Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Британ премьер-министри реанимацияга түштү


Борис Жонсон Лондондогу Сент-Томас госпиталына 5-апрелде жаткырылган.
Борис Жонсон Лондондогу Сент-Томас госпиталына 5-апрелде жаткырылган.

Коронавирус жуктуруп алган Британиянын премьер-министри Борис Жонсон 6-апрелде ооруканага жаткырылган күндүн эртеси реанимацияга которулду.

Анын кеңсеси 55 жаштагы өкмөт башчынын саламаттыгы дурус экенин, өпкөнү жасалма дем алдырган аппаратка кошулбаганын маалымдады.

Борис Жонсон коронавирусту жуктуруп алганы 27-мартта белгилүү болгон. Ал ошондон бери үйүндө дарыланып, иштеп жаткан эле. Британ премьер-министри дене табы көтөрүлүп, оорудан арылбаганынан улам дарыгерлердин кеңеши менен Лондондогу Сент-Томас госпиталына 5-апрелде кечинде жаткырылган. Анын кеңсеси Борис Жонсон сактык чараларынан улам гана реанимация бөлүмүнө которулганын, саламаттыгы дурус экенин маалымдады.

Борис Жонсон ооруканада жатканына байланыштуу кызматтык ыйгарым укуктарын тышкы иштер министри Доминик Раабга убактылуу өткөрүп берди. Ал реанимацияга которулганга саналуу сааттар калганда "Твиттердеги" баракчасына маанайы көтөрүңкү экенин, командасы менен такай байланышта турганын жазган болчу.

Доминик Рааб Борис Жонсонго байланыштуу учкай гана комментарий берип, ал "ишенимдүү колдо" деп гана айтты.


Британияда соңку бир күндүн ичинде оору дагы 400дөн ашык адамдан табылды. Ошентип коронавирус жуктургандар 5400гө чамалады.

Кытай бийлиги соңку бир күндүн ичинде жаңы вирустан бир дагы жаран ажал таппаганын маалымдады.

Өлкө боюнча бул илдет бир күндүн ичинде 32 адамдан аныкталды, алардын баары Кытайга сырттан келгендер экени айтылды. Оорунун очогу болгон Хубей провинциясында акыркы бир күндүн ичинде коронавирус жуккан бир дагы учур катталган жок.

Жапониянын премьер-министри Синзо Абэ 7-апрелде өлкөнүн Токио шаары баштаган жети аймагына өзгөчө абал жарыялады. Бул өлкө элинин жарымына жакынынын турмушу кеминде бир ай чектелерин билдирет.

Элди үйүнөн чыгарбоо, ишканаларды убактылуу жабуу үчүн өкмөт көбүрөөк ыйгарым укукка ээ болду. Ошол эле учурда эреже бузгандар дээрлик жазага тартылып же айыппул төлөшпөйт. Бийлик жарандардын аң-сезимине, бири-бирин урматтоосуна үмүт артууда.

«Эгер биз адамдар ортосундагы контактты жок дегенде 70% же балким 80% азайта алсак, анда эки аптадан кийин вирустун таралышы туу чокусуна жеткидей кыла алабыз. Анан ал сандар азаят», - деди Синзо Абэ.

Премьер-министр буга удаа эле экономикалык жөлөк программасын жарыялап, аны дүйнөдөгү эң ирилердин бири деп баалады. Тактап айтканда коронавируска каршы күрөшүүгө 1 триллион долларга жакын бөлүүгө убада берди. Бул жапон экономикасынын бештен бир бөлүгү.

Токио медициналык университетинин Инфекциялык көзөмөл жана профилактика департаментинин башчысы Ясутака Мидзуно аталган шаарда Нью-Йорктогудай абал кайталанышы ыктымал деген коркунуч бар экенин эскертти:

"Азыр оору эң жогорку деңгээлге жете элек. Токиодогу абал Нью-Йорк шаарындагы оору алгач тараган учурга окшош. Бирок Токиодо дагы куду ошондой көрүнүш болот деп айтууга эрте. Баарыбыз аракет кылсак, сактык чаралары тууралуу кеңири маалымат берилсе, Нью-Йорктогудай абалдын алдын алсак болот".

Европа өлкөлөрүнүн ичинен Францияда соңку бир күндүн ичинде ажал тапкандардын саны көбөйүп, 833 адам болду. Бул аталган өлкөдө оору катталгандан берки эң чоң көрсөткүч болуп калды.


Италия оорудан каза болгон кишилердин саны боюнча дагы деле биринчи орунда турат. Бул өлкөдө илдеттен 16,5 миңден ашык адам көз жумду. Бирок соңку күндөрү каза болгон кишилердин саны азая баштады. Премьер-министр Жузеппе Конте катаал карантин чаралары "жемишин бере баштады" деп айтты, бирок бул чаралар качан алынарын айткан жок.

Ажал тапкандардын саны боюнча экинчи орунда турган Испанияда коронавирус 13,3 миң адамдын өмүрүн жалмады. Соңку бир күндүн ичинде оору 637 адамдан табылды жана бул эки аптадан берки эң төмөнкү көрсөткүч болуп калды.

Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, АКШда акыркы 24 сааттын ичинде ажал тапкандар 1150 адам болду. Оорунун очогуна айланган Нью-Йорк жана башка шаттарда коронавирустан ажал тапкандардын саны азайып, башка штаттагылар менен теңделип калды. Бирок бул штаттардын жетекчилери өзүн озү жооткотууга эрте экенин белгилешет. АКШда коронавирустан ажал тапкандардын саны 11 миң кишиге чукулдады. Оору 350 миңден ашык адамдан аныкталды.

Соңку маалыматка ылайык, дүйнө жүзүндө коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 1,3 миллион адамдан ашты. Бул илдет 75 миңге чукул кишинин өмүрүн жалмады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG