Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 07:02

«Пандемия Евробиримдикти ыдыратышы ыктымал»


Валерио Бруно.

Италия жана Испания коронавирустан эң көп жапа чеккен өлкөлөр бойдон калууда. Евробиримдиктин мүчөлөрү мындай кырдаалда бири-бирине тилектештик көргөзө албай турган кези.

Италиялык политолог, Евробиримдик маселелери боюнча изилдөөчү Валерио Брунонун айтымында, Европа Биримдиги олуттуу көйгөйлөргө туш болуп жатканы бүгүн даана байкалууда. Кырдаал ушул бойдон улана берсе, анда шаркет ыдырашы ыктымал.

- Италиялыктар өздөрүн Европадагы башка өлкөлөр тарабынан унутулгандай, эпидемия менен күрөштө жалгыз калгандай сезишеби? Коңшуларына таарынып, кыжаалат болушабы?

- Канчалык туура экенин билбейм, бирок Европага кыжаалат болгон маанай даана байкалат. Кечээ эле депутаттардын бири, оңчул партиянын өкүлү Евробиримдиктин кеңсесиндеги желегин алып, «балким келечекте кайра жолугабыз» деген сөздөр менен бүктөп, катып койду.

Премьер-министр Жузеппе Конте «​Еврошаркет ушундай учурда тилектештик көргөзүшү керек эле»​ деп канчадан бери кайталап келет. Президент Сержио Матарелла да формалдуу сөздөрдүн ордуна конкреттүү чара көрүүгө үндөдү.

Бирдиктүү Европаны жактап келген евроцентристтик саясатчылардын көбү шаркетти сындап жатат. Мисалы, Европанын Борбордук банкынын жетекчиси Кристин Лагард адегенде «Италия сыяктуу өлкөлөргө коронавируска байланыштуу эч кандай жеңилдиктер берилбейт» деп айтып, кийин кайра оюн өзгөрттү.

Европа комиссиясынын төрайымы Урсула Фон дер Ляйен да коронавирустан эң көп жоготууга учураган Италия менен Испанияны колдоого ашыккан жок. Ошентип Европанын түштүгүндө, Жер Ортолук деңиз аймагындагы өлкөлөр менен Түндүк Европа ортосундагы эски жаракалар кайра ачылып жатат.

- Ошол эле учурда Польша, Албания, Куба өз дарыгерлери менен медайымдарын Италияга жөнөткөнүн көрдүк. Бирок ал өлкөлөр Италиянын салттуу өнөктөштөрү болуп саналбайт да?

- Албанияны айтсак, Италия ал өлкөгө буга чейин жер титирөөлөр, башка табигый кырсыктар болгондо жардам берип келген. Албаниялыктар «ушундай оор абалда жөн отура алган жокпуз» дешет. Алардын күтүлбөгөн жардамы жөнүндө бүт гезиттер, медиалар жазышты. Алакандай өлкөнүн колдоосуна италиялыктар аябай ыраазы болушту.

Польшанын жардамы да көңүл жубатарлык болду. Сиз жогоруда айткандай, бул мамлекеттер Италиянын салттуу өнөктөштөрү эмес. Анын үстүнө чакан мамлекеттердин чамасы да чак. Кыскасы күтүлбөгөн тилектештик болду окшойт.

Кубаны да абдан көп сөз кылып жатышат. Дарыгерлери менен медайымдарын жөнөткөн Куба өкмөтүнө алкыш айткандар көп. Ооба, соңку күндөрдө Франция медициналык беткаптарды жөнөттү, Германия Италиянын түндүгүндөгү ооруканаларда орун тартыш болгондуктан бейтаптарды дарылаш үчүн алып кетүүдө. Бирок биз мындан да көбүрөөк жана ыкчам көмөк күткөнбүз. Алардын жардамы кризис курчугандан кийин келе баштады.

- Эмне себептен ушундай абал түзүлдү? Же пандемиянын маалында ар бир өлкө өзүн эле ойлоп калабы?

Италия мисалы НАТОдон да көбүрөөк көмөк күткөн, ошол бойдон келген жок. Анын ордуна чакан мамлекеттерден жардам алып жатабыз.

- Ар бир өлкө биринчи кезекте өз жарандарын коргоону ойлойт да. Өз дарыгерлерин мээлей, беткап баштаган медициналык каражаттар, ооруканаларын жасалма дем алдыруучу аппараттар менен камсыз кылууну көздөшөт. Балким бул бир аз өзүмчүлдүккө жатат. Италия, мисалы, НАТОдон да көбүрөөк көмөк күткөн, ошол бойдон келген жок. Анын ордуна чакан мамлекеттерден жардам алып жатабыз. Бардыгында болбосо да италиялыктардын көпчүлүгүндө азыр ушундай маанай, маалымат каражаттарынын көбү да ушуга басым жасашууда.

- Ушу тапта Орусия менен Кытайдын кызыкчылыгы тууралуу көп сөз болууда. Италиялык гезиттерди окусак, «бул эки өлкө берген жардамдын гуманитардык мааниси бар, ошол эле маалда геосаясий да таасири да жок эмес» деген ойлор айылып келет...

- Ооба, мисалы «La Stampa» гезити «Орусиядан келген жардамдын 80% пайдасыз болуп чыкты, аскердик дарыгерлерди жөнөтүү «мына, орус аскерлери Италияда жүрөт» деп көргөзүүнү көздөгөн үгүт маанисиндеги кадам болду» деп жазды.

Албетте, Орусиянын кадамында өзүн куткаруучу көргөзүп, кыйын мезгилде Италияга жардамга барды деген аброй түзүүнү максат кылган үгүт элементтери жок эмес. Бирок жардам берилгени чын, ушундай ишарат жасалды.

Италия Орусиянын, Кытайдын көмөгүн жогору баалайт. Европалык мамлекеттер өз кызыкчылыктарын ойлоп, өз жарандарын, өз ооруканаларын сактап калууга аракеттенип жаткан кезде Орусия менен Кытай медициналык материалдар, жабдуулар жүктөлгөн учактарын жиберишти.

Баарынан да Кошмо Штаттардын кеч реакция кылганы таң калтырды. Президент Трамп бир нече күн мурда эле Италияга жүз миллиондой доллар жардам берилерин айтты.

Бирок бул жардам Кытай менен Орусияныкынан алда канча кеч берилип жатат. Албетте, мунун баары элдин көз карашына таасир этпей койбойт. Белгилей кетейин, кайсы жардам канчалык натыйжалуу экенин айткан жокмун, элдин сезимин айтып жатам.

- Кытай демекчи, вирус ошол өлкөдөн тараган. Кытайларга же ал өлкөгө кандайыр бир терс сөздөр айтылбайбы?

Бул жерде эки сценарий бар. Италия жана Испания, балким дагы бир нече өлкө шаркеттен чыгып кетет, же Германия бөлүнөт, анан эки майда Евробиримдик пайда болот.

- Балким мындай учурлар пандемиянын эң башында, Италияда вирус жугузуп алгандар каттала электе, өзгөчө кытайлыктар көп жашаган түндүктө, мисалы Ломбардияда, Милан шаарында жана борбордук бөлүктөрдө болгон. Бирок кытайлыктарды жерип, айыптап, аларга каршы аракеттер катталган эмес. Айрым өлкөлөрдөй «кытай вирусу» деген сөздү бизде айтышпайт.

Венето аймагынын губернатору Лука Дзайя «кытайлыктар чычкан, келемиштерди жегенин билебиз» деп балп этип жиберген жайы бар. Бул окуяны жалпы коомчулук абдан сындаган. Эртеси эле губернатор Кытайдын Римдеги элчисинен кечирим сурады. Кыскасы, италиялыктарда вирустун жайылышы үчүн кытайларды күнөөлөгөн маанай жок.

- Европа Биримдиги ушул пандемиядан кийин жашап кете алат деп ойлойсузбу?

- Жакшы суроо, бирок келечек тууралуу азыр сөз кылуу кыйын. Ооба, Евробиримдикте бир топтон бери эле маселе курч. Анын өзөгү 2008-жылкы экономикалык кризиске, 2012-2015-жылдардагы евроаймактагы кризиске барып такалат. Жалпыга көрүнбөй, катылып жаткан толгон-токой көйгөйлөр бар эле. Италия ал кризистерден өзүнө келек элек болчу. Азыркы пандемия ошол көйгөйлөрдү чубап чыгууда.

Учурда Италиянын мамлекеттик карызы көбөйүп баратат. 130% бери дегенде 150% жетиши мүмкүн. Ал эми Еврошаркет финансылык жардам маселесинде Нидерланд менен Германиянын позициясын ээлесе керек. Башкача айтканда, майда бир чегинүүгө эле барышы ыктымал. Бирок жалпы стратегия жок. Балким жакынкы күндөрдө ошол эле Германия, Нидерланд, түндүк Европадагы мамлекеттер Италия, Испания жана Францияга так ишарат кылышпаса, биримдик ушул бойдон эле сакталып турбасы толук ыктымал.

Бул жерде эки сценарий бар. Италия жана Испания, балким дагы бир нече өлкө шаркеттен чыгып кетет же Германия бөлүнөт, анан эки майда Евробиримдик пайда болот.

Абал чынында эле олуттуу. Италияда экономика токтоп турат. Борбордук аймактарда, түштүктө күнүмдүк оокатка акчасы жетпеген адамдардын талап-тоноого аракеттенген, нааразылыгын айтып чыккан учурлар катталууда. Социалдык-экономикалык маселелерди чечүүгө көп каражат керек. Албетте, өлкө карызга батат. Ушундай эле кырдаал азыр Испанияда, Францияда, балким Белгияда, Грекияда да түзүлдү. Айтор алдыда Евробиримдиктин кризисине күбө болобуз.

Азыркы абал популист оңчулдардын, ашынган оңчулдардын чырагына май тамызары белгилүү. Мисалы, италиядагы Маттео Сальвини өңдүү ашынган оңчулдардын «Түндүк Лигасындагы» же Жоржия Мелонинин консервативдүү партиясындагы саясатчылар учурдан пайдаланып: «Мына, көрдүңөрбү, Германия бизге жардам бербейт, Европанын пайдасы жок, шаркеттен чыгалы» деп дагы бир жолу кайталоого аракеттенишет. Албетте, мунун баары өкүнүчтүү. Бирок европалык институттар кризистен чыгуунун так стратегиясын айтууга тийиш.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (7)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG