Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:32

Дүйнөдө коронавирус менен күрөш уланууда


Миландагы аянтты дезинфекциялоо жүрүп жатат. 31-март, 2020-жыл.
Миландагы аянтты дезинфекциялоо жүрүп жатат. 31-март, 2020-жыл.

Коронавирустан өлгөндөрдүн саны боюнча АКШ Кытайды артка калтырды. Кошмо Штаттарда бул илдеттен 4060тан ашуун киши көз жумду. Дүйнөдө бул оору 884 миң адамга жукканы аныкталды.

Бириккен Улуттар Уюмунун баш катчысы Антониу Гуттереш пандемияны Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки эле адамзаттын башына түшкөн эң чоң кризис катары мүнөздөдү.

Гуттереш шейшембиде «оору жана анын экономикага болгон таасири туруксуздукка, башаламандыктын жана жаңжалдардын күчөшүнө алып келиши ыктымал» деген кооптонуусун ортого салды.

31-мартка карата Кошмо Штаттарда өлгөндөрдүн саны төрт миң кишиден ашып, Кытайды артка калтырды. АКШ президенти Дональд Трамп жакынкы эки апта оор болушу ыктымал экенин эскертти.

«Мен ар бир америкалык алдыдагы оор күндөргө даяр болушун каалайм. Алдыда бизди эң кыйын эки апта күтүп турат», - деди Трамп.

Коронавирустан өлгөн адамдын сөөгүн алып бараткан медкызматкерлер. 31-март, 2020-жыл. Нью-Йорк.
Коронавирустан өлгөн адамдын сөөгүн алып бараткан медкызматкерлер. 31-март, 2020-жыл. Нью-Йорк.

АКШнын Аллергия жана инфекциялык оорулар боюнча улуттук институтунун башчысы Энтони Фаучи Кошмо Штаттарда бул илдет 100 миңден 240 миңге чейин адамдын өмүрүн алышы ыктымал экенин кошумчалады. Ал эгер ар бир жаран коронавирустун жайылышына каршы өз салымын кошуп, социалдык дистанцияны сактаса адам өлүмүнүн көбөйүшүнүн алдын алууга болот деген пикирде.

Буга байланыштуу өкмөт ири шаарлардын жанына ооруканаларды курууну пландап жатат. Учурда ооругандар эң көп катталган Нью-Йорк шаарындагы Борбордук паркта жана башка жайларда убактылуу ооруканалар жайгаштырылды. Миң орундуу деңиз аскер госпиталынын кемеси да Нью-Йорктун жээгине токтоп, жакын арада бейтаптарды кабыл ала баштайт деп күтүлүп жатат. Башка шаарлардан 500дөй медициналык кызматкер тартылып, «Тез жардам» машинелери алынып келди. АКШдагы пандемиянын очогу болуп эсептелип жаткан Нью-Йорк шаарында 1000ден көп киши коронавирустан каза тапты.

Италияда COVID-19 илдетине чалдыккандар кичине азайганы байкалганы менен бийлик кризис дагы эле күчүндө экени билдирди.

Адам өлүмү эң көп катталган бул өлкөдө каза тапкандарды шейшембиде бир мүнөт аза күтүп эскеришти. Мекемелерде мамлекеттик туулар түшүрүлдү. Италияда коронавирустан 12 миң адам көз жумду. Ооругандардын саны 100 миңден ашты. Рим шаарынын мэри Виржиния Ражи бош калган аянтта туруп сөз сүйлөдү.

«Ушул тапта COVID-19дан өлгөндөрдү, биздин сүйүктүү адамдарыбызды эскериш үчүн бүткүл Италия биригип турат. Биз алар менен коштошо да албай калдык», - деди ал.

Италиядагы ооруканада дарыланып жаткан бейтаптар.
Италиядагы ооруканада дарыланып жаткан бейтаптар.

31-мартта Францияда коронавирус 500дөй адамдын өмүрүн алып, эң жогорку чекке жетти. Илдеттин жайылышын ооздуктоо максатында дүйнө жүзү боюнча 3,6 миллиард адам карантинде отурат.

Ал арада Борбордук Америкадагы Панама мамлекетинде карантиндин өзгөчө эрежелери киргизилди. Маселен, эркектерге зарыл иштери боюнча көчөгө дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү гана чыгууга болот. Аялдар аптанын калган күндөрү азык-түлүк алганы чыга алышат. Жекшембиде болсо баарына үйдөн чыкканга тыюу салынган. Ушундан улам укук коргоочулар транссексуалдар үчүн тынчсызданып жатышат. Ал эми Сербияда болсо иттерди сейилдетүүгө кечки саат сегизден тогузга чейин гана уруксат берилди.

Дүйнө жүзү боюнча коронавирустун жайылышына көз салган worldometers.info сайтынын маалыматына караганда, 1-апрелде Бишкек убактысы боюнча кечки саат 20.00гө карата жер бетинде COVID-19 оорусунан 44 миңден ашуун адам көз жумду.

Ал арада коронавирустун очогу болуп саналган Кытайдын Ухань шаарында жашоо калыбына келип, дүкөндөр ачыла баштады.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG