Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:46

«Өмүрүмдө мынча катуу ооруган эмесмин»


Лондондогу Ыйык Томас ооруканасы, 26-март 2020-жыл.
Лондондогу Ыйык Томас ооруканасы, 26-март 2020-жыл.

COVID-19 вирусунан 160 миң адам, анын ичинде Кыргызстанда үч киши айыгып чыкты. Бирок сакайганга чейин айрым бейтаптар кандай азап-тозоктон өтүшү мүмкүн?

Британиялык жазуучу жана аналитик, Лондондо жайгашкан Радикалдашууну изилдөө боюнча эл аралык борбордун жетекчиси Шираз Махер коронавирус менен кантип алпурушканын 27-мартта «Твиттерге» жазды. Анын кеп-кеңештеринин урунттуу жерлери менен тааныштырабыз.

«Илдет кылдаттыкты талап кылат»

Коронавируска чалдыкканымды ачык айтсамбы же жокпу деп ойлонуп жаткам. Бирок бүгүн эртең менен кокустан айтып алдым. Эми тынчсызданып тургандарга же вируска кабылдым деп сарсанаа болуп жаткандарга жардам иретинде башымдан өткөндөрдү бөлүшө кетейин.

Доктор Шираз Махер.
Доктор Шираз Махер.

Башынан эле бул маселеге болушунча олуттуу мамиле кылып жаткам. Буга кризис жакындап келе жатканын так жоромолдогон жакын досумдун кеңеши да түрткү берген. Андыктан өз үйүмө эч кимди киргизген жокмун. Радикалдашууну изилдөө боюнча эл аралык борборду да эрте эле жаап, чараларды көрө баштагам.

Бирок коронавирус өтө кылдаттыкты талап кылат экен. Бир эле этиятсыз кадам вирусту жугузуп алууга жетиштүү. Ойлонбостон бетиңизди кармаган болсоңуз, булганган жерди кокустан бир эле жолу кармап алсаңыз болду, вирусту жуктуруп алдыңыз.

«Бул сасык тумоо эмес»

Мен 38 жаштамын. Эч кандай өнөкөт оорум жок. Эгер жугузуп алган болсом, аны жеңип чыга алам деп ойлодум. Анда кандай өткөнүн айтып берейин. Биринчиден, бул сасык тумоо эмес. Башында ким ушунтип айтса да көп адамга залакасын тийгизип койду. Бул грипп эмес. Бул өтө жаман, коркунучтуу илдет.

Менде симптомдору эки жума мурда башталды. Билинер-билинбес температура болдум. Тез эле өтүп кетти. «Бул COVID-19 вирусубу? Илдеттен тез арылдым окшойт. Керемет», - деп ойлодум. Бирок өпкөмө бир нерсе топтолуп, көкүрөк тушум кысыла баштады. Ал 15-16-март күндөрү эле.

Кургак жөтөл башталды. Мындайды буга чейин эч көргөн эмесмин. Сасык тумоо маалындагы кургак жөтөлдөн кыйла катуу болду. Өпкөмө бир нерсе терең кирип алып, өпкөм аны (күч менен) чыгара албай жаткандай сезилди.

Албетте, чыгара турган деле эч нерсе жок. Ошентсе да жөтөлгүң келет, кургак жөтөл кыйнайт. Коркунучтуусу качан жөтөлүп бүтөрүңдү так айта албайсың. Эч көзөмөлдөй албайсың. Ушунчалык катуу жөтөлгөнүм үчүн кусуп ийбесем экен деп жаттым.

«Дем алалбай кыйналдым»

Жөтөл токтогондо эс ала түшөсүң. Бирок жаңы фаза башталат. Өпкөңө дем тартуу үчүн жан далбас урасың. Бирок көкүрөк тушуң кысылып турат.

Катуу жөтөлдөн кийин башым да сынып ооруп жатты. 18-март, шаршемби мен үчүн эң жаман күн болду. 3-4 саат дем алалбай кыйналдым. Өтө коркунучтуу болду.

Италиянын Милан шаарындагы бейтапкана, 27-март 2020-жыл.
Италиянын Милан шаарындагы бейтапкана, 27-март 2020-жыл.

Симптомдорумду жаздырып алып, дарыгерлерге (алар менин досторум) жөнөттүм. «Кадимки коронавирус» деген жооп алдым. Абалымды көзөмөлдөп турдум, бирок ойгоо туруу кыйын болду. Төшөккө барып жаттым. Эки күндөй көзүм жакшы көргөн жок. Ошентсе да үйдөн эле дарыланып жаттым.

Жума күнү «эң оор стадиядан өтүп калдым окшойт» деп ойлодум. Абалым жакшыргандай сезилген. Бирок коронавирус өтө ырайымсыз. Айыгуу жараяны бир калыпта кетпейт экен.

«Кан басымым көтөрүлдү»

Ишембинин кечинде кайрадан өзүмдү жаман сезе баштадым. Үйдөн кан басымымды текшерейин дедим. Кандын басымы 180/120 болгондо «гипертониялык криз» деп коюшат (жүрөк кармап кала турган учур). Меники канча болгонун айтпай эле коеюн. Менин өнөкөт оорум жок эле. Бирок бул учур өтө коркунучтуу болду.

Дарыгер досторума чалып, абалымды түшүндүрдүм. Алар «тез жардамга чалууга убакыт келгенин» айтышты. Тез жардамдын өкүлү менен сүйлөшүү үчүн 15 мүнөттөй күттүм. Чукул жардам көрсөтүүчү кызматтарга канчалык күч келип жатканы анык көрүнүп турат. Мен аларга кан басымым канча болгонун, коронавирус менен ооруп жатканымды айттым.

Алар мага жардам бере албай турганын айтышты. Мен Лондондун тез жардам кызматын сындаган жокмун. Эки жагдайды баса белгилөө үчүн гана бул окуяны айтып жатам. Биринчиден, өтө зарыл болгон учурда гана тез жардамга чалуу керек. Булар диагноз койгон кызмат эмес. Зарыл эмес кайрылуулар канчалык көп болсо, алар ошончолук кеч жооп беришет. Экинчиден, өзүңүздүн ден соолугуңузга өзүңүз кам көргөнгө даяр болушуңуз керек. Себеби алар жардамга келе албай калышы мүмкүн.

Андыктан мен дарыгер досторума кайра чалып, үй шартында кан басымды төмөндөтүүгө аракет кылдым. 48 сааттай керебеттен турбай жаттым. Андан соң гана кан басымым нормага жакындай баштады (дале жогору, бирок чыдаса болот).

Жаңы симптомдор

Бул аптада жөтөл бир аз басаңдай баштады. Көкүрөк тушум да мурдагыдан азыраак кысылып калды. Ошентсе да кечкисин күчөп калып жатат. Бирок жаңы симптомдор: кызыктай ич оору, баш оору пайда болду. Оору башталгандан бери эле жаным жер тартып жатат.

Лондон шаарындагы дарыканага кезек күткөндөр, 24-март 2020-жыл.
Лондон шаарындагы дарыканага кезек күткөндөр, 24-март 2020-жыл.

Бүгүн алгачкы симптомдор байкалгандан бери 2 жумадан ашты. Ал эми оору катуу кармаганына 11-12 күн болду. Бул мөөнөт ичинде биринчи жолу илдет басаңдап баратканын сезип жатам. Кантсе да мурдагы калыбыма жакындай да элекмин.

Коронавирус ар кимде ар башка өтөт окшойт. Так бир аныктама бере албайм. Мен илдетке чалдыкканым тууралуу азыр гана айтып жатсам да, вирусту жугузуп алган көп досторум жана кесиптештерим менен «WhatsApp» аркылуу байланышып жаттым.

Айрымдары тез эле сакайып кетип жатышты. Кайсы бири катуу ооруп калды. Илдеттин эң жаман жери - өпкөнү катуу мыкчып алганы. Илдет адеп башталганда эмне болуп кетерин так айта албайсың. Болгону симптомдорду байкап туруу керек.

«Колуңузду жууңуз! Үйдө отуруңуз!»

Коронавируска байланыштуу менин окуям ушундай. Бул өтө алаңгазар, жин тийген оору. Өмүрүмдө мынчалык ооруп көргөн эмесмин. Өткөн шаршембиден ишембиге чейин симптомдорум күчөсө эмне кылам деп чындап корктум.

Мен оор учурдан чындап өткөнүм анык болгонго чейин баштан өткөргөндөрүмдү «Твиттерге» жазгым келген жок. Бул илдет адамдарга кандай сокку урушу мүмкүн экенин билип алсын деп минтип бөлүшүп жатам.

Азыр чындап эле сыртка чыгышыңыз керекпи? Чындап эле элге аралашпай туруу ушунчалык оорбу? Колуңузду бат-баттан, самын менен жакшылап жууп турууга ушунча көп күч кетеби?

Мен бир нече күнүмдү бул илдет менен алышып жатып өткөрдүм. Бирок вирус өтө көп адамдын өмүрүн алып кетип жатат. Вирус болгон жердин баарына жайылып баратат. Сиз вирусту жөнөкөй эле иш-аракетиңиз менен аны токтото аласыз. Колуңузду жууңуз! Үйдө отуруңуз! Бул ишти азыр баштаңыз!

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​
  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG