Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-июнь, 2020 бейшемби, Бишкек убактысы 20:26

Коронавирус өкмөттү ордунан козгоду


Иллюстрациялык сүрөт.

Президенттин сынынан кийин коронавируска каршы күрөшкө жооптуу болгон вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова, саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев кызматтан алынды.

Ушул эле күнү Аида Исмаилова вице-премьер, Сабиржан Абдикаримов саламаттык сактоо министри болуп дайындалды.

Кыйчалыш учурдагы мындай кадрдык жүрүштү коомчулук ар кандай кабыл алды. Бир даары муну өлкөдөгү социалдык, экономикалык абалга байланыштуу элдин нааразылыгын басаңдатуу аракети катары баалап жатат. Ошол эле учурда вирустун алдын алуудагы жетишсиз чаралар боюнча президенттин жоопкерчилигин көтөргөндөр да бар.

Өкмөт ашуудан ат алмаштырды

Алтынай Өмүрбекова менен Космосбек Чолпонбаевди кызматтан алуу боюнча жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков 1-апрелде кол койду. Буга алардын өздөрү берген арызы негиз болду. Мунун алдында Коопсуздук кеңеши премьер-министрге айрым өкмөт мүчөлөрүнө коронавирустун өлкөдө жайылышынын алдын албаганы үчүн чара көрүүнү сунуш кылган.

Президент Коопсуздук кеңешинин жыйынында «коронавирус жуккандарды жана алар менен байланышта болгондорду аныктоо иштери начар» деп, саламаттык сактоо тармагындагы кемчиликтер үчүн ошол кездеги министр Чолпонбаев менен вице-премьер-министр Өмүрбекованы сындаган:

Сооронбай Жээнбеков.
Сооронбай Жээнбеков.

«Январда сиз (ред: Космосбек Чолпонбаев) «лабораториялар даяр» деп маалымат бердиңиз эле. Чындыгында андай эмес экен. Тестирлөө реагенттери жетишсиз болуп чыкты. Министрлик өз убагында ыкчам чара көрүшү зарыл болчу. Коопсуздук кеңешинин чечимин аткармак тургай, силер аны окуп да койбоптурсуңар. Космосбек Сариевич, муну саботаж деп коёт. Адамдын ден соолугун коргоп, ага күйө турган министрликтин башчысы болуп туруп аракет кылбасаңар, башкалар күйөт дейсиңерби? Лаборатория иштебей, баары күтүп жатат. Алтынай Сейитбековна, штабдын жетекчиси катары сизге да айттым эле. Урматтуу премьер-министр, орун басарыңыздан баштап министрге чейин чара көрүп, баа бериңиз».

Өлкө башчынын сөзүнө караганда, Коопсуздук кеңеши коронавируска байланыштуу төрт жолу жыйынга чогулуп, тиешелүү чечимдер кабыл алынган. Бирок алар толук аткарылган эмес. Кеңештин сунушунан кийин өкмөт ашуудан ат алмаштырып, Аида Исмаилованы вице-премьер-министрдин, Сабиржан Абдикаримовду саламаттык сактоо министри кызматына сунуш кылып, аны коалициялык көпчүлүк колдоп берди. Ушул эле күнү алар сөз болуп жаткан кызматтарга дайындалды.

Исмаилова - парламенттеги «Республика - Ата Журт» фракциясынын депутаты. Ал эми Абдикаримов Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Өзгөчө коркунучтуу жана карантиндик инфекциялар борборунун жетекчиси болуп иштеп келген. 2010-жылдан соң кыска убакыт саламаттык сактоо министри болуп турган.

Өкмөттү өкчөгөн вирус

Коронавируска каршы өкмөттүн иши Жогорку Кеңеште да көтөрүлүп, депутат Исхак Масалиев ​өкмөттү ишти жөндөй албаса кызматтан кетүүгө чакырды:

Исхак Масалиев.
Исхак Масалиев.

«Кыргызстанда болуп жаткан кемчиликтерге депутаттар жооп берип калды. Бирок бул туура эмес. Өкмөт, айлык алып отурасыңар, силер жооп бербейсиңерби? Болбосо кызматыңардан кетпейсиңерби?! Эки жыл мурун биз бекиткен өкмөттүн курамынан премьер-министрден башка эч ким калган жок. Парламент өкмөттү бекиткенде өкмөт башчы «ушул команда менен ийгиликтүү иштейм» деген. Ошол курамдын акыркылары бүгүн кетти. Кээ бир кызматтарда жетекчи эки жолу алмашты. Алыңар жетпесе кызматыңарды тапшырып кеткиле!».

Чын эле эки жыл мурун дайындалган, Мухаммедкалый Абылгазиев башында турган өкмөттүн курамынан Абылгазиев өзү, биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жана ички иштер министри Кашкар Жунушалиев гана калды. Калган үч вице-премьер-министр, министрлер жана комитеттер менен агенттиктердин жетекчилери дээрлик толугу менен алмашты.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алмамбет Шыкмаматов аткаруу бийлигиндеги акыркы кадрдык өзгөртүүлөр менен вируска каршы туруу боюнча өкмөттүн аракетине мындай баа берди:

Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

«Коронавирус илдети Кыргызстанда эле эмес, дүйнөдөгү бардык мамлекеттердин өкмөттөрүнүн чабал жактарын чыгарып койду. Бизде өкмөт вирусту кой, жөнөкөй гана чакырыктарга даяр эмес экени көрүнүп турбайбы. Бирок эмне үчүн вице-премьер-министр менен саламаттык сактоо министри кызматтан алынды? Медицина тармагы даяр эмес экен дейли, башка кызматтарчы, алар даярдыгын көрсөттүбү? Анткени коронавирустун кесепети ушул тармакка биринчи тийди. Бирок ушундай кырдаалга жергиликтүү бийлик, күч түзүмдөрү - баары даяр эмес экен. Өкмөт куру сөз, убада менен эле куралганы жана кадрлар менен уюштуруу иштери кандай экени анык болду. Коронавирус декабрда эле башталып, «Кытайда адамдар өлүп жатат. Жакында башка өлкөлөргө да тарайт» деген маалыматтар байма-бай айтылган да. Даярдыкты ошондо эле башташ керек болчу».

Өкмөт Кыргызстанда вирус чыккан биринчи күндөн тартып илдеттин жайылышынын алдын алыш үчүн тийиштүү чаралар көрүлгөнүн кайталап келет. Ал тургай премьер-министр вирустун өлкөгө киришине даярдык көрүүгө жетиштүү убакыт болгонун жана бийлик эмне кылыш керек экенин жакшы билерин жарыялаган.

Коомчулукта дарыгерлерге коргонуу каражаттары, эң жөнөкөй медициналык беткаптар, мээлейлер жетишсиз экени, аларды ооруканага ташуу жолго коюлбагы тууралуу бир нече жолу айтылган. Өкмөт мындай сын-дооматтын баарын эле мойнуна алганы жок. Саясатчы Бектур Асанов аткаруу бийлигине коюлган дооматтарга макул эмес.

«Мен 10 күн мурун Орусиядан келдим, - деди ал. - Казакстанга, Орусияга салыштырмалуу бизде даярдык жакшы экен. Коңшу өлкөлөрдөгү тууган-урук, тааныштар менен сүйлөшсөм «медициналык беткап жок» деп айтышты. Мен күнүгө эле дүкөнгө, дарыканага чыгып жатам. Бизде керектүү деген беткаптар, антисептик каражаттары жетиштүү».

«Президент да жооптуу»

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 30-мартта басма сөз жыйынында коронавируска байланыштуу кырдаал президенттин жеке көзөмөлүндө экенин айтканы бар. Жарандык активист Гүлжигит Исаков ушундан улам өлкө башчынын жоопкерчилиги тууралуу маселе көтөрдү:

Гүлжигит Исаков.
Гүлжигит Исаков.

«Эки кишини кызматтан алып коюу - коомчулуктун көңүлүн, нааразылыгын башка тарапка буруп, кандайдыр бир деңгээлде анын талабын канааттандыруу. 2019-жылы парламент өкмөткө ишенбестик көрсөтөрдө президент Жогорку Кеңешке кайрылып, өкмөттүн отчётун кабыл алдырып койгон. Ошондо Мухаммедкалый Абылгазиев «мен азырынча көнүшө элекмин, эми жакшы иштейм» деген. Бирок Абылгазиев 2016-жылы биринчи вице-премьер-министр болуп иштеген. Ал де-факто төрт жылдан бери өкмөттө иштеп келатат. Дагы эле көнө элекпи? Кубатбек Боронов көп жыл бою өзгөчө кырдаалдар министри болду. Канча өкмөт алмашты, бирок бул киши кеткен жок. Азыр биринчи вице-премьер-министр. Президент Сооронбай Жээнбеков 2016-жылы премьер-министр, кийин президент болду. Ал да төрт жылдан бери бийликте. Жыйынтыктап айтканда бул бийлик «биз ишке эми көнүп жатабыз» деп айтканга моралдык укугу жок».

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев да президенттин жоопкерчилигине байланыштуу маселеге көңүл бурду:

«Чындап келсе учурдагы кырдаалга бийлик толук күнөөлүү. Президент январь айында Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп, тапшырма берди. Эми анын аткарылышын көзөмөлдөп алышпайбы? Маселенин баары ушул жакта болуп жатпайбы. Президент өзү да жооптуу болуп, көзөмөлдөсө болот эле да».

Коопсуздук кеңешинин баркы кеттиби?

Коопсуздук кеңеши демекчи, президент Сооронбай Жээнбеков өкмөт Коопсуздук кеңешинин чечимдерин толук аткарбай жатканын белгиледи. Өлкө башчы бул сөздү биринчи жолу айтып жаткан жери жок. Коррупция менен күрөш, тоо-кен тармагындагы маселелер жана санариптештирүү иштери боюнча кеңештин чечимдерин аткарбаганы үчүн жыл башында айрым кызматкерлер иштен алынып, 30 кызматкерге чара көрүү тапшырылган.

Алмамбет Шыкмаматов Коопсуздук кеңешинин чечимдерине кайдыгер мамиле улана берсе бул кеңештин таасири жоголорун эскертти:

Эгерде чара көрүлбөсө, мындай көрүнүш улана берет.

«Коопсуздук кеңешинин чечими кынтыксыз аткарылышы керек. Аны аткарбагандар тез арада жоопкерчиликке тартылыш керек. Эгерде чара көрүлбөсө, мындай көрүнүш улана берет. Ушинтип отуруп Коопсуздук кеңешинин баркы да, наркы да, таасири да, күчү да калбай калат. Коопсуздук кеңеши - конституциялык эң чоң орган. Анын статусу Баш мыйзамда бадырайып жазылган. Коопсуздук кеңешинин жыйыны - жөн эле чогулуш эмес. Ал өлкөдөгү бирден-бир маанилүү орган жана анын төрагасы - президент».

1-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуккан жаңы төрт учур катталды. Алардын ичинен Жалал-Абад шаарында бир, Сузак районунда бир, Кара-Көл шаарында бир жана Чүй облусунда бир адам аныкталды. Ошентип, бул илдетке чалдыккандардын саны 111 болду. Алардын 11и балдар.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (28)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG