Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Кыргызстанда СOVID-19 жуккандар 100дөн ашты


Бишкек, март, 2020-жыл.
Бишкек, март, 2020-жыл.

Кыргызстанда 31-мартка карата дагы 13 кишиден коронавирус табылып, бул илдетти жуктургандардын саны 107ге жетти.

31-мартка карата Кыргызстанда коронавирус жуккан дагы 13 учур катталды. Бул тууралуу коронавирусту алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Анын айтымында, жаңы жуккандар Бишкекте бирөө, Нарын облусунда үчөө, Ысык-Көл облусунда экөө, Чүй облусунда бирөө, Ош облусунда бешөө жана Жалал-Абад облусунда бирөө.

Ошону менен бул илдетке чалдыккан кыргызстандыктардын саны 107ге жетти: 51 Жалал-Абад облусунда, Ош облусунда 28. Чүйдө төрт, Баткенде бир, Ош шаарында тогуз, Бишкекте сегиз, Нарын облусунда төрт жана Ысык-Көл облусунда экөө.


Кыргызстанда 31-мартка карата коронавирус жуккан бейтаптардын үчөө реанимацияда жатат. Бул тууралуу коронавирустун алдын алуу штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов билдирди.

Реанимациядагы үчөөнүн бирөөнө жасалма дем алдыруу аппараты коюлду. Экөөнүн абалын дарыгерлер орточо оор деп баалап жатышат.

Буга чейин Кыргызстанда коронавирус жуккандардын ичинен жандандыруу бөлүмүнө түшкөн алты бейтаптын бешөө жалпы палатага которулганы, алтоонун бирине да жасалма дем алдыруу аппараты коюлбаганы айтылган.


Ал арада өкмөт ишкерлерди колдоонун финансалык чараларын иштеп чыкты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, өкмөттүн кризиске каршы чаралары бир нече пункттан турат. Анын алкагында өкмөт Улуттук банкка бир катар сунуштарды киргизген. Бул сунуштарга ылайык, Улуттук банк:

  • кардарларды онлайн тейлөө боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүшү;
  • сомдун өтүмдүүлүгүн камсыз кылыш үчүн насыялык аукцион өткөрүүнү сунуш кылышы;
  • 2022-жылдын 1-январына чейин коммерциялык банктарга жана коммерциялык эмес уюмдарга пруденциалдык талаптарды жеңилдетиши зарыл.

Өкмөттүн карыжылык чараларынын бир бөлүгүн Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун алкагында ишке ашышы керек. Анын алкагында:

  • Коммерциялык банктар менен чакан жана орто бизнести колдоо линиясы боюнча кыргыз өкмөтү жана Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан каржыланган долбоорлорду кошуу менен 3 айдан кем эмес мөөнөткө насыялар боюнча негизги суммалар жана пайыздарды узартуу, реструктуризациялоо тууралуу иш алып баруу;
  • Жеңилдетилген шартта насыя алыш үчүн Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун каражаттарын тартуу;
  • Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунун жол-жоболорун жөнөкөйлөштүрүп, аталган органдан насыя алууну жеңилдетүү;

Элдин массалык түрдө чогулушунун алдын алуу максатында 2020-жылдын 1-июлуна чейин акционерлердин жалпы жыйынын өткөрүү мөөнөтүн жылдыруу каралган.

Мындан сырткары өкмөт ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдоону көздөөдө. Ага ылайык:

  • Мамлекеттик сатып алуу жол-жобосунда ата мекендик ташуучуларга 20% өлчөмүндө жеңилдиктерди берүү жөнүндө ченем бекитилет.
  • Ата мекендик ташуучуларга, өндүрүүчүлөргө жана кызмат көрсөткөн компанияларга өзгөчө абал жана өзгөчө абал режимдери таасир эткен мамлекеттик сатып алуу боюнча келишимдердин мөөнөттөрү кайрадан каралат.
  • Ошондой эле акыркы кырдаалдан жабыр тарткан бизнести колдоо фондун биргеликте түзүү боюнча иш жүргүзүлөт.

Өкмөт учурдагы оор шартта өлкө экономикасын оңдоо жана калыбына келтирүү боюнча бардык аракеттерди кылууга убада берүүдө. Бирок акыркы кырдаалдан жабыр тарткан ишкерлерди колдоо боюнча белгилүү бир суммадагы каражат бөлүү боюнча сунуш камтылган жок.

Коронавируска байланыштуу 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилди.

Түнкүсүн көчөгө адам да, машине да чыкпашы керек, күндүз эшикке дүкөнгө, дарыканага жана ооруканага гана барууга уруксат. Топтошуп жүрүүгө, иш-чара өткөрүүгө тыюу салынган.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

XS
SM
MD
LG