялык биоинформатик, профессор, биология илимдеринин доктору, Сколтехтин биомедициналык изилдөөлөр боюнча вице-президенти, Орусия илимдер академиясынын маалыматтарды берүү проблемасы институтунун “Биоинформатика” борборунун бөлүм башчысы Михаил Гельфанд "Азаттык" үналгысынын орус кызматына SARS-CoV-2 вирусу жасалма жол менен жасалышына илимпоздор ишенбестиги, анын канчалык тез өзгөрө алары, эволюциялык жол менен ал деле коркунучсуз вируска айланып калабы деген суроосуна жооп берди, конспирологиялык теориялардын вируска окшоп ыкчам өзгөрүп кетерине токтолду.

Михаил Гельфанд.
Михаил Гельфанд.

Негизи эле адамзат жасалма вирустарды жасай алабы?

– Бул жерде маселе жасалма вирус деген эмне экенинде. Конкреттүү техникалык тапшырма менен жок жерден вирус жасоого болобу – карап тургула, мен бир вирус ойлоп табайын, ал таранчыларга жугушу мүмкүн, көгүчкөнгө жукпайт, адамга да жугат, баарынан да латын америкалык күнөстөп жаткан жалкоолордун азабын берет – мындайды жасай албайбыз.

Жалпылап айтканда, биз геному жакын вирустарды гана аралаштыра алабыз, бирок ойго келген нерселерди жасоого жетише элекпиз. Мына, белокторду алалы, алар ар кыл вирустарда жалпысынан бирдей, окшош кызмат аткарышат, ошол белоктордун кодундагы гендердин орун алмаштырат, бир вирустан экинчисине өткөрөт.

2015-жылы Nature Medicine журналында жарыяланган эмгекте мына ушул иш аткарылган, ага ушу тапта конспирологдор үйүлүп калышпадыбы: лабораториядагы чычкандарга вирус жугузушкан, такай жасап келаткан көнүмүш иш, чычканга жуктурулган вирустун генин жарганаттын окшош генине алмаштырып коюшкан.

Экспериментте кошулма вирус лабораториядагы чычкандар менен адамдын клеткаларына жуга турганы аныкталды. Чынында эле жапайы жашап жаткан жарганаттардын вирусунун жугуу коркунучу бар. Бул өзү ошондой сценарийдин коркунучу жагынан алганда маанилүү иш болчу, анын үстүнө эксперимент Уханда жасалгандыктан (түзөтүү: чын-чынына келгенде иш АКШнын Түндүк Каролина университетинде, Ральф Бэриктин жетекчилиги алдында жасалган, ага Ухань вирусология институтунун изилдөөчүлөрү да катышкан, жарганат вирусунун гени бөлүнүп чыгарылган – АҮ) ушу тапта анын айланасында толгон-токой конспирологиялык теориялар жаралды. Анан адамдар ушу тапта чуу түшүрүп жаткан вирустун геномун көңүл коюп карашса, тиги лаборатоиялык жол менен табылган вирус менен бул вирустун окшоштугу жок болуп чыкты, башка таажы вирустары сыяктуу эле бул вирустар бири экинчисинен алыс турат экен.

Демек, жасалма вирус деген биотехнологиялык өнүгүүнүн азыркы деңгээлинде ар кыл вирустардан чампаланган одоно мозаикасы, бири экинчисине окшош вирустардын кошулмасы десек болобу?

– Өзү иштөөнүн эки ыкмасы бар. Биринчиси – мозаиканы түзүү. Бизде түзүлүшү белгилүү вирустар бар, алардан топтолгон вирустар ошол түзүлүштү сактап калат. Ушундай топтолмо, алгач көргөндө Франкенштейндин желмогузундай эле сезилет, колу башка түстө, экинчиси башка өңдө, көздөрү таптакыр башкача. Экинчи ыкмасы – мында так өзгөрүүлөр, геномдун ар бир бир арибин өзгөртүп, айрым жерлеринен өзгөртүлгөн вирустар кандай түзүмдөргө ээ болорун аныкташат. Бирок антип бир бирден өзгөртүү да проблема. Белгилүү касиеттеги генди башка бирөө менен аралаштырганда андан эмне чыгарын болжолдой алабыз. Бирок анын залакасы кандай болорун биле албайбыз, андай тажрыйбаны эч ким жасабайт, себеп дегенде, бир вирустун ичиндеги нулеотиддерди бирден өзгөртүп чыгыш кымбат анан оор тажрыйба. Алмаштырып эле коюу көп учурда эч кандай өзгөрүүлөргө алып келбейт, жаңы касиеттерге ээ эмес, болгону нейтралдуу болуп калат, залакасы кандай болорун да эч ким болжолдой албайт. Ушул ыкма менен конкреттүү белги, сапаттарга ээ кандайдыр бир вирус жасагыбыз келсе, андай касиет-сапатты алыш үчүн кайсы жеринен кайсы жакка алмаштырууну билбейбиз.

Жасалма жол менен кандайдыр бир вирус жасалыптыр деп болжолдосок, ал эки гипотезанын негизинде болушу мүмкүн. Же ал “ген инженеринин улукманы” шашпай отуруп алып кайчы менен бирин кесип экинчисине жабыштырып отурган адам бир укмуш болушу мүмкүн, экинчиден андай өтпөйт, акыйыштырган геномдон баарын жасап ийчү алп-дөөнүн айрым белгилери адырайып билинип калат. Экинчи гипотеза- саат оңдогучтун ичке аспабын алып, майда тамгаларды тыгыз катарга тыкмалап отурган ген инженери тууралуу апыртма, бул да суу кечпейт, себеп дегенде, кибиреген вирусту быжыраган катарга жайгаштырып ийчү, баарын билген биолог жарала элек.

Бу “сайгылоо” деле кыйла убакытты алар? Ага убакыт кетирип бизде ресурс ушунча көппү?

– Бизде ресурс эмес, маселени тереңден билгендер жок. Жаңы таажы вирусунда 30 миң нуклеотид бар, анын ар бирин сайгыч менен жылдырып отуруу – ойго келбес иш. Жаңы касиет-сапатты алыш үчүн анын бир жерин алмаштыруу жетишсиз экенин айтпай эле коёюн, бул жерде бир геном эмес топтор турат, анын эмнесин алмаштыруу керектигин эч ким билбейт. Биз билбейбиз, ал эми табигый процесске эч ким тоскоолдук кыла албайт. Табиятта эгер бир организмде эки вирус жолугуп калса, таажы вирустар бөлүнүп кетет. Тамашалап айтсам, жарганат панголинди жеп койду, же панголин жарганатты жутуп салды, же экөө кылдырап бараткан кирпинин жанында чүчкүрүп ийишти, бир сөз менен айтканда, эки вирус бир клеткада калса алардын уругунан ал экөөнүн аралашмасы чыгат. Жулуңдаган андай вирустун геномун карасак аралашманын изин көрө алабыз. Одоно айтканда, биринчи вирустун жарымынын өзүнчө эволюция тарыхы, экинчисинде башка тарых жашайт. Принцибинде бул өзу табиятта деле сейрек жолукчу нерсе, бирок эволюциялык узак мезгил ичинде андайлар болуп калат, ошондой болушунун изин көрүп калабыз. Ал эми сен лабораторияда отуруп ошондой жулуң сага качан келерин күтүп олтурсаң, андай жулуң акыры бир күн айнек идишиңде болуп калышы деле ыктымал. Бирок ал күнгө жетпей деле калышың мүмкүн, карылык келип калат, вирусу жок эле ал сени кайтпас жерге алып кетет.

Адамдын организминин клеткасында чоңоюп бараткан SARS-CoV-2 вириону.
Адамдын организминин клеткасында чоңоюп бараткан SARS-CoV-2 вириону.

Азыркы SARS-CoV-2 так ошондой, жулуңдайт турбайбы –​ бул башка вирустар менен капыс кошулуп калуунун натыйжасы эмеспи?

– Мүмкүн, таажы вирустарынын баары эле ушундай, алардын тарыхында жанагындай кошулуу болгон. Жыныстык көбөйүү процессиндей эле нерсе. Эмне үчүн кичине балада бардык чоң ата, чоң энелеринин белгилери кошулуп калган? Анткени хромосомдор айрым фрагменттери боюнча эле өзгөрөт. Молекулярдык биологиялык жагынан ал кандай жүрө турганы, албетте, өзүнчө маселе, биздин хромосомдордон айырмаланып вирустарда башкача процесс жүрөт, бирок жалпы идеологиясы окшош: эки организмден урпактар чыгат, анда экөөнүн тең белгилеринин кошулмасы болот. Жыныстык көбөйүүнүн жолу ошондой, бактериялар менен вирустарда деле ошондой, эволюциялык негиз баарында бирдей.

Табигый бөлүнүү гендик инженериянын жардамы менен жасалган бөлүнүп чыгуудан айырмаланабы, гендик негизде? Ал деле табият тарабынан жасалган Франкенштейндин желмогузу го?

– Жок, түрү жагынан эч айырмаланбайт. Гендик инженердик жасалма бөлүнүүнүн четинде кандайдыр бир “тырыктары” болушу мүмкүн, принцибинде айырмаланбайт деле. Андан сырткары табиятта жалаңдаган вирус бузулуп, өзгөрүлө берет, генетикалык ырааты канчалык өзгөрүүгө жол берсе ошончо өзгөрө алат, бул окуя кечээ-бүгүн эмес, тээ илгери болгонун түшүнүп эле турабыз.

Ухандагы эпидемиологиялык лаборатория, 2017-жыл.
Ухандагы эпидемиологиялык лаборатория, 2017-жыл.

Кандай десем, SARS-CoV-2 башка вирустардын бөлүкчөлөрүнөн турат, алар өзүнчө биригип чогулгандан кийин кайсы бир мезгилде табиятка тарап, ал жерден эволюциялык өнүгүүгө өткөнүн көрүп атабызбы?

Сен үчүн Дарвин чоң атаң баарын жасап койсо, Жеймс Бонд жөнүндө эсти эңгиретчү кино сценарий түзүүнүн кандай зарылдыгы бар?


– Бул жерде кызык тарых жатат. Вируста панголин вирусунун фрагменттери бар, бирок ал биз билген панголиндин вирусу эмес, панголиндин качанкы бир эски вирусу, башкача айтканда, анын бөлүнүүсү кыйла илгери өткөн. Албетте, муну укканда учурма кептин жактоочулары кайсы бир жашырын жертөлөдө панголиндерди мыкаачы кытай окумуштуулары камап алып, андан вирустарды чыгарып атат десе керек...

Ар кыл генетикалык ырааттуулукка таянып алып төбө чачты тик тургузчу, апыртмаларды каалышыңызча чыгара берүүгө болот. Антейин десең Оккама принциби айткандай, жөнөкөй табигый процесс жөнөкөй натыйжа гана алып келет. Сен үчүн Дарвин чоң атаң баарын жасап койсо, Жеймс Бонд жөнүндө эсти эңгиретчү сценарий түзүүнүн кандай зарылдыгы бар?

Баары бир ошол сценарийди сурагым келип турат: айталы, вирустун кайсы бир лабораториялык жасалма бөлүнүүсү азыр эмес, он жыл мурун табигый чөйрөгө аралашып, ушунча убакыттын ичинде эволюцияланып алсачы, биз азыр аны жасалма же табияттан таралып чыкканын биле албай отурбайбызбы.

– Туура, бирок бул канчалык ишенимдүү апыртма? Айталы, 10 жыл илгери жаңы вирус жасалды дейли, аны ишке ашырган жаш окумуштуу профессор кыйкырганда жүрөгү кармап жыгылып калды дейли. Байкуш окумуштуу көкүрөгүн апчып жыгылганда айнек идиши колунан түшүп, андан жарганат учуп чыгып, куюлган суюктукту жалап-жуктап, вирус ал жердеги жарганаттардын баарына жукту дейли... Ушул жерден ишенбөөчүлүк чыгат, адамга каршы жасалган вирус жарганатта көп жашай албайт. Мейли, вирус жарганатка жабышып жашап кетсин, вирус жугузган жарганат үңкүрдө башкалар менен чогуу болуп, аларга жуктурду, аны базарга алып келип сатышты, адамдар жараганаттын этин жешти. Мындай төбө чачты тик тургузчу апыртмаларды генетикалык ырааттуулукка ылайыктап каалашыңча чыгара берсе болот. Андайдын кереги барбы? Караңыз, SARS-CoV-2 жаңы чыкканда алгачкы конспирологиялык теориялар аябай жөнөкөй болчу: кытай окумуштуулары бу балакеттүү вирусту жасашыптыр, ал лабораториядан чыгып таралып кетиптир. Анан айыпты моюнга алган 2015-жылкы макаланы таап чыгышты. Бирок аны ошол эле учурда текшеришкенин айта кетейин, башка вирус болчу. Анан да бул вируста адамдын иммундук жетишпестиги вирусунун айрым фрагменттери чыгыптыр, ошондуктан ушунчалык тажаал экен. Макала индиялык окумуштуулардыкы, алгач препринтке басылып чыккан, ошону менен кийин жарыяланган деле жок. Мен аны студенттерге үй тапшырма катары берем, макаладагы ката эмне экенин билишсин дейм, студенттер тапшырманы оңой эле аткарышат (түшүндүрмө катары белгилей кетчү жагдай, SARS-Cov-2 геномунда табылган ВИЧ ыраатынын айрым жерлери ушунчалык аз, тиешеси жок, аларды каалаган организмге кошо берүүгө болот. – АҮ түшүндүрмөсү).

Уу-дуу апыртмалардын өзү вирустан кем эмес өзгөрүп жатат.


Маалыматтар көбөйүүдө, учурма кептерге ишеним азайды, чын түспөл апыртмаларга кезек келди.

Уу-дуу апыртмалардын өзү вирустан кем эмес өзгөрүүдө, айрымдары табигый жол менен жоголууда, окумуштуулардын иммунитети аркылуу четке кагылгандары бар, башкалары өзгөрүп, жаңы илимпоздор келүүдө.

Чехиялык окумуштуу Соня Пекова маегинде вирустун чыгышы жасалма жол менен болгонун айтып чыкты, бул дагы кезектеги апыртма. Бир-эки аптадан кийин дагы бирөө башканы таап чыгышы мүмкүн. Бул жерде иммундук системасы, башкача айтканда, илим конспирология вирусун жеңип чыгышы зарыл. Жеңип чыкса, организм сакаят. Эгер илим кутумчулуктун жаңы теориясын токтото албаса, кудум Британиядагыдай болот, ал жерде 5G тармагынын мунараларын өрттөп ийишти, көрсө ушу бийик секилер таажы вирусун таратат имиш. Илим иммунитети убагында иштебей койгондун кесепети –организм зыянга учурады.

Британияда 5G телекоммуникациялык тармактын жаңы муунунун бир нече мунарасын COVID-19 вирусун чакырат деген миш-мишке ишенип өрттөп жиберишти.

Соня Пекова минтип айтты: "Мен бул ырааты көргөнүмдө (жөндөө жаатындагы), ал мага табигый нерсеге окшобогондой сезилди ". Чех илимпозунун айтуусунда, SARS-CoV-2 геномунун коддолбогон жеринде кандайдыр бир жасалма нерсе бар, ошол жасалма аны абдан коркунучтуу кылат. Бул тууралуу кандай ойдосуз?

– Коддолбогон жерди жокко чыгарышка ашкан акылдын деле кереги жок. Оболу сөз эмне жөнүндө болуп жатканын түшүндүрө кетүү жөн. 30 миң тамгадан турган узун сапты элестетип көрүңүз. Кайсы бир жерлер ал сапта белоктун коду менен белгиленген, башкача айтканда, анда белок кантип жасалары көрсөтүлгөн. Ал жерде өзүнүн РНКсын көчүрүп алчу көбөйө турган вирустарга керектүү белоктор бар. Кожоюндун клеткасы кандай экенин көрсөтчү белоктор бар, вирус аларга кошулуп, айтылуу тикенди жасайт. Кожоюндун клеткасын жаңы вирусту жасаганга мажбур кылчу белоктор бар. Булар гендер. Мына ушулардын ортосунда белоктордун коду жетпеген ачык жерлер бар, аны башка максаттарга пайдаланышат. Маселен, ырааттардын аягында кодго кошулбаган жерлер бар, мына ошол жерлерде вирус жайылып көбөйөт. Гендер ортосунда кодго кошулбаган жерлер бар, алар такай ген кайсы убакта иштешин айтып турушат, ал эми кайсы бир гендер инфекция башталганда, “сылык-сыпаа жашыл кийимчен адамдардай” иштеши керек, мына ошолор клетканы вирустарды көбөйтүүгө багыттайт. Башкалары кийинчерээк иштеши зарыл, ал кезде башкаруу системасы толук ээленип, клетка өзү жаңы вирустарды жасай баштайт. Мына ушул татаал процессти жөндөп турчу системаны кодго кирбеген жерлер деп аташат.

Ичке киргенден кийин вирус генетикалык материалды бошотуп коёт, аны менен кошо клетканы алдап, организмге толук кирүүгө жол ачат. Жайнаган вириондор клетка тосмосун жарып өтүп, башка клеткаларды жабыркатат. Мына ушул учур COVID-19 илдетин жугузуп алган АКШлык бейтаптын клеткасынын мисалында чагылдырылган.
Ичке киргенден кийин вирус генетикалык материалды бошотуп коёт, аны менен кошо клетканы алдап, организмге толук кирүүгө жол ачат. Жайнаган вириондор клетка тосмосун жарып өтүп, башка клеткаларды жабыркатат. Мына ушул учур COVID-19 илдетин жугузуп алган АКШлык бейтаптын клеткасынын мисалында чагылдырылган.

Бул жерде таңкалычтуу эч нерсе деле көрүнбөйт го?

– Ооба, көрүнбөйт, ушу тапта SARS-CoV-2нин үч миңден ашуун варианттары белгилүү, алардын геномдорун салыштырабыз. Аларды карап отуруп коддолбогон жерлерди коддолчу жер менен салыштырганда уникалдуу бир нерсе, өзгөчө бир консервативдүү атайын нерселерди көрө албадык. Ал жерде деле айрымдары алмаштырылат, анан да бул вирустун коддолбогон жерде өзгөчөлүү же аларды башка бир жерден жасап чыгышкан, ал өзгөчөлүк алардын анчалык өзгөрбөстүгүнө байланыштуу деген сөздөр суу кечпейт, реалдуу маалыматтар алдагыдай жоромолдорду жокко чыгарууда. Бул идеяны Пекова кайдан алганын мен чыны билбейм.

Келиңиз, мен деле конспирологияга киришип, бир-эки сөз айта кетейин, башкалар айтып атса четте калганым болбос. Эми караңыз: чакан лабораторияда эки киши иштейт, аялы менен күйөөсү, ар кыл ветеринардык анализди жасашат, кээде илимий макала жазышат, кайсы бир долбоорлорго катышат, глобалдык иштерге келгенде экинчи катарда калышат, себеп дегенде, жарыялаган макалаларынан алардын “орточо” автор, илимий чөйрөдө көптүн арасында, көчтүн карасында жүргөн пенделер. Биологияда андай адамды көмөкчү дешет, анын негизги иши жардам кылуу гана. Илимде ушундай: биринчи автор – бардык ишти өзү жасаган адам, акыркы автор – баарын ойлоп тапкан, ортодо болсо көмөктөшкөндөр болот. Эпидемия башталганда биздин Орусиядан айырмаланып Чехияда бардык топторго, чоң-кичине лабораторияларга COVID-19 тестирлөөгө уруксат беришти. Орусияда биз эки айды текке кетирдик, себеп дегенде, бизде бир конкретүү топ баарын өзүнө топтоп алган – новосибирскилик “Вектор”, башка өлкөлөрдө андай эмес. Башка өлкөлөрдө: келгиле тестирлөөгө катышчу топтор болсо катышкыла, биз кийин текшеребиз, жыйынтыкты силер асмандан алып жазбайсыңар, антпей турганыңарга ишенебиз, бизге жардам бергиле, дешти.

Тест – бул өзү коммерциялык иш-чара. Жеке менчик лабораториялар аны элге жардам деп жасашпайт. Мына ушундай шартта кичинекей бир лабораториянын жаамы журтка угуза айтчу сөзү чыкты. Кудум эле Гоголдун жазганындай, N деген шаарда Петр Иванович Бобчинский деген киши жашайт. Кызыкпы?! Ага кишилер барат, акчасы көбөйөт, айткан сөзүн кайталашат, баарына таанымал болушат. Бул да бир өзүнчө конспирологиялык теория. Башкасын деле таап бере алам. Жакшы деген окумуштуулар кээде таң каларлык нерселерди айтып, өзү аралашпаган темада сүйлөп коюшат. Бул эми байкабастыктан болгон адашуу, андайга мисалдар толтура.

Биринчи теория – мерезирээк, экинчиси - кайсы бир деңгээлде аянычтуу, экөөнүн ортосунда ортолук варианттарга толтура спектр.

Анткен менен жаңы таажы вирусунун жасалма жол менен чыгышы айтылууда, илимий макалалардын ээлери ушундай пикирлерди алдыга жаюуда. Сиз чындыкка жетиш ачык талаш-тартыштардын болушун каалабайсызбы?

– Бул боюнча айтылуу лингвист, академик Андрей Зализняктын таамай кеби бар, интернет доорунда профессордун пикири жөн-жай адамдын бир кебине барабар деген, ал кишинин бул боюнча өзүнчө бир лекциясы да бар. Бир жагынан алганда цензураны эч ким жакшы көрбөйт. Ошол эле кезде “ар кыл пикирлердин болгону жакшы” деген позиция деле жарамсыз, бул маселени терең изилдөөдөн качкан жалкоонун, арампөштүн кеби. Телешоуга жердин жалпактыгын ырастаган теорияны жактоочуларды чакырып, алардын ар кыл пикирлерин угуп отурсаң, аны тамаша деп коёлу. АнтиГМОшниктер же гомеопаттар - бул тигинден да жаман нерсе, биздин эркибиздеги иш эмес экен, булар да коомдук мейкинде жүрүүдө, алар менен талашып-тартышасың, кайда барасың. Бирок, бардык көз караштар болсун деп, ортого фейкти коюп алсаң, болгондо да жарамсыз фейкти …

Соня Пекова айтып аткан вирус “тез-тез өзгөрүп турат” деген туурабы?

– Жок, вирус тез-тез өзгөрүп турбайт. Биринчиден, маектин ушул жеринде биологиялык шумдук жазылган: бул вирустун чыгарып аткандарынын катасын текшерүү механизми жок деп жатат. Мунусу калп, таажы вирусунун чыгарып аткандарынын катасын текшерүү механизми бар. Өзгөрүшү орточо жыштыкта, анын туугандарынын баары эле ошондой.

SARS-CoV-2 (сары) вирустарынын электрондук микроскопто чоңойтулган жана боёлгон сүрөтү
SARS-CoV-2 (сары) вирустарынын электрондук микроскопто чоңойтулган жана боёлгон сүрөтү

Аны башка вирустар, мисалы сасык тумоонуку менен салыштырганда кандай?

– Сасык тумоонун вирусу ыкчамыраак өзгөрөт, риновирустар деле ошондой. Сасык тумоо вирусунан принципиалдуу айырмачылыгы бар. SARS-CoV-2 геному – бир молекула, бүтүндөй. Ал эми сасык тумоонун вирусунун геному – бир нече молекулардан турат. Ошондуктан андагы аралаштыруу процесси кыйла айырмалуу. Биздин вирустарды “желмогуз” кылыш үчүн кесип, жамап чыгыш керек, андай процесс сейрек кездешет. Сасык тумоо вирустарынан “жалаңкыч” жасаш үчүн бир клеткага кириш керек, вирустун сегменттери кокустуктан аралашып, адашып кетишет. Адамдарда деле ошондой, адамдарда хромосома көп, атасы менен апасынын хромосомдору кокус адашып, жаңы клетканы жаратышат. Сасык тумоо вирусунда деле ошондой процесс жүрөт, аны "реассортация" деп коюшат. Сасык тумоо вирусунун өзгөрүлүп турушу ага жыл сайын жаңы штам кошулат, алар ич ара көбөйүшпөйт, өзгөртүш үчүн жаңы сегменттер келишет. Ал эми бул таажы вирусунда өзгөрүүлөр ич ара жүрөт, аны мен күн сайын көрө алам. Кыязы анын бир жылга алмаштырууга 25 геному бар окшойт, ортодон жок болуп кеткенин эсепке албаганда эки аптада бир өзгөрүү болуп турат. Геномдор көп болгондон улам ар кыл өзгөрүүлөрдү көрүп турабыз.

Ал өзгөрүүлөр кайсы тарапка барары белгилүүбү?

– Эки байкоо бар. Биринчиси мындай, биз өзгөрүү кайсы жерде өтөрүн көрө элекпиз, анысы көрүнө элек. Эч кандай өзгөрүү болбогон, болсо да көрүнбөгөн катып калган аралчаларын байкаган жокпуз, коддолуучу жана коддолбоочу жерлер деп атпайбызбы, мен ошону эске алып жатам. Дагы башка, кыйла кызыктуу нерсе бар: кыязы, капыс эле кезигип калбасак, биз күткөндөгүдөн көп алмаштыруу жүргөн жерлер бар окшойт. Геномдо ушундай бир жерлер бар, вирустун ар кыл варианттарына карабай алмашуу жүргөн жерлер бар. Вирус - тамырын терең жайган байтүп дарак, ар бир өзгөрүү жаңы бутактарды жаратат, мына ошол жаңы бутактарда бири экинчисине көз карандысыз бир гана жерде өзгөрүүлөр болуп турат. Бул кокустук эмес, мындай алмашууларды Жер шарынын ар кыл лабораторияларында таап атышат, ушунусу кызык болууда. Мунун баары вирус кантип өзгөрүлө турганын көрсөтүүдө. Вирус өзү өзгөрүлбөйт, ал бир молекула, бирок эволюция көз карашынан алганда, бир эле жерде улам-улам кайталанган алмашуулар мындай өзгөрүүлөр вируска жага турганын билдирчү белги. Бул өзү молекулярдык эволюциянын түпкүлүктүү постулаты, эволюциялык биологиянын теориясы: эгер бир эле окуя башкаларга көз каранды болбой бир нече ирет кайталанса, анда ал алып жүрүүчүгө жакшы. Мына ушуну ыкчамыраак чечсек дейбиз.

Ал өзү кандай орун, дегеле өзгөрүп туруу вируска эмнени туюнтат?

– Муну эч ким билбейт! Бул реалдуу мезгилде илимде жүрүп жаткан нерсе. Мына, бир позиция бар эле, азыр экинчисин жанынан көрүп жатам, бул алардын байланышы бардыгын билдирет, бир эле белок. Анын функционалдык залакасы кандай болорун билбейбиз. Болгону вирустун кайсы бир бөлүгү кокусунан эволюциялашпаганын гана көрүп турабыз.

Бул өзу кызык феномен. Планетардык карантүн болуп атат, бирок ал фундаменталдык илимге уникалдуу материалды берүүдө. Биз вирустун эволюциясын сасык тумоо сымал айлар же жылдардын масштабында эмес, күн сайын көрүп жатабыз. Чын-чынына келгенде, бул өзү айран калтырчу фантастика.

SARS-CoV-2нин ар кыл штаммдары бар, биринчиси аёосуз тажаалы, Кытайды каптап, Италияга өткөн, түштүк Европаны азапка салды, экинчиси жумшагыраак, мисалы, Германиядагыдай, ушундай айырмачылыктары барбы?

– Башында штамм деген эмне экенин тактап алалы. Классикалык эпидемиология, вирусология, микробиологияда штамм деп көрүнүшү башка штаммдардан айырмаланганды айтат. Мисалы, ичеги курттарынын штаммы бар, алардын эч кандай зыяны жок; ошол эле ичеги курттардын дагы бир штаммы бар ич өткөктү пайда кылат; дагы бир штаммы оор дизентерия кылат. Классикалык микробиология менен вирусологияда штаммдар генетикалык өзгөчөлүгүнө эмес, фенотиптик көрүнүштөрүнө карап бөлүнөт. Бул өткөндөн бери келаткан аныктама, биз азыр алардын генетикалык ыраатын билебиз. Мынабу ичеги курту ичти өткөрөт, мунусу андай эмес деп айтпашыбыз керек, себеп дегенде, ар бир ичеги курттун узундан узун кеткен номуру менен өзүнчө паспорту бар – аны геном деп коёбуз, геномду жакшы билебиз. Азыр биз анын ичиндеги өзгөрүүлөрдү байкоого алабыз, анын жыйынтыгын штамм деп айтыштын кажаты жок.

Бирок сасык тумоону айтканыбызда штамм дейбиз го.

– Айтабыз, жана мен айткан көп компоненттүү геномдон улам ошентебиз. Ал эми сасык тумоонун ири өзгөрүүлөрүнөн чогундусу топтолот, алар бир сегменттин конкреттүү варианты менен башка бир сегменттин конкреттүү вариантынан топтолот. Мына ушундай комбинацияларды штамм деп коюшат, антип айтыштын мааниси бар, дискреттүүлүк деген ушул. Ушу тапта бизди кыйнап аткан таажы вирусунун дарагына көңүл бурсак анын штаммы коюу, андагы ар бир штамм алмаштыруудан улам бири-биринен айырмаланат. Көпчүлүк варианттары жакын тууганынан бир тамгасы менен эле айырмаланат, ошол эле кезде алардын ортосундагы фенотипикалык көрүнүштөрдүн айырмачылыгы кандайлыгын биле элекпиз. Арылаган сайын, албетте, чоң илимге жол ачылат, эмнеге таасир көрсөткөнү билинет, болгону азыр бизде маалыматтар аз. Мен, мисалы, жогоруда айткан алмашуулар биз күткөндөгүдөн көп болуп жатышы кандайдыр бир функционалдык мааниге ээ болуш керек, ал ошондой эле вирустун “жүрүм-турумуна” катнашы болуш керек деп ойлойм, болбосо алар эмнеге тез-тез кездешип турушат? Мындай алмашуулар чогулуп анан өзүн функционалдык жагынан көрсөтөт – ошондо гана штамм тууралуу кеп кылуунун кези келет. Италияда кандайдыр бир тажаал штамм жүрөт, ал да Кытайдан келген деген апыртма кептер жөн салды сөздөрдүн бири. Италияда вирустун түпкүлүктүү дарагынын ар кыл бутактары бардыгын билебиз.

Башында бизге келип түшкөн вирус, мезгилдик жагынан алганда өткөн жылдын ноябрынын ортосу болчу, ошол вирус ыкчам көбөйүп, кыйла өзгөрүлүп жайылып кетти. Жанагы вирус дарагынын бутактары коюуланып баратканын көрүүдөбүз, ал даракты дыкат иликтеп, кайсы вариант кайдан чыкканын, кайсы жерде алмашуу болгонун аныкташыбыз зарыл. Көрсө, Италияда бөлүнгөн конкреттүү варианттар жанагы дарактын ар кыл бутактарында асылып турат. Башкача айтканда, Италияны каптап, байкуш италиялыктарды азапка салган жалгыз бир штамм жок, ал жакка алып киргенден тышкары ар кыл варианттары жайылган.

SARS-CoV-2 вирусу, электрондук микроскоптон алынган сүрөттү графикалык редакторлор иштеп чыккандагысы.
SARS-CoV-2 вирусу, электрондук микроскоптон алынган сүрөттү графикалык редакторлор иштеп чыккандагысы.

Сиз айткан ошол байтүп дарактын бир бутагын тажаал вирустар варианты ээлеп, башка бутагында андай эместер орун алган деп айтпаш керекпи?

– Биз ал жөнүндө билбейбиз. Генетикалык ырааттуулуктун баары бар, бирок алардын кайсынысы тажаал экендиги боюнча маалымат жок.

Бирок кайсы бутакта кандай вирус болгонун набыт болгондор саны боюнча айтса болот го, кандай жуктуруп алышканы боюнча?

– Көп нерсени жасоого болот, биз азыр бул вирустан набыт кеткендердин санын болушунча азайтуу аракетин көрүүдөбүз. Ушундай эле аракетти башкалар да жасап жатышат, анан алар вирустун алдагыдай түрлөрү тууралуу маалыматы болсо сөзсүз бөлүшмөк деп ойлойм.

Жана айтканымдай, варианттар үч миңден ашуун, айтса, анын бири орусиялык. 10 күн илгери аны чоң жетишкендик катары бергенбиз, орусиялык вирустун ыраатын аныктаганбыз, анын жакынкы туугандарын билгенбиз, "европалык" экенин ырастаганбыз, Европадан келген вирус болчу. Андан да кызыгы мында: орусиялык вирустун жакынкы туугандарын карасак, түпкү чыккан жери географиялык жагынан чачкын болуп чыкты. Эң жакынкысы Европадан, андан ары Сауд Арабия, анан дагы башка жерлер. Теориялык жактан бул өзү аэропроттогу эле окуяга окшош: эми элестетип көрүңүз, аба майданда күрс-күрс жөтөлүп бир киши жүрөт дейли же оорунун белгиси жок бирөө шуулдап жүрөт, бир топ кишилер менен ачык сүйлөшүп. Анан ооруну жуктурган да, жугузуп алгандар да ар кайсы жакка, анын ичинде Орусияга учуп кетишти.

Эми Орусияда өзүнүн бутагы бар, андан жаңы өзгөрүүлөр чыгып жайыла баштайт.

– Ооба, ошондой. Мына, мисалы, Америкада чартактап кеткен америкалык бутак бар, ага кирген көпчүлүк вирустар бөлүнгөн, бейтаптары Американын өзүндө дарыланып жатышат. Бирок ал бутакка кошулган башкалар Европадан да чыгып атпайбы. Кээде тескерисинче. Вирус ары-бери каттап атат, өзгөрүлуп жатат, мунун баарына ушу тапта тыкыр байкоо салып туруш зарыл.

Мына ушул көп түрдүүлүк вакцинанын жасалышына тоскоолдук кылбайбы?

Жасалган вакцинаны керексиз кылып койгудай алмашуу ылдамдыгы анчалык эле бийик эмес


– Жакшы суроо болду. Болжолумда тоскоолдук болбошу керек, жок эле дегенде жакынкы убакыттарга. Анан бара көрөбүз. Эгер жөнөкөйлөтүп айтсам, жасалган вакцинаны керексиз кылып койгудай алмашуу ылдамдыгы анчалык эле бийик эмес.

Кандай чекте? Вирус катуу өзгөрүп кеткиче жок дегенде бир жылга жетерлик вакцина керек го.

– Аны мен билбейм, иммунолог эмесмин, чын-чынына келгенде, иммунолог деле азыр эч нерсе айта албайт, биз эч нерсе билбейбиз. Мындай бир жагдайды элестетип көрүңүз, он жылга чейин эч кандай коргоочу каражат болбошу, ошол эле кезде кыска убакта андай каражат табылып калышы ыктымал. Адамдар таажы вирусунан сактана турган вакцинаны жасай башташты. 2003-жылы SARS эпидемиясы каптаган, ошондо да вакцинаны жасай башташкан, эпидемия өттү, вакцинаны ташташты – эч ким оорубаган дартка каршы вакцина жасаштын кандай кажаты бар? Анан Жакынкы Чыгыштын MERS дарты чыкты, өтө коркунучтуу, бактыбызга жараша, адамдан адамга жукпаган. Ага каршы да вакцина жасай башташкан. Таажы вирустарынан сактай турган кайсы бир ветеринардык вакциналар бар. Принцибинде таажы вирусунан коргой турган вакцинанын жасалышына табият мыйзамы тарабынан тыюу салынган эмес. Маселе аны кантип жасоого болот, жасалган дарынын натыйжалуулугу канчалык дегенге такалууда. Азыр бул маселеге бөлүнгөн ресурстарды эсепке алганда …

Непадам, натыйжалуу вакцина жасала турган болсо сиз кайсы мөөнөттү атайт элеңиз?

– Бир жылдан эки жылга чейин.

Узак эмеспи?

– Вакцина ыкчам жасалбайт. Жаңы патогенден вакцинаны эки айдын ичинде жасай албайсыз – табияттын ушундай мыйзамы бар. Табият мыйзамы боюнча таажы вирусунан сактаныш үчүн вакцина жасаштын кажаты деле жок. Калганы жөнөкөй эле нерсе: эгер принципиалдуу проблема чыкпаса, андай жагдай азырынча байкала элек, кысталыш жагдайда вакцина жасоого мүнөздүү мөөнөт болжол менен мен айткандай эле болушу ыктымал, анын үстүнө буга оңой эмес ресурстар бөлүнүп аткан чакта. Дагы айтайын, бул менин гана божомолум.

Вакцинаны жадегенде бир жыл күтүштүн өзү деле жеңил-желпи иш эмес.

Адамзатка бул ирет апаатка даяр болушу үчүн көнүгүү берди, ошол эле кезде бул өзү ар бир онунчу адамды алып кетчү жугуштуу дарт эмес.


– Чындай келгенде бул эпидемиянын эки аспекти бар, биринчисинен жолубуз оңунан чыгып, экинчисинен кармалып калдык. Оңдой берди болгону бул өзү салыштырмалуу жеңил вирус. Эгер бул SARS-CoV-1 сыяктуу тажаал вирус болгондо набыт болгондор аябай көп чыкмак, 10 %, MERSтен набыт болгондор 30%. Ушу тапта эсибизди эки кылып атканы – тек өрт дүрбөлөңү гана, өрттүн өзү баштала элек. Адамзатка бул ирет апаатка даяр болушу үчүн эскертүү берди, ошол эле кезде бул өзү ар бир онунчу адамды алып кетчү жугуштуу дарт эмес.

Эволюция көз карашынан алганда вирустун жолумдуулугу ар бир онунчу адамды алып кеткени менен өлчөнөбү?

– Бул экинчи бөлүгү – жолубуз болбой калганы. Бул вирустун башкалардан эмнеси менен олуттуу айырмачылыгы бар? Эки жума жугузганын билгизбей жүргөнү. Эволюциялык көз караштан алганда, эгер вирус эки апта кожоюну аркылуу эч кандай белгилери жок жайыла турган болсо, кожоюну үч жумадан кийин каза болот же аман калат, айырмасы жок. Жайылуу мүмкүндүгү толугу менен пайдаланылды.

Бул деген айрым жерлерде чогулган өзгөрүүлөр жаман жакка кетип кетип калышы мүмкүн дегенди түшүндүрбөйбү, аны билбейт калат экенбиз да?

– Туптуура. Жакшы жагына кетиши мүмкүн, жаман жагына да, аны мен ойлоп тапканым жок. Эволюциялык көз караштан алганда, инкубациялык убактысы көпкө созулуп кеткен вирус үчүн набыт болуп калуу табигый тандоо жолундагы оор факторлордун бири деп эсептелбейт.

Белгилери ыкчам көрүнгөн вирус сөзсүз жумшак белгилерге карай эволюцияланат, ансыз ал кожоюнунан башкага жуга албайт. Адам вирус жугузуп тез өлүп калса вируска жаман, мунусу эволюциялык туюкка камалганы. Жугузган адам өзү басып жүрсө, улам-улам чүчкүрсө вируска жакшы, ал башкаларга таралат. Бул боюнча толгон-токой мисалдарды келтирүүгө болор эле. Кара тумоону адамзат вакцина саюу менен жойду, ал адамзатты узак убакыт коштоп, ал дайым тажаал деп эсептелчү.

Эгер мен Жеймс Бонд тууралуу кезектеги сериалды жазсам, ага карамүртөз окумуштууну кошуп азыркы SARS-COV-2 таажы вирусу менен SARS-CoV-1 вирусун коштурмакмын. Мен бул вирустун инкубациялык убактысын азыркы вирустукундай, набыт болчуларды 2003-жылкы вирустукундай кылмакмын. Ошондо адамзаттын көрбөгөнү көр болмок. Эч кимди жашаган жерине киргизбеген Андаман аралдарында жашагандар гана аман калышмак. Дагы кимдер аман каларын айта албайм... Бул жагынан алганда жолдуу экенбиз, бизде азырынча өрт коркунучу гана жарыя кылынды. Эгер ушундан адамзат акыл-эстүү сабак албаса, бизге жакшылыктын деле кереги жок.

Сергей Добрынин, Азаттыктын орус кызматынын Москва бюросунун кабарчысы, телеберүүлөрдүн алып баруучусу. Маекти кыргыз тилине Бекташ Шамшиев которду.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

Пикирлерди көрүңүз (7)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG