Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:18

Коронавирус 1,5 миллиондон ашык адамга жукту


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирус жуккандардын саны 1,5 миллион адамдан ашты.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши 9-апрелде жагдайга байланыштуу видеоконференция форматында жыйынга чогулганы жатат.

Ал ортодо айрым өлкөлөр кыйчалышта калган экономикасын ойлоп, карантин чараларын жумшартууну караштырууда. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) болсо мындай кадамга барууга эрте экенин эскертти.

9-апрелде ДССУ Кытайда өпкөнү сезгенткен жаңы вирус тараганы тууралуу кабарлаганына туура 100 күн болду. Жон Хопкинс университетинин соңку маалыматына ылайык, дүйнө жүзүндө коронавирус 1,5 миллиондон ашык адамдан табылды. Илдеттен каза болгондор 89 миң кишиге чукулдады. Эксперттер айрым мамлекеттер жагдай тууралуу так маалымат бербей жаткандыктан бул сан алда канча көп болушу ыктымал экенин эскертип жатышат.

АКШ оорудан жан берген адамдардын саны боюнча Испаниядан ашып түшүп, экинчи орунга чыкты. Кошмо Штаттарда соңку бир күндүн ичинде 1965 адам көз жумду. Бул илдет 15 миңге чукул кишинин өмүрүн алды, алардын үчтөн бири Нью-Йоркко туура келет.

Өлкө бийлиги жакынкы күндөрү Филаделфия, Вашингтон, Луизиана, Чикаго, Детройт жана Колорадо штаттары оорунун очогуна айланышы ыктымал экенин эскертишти.

Британияда соңку бир күндүн ичинде 940тай киши көз жумду, ошентип каза болгондордун саны жети миңден ашты. Өлкө боюнча коронавирусту 61,5 миңден ашык адам жугузуп алды.

Британ премьер-министри Борис Жонсон үч күндөн бери реанимациядан чыга элек. Финансы министри Риши Сунак Жонсондун саламаттыгы дурус экенин айтты:

«Премьер-министр реанимацияда, анын саламаттыгы оңолуп баратат. Ал керебетине өз алдынча отуруп, дарыгерлер менен сүйлөшүп жатат. Премьер-министр менин кызматташым, менин жетекчим гана эле эмес, ал менин санаалашым. Ал жана анын үй-бүлөсү такай оюмда. Анын жагдайы бул жаман оору эч кимди ылгап-тандабай турганын көрсөттү».

Европада оорудан кырылгандардын саны жалпысынан 60 миңге жакындады. Италия менен Испанияда күнүгө жүздөгөн киши көз жумууда.

Италияда соңку бир күн ичинде оорудан эки миңдей адам айыкты жана бул эң чоң көрсөткүч болуп калды. Өлкө бийлиги жагдай оңоло баштаганын билдиргени менен, карантинди алууга эрте деп эсептейт.

Ал арада Австрия, Дания жана Чехия өңдүү өлкөлөр чектөө чараларын жумшартууну ойлоно башташты. Италия менен Франция болсо чектөөлөр уланарын билдиришти.

Сауд Арабиясы башында турган коалиция коронавируска байланыштуу жагдайдан улам 9-апрелден тартып Йемендеги кагылышууда эки жумалык элдешүү жарыялоону сунуш кылды. Хусит козголоңчулары буга азырынча жооп кайтара элек. Мунун алдында тирешкен тараптардын баары БУУнун баш катчысы Антониу Гутерриштин жайкын тургундарды илдеттен коргоо максатында атышууну токтотуу тууралуу чакырыгын колдошкон болчу.

Сана шаары. 16-май, 2019-жыл.
Сана шаары. 16-май, 2019-жыл.

Иран колдойт деген хуситтердин «Ансар Аллах» тобу Йемендин батышынын бир бөлүгүн, баш калаа Сана шаарын да көзөмөлдөйт. Саудия жана анын өнөктөштөрү колдоо көрсөткөн, эл аралык коомчулук тааныган Йемендин өкмөтү 2015-жылдан бери хусит козголоңчулары менен кармашып келе жатат. Беш жыл ичиндеги куралдуу кармаштарда Йеменде 10 миңдей киши каза тапты, жүз миңдеген адамдар жер которду. Өлкөнүн 14 миллионго жакын жараны ачарчылык коркунучуна кабылды.

БУУнун Коопсуздук кеңеши 9-апрелде Нью-Йоркто коронавирус жагдайын видеоконференция форматында жабык талкуулаганы жатат.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG