Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-июнь, 2020 шаршемби, Бишкек убактысы 12:33

COVID-19 «Таблиги жамаат» маселесин козгоду


Кыргызстандык дааватчылар. Нарын облусу.

Ысык-Көлдө Индияга дааватка барып келген эки адамдан коронавирус табылды. Буга чейин Нарында да Пакистандан дааваттан келген бир кишиден вирус чыккан.

Бул окуя кыргыз коомчулугунда эң көп талкууланган темалардын бирине айланып, Интернет колдонуучулардын кайчы пикирин жаратты.

Расмий маалыматка караганда, СOVID-19 вирусу аныкталган Ысык-Көл облусунун 35 жана 39 жаштагы эки тургуну Индиядан 21-22-мартта дааваттан келген. Алар Бишкек шаарында үч күн обсервацияга жаткырылып, коронавируска тапшырган анализи таза чыккан. Үйлөрүнө коё берилгенден кийин да анализ алынып, вирус аныкталды.

Бул чет өлкөдөн дааваттан келгендерден коронавирус табылган биринчи учур эмес. Өткөн аптада Пакистандан төрт айлык дааваттан келген Нарын шаарынын тургунунан да СOVID-19 вирусу табылган.

Нарындын Ат-Башы районунда Индиядан дааваттан келген дагы эки киши карантиндин шарттарын аткарбай сынга кабылды. Аталган райондун Баш-Кайыңды айылынын башчысы Бакытбек Байзаков эрежеге баш ийбегендер боюнча маалымат берди:

«Алар Индиядан келгенине аз эле күн болгон. Бишкекте обсервацияга жатып чыгып, Ат-Башыга кайтышкан. Дарыгерлер экөөнү Ат-Башыдан да текшерип, 15 күн үй карантинине алган. Бирок «мечиттен намаз окуйбуз» деп карантиндин талаптарын аткарбай коюшту. Ошондуктан Ат-Башыга 15 күнгө обсервацияга жаткырдык. Мындан башка жол жок болуп калды. Айылда көчөдө жүрүшсө эл дүрбөлөңгө түшүп жатат».

Бул окуядан кийин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия өзгөчө абалдын эрежелерин бузган дин ишмерлери жоопко тартыларын эскертти. Комиссия мындай фактылар болсо маалымат берүүнү өтүнүп, коомчулукка кайрылды. Негизи 17-марттан тартып мечиттерде намаз окууга, даават кылууга тыюу салынган. Ошондой эле чиркөөлөрдө жана храмдарда да коомдук диний жөрөлгөлөрдү жүргүзүүгө уруксат берилбейт.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Замир Ракиевдин сөзү боюнча, бул талаптарды бузгандар жок.

Замир Ракиев.
Замир Ракиев.

«Мечиттер эле эмес, мечиттердин короосу да бек. «Намаз окуйм» деп келгендер кире албайт. Түшүндүрүү иштери бардыгына жүргүзүлгөн. Ушуга чейин тартипти бузгандар боюнча арыз түшө элек. Эгерде өзгөчө абал режиминин шарттарын аткарбагандар болсо мамлекет чара көрөт», - деди ал.

Вирустун алгачкы учурлары Сауд Арабиясына умрага зыяратка барып келгендер менен дааватчылардан чыгышы диний көз караштагы адамдарга болгон сын-дооматты пайда кылды. Алгач Кыргызстанда кичи ажылыктан келгендердин үчөөнөн 18-мартта вирус чыккан. Илдетке чалдыккандардын көбүн зыяратчылар түзөт.

Ушу тапта социалдык тармактарда диний ишенимдеги адамдар менен ага каршы чыккандардын ортосунда кайым айтышуу токтой элек. Бир тарабы коронавируска байланыштуу зыяратчыларды сындаса, экинчи жагы дүйнөнү каптаган вирус Кыргызстанга кайдан гана болбосун эртели-кеч келмек деген пикир айтышууда. Президентке караштуу Башкаруу академиясынын ректору Алмазбек Акматалиев зыяратчылардын коом алдындагы жоопкерчилигин эске салды:

Алмазбек Акматалиев.
Алмазбек Акматалиев.

«Тилекке каршы алар вирусту жугузуп келип Кыргызстанда оору ошолор аркылуу тарап жатат. Бирок аларга күнөө коюп же ишенимине шек келтирели деген ой жок. Маселе мында - зыяратчылар ооруп калгандан кийин өзүнө, жакындарына, коомго башкача мамиле кылышы керек. «Ооруканага жат» десе жатышы керек, «изоляция бол» десе аны да аткарышы керек. Себеби алар ооруну таратуучулар болуп калышты. Ошол эле кезде Европадан, Франциядан ооруну жугузуп алган деле адамдар бар. Зыяраттан келгендер «мен ушул жакка барып келдим, ушул адамдар менен жолуктум» деп айтып бериши керек. Бул коом алдындагы, керек болсо дин алдындагы жоопкерчилиги».

Кырргызстанда коронавирус аныкталгандардын көбү - 10-марттан тартып умрадан келгендер менен алар менен контактта болгондор. Себеби, умрадан келгендер обсервацияга алынган эмес. Өкмөт буга чейин Сауд Арабиясында эпидемиологиялык абал курч болбогондуктан ал өлкөдөн келген адамдар обсервацияга жаткырылбаганын билдирген. Талдоочу Руслан Акматбек учурдагы кырдаалдын түзүлүшүнө бийликтин да жоопкерчилиги бар деп эсептейт.

Руслан Акматбек.
Руслан Акматбек.

«Коронавирустун коркунучу тууралуу бир нече жолу маселе көтөрүлгөн. Бирок расмий органдар аны кабыл албаганы ачыкка чыкты. Учурдагы кырдаалдын түзүлүшүнө өкмөттүн тийиштүү мекемелеринин чабал иши себеп болду. Анткени марттын башында эле вирустун алдын алуу боюнча жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда бир топ маалыматтар жазылды. Биз дин тутуу эркиндиги Конституцияда бекитилгенин унутпашыбыз керек. Умрага баргандар, дааватка чыккандар мындай болуп кетерин билген жок да. Экинчиден, зыяратчылар да биздин эле коомдон чыккан адамдар экенин унутпашыбыз керек. Тиешелүү институттар, өкмөт алдын-ала талдоо жүргүзүп, вирустун алдын алуу боюнча иштерди жасап, чечим кабыл алышы керек эле. Коомдук процесстер бийлик тарабынан жөнгө салынбаса маселе жарала берет. Бири-бирин кодулоо болуп, ал касташууга чейин алып барат. Эми биз ушул апаатты жок кылы турган сунуштарды берип, аны жеңиш үчүн чогуу аракет кылышыбыз керек».

Коронавируска байланыштуу өлкөдө дааватты уюштуруу, аны көзөмөлдөө маселеси да көтөрүлдү. Өлкө ичинде дааваттын талап-тартибин Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы көзөмөлдөйт. Бул боюнча муфтиятта даават, үгүт-насаат, жаштар жана аялдар бөлүмү бар. Бирок маалымат боюнча чет өлкөгө жасалган дааватты муфтият көзөмөлдөй албайт. Акыркы окуялар боюнча диний эксперт Канатбек Мурзахалилов ой бөлүштү:

Канатбек Мурзахалилов.
Канатбек Мурзахалилов.

«Коронавирус умрадан келгендерден, Пакистанга, Индияга дааватка баргандардан чыгышы мамлекет дин саясатын дагы бир жолу карап чыгышы керек экенин көрсөттү. Эми мамлекет аймактардагы диний саясатын жакшыртышы керек. Экинчиси - диний саясатты декларативдүү түрдө эле жөнгө салбай, конкреттүү иштерди жасашы керек. Антпесе болбойт».

Кыргызстанда ислам динине чакыруу, ага үгүттөө даават деп аталат. Дааватты болсо «Таблиги жамаат» кыймылына байланыштырып жүрүшөт.

«Таблиги жамаат» тууралуу маалымат

«Таблиги жамаат» боюнча Кыргызстанда кайчы пикирлер көп. Анын ишине көп мамлекеттерде тыюу салынганы утур-утур айтылып келет. Кыргызстандын кошуналары жана стратегиялык өнөктөштөрү болуп саналган Казакстанда, Орусияда, Өзбекстанда, Кытайда жана Тажикстанда анын ишмердиги сот аркылуу токтотулган. Бирок расмий Бишкек бул уюмга тыюу салууну колдобойт жана диний саясатын өз алдынча жүргүзүп келүүдө.

Кыргызстанда дааватчылар деген ат менен белгилүү «Таблиги жамаат» уюмунун тамыры Пакистанга, Индияга жана Бангладешке барып такалат. Аны 1926-жылы Индияда Мухаммад Илияс аттуу адам негиздеген. Алар өздөрүн саясатка жана мамлекеттик башкаруу ишине аралашпаган, тынч, сабырдуу уюм катары мүнөздөшөт.

Айрым эксперттерди «Таблиги жамаат» кыймылынын ансыз да туруксуз, жакыр, диний-экстремисттик уюмдар арбын жана диний абалы жакшы көзөмөлдөнбөгөн Пакистан, Бангладеш сыяктуу мамлекеттер менен бекем алакасы кооптондурат.

Алар Пакистандагы, Индиядагы же Бангладештеги «Таблиги жамааттын» борборлорунан мамлекеттин кызыкчылыгына кайчы келген бүтүмдөр болуп калуусунан чочулашат. Маселен, Казакстан бул уюмга тыюу салып жаткан кезде ушул жагдай да көбүрөөк эске алынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Пикирлерди көрүңүз (93)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
XS
SM
MD
LG