Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

«Коронавирус өпкөмдү калемпирдей ачыштырды»


Коронавируска чалдыккан бейтап Франциянын Страсбург шаарынан Германиянын Пфорцхайм шаарына тик учак аркылуу жөнөтүлгөнү жатат, 24-март 2020-жыл.
Коронавируска чалдыккан бейтап Франциянын Страсбург шаарынан Германиянын Пфорцхайм шаарына тик учак аркылуу жөнөтүлгөнү жатат, 24-март 2020-жыл.

Дүйнө жүзүндө өпкөнү сезгенткен COVID-19 вирусунан 128 миңдей адам айыгып чыкты. Оорунун симтомдору кандай? Бейтаптар кантип дарыланып жатышат? Учурда ооруканада жаткан жана илдеттен айыгып чыккан адамдар өздөрү айтып беришет.

Коронавирустун симптомдору кандай?

Австрияга барып келгенден көп өтпөй COVID-19 вирусуна кабылган Украинанын 49 жаштагы жараны Вадим Какошкин дээрлик он күндөн бери Житомир шаарындагы ооруканада дарыланууда. Ал күн сайын “Фейсбукка” видео жүктөп, өзүнүн саламаттыгы жана ооруканадагы шарттар тууралуу айтып берүүдө.

Житомир шаарынын тургуну Вадим Какошкин.
Житомир шаарынын тургуну Вадим Какошкин.

“Температуранын көтөрүлүшү - коронавирустун баштапкы жана негизги симптомдорунун бири. Меники 38,2 градус болду. Эгер сиздин дене табыңыз 37, 37,2 болсо же 37,4 градуска жетсе да тынчсызданууга эрте деп ойлойм. Экинчиден, тамагым кызарып, ачышып жатты. Бир аз оорутту. Илдет күчөгөндө бүткөн боюм салмактанып, ооруй баштады. Андай деле тынымсыз кургак жөтөл болгон жок. Болгону маал-маалы менен жөтөлүп калып жаттым. Булар негизги симптомдор”, - деди Вадим.

Испанияда жашаган дагы бир украин жараны Олеся Диденко 9-март күнү Францияда жүргөн кезинде коронавирустун алгачкы белгилерин байкаган. Өзүн жаман сезе баштаганда Испанияга кайтып келген. Ал бир сааттын ичинде саламаттыгы кескин начарлаганын айтып, “Инстаграмга” видео жүктөдү.

Испанияда жашаган украиналык Олеся Диденко.
Испанияда жашаган украиналык Олеся Диденко.

“Дене табым көтөрүлө баштады. Болгондо да тез көтөрүлдү. Көзөмөлдөгөнгө жетишпей калып жаттым. Чыйрыгып, башым ооруй баштады. Бүткөн боюм ооруп чыкты. Булчуңдарым, белим ооруду. Аңгыча эле жөтөл башталды. Тамагым кургагандыктан шилекейди жутуп, нымдап тургум келип жатты”, - деди Диденко.

Ал эми 25 жаштагы британ жараны Коннор Риид коронавирустан айыгып чыккандардын бири. Ал COVID-19 вирусун декабрь айынын соңунда Кытайдын адеп эпидемия башталган Кытайдын Ухань шаарында жүрүп жуктуруп алган. Мурда-кийин кыйнаган оорусу болбогондуктан, анын үстүнө Ухандагы бейтапканаларда орун жетишпей жаткандыктан дарыгерлердин көрсөтмөсү менен үйүндө дарылана баштаган. Бирок өтүшүп пневмонияга айланганда ооруканага барууга аргасыз болгон.

Ухан шаарында коронавируска чалдыккан Коннор Риид.
Ухан шаарында коронавируска чалдыккан Коннор Риид.

Башында суук тийгенсип, мурдум бүтүп, жөтөлүп жаттым. Өтө кооптуу сезилген жок. Анан грипптин симптомдору пайда болду. Өзүмдү жүк ташуучу машина сүзүп кеткендей эле сезе баштадым. Алсырап, жаман болуп, жарыктан жана добуштардан кыйналып жаттым. Жаным жер тартып туруп алды. Анда деле өмүргө өтө коркунуч туулгандай сезилген жок. Бирок пневмония башталганда маселе олуттуу экенин түшүндүм. Өпкөмдүм жарымы эле иштеп жатты. Жетиштүү дем алалбай, кагаз баштык менен дем алып жаткандай угулуп жатты. Өпкөмө бир нерсе кирип алып, чыкпай жаткандай сезилди”, - деп айтып берди Коннор Риид “Reuters” агенттигине

Нидерланддын Роттердам шаарында кардарлар менен иш алып баруу тармагында иштеген Анна Витковска коронавирусту коомдук транспортон жугузуп алгам деп жоромолдойт. Ал азыр үйүндө дарыланып жатат. “Настоящее время” телеканалына курган маегинде илдеттин белгилери адеп башталган учурду мындай сүрөттөдү:

Коронавирустан айыгып бара жаткан Анна Витковска.
Коронавирустан айыгып бара жаткан Анна Витковска.

“Менин башым ооруп үйгө келдим. Түн жарымында ойгондум. Дене табым 40 градуска жетиптир. Дем алалбай жаттым. Дем алганда өпкөмө ачуу калемпир кирип жаткандай сезилди. Козголо албадым, сүйлөй да албадым. Бул үч-төрт күнгө созулду”.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, дене табынын көтөрүлүшү, чарчаңкы тартуу жана кургак жөтөл СOVID-19дун кеңири тараган симптомдору. Коронавируска чалдыккан бейтапта дене-баштын оорушу, мурундун бүтүшү, мурундан суу агышы, тамак оору же ич өткөк сыяктуу ар кандай белгилер болушу мүмкүн. Бул симптомдор адатта өтө билинбейт жана аз-аздан башталат.

Саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына ылайык, айрым бейтаптар инфекцияны жугузуп алса да, аларда эч кандай симптомдор байкалбайт, өздөрүн жаман сезбеши мүмкүн. Орто эсеп менен COVID-19 вирусун жугузган алты кишинин бирөө үчүн илдет оор өтөт жана дем алууда кыйынчылык жаралат.

Коронавирус кандай аныкталат?

Дүйнөлүк саламатыкты сактоо уюму билдиргендей, адамда COVID-19 вирус бар же жок экени лабораториялык шартта аныкталат. Бир катар өлкөлөр, анын ичинде Түштүк Корея менен Сингапур илдетти аныктоо үчүн өздөрү иштеп чыккан ыкчам тесттерди колдонушууда.

Украинанын Житомир шаарында дарыланып жаткан Вадим Какошкин интернетке жарыялаган видеолорунун биринде өзүндө коронавирус кандай аныкталганын айтып берди:

“Биринчиси ыкчам ыкма. Манжадан кан алышат. 10-15 мүнөт кетет. Желимден жасалган чакан тесттин ичинде суюктук болот. Медкызматкер индикатор канчалык көтөрүлгөнүнө жараша тыянак чыгарат. Мага экспресс-тесттин тактыгы 30% экенин, аны акыркы жыйынтык катары карабаш керектигин дароо эле айтышкан. Экспресс-тест менден коронавирусту тапкан жок. Андан соң мурундун тереңирээк жагынан жана тамагыман үлгү алышты. Бул тест ПЦР (Полимераз чынжыр реакциясы) деп аталат. Жыйынтыгы орточо 24 сааттын ичинде даяр болот. Бул тест аркылуу менде коронавирус табылды”.

Коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтап, Милан шаарындагы оорукана, 27-март 2020-жыл.
Коронавирус инфекциясына чалдыккан бейтап, Милан шаарындагы оорукана, 27-март 2020-жыл.

COVID-19 вирусун Францияда жузугуп алганын жоромолдогон Олеся Диденко Испанияга келери менен тиешелүү саламаттыкты сактоо мекемелерине телефон чалган. Дарыгерлер ага эч жакка барбай турунуу сунуштап, кайра байланышка чыгарын билдиришкен. Эки сааттан кийин да эч ким чалбаганы үчүн жана үйүнө барып вирусту балдарына жугузуп алуудан кооптонгону үчүн өзү ооруканага барган.

“Госпиталда жети сааттай мага эч ким деле көңүл бурган жок. Алар протоколго ылайык тесттен өтүшү керек болгон адамдардын катарына кирбей турганымды айтышты. Себеби, мен Италиядан же Кытайдан келген жокмун. Анын үстүнө менде оорулуу адам менен түз контакт болгон эмес. Симптомдорума карабастан кандан анализ алып, рентген гана кылышты. Алар рентгенден пневмония жок экенин айтышты. Бирок кандан вирус табылды. Сизде коронавирус бар, бирок тест кылбайбыз дешти”, - деп билдирди Олеся.

Нидерланддын медиктери да өнөкөт оорусу болбогон же аялуу топко кирбеген бейтаптарды коронавируска байланыштуу атайын тесттен өткөрүүгө ашыгышкан жок. Муну Роттердамда өз үйүндө дарыланып жаткан Анна Витковсканын айткандары да ырастап турат:

“Алар менден коронавируска байланыштуу анализ алышкан жок. Өпкөмдү, температурамды текшеришти. Адаттагыдай эле текшерүү болду. Тобокел тобуна кирбегеним үчүн тесттен өткөрүшкөн жок. Эгер мен астма, диабет, рак сыяктуу оорулардан жапа чегип жүргөн болсом, анда аялуу топко кирмекмин. Менден анализ алышмак. Салыштырмалуу жаш болгонум үчүн жана деним сак болгондуктан дарыгерлер “сенде 90% короновирус бар, бардык симптомдор дал келет, үйүңөн чыкпай дарылан” дешти".

Коронавирусту аныктаган ыкчам тест.
Коронавирусту аныктаган ыкчам тест.

Дүйнө өлкөлөрү вирустун жайылышына жараша кайсы адамдан кандай анализ алуунун өз алдынча жоболорун иштеп чыгышты. Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча европалык борбор сунуштагандай, дем алуу органдарынын курч инфекциясы менен бейтапканага түшкөндөр, катуу грипп болуп ооруп жаткандар, өпкө же жүрөк оорулары сыяктуу өнөкөт илдеттери бар карыялар биринчи кезекте тесттен өткөрүлүшү керек.

Коронавирустан кандай дарыланып жатышат?

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму баса белгилегендей, COVID-19 инфекциясына каршы вакцина да, сыноодон өткөн так дарылануу курсу жок. Бирок бейтаптарга симптомдорду жеңилдетүүчү дары-дармектер берилет. Мисалы, дене табын түшүрүүчү, ооруну басаңдатуучу дарылар сунушталышы мүмкүн.

Европанын бир катар өлкөлөрүндө, анын ичинде Чехияда жана Испания да абалы канааттандырларлык бейтаптар көбүнчө үйүндө дарыланып жатышат. Олеся Диденко үй карантиндин шартында кантип дарыланып жатканын айтып берди:

“Температурам жогору болгонуна карабай мага ибупрофен, парацетамол берип үйүмө жөнөтүштү. Эки жумадан бери үйдө башкалар менен аралашпаганга, бөлмөмдөн чыкпаганга аракет кылып жатам. Бир жумадай дене табым жогору болуп турду. Жаман нерсе болуп жатканын түшүндүм. Себеби көкүрөк тушум оорутуп жатты. Анан жөтөл кете баштады. Бирок жалпы абалым дале начар. Күндө жаңы бир нерселер чыга калат. Мисалы, бүгүн кулагым катуу ооруду. Мурдум бүтпөгөндөй эле сезилсе да, дем алалбай жатам. Дарыгерлердин сунушу менен мен ибупрофенди токтотуп, парацетамол, какырыкты чыгарган дары жана C витаминин ичип жатам”.

Польшадагы оорукана.
Польшадагы оорукана.

Европа өлкөлөрүнөн айырмаланып, мурдагы советтик республикалардын көбүндө коронавирус илдетине чалдыккандар атайын жайда дарыланып жатышат. Украинада COVID-19 инфекциясына чалдыккандарга кандай дары-дармек берилип жатат?

“Украинада симптомдоруна жараша дарылап жатышат. Температура болсо парацетамол, жөтөлүп жатсаң амброксол беришет. Башың ооруса балким ибупрофен беришсе керек. Менин башым ооруган жок. Мен тастыкталган бир дарылануу курсунан өткөн жокмун”, - деп билдирди житомирдик Вадим Какошкин.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, көпчүлүк адамдар (80%) атайын дарылануу курсу жок эле, жардамчы дары-дармектер менен айыгып кетишет. Тактап айтканда, андай адамдардын иммунитети вирусту жеңип чыгат. Бирок улгайган адамдар жана гипертония, жүрөк оорулары же диабет сыяктуу өнөкөт илдети бар бейтаптар катуу ооруп калышы мүмкүн. Температурасы көтөрүлүп, жөтөлүп, деми кысылган адамдар дарыгерге кайрылышы керек.

Дем алалбай жаткан бейтаптар ооруканада өпкөнү кычкылтык менен камсыз кылуучу аппаратттарга туташтырылат.

Фаусто Руссо.
Фаусто Руссо.

38 жаштагы италиялык Фаусто Руссо андай аппарат менен алты күн жаткан.​

“Ошол учурду түшүндүрүү кыйын. Убакыт өтпөйт, кандай укташты да билбейсиң. Мындай оор учурду өмүр бою эстеп жүрөт окшойм. Алты күндөн кийин шлемди алышты. Себеби, өпкөнүн иши жакшырыптыр. Анан кычкылтык менен камсыз кылган беткап кийгизишти. Дарыгер муундардын ревматоиддик артрит оорусуна каршы колдонулган эксперименталдык дарыны ичип көрөсүңбү деп сурады. Мен макул болдум. Мага дарыны капельница менен беришти. Андан эки-үч күн өткөндөн кийин 60-70% өзүмө келип калдым”, - деп билдирди Фаусто Руссо

Андыктан адистер дарылоо курсу ар бир адамдын организмине жана абалына жараша болорун, өз алдынча же өзүмбилемдик менен дарылануунун кесепети оор болорун эскертишет. Азырынча коронавирус илдетине чалдыккан адамдар канча убакыт ичинде айыгып чыгаары так эмес.

Украиналык Вадим ооруканага түшкөндөн берки 10 күндөн кийин температурасы калыбына келип, өзүнө жакшы сезип баратканын жазды. Испанияда жашаган Олеся Диденко вирус аныкталгандан кийин эки жума өтсө деле өзүн начар сезип жатканын билдирди. Ал эми Уханда илдетке чалдыгып, пневмонияга өтүшүп кеткен британ жараны Коннор Риид бир ай дегенде гана өзүнө келген.

Булардын баары абалы жакшырып, маек курууга жараган бейтаптар. Ошол эле учурда организми коронавирусту жеңип чыга албагандардын саны азайбай жатат. 27-марттагы статистикага ылайык, дүйнөдө бул илдеттен 25 миңдей адам каза тапты.

Учурда дүйнөдөгү алдыңкы изилдөө борборлору жана фармацевтикалык компаниялар COVID-19 вирусуна каршы вакцинанын үстүнөн иштеп жатышат. Март айынын ортосунда АКШнын Сиэтл шаарындагы "Kaiser Permanente" изилдөө борбору коронавируска каршы вакцинасын сыноодон өткөрө баштады. Анда вакцинанын баштапкы дозасы биринчи жолу адамга сайылды. Бирок компаниянын өкүлдөрү мындай экспертимент башталганы менен вакцина сыноодон ийгиликтүү өтүп, коомчулуктун калың катмарына жеткиче бир жылдан көп убакыт керек экенин айтып жатышат.

Коронавирустан кантип сактанабыз?

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму билдиргендей, өпкөнү сезгенткен COVID-19 оорулуу чүчкүргөндө же сүйлөгөндө чачыраган шилекей, майда бөлүкчөлөр аркылуу башка адамга жугушу мүмкүн. Абага аралашкан тамчылар жанында турган адамдын оозуна же мурдуна кириши ыктымал. Ал тамчылар чоң аралыкка жете албайт. Бир метрдей жерге жетип, ылдый түшөт. Ушул себептен адамдан адамга вирус негизинен жакын турганда жугат.

Кол менен көп нерсени кармагандыктан, вирус адамдын колунда калышы мүмкүн. Ошондуктан көздү, мурунду, оозду кол менен аарчыбаш керек. Коронавирустун жайылышын алдын алуу үчүн колду самын же спирт кошулган каражаттар менен жакшылап жууп, тазалап турууну унутпоо зарыл. Ошондо гана вирустан арылса болот.

Мындан тышкары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавируска байланыштуу түрдүү жоромолдорго ишенбөөгө да чакырат. Маселен, Коронавирус улгайган адамдарга гана жугат деген чындыкка дал келбейт. Бул илдетке “бардык курактагы” адамдар чалдыгат. Коронавирус кайсы бир климаттык шартта гана тарайт деген да чындыкка коошпойт. Эл аралык адистердин пикиринде, коронавирус ысык жана нымдуу климатта да жайыла берет. Суук да вирусту жок кыла албайт. Айтмакчы, ысык мончо коронавирустун алдын алат деген да жалган түшүнүк. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму билдиргендей, суу канчалык ысык болбосун, адамдын дене табы 36,5-37 градустун тегерегинде кала берет.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG