Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:41

Дүйнөнүн шайын оодарган коронавирус


Коронавирустан көз жумган адамдын сөөгүп алып бараткан медкызматкерлер. Испания. 25-март,
Коронавирустан көз жумган адамдын сөөгүп алып бараткан медкызматкерлер. Испания. 25-март,

Дүйнөдө коронавирустан айыккандардын саны 5-апрелге карата 252 миңге чукулдады. Ооруну жуктуруп алган бир миллиондон ашуун адамдын 66 миңдейи көз жумду. АКШнын президенти алдыдагы эки жума баарынан оор болорун эскертсе, Испанияда бул илдеттен өлгөндөрдүн саны азайып баратат.

АКШ

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп өткөн жумадан бери алдыдагы эки апта эң оор болушу мүмкүн экенин эскертип келе жатат. Анткен менен 5-апрелде жасаган билдирүүсүндө ал жакын арада өлкөдө ишканалар өз калыбына келет деп үмүт артты.

«Биз кайрадан жумушка кайтышыбыз керек. Биз ачылып, иштей башташыбыз керек. Биз муну бир нече ай уланта албайбыз”-деди Трамп.

Кошмо Штаттарда 5-апрелге карата 312 миң киши бул илдетке кабылып, анын 8500дейи көз жумду. Каза болгондордун жана жуктуруп алгандардын көпчүлүгү Нью-Йорк штатында катталып жатат.

Европа

Италия менен Испанияда жакынкы күндөрү абал жакшырышы мүмкүн деп боолголонуп жатат. Испанияда соңку үч күндөн бери бул илдеттен каза тапкандардын саны азайып жатат. Соңку бир суткада бул өлкөдө 674 адам көз жумду. Бул акыркы он күндөгү эң төмөн көрсөткүч.

Грекияда бийлик 5-апрелде мигранттардын экинчи лагерин жапты. Буга ал жактагы оогандыктардын биринен коронавирус аныкталганы түрткү болду. Баш калаа Афиныдан кырк чакырым алыс жайгашкан лагерь эки аптадай жабык болору маалымдалды. Грекиядагы мындай лагерлерде он миңдеген качкындар өтө начар шарттарда күн көрүп келишет.

Коронавируска чалдыккан бейтапты карап жаткан дарыгер. Милан. 25-март, 2020-жыл.
Коронавируска чалдыккан бейтапты карап жаткан дарыгер. Милан. 25-март, 2020-жыл.

Орусия

Орусияда бийликтин маалыматына караганда 5-апрелге карата 5389 адам коронавируска чалдыкты. 45 киши өлдү. Өлкө ичиндеги жана чет жактагы медэксперттер Москва ооругандардын санын азайтып айтып жатат деген пикирде.

Орусиянын өзүндө коронавирустан коргонуучу каражаттардын тартыштыгына карабастан президент Владимир Путин башка мамлекеттерге беткаптарды, атайын костюмдарды, өпкөнү жасалма деп алдыруучу аппараттарды жиберип жатат.

Дарыгерлер профсоюзунун башчысы Анастасия Васильева бийликтин коронавируска каршы күрөшүн сынга алгандан кийин 3-апрелде «милицияга баш ийбей, обсервация эрежелерин бузган» деген жүйө менен кармалып, айып пул төлөгөн соң бошотулган. "Amnesty International" уюму Васильеванын кармалышын айыптады.

Иран

COVID-19 илдетинен эң көп жабыркаган мамлекеттердин бири Ирандын президенти Хасан Роухани өлкөдө «тобокелчилиги азыраак экономикалык ишмердүүлүк» 11-апрелде жанданарын билдирди. Ал бул эмне экенин түшүндүргөн жок. 5-апрелде өткөн жыйында мамлекеттик кызматкерлердин үчтөн экиси кеңселерге кайтышы керек экенин кошумчалады.

Иранда жекшембиде коронавирус жуктуруп алгандардын саны 58 миңден ашты. Үч миңден көп киши каза тапты. Байкоочулар бул сан алда канча жогору болушу мүмкүн экенин, расмий Тегеран чыныгы сандарды азайтып көрсөтүп жатканын айтып келишет. Иран бийлиги ошондой эле коронавирус алгач катталган Кум шаарын убагында жаппай, илдеттин жайылышына жол бергени үчүн сынга алынууда.

Ирандын президенти Хассан Роухани медициналык жабдыктарды текшерип жатат. 2-апрель, 2020-жыл.
Ирандын президенти Хассан Роухани медициналык жабдыктарды текшерип жатат. 2-апрель, 2020-жыл.

Чыгыш Азия

Жапониянын Саламаттык сактоо министрлиги 5-апрелде Токиодо коронавирусту жуктургандардын саны кескин көбөйүп кеткенин билдирди. Ишембиде 130 жаңы учур катталып, 13 миллион калкы бар баш калаада жалпысынан бул илдетке кабылгандардын саны миңге жетти.

Жалпы өлкө боюнча COVID-19 илдетине кабылгандардын саны 3100дөн ашканына байланыштуу Жапонияда өзгөчө кырдаал режимин киргизүү чакырыктары да айтылууда.

Коронавируска чалдыккандардын саны Сингапурда да соңку бир сутка ичинде кескин жогорулап кетти. Жекшембиде жаңы 120 адам катталды. Ооруп калгандардын көбү мигранттар. Бул мамлекетте жалпысынан 1308 кишиден COVID-19 аныкталган. Алардын алтоо көз жумган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG